Бальзам Золотая звезда карандаш для ингаляций, 1,3 г

Бальзам Золотая звезда карандаш для ингаляций, 1,3 г
Бальзам Золотая звезда карандаш для ингаляций, 1,3 г Бренддин бардык товарларын кароо

Колдонуу боюнча нускама

 

ЗВЁЗДОЧКА БАЛЬЗАМЫ®

Соодадагы аталышы: Звёздочка бальзамы®

Эл аралык патенттелбеген аталышы: жок

Дарынын түрү

Дары карандашы

Курамы

Бир дары карандашында тѳмѳнкүлѳр камтылган:

Таасир берүүчү заттар:

Левоментол                                                   - 0,658 г;

Камфора рацемиялык                                  - 0,124 г;

Ачуу жалбыз жалбырагынын майы           - 0,258 г;

Эвкалипт жалбырагынын майы                  -0,065 г;

Чече гүлдүн майы                                       - 0,005 г;

Кытай коричника кабыгынын майы          - 0,006 г;

Кѳмѳкчү заттар:

Green mediol жыпар жыт бергичи              - 0,0143 г;

Суюк парафини                                            - 0,1697 г.

                                                         

Сүрѳттѳмѳсү

Ак түстѳгү желим тюбик тыгыз капкакча менен жабылган, тюбиктин ичинде цилиндр формасындагы фильтр жайгашкан, курам бѳлүктѳрү менен сиңдирилген; ѳзгѳчѳ жыты бар.

 

Фармадарылык тобу: Жѳтѳл жана суук тийген симптомдорду четтетүү үчүн дарылар. Жѳтѳл жана суук тийгенди четтетүү үчүн башка айкалышкан дарылар.

АТХ Коду: R05Х

 

Фармакологиялык касиети

Дары жергиликтүү дүүлүктүрүүчү, кѳңүлдү буруучу жана антисептикалык таасирге ээ.

Ментол (Левоментол) – жеңил жергиликтүү дүүлүктүрүүчү таасирге ээ, теринин муздак рецепторлорун жана былжырлуу челин жѳнгѳ салат, жеңил антисептик болуп саналат. Ментолдун муздатуучу таасири теринин рецепторлорунда болгон кычышууну, дүүлүгүүнү тѳмѳндѳтѳт, мисалы аллергия жана ринит учурунда.

Камфора (Камфора рацемиялык) – дем алуу борборун сергитет жана кан тамырчаларды кыймылга келтирген борборун жѳнгѳ салат. Камфоранын таасири алдында перифериялык кан жүгүргѳн кан тамырлар ичкерет. Какырыктын чыгышын камсыз кылат.

Ачуу жалбыз майы - седативдик, ооруксунууну баскан, антисептикалык, жалпы бекемдѳѳчү, спазмолитикалык таасир берет. Капиллярдык кан айланууну жакшыртат. Суук тийгенде, сасык тумоодо, синуситте ачуу жалбыз майы дем алуу жолдорун жакшы тазалайт. Баш ооруу, талмоорсуу, стресстерде, психоневроздордо, ашыкча эмоционалдык дүүлүгүүдѳ, абдан чарчаганда, уйкусуздукта, невралгияларда, ревматизмде, дем алуу жолдорунун сезгенген ооруларында (ринит, фарингит, ларингит, трахеит ж.б.), баш мээнин кан тамырларынын карышуусуна байланыштуу ооруларда, гипертонияларда колдонулат.

Эвкалипт жалбырагынын майы – былжырлуу чел кабыктын рецепторлоруна жѳнгѳ салуучу таасир берет жана абдан жакшы сезгенүүгѳ каршы, антисептикалык каражат болуп саналат. Эвкалипттин эфир майы ингаляцияларда жакшы жардам берет – тез жана таасирдүү түрдѳ мурун кобулун тазалайт. Эвкалипт майы сезгич нерв булаларын жѳнгѳ салат жана баш ооруда, жогорку дем алуу жолдорунун ооруларында, суук тийген ооруларда алмаштыргыс каражат болуп саналат.

Чече гүлдүн майы – абдан күчтүү антисептикалык, спазмолитикалык, тыңытуучу жана жѳнгѳ салуучу таасирге ээ. Чече гүлдүн майы мээнин ишмердигин жѳнгѳ салат жана акыл ишмердигин колдойт, ойду бир жерге топтоо жѳндѳмдүүлүгүн жогорулатат.

Кытай коричника майы - микробко каршы таасирге ээ, мите козу карындардын ѳрчүүсүнѳ жолтоо болот. Корицанын дарылык таасири кан айланууну жѳнгѳ салат, бул айрыкча суук тийген ооруларда пайдалуу.

Колдонууга кѳрсѳтмѳ

Ринитти комплекстүү дарылоодо (мурундун былжыр чел кабыгынын сезгенүүсү) антисептикалык каражат катары колдонулат.

Каршы кѳрсѳтмѳ:

Дарынын курам бѳлүгүнѳ жогорку жекече сезгичтик, кѳк жѳтѳл, бронхоