Бальзам Золотая звезда, 4 г

Бальзам Золотая звезда, 4 г

Курч респиратордук ооруларды (КРО) комплекстүү дарылоодо симптоматикалык каражат катары колдонулат, сасык тумоо, баш ооруу, баш айлануу, ринит (мурундун былжыр чел кабыгынын сезгенүүсү), курт-кумурскалардын чагуусу.

 

Колдонуу боюнча нускама

 

ЗВЁЗДОЧКА БАЛЬЗАМЫ®

 

Соодадагы аталышы: Звёздочка бальзамы®

Эл аралык патенттелбеген аталышы: жок

Дарынын түрү

Сыртка колдонуу үчүн мазь

4,0 г курамы:

Таасир берүүчү заттар:

 

Левоментол

0,455 г

Камфора рацемиялык

0,910 г

Ачуу жалбыз жалбырагынын майы

0,530 г (0,590 мл)

Эвкалипт жалбырагынын майы

0,129 г (0,140 мл)

Чече гүлдүн майы

0,236 г (0,228 мл)

Кытай коричника кабыгынын майы

0,056 г (0,053 мл)

Кѳмѳкчү заттар:

 

Аары мому

0,611 г

Парафин

0,842 г

Ланолин суусуз

0,084 г

Вазелин

0,063 г

Парафин суюк

Хинолин сары боёгучу Е104

Күрѳң боёгучу Solvent Red 3

0,084 г

0,0896 мг

0,0224 мг

 

Сүрѳттѳмѳсү

Бир тектүү консистенциядагы, ачык-сары түстѳн күрѳң-сары түскѳ чейинки мүнѳздүү жыты бар мазь.

 

Фармадарылык тобу: Жѳтѳл жана суук тийген симптомдорду четтетүү үчүн дарылар. Жѳтѳл жана суук тийгенди четтетүү үчүн башка айкалышкан дарылар.

АТХ Коду: R05X

 

 

Фармакологиялык касиети

Дары жергиликтүү дүүлүктүрүүчү, кѳңүлдү буруучу жана антисептикалык таасирге ээ.

Ментол (Левоментол) – жеңил жергиликтүү дүүлүктүрүүчү таасирге ээ, теринин муздак рецепторлорун жана былжырлуу челин жѳнгѳ салат, жеңил антисептик болуп саналат. Ментолдун муздатуучу таасири теринин рецепторлорунда болгон кычышууну, дүүлүгүүнү тѳмѳндѳтѳт, мисалы аллергияны.

Камфора (Камфора рацемиялык) – дем алуу борборун сергитет жана кан тамырчаларды кыймылга келтирген борборун жѳнгѳ салат. Камфоранын таасири алдында перифериялык кан жүгүргѳн кан тамырлар ичкерет. Какырыктын чыгышын камсыз кылат. Балким, камфора тромбоциттердин агрегациясын ингибирлейт, буга байланыштуу микроциркуляцияларды жакшыртуу үчүн колдонууга сунушталган. Камфоранын кычышууга каршы таасири ментол сыяктуу тандалмалуу муздак рецепторлорду активдештирүү менен байланыштуу.

Ачуу жалбыз майы - жакшы адаптоген, ал сырткы таасирге туруктуулукту жана организмдин функцияларынын кадимки абалына келишин жѳнгѳ салат. Май седативдик, ооруксунууну баскан, антисептикалык, жалпы бекемдѳѳчү, спазмолитикалык таасир берет. Капиллярдык кан айланууну жакшыртат. Суук тийгенде, сасык тумоодо, синуситте ачуу жалбыз майы дем алуу жолдорун жакшы тазалайт. Ачуу жалбыз майы эки эселенген таасирге ээ – ысыкта муздатат, муздакта ысытат, ошондуктан аны дене табын калыбына келтирүү үчүн колдонушат, кѳңүл айнууда, чайпалууда жана талмоорсуда колдонулат. Баш ооруу, талмоорсуу, стресстерде, психоневроздордо, ашыкча эмоционалдык дүүлүгүүдѳ, абдан чарчаганда, уйкусуздукта, невралгияларда, ревматизмде, дем алуу жолдорунун сезгенген ооруларында (ринит, фарингит, ларингит, трахеит ж.б.), баш мээнин кан тамырларынын карышуусуна байланыштуу ооруларда, гипертонияларда дуулдаган дерматоздордо колдонулат.

Эвкалипт жалбырагынын майы – былжырлуу чел кабыктын рецепторлоруна жѳнгѳ салуучу таасир берет жана абдан жакшы сезгенүүгѳ каршы, антисептикалык каражат болуп саналат. Эвкалипттин эфир майы ингаляцияларда жакшы жардам берет – тез жана таасирдүү түрдѳ мурун кобулун тазалайт. Эвкалипт майы сезгич нерв булаларын жѳнгѳ салат жана баш ооруда, жогорку дем алуу жолдорунун ооруларында, суук тийген ооруларда жана курт-кумурска чакканда алмаштыргыс каражат болуп саналат.

Чече гүлдүн майы – абдан күчтүү антисептикалык, спазмолитикалык, тыңытуучу жана жѳнгѳ салуучу таасирге ээ. Чече гүлдүн майы тери жаралары, курт-кумурскалардын чагуусун, сѳѳл жана ириң жараттары үчүн таасирдүү. Чече гүлдүн майы мээнин ишмердигин жѳнгѳ салат жана акыл ишмердигин колдойт, ойду бир жерге топтоо жѳндѳмдүүлүгүн жогорулатат.

Кытай коричника майы - микробко каршы таасирге ээ, мите козу карындардын ѳрчүүсүнѳ жолтоо болот. Корицанын дарылык таасири кан айланууну жѳнгѳ салат, бул айрыкча абдан муздоо, суук тийүү, муун ооруларында жана омуртка ооруларында пайдалуу.

 

Колдонууга кѳрсѳтмѳ

Курч респиратордук ооруларды (КРО) комплекстүү дарылоодо симптоматикалык каражат катары колдонулат, сасык тумоо, баш ооруу, баш айлануу, ринит (мурундун былжыр чел кабыгынын сезгенүүсү), курт-кумурскалардын чагуусу.

 

 

Каршы кѳрсѳтмѳ

Дарынын курам бѳлүгүнѳ жогорку сезгичтик.

Тери катмарларынын жабыркашы, дарыны божомолдоп колдонгон аймактарда тери ооруларынын болушу (пиодермия, дерматит, экзема).

Эпилепсия, калтыроого жакындык, спазмофилия, бронхалык астмасы, кѳк жѳтѳл.

2 жашка чейинки балдар курагы.

 

Колдонуу жолу жана дозасы

Сыртка. Баш ооруу жана баш айланууда мазды чекеге жана кежигеге сүйкѳшѳт Ринитте (мурундун былжыр чел кабыгынын сезгенүүсү), КРО - мазь мурун кобулунун кырына, чыкый аймагына сүйкѳлѳт. Курт-кумурскалардын чагуусунда мазь укустун ордуна сүйкѳлѳт.

 

Кыйыр таасири

Аллергиялык реакциялар болушу мүмкүн, дарыны колдонууда пайда болсо дарыны токтотуу керек. Бул нускамада сүрѳттѳлбѳгѳн кыйыр таасирлер пайда болгондо дарыны кабыл алууну токтотуп, дарылаган дарыгерге маалымдоо керек.

 

Ашыкча доза

Бүгүнкү күнгѳ чейин ашыкча доза тууралуу маалымдалган эмес.

Дарыны капыстан кабыл алган учурда ашыкча доза симптомдору ашказан-ичеги (кѳңүл айнуу, кусуу, диарея, ичтин оорушу) жана неврологиялык бузулууларды ичине камтыйт (баш ооруу, баш айлануу, ысыкты сезүү/«кан келүүлѳр», калтыроо, дем алуунун басылышы жана кома).

Дарылоо симптоматикалык. Кусууну козгоого болбойт, андан кийин камфора менен ингаляция кылуу кооптуулугу бар жана кичүү жаштагы балдарда ларингоспазмдын ѳрчүүсүнѳ байланыштуу, ѳлүмгѳ алып келиши мүмкүн. Мазды ичип кабыл алган учурда дароо дарыгерге кайрылуу керек.

 

Башка дары каражаттары менен ѳз ара таасири

Сүрѳттѳлгѳн эмес.

 

Ѳзгѳчѳ кѳрсѳтмѳлѳр

Маздын кѳзгѳ, мурундун жана ооздун былжырлуу чел кабыгына, ошондой эле теринин жабыркаган аймактарына тийүүсүнѳн оолак болуу керек. Фотосенсибилизациялар кооптуулугунан улам жана мазды сүйкѳгѳндѳн кийин күндѳ болуудан оолак болуу керек.

Маздын былжырлуу челге тийүү учурунда нымдуу салфеткалардын жардамы менен алып салуу керек жана кѳп кѳлѳмдѳгү суу менен жууш керек.

Дарыгердин кеңеши жок бала курактагыларга дарыны колдонуу сунушталбайт.

Кош бойлуулукта жана эмчек эмизүүдѳ колдонуу

Кош бойлууларга жана эмчек эмизген аялдарга дарыны колдонуу боюнча тажрыйба жок, кош бойлууларга жана эмчек эмизген аялдарга дарыны колдонуу сунушталбайт.

Унаа каражатын жана механизмдерди башкаруу жѳндѳмдүүлүгүнѳ тийгизген таасири

Психомотордук реакциялардын тездигин (унаа каражаттарын башкаруу, кыймыл механизмдери менен иштѳѳ, диспетчер жана оператордун жумушу) жана жогорку кѳңүл бурган концентрацияларды талап кылган потенциалдуу коркунучтуу ишмердиктин түрлѳрүн аткаруу жѳндѳмдүүлүгүнѳ дарыны колдонууда таасирин тийгизбейт.

 

Чыгаруу формасы жана таңгакчасы

Сыртка колдонуу үчүн 4 г дан мазь калай банкада. Ар бир банка медицинада колдонуу боюнча нускамасы менен бирге картон кутучага салынган.

 

Жарактуулук мѳѳнѳтү

5 жыл. Жарактуулук мѳѳнѳтү бүткѳндѳн кийин дары каражатын колдонууга болбойт.

 

Сактоо шарты

30 оС дан жогору эмес аба табында, жарыктан корголгон жерде сактоо керек.

Балдар жетпеген жерде сактоо керек!

 

Дарыканалардан берүү шарты

Рецепти жок.

 

Өндүрүүчү

ДАНАФА ФАРМАСЬЮТИКАЛ ДЖОЙНТ СТОК КОМПАНИ

253-үй, Зунг Си Тхань Тхе кѳчѳсү, Тхань Тхе району, Дананг шаары, Вьетнам.

Кыргыз Республикасынын аймагында сапаты боюнча арыз-доолорду (сунуштарды) кабыл алган уюмдун дареги жана аталышы:

«DasMed» Limited Liability Company (ЖЧК «DasMed»)

720043, Кыргыз Республикасы, Бишкек ш., Садыгалиева ,1.

Тел.:+996 312 35 75 42, e-mail: product@dasmed.kg.

 

Свернуть
Кайдан сатып алуу керек

Препараты компании "Asian Med Trade" можно приобрести во всех аптеках Кыргызстана, в том числе и в собственной розничной сети аптек и фарммаркетов  "Фарм - Сервис" : 

Сеть аптек  "Неман-Фарм"

0 312 68 91 41 ;  0 555 68 91 41 

Сеть аптек  "Лекарь"

0312 91 60 00 ; 0556 91 60 00

Сеть аптек  "Айболит" 0312 54 28 39
Сеть аптек  "Бимед"  0 551 71 73 22
Центральная аптека в г.Бишкек 0312 66 55 00

Собственная розничная сеть фарммаркетов и  аптек «Фарм - Сервис»: 

Аптеки Адреса Телефон
1 Аптека 1 г.Бишкек,ул.Ахунбаева 131-18 0312 54 54 13
2 Аптека 2 г.Бишкек,ул. Тыналиева 3/3 Джал 29 0312 88 00 35
3 Аптека 3 г.Бишкек,ул.Токомбаева 53/2 0312 29 84 70
4 Аптека 4 г.Бишкек,ул.Юнусалиева 52/3 0312 88 46 30
5 Аптека 5 г.Бишкек,ул. Ахунбаева 202, Джал 23 0312 88 13 68
6 Аптека 6 г.Бишкек,мкр. Асанбай, 52а 0555 37 55 36
7 Аптека 7 г.Бишкек,ул. 7 Апреля 13а 0312 88 10 36
8 Аптека 8 г.Бишкек,ул.Бейшеналиева,29 0550 54 44 60
9 Аптечный пункт 1 г.Бишкек,ул.Логвиненко 30 ЦСМ №3 0312 88 11 50
10 Аптечный пункт 2 г.Бишкек,5мкр.,д10,кв8 0312 51 64 45
11 Аптечный пункт 6 г.Бишкек,ул.Абдрахманова, 182 0312 88 69 43
Препарат тууралуу видео