ЗВЁЗДОЧКА БАЛЬЗАМЫ®
Соодадагы аталышы: ЗВЁЗДОЧКА бальзамы®
Эл аралык патенттелбеген аталышы: жок
Дарынын түрү
Сыртка колдонуу үчүн эритме
Курамы
100 мл дарыда:
Таасир берүүчү заттар: |
|
Левоментол |
28,000 г |
Камфора рацемиялык |
8,880 г |
Ачуу жалбыз жалбырагынын майы |
22,900 г |
Эвкалипт жалбырагынын майы |
0,100 г |
Чече гүлдүн майы |
0,460 г |
Кытай коричника кабыгынын майы |
0,380 г |
Кѳмѳкчү заттар: |
|
Green mediol жыпар жыт бергичи |
0,700 г |
Полиэтиленгликоль 400 (макрогол) |
12,500 г |
Пропиленгликоль |
3,400 г |
Сандал дарагынын майы |
0,020 г |
Күрѳң Solvent Red 3 боёгучу |
0,035 г |
Суюк парафин |
100 мл чейин |
Сүрѳттѳмѳсү: күрѳң-кызыл түстѳгү ѳзгѳчѳ жыты бар тунук майлуу суюктук.
Фармадарылык тобу: Жѳтѳл жана суук тийген симптомдорду четтетүү үчүн дарылар. Жѳтѳл жана суук тийгенди четтетүү үчүн башка айкалышкан дарылар.
АТХ Коду: R05X
Фармакологиялык касиети
Дары жергиликтүү дүүлүктүрүүчү, кѳңүлдү буруучу жана антисептикалык таасирге ээ.
Ментол (Левоментол) – жеңил жергиликтүү дүүлүктүрүүчү таасирге ээ, теринин муздак рецепторлорун жана былжырлуу челин жѳнгѳ салат, жеңил антисептик болуп саналат. Ментолдун муздатуучу таасири теринин рецепторлорунда болгон кычышууну, дүүлүгүүнү тѳмѳндѳтѳт, мисалы аллергияны.
Камфора (Камфора рацемиялык) – дем алуу борборун сергитет жана кан тамырчаларды кыймылга келтирген борборун жѳнгѳ салат. Камфоранын таасири алдында перифериялык кан жүгүргѳн кан тамырлар ичкерет. Какырыктын чыгышын камсыз кылат. Балким, камфора тромбоциттердин агрегациясын ингибирлейт, буга байланыштуу микроциркуляцияларды жакшыртуу үчүн колдонууга сунушталган. Камфоранын кычышууга каршы таасири ментол сыяктуу тандалмалуу муздак рецепторлорду активдештирүү менен байланыштуу.
Ачуу жалбыз майы - жакшы адаптоген, ал сырткы таасирге туруктуулукту жана организмдин функцияларынын кадимки абалына келишин жѳнгѳ салат. Май седативдик, ооруксунууну баскан, антисептикалык, жалпы бекемдѳѳчү, спазмолитикалык таасир берет. Капиллярдык кан айланууну жакшыртат. Суук тийгенде, сасык тумоодо, синуситте ачуу жалбыз майы дем алуу жолдорун жакшы тазалайт. Ачуу жалбыз майы эки эселенген таасирге ээ – ысыкта муздатат, муздакта ысытат, ошондуктан аны дене табын калыбына келтирүү үчүн колдонушат, кѳңүл айнууда, чайпалууда жана талмоорсунда колдонулат. Баш ооруу, талмоорсуу, стресстерде, психоневроздордо, ашыкча эмоционалдык дүүлүгүүдѳ, абдан чарчаганда, уйкусуздукта, невралгияларда, ревматизмде, дем алуу жолдорунун сезгенген ооруларында (ринит, фарингит, ларингит, трахеит ж.б.), баш мээнин кан тамырларынын карышуусуна байланыштуу ооруларда, гипертонияларда дуулдаган дерматоздордо колдонулат.
Эвкалипт жалбырагынын майы – былжырлуу чел кабыктын рецепторлоруна жѳнгѳ салуучу таасир берет жана абдан жакшы сезгенүүгѳ каршы, антисептикалык каражат болуп саналат. Эвкалипттин эфир майы ингаляцияларда жакшы жардам берет – тез жана таасирдүү түрдѳ мурун кобулун тазалайт. Эвкалипт майы сезгич нерв булаларын жѳнгѳ салат жана баш ооруда, жогорку дем алуу жолдорунун ооруларында, суук тийген ооруларда жана курт-кумурска чакканда алмаштыргыс каражат болуп саналат.
Чече гүлдүн майы – абдан күчтүү антисептикалык, спазмолитикалык, тыңытуучу жана жѳнгѳ салуучу таасирге ээ. Чече гүлдүн майы тери жаралары, курт-кумурскалардын чагуусун, сѳѳл жана ириң жараттары үчүн таасирдүү. Чече гүлдүн майы мээнин ишмердигин жѳнгѳ салат жана акыл ишмердигин колдойт, ойду бир жерге топтоо жѳндѳмдүүлүгүн жогорулатат.
Кытай коричника майы - микробко каршы таасирге ээ, мите козу карындардын ѳрчүүсүнѳ жолтоо болот. Корицанын дарылык таасири кан айланууну жѳнгѳ салат, бул айрыкча абдан муздоо, суук тийүү, муун ооруларында жана омуртка ооруларында пайдалуу.
Колдонууга кѳрсѳтмѳ
Курч респиратордук ооруларды (КРО) комплекстүү дарылоодо симптоматикалык каражат катары колдонулат, сасык тумоо, баш ооруу, баш айлануу, ринит (мурундун былжыр чел кабыгынын сезгенүүсү), курт-кумурскалардын чагуусу.
