Золотая звезда спрей , 0,01%

Золотая звезда спрей , 0,01%

Мурун көӊдөйгө колдонулуучу спрей 0,1%.

Курч аллергиялык ринит, КРО риниттин көрүнүштөрү менен, синусит, поллиноз; орточо отит (мурун-кулкун былжырлуу челинин шишимигин азайтуу үчүн). Мурун көӊдөйгө диагностика жүргүзүү манипуляцияларын даярдоо.

 

Колдонуу боюнча нускама

 

 

ЗОЛОТАЯ ЗВЕЗДА

Соодадагы аталышы

Золотая звезда

Эл аралык патенттелбеген аталышы

Ксилометазолин

Дарынын түрү

Мурун көӊдөйгө колдонулуучу спрей 0,1%.

Бир флакондун курамы

активдүү зат

 ксилометазолин гидрохлориди 15,0 мг

көмөкчү заттар: натрий дигидрофосфаты, динатрий гидрофосфаты, натрий хлориди, бензалкониум хлориди, тазартылган суу.

Сүрөттөмөсү

Тунук, түссүз суюктук.

Фармадарылык тобу: Мурун көңдөйгө колдонулуучу препараттар. Антиконгестанттар жана мурунга жергиликтүү колдонуу үчүн башка препараттар. Симпатомиметиктер. Конгестивге каршы каражат – вазоконстриктор (альфа-адреномиметик). Ксилометазолин.

АТХ коду: R01AA07

Фармакологиялык касиети

Фармакодинамикасы

Ксилометазолин кан тамырчаларды ичкертүүчү таасирге ээ, бул алкилдүү топтордун жана кольцим имидазолин аркылуу жыйынтыктан кийин ишке ашат. Ксилометазолинди тамчы иретинде колдонууда мурун көӊдөйүнүн кан тамырчаларын ичкертет жана шишимикти азайтат, мурун жана тамак былжыр челинин гиперемиясын азайтат. 

Фармакокинетикасы

Ксилометазолин, дарыны колдонгондон кийин, 2 минута өткөн соӊ кан тамырчаларды ичкертип таасири бир канча саатка созулат (12 саатка созулат). Препарат жакшы көтөрүмдүү, жада калса былжырлуу чел кабыктын абдан сезгич учурунда да, жылтылдак эпителийдин иштешине жолтоо болбойт.

Колдонууга көрсөтмө

Курч аллергиялык ринит, КРО риниттин көрүнүштөрү менен, синусит, поллиноз; орточо отит (мурун-кулкун былжырлуу челинин шишимигин азайтуу үчүн). Мурун көӊдөйгө диагностика жүргүзүү манипуляцияларын даярдоо.

Каршы көрсөтмө

Жогорку сезимталдуулук, артериялык гипертензия, тахикардия, айкын атеросклероз, гипертиреоз, кант диабети, глаукома, атрофиялык ринит, мээ кабыкчаларында хирургиялык кийлигишүүлөр (оору таржымалында), бала курак (6 жашка чейин).

Кош бойлуу мезгилде жана эмизүү учурунда колдонуу

Кош бойлуу жана эмизүү мезгилинде препаратты эне үчүн келген пайданы жана балага болгон кооптулука салыштырып баалоо менен кабыл алуу дурус, сунушталган дозадан жогору кабыл алууга жол берилбейт.

Колдонуу жолу жана дозасы

Мурун көӊдөйгө.

Чоӊдорго жана 6 жаштан жогору балдарга: ар бир мурун көӊдөйгө 3 жолу чачуу (керек болгон учурда кайталоо керек); күнүнө 3 жолудан көп колдонууга болбойт. Дарылоо курсу 7 күндөн ашырылбашы керек.

Кыйыр таасири

Тез-тез жана/же узак мөөнөт колдонуу - дүүлүгүү жана/же мурун-кулкунбылжырлуу челинин шишимигин кургашы, ачышуу, сайгылоо, чүчкүрүү,  гиперсекрециялар. Сейрек – мурун көӊдөйдүн былжырлуу челинин шишимиги, жүрөктүн ыкчам согушу, тахикардия, аритмия, артериялык кан басымдын жогорулашы, баш ооруу, кусуу, уйкусуздук, көрүүнүн бузулушу, депрессия (жогорку дозаларды узак мөөнөт кабыл алууда пайда болот).

Өзгөчө көрсөтмөлөр

Этияттык менен тахикардиялар, артериялык гипертензияларда, атеросклероздо, симпатикалык нерв системасына таасир берген дарылар менен бирге кабыл алууд этият болуу керек, симпатикалык нерв системасы тарабынан айкын реакциялар болгондо жана уйкусуздук, баш айлануу болгондо этияттоо зарыл. Мурун-кулкундун өнөкөт оорулары учурунда узак жана тез-тез кабыл алуу сунушталбайт.

Ксилометазолинди кабыл алуучу, QT синдрому менен бейтаптар олуттуу карынча аритмиясына өрчүүсүнүн жогорку кооптуулугуна кабылышы мүмкүн.

Башка дары каражаттары менен өз ара таасири

МАО ингибиторлору жана трициклдик антидепрессанттар менен бир убакта колдонууга болбойт.

 

Чыгаруу формасы

«Золотая звезда» спрейи мурун көӊдөйгө колдонулуучу 0,1% дары түрүндөгү дары каражаты, желим флакондо 15 мл көлөм бар, помпалуу дозалоочу шайманы бар жана коргоочу полиэтиленден жасалган капкакчасы менен баскычы бар. 1 желим флакондон медицинада колдонулуучу нускамасы менен бирге картон кутучага салынган.

Сактоо шарты

15 °С дан 25 °С га чейинки аба табында, кургак, жарыктан корголгон жерде сактоо керек.

Балдар жетпеген жерде сактоо керек!

Жарактуулук мөөнөтү

3 жыл.

Таӊгакчада көрсөтүлгөн жарактуулук мөөнөтү бүткөндөн кийин колдонууга болбойт.

Дарыканалардан берүү шарты

Дарыгердин рецепти жок.

Өндүрүүчү:

ДАНАФА ФАРМАСЬЮТИКАЛ ДЖОЙНТ СТОК КОМПАНИ

253 үй, Зунг Си Тхань Тхе көчөсү, Тхань Тхе району, Дананг Сити, Вьетнам.

Свернуть
Кайдан сатып алуу керек

Препараты компании "Asian Med Trade" можно приобрести во всех аптеках Кыргызстана, в том числе и в собственной розничной сети аптек и фарммаркетов  "Фарм - Сервис" : 

Сеть аптек  "Неман-Фарм"

0 312 68 91 41 ;  0 555 68 91 41 

Сеть аптек  "Лекарь"

0312 91 60 00 ; 0556 91 60 00

Сеть аптек  "Айболит" 0312 54 28 39
Сеть аптек  "Бимед"  0 551 71 73 22
Центральная аптека в г.Бишкек 0312 66 55 00

Собственная розничная сеть фарммаркетов и  аптек «Фарм - Сервис»: 

Аптеки Адреса Телефон
1 Аптека 1 г.Бишкек,ул.Ахунбаева 131-18 0312 54 54 13
2 Аптека 2 г.Бишкек,ул. Тыналиева 3/3 Джал 29 0312 88 00 35
3 Аптека 3 г.Бишкек,ул.Токомбаева 53/2 0312 29 84 70
4 Аптека 4 г.Бишкек,ул.Юнусалиева 52/3 0312 88 46 30
5 Аптека 5 г.Бишкек,ул. Ахунбаева 202, Джал 23 0312 88 13 68
6 Аптека 6 г.Бишкек,мкр. Асанбай, 52а 0555 37 55 36
7 Аптека 7 г.Бишкек,ул. 7 Апреля 13а 0312 88 10 36
8 Аптека 8 г.Бишкек,ул.Бейшеналиева,29 0550 54 44 60
9 Аптечный пункт 1 г.Бишкек,ул.Логвиненко 30 ЦСМ №3 0312 88 11 50
10 Аптечный пункт 2 г.Бишкек,5мкр.,д10,кв8 0312 51 64 45
11 Аптечный пункт 6 г.Бишкек,ул.Абдрахманова, 182 0312 88 69 43