Каршы кѳрсѳтмѳ
Дарынын курам бѳлүгүнѳ жогорку сезгичтик.
Тери катмарларынын жабыркашы, дарыны божомолдоп колдонгон аймактарда тери ооруларынын болушу (пиодермия, дерматит, экзема).
Эпилепсия, калтыроого жакындык, спазмофилия, бронхалык астмасы, кѳк жѳтѳл.
2 жашка чейинки балдар курагы.
Колдонуу жолу жана дозасы
Сыртка. Дары жука катмар менен ооруксунган тери аймактарына сүйкѳлѳт жана сүртүлѳт: баш ооруда – чеке жана кежиге аймагына; ринитте (мурундун былжыр чел кабыгынын сезгенүүсү) – мурун кобулунун кырына; суук тийген ооруларда – аркам бел жана тѳшкѳ сүйкѳлѳт. Курт-кумурска чакканда суюк бальзам чаккан жерге сүйкѳлѳт.
Эгерде дарылоо бүткѳндѳн кийин жакшыруу болбосо же симптомдор тереңдесе же жаңы симптомдор пайда болсо дарыгер менен кеңешүү керек. Колдонуу боюнча нускамада кѳрсѳтүлгѳн колдонуу ыкмасына жараша дарыны колдонуңуз.
Кыйыр таасири
Аллергиялык реакциялар болушу мүмкүн, дарыны колдонууда пайда болсо дарыны токтотуу керек. Бальзамдын калдыктарын нымдуу салфеткалардын жардамы менен алып салуу керек жана кѳп кѳлѳмдѳгү суу менен жууш керек.
Эгерде сизде нускамада кѳрсѳтүлгѳн кыйыр таасирлер байкалса же алар күчѳп жатса же сиз башка нускамада кѳрсѳтүлбѳнгѳн кыйыр таасирлерди байкасаңыз бул тууралуу дарыгерге маалымдаңыз.
Ашыкча доза
Бүгүнкү күнгѳ чейин ашыкча доза тууралуу маалымдалган эмес.
Дарыны капыстан кабыл алган учурда ашыкча доза симптомдору ашказан-ичеги (кѳңүл айнуу, кусуу, диарея, ичтин оорушу) жана неврологиялык бузулууларды ичине камтыйт (баш ооруу, баш айлануу, ысыкты сезүү/«кан келүүлѳр», калтыроо, дем алуунун басылышы жана кома).
Дарылоо симптоматикалык. Кусууну козгоого болбойт, андан кийин камфора менен ингаляция кылуу кооптуулугу бар жана кичүү жаштагы балдарда ларингоспазмдын ѳрчүүсүнѳ байланыштуу, ѳлүмгѳ алып келиши мүмкүн. Бальзамды ичип кабыл алган учурда дароо дарыгерге кайрылуу керек.
Башка дары каражаттары менен ѳз ара таасири
Иликтенген эмес.
Ѳзгѳчѳ кѳрсѳтмѳлѳр: бальзамдын кѳзгѳ, мурундун жана ооздун былжырлуу чел кабыгына, ошондой эле теринин жабыркаган аймактарына тийүүсүнѳн оолак болуу керек. Фотосенсибилизациялар кооптуулугунан улам жана бальзамды сүйкѳгѳндѳн кийин күндѳ болуудан оолак болуу керек.
Бальзамдын былжырлуу челге тийүү учурунда нымдуу салфеткалардын жардамы менен алып салуу керек жана кѳп кѳлѳмдѳгү суу менен жууш керек.
Дарыгердин кеңеши жок бала курактагыларга дарыны колдонуу сунушталбайт.
Кош бойлуулукта жана эмчек эмизүүдѳ колдонуу
Кош бойлууларга жана эмчек эмизген аялдарга дарыны колдонуу боюнча тажрыйба жок, кош бойлууларга жана эмчек эмизген аялдарга дарыны колдонуу сунушталбайт.
Унаа каражатын жана механизмдерди башкаруу жѳндѳмдүүлүгүнѳ тийгизген таасири
Психомотордук реакциялардын тездигин (унаа каражаттарын башкаруу, кыймыл механизмдери менен иштѳѳ, диспетчер жана оператордун жумушу) жана жогорку кѳңүл бурган концентрацияларды талап кылган потенциалдуу коркунучтуу ишмердиктин түрлѳрүн аткаруу жѳндѳмдүүлүгүнѳ дарыны колдонууда таасирин тийгизбейт.
Чыгаруу формасы жана таңгакчасы
Буралып жабылган пластик капкакчасы бар тунук айнектеги флакондо 5 мл ден. Ар бир флакон медицинада колдонуу боюнча нускамасы менен бирге картон кутучага салынган.
Сактоо шарты
30 оС дан жогору эмес аба табында, жарыктан корголгон жерде сактоо керек.
Балдар жетпеген жерде сактоо керек!
Жарактуулук мѳѳнѳтү
5 жыл. Жарактуулук мѳѳнѳтү бүткѳндѳн кийин дары каражатын колдонууга болбойт.
Дарыканалардан берүү шарты
Рецепти жок.
Өндүрүүчү
ДАНАФА ФАРМАСЬЮТИКАЛ ДЖОЙНТ СТОК КОМПАНИ
253-үй, Зунг Си Тхань Тхе кѳчѳсү, Тхань Тхе району, Дананг шаары, Вьетнам.
Кыргыз Республикасынын аймагында сапаты боюнча арыз-доолорду (сунуштарды) кабыл алган уюмдун дареги жана аталышы:
«DasMed» Limited Liability Company (ЖЧК «DasMed»)
720043, Кыргыз Республикасы, Бишкек ш., Садыгалиева ,1.
Тел.:+996 312 35 75 42, e-mail: product@dasmed.kg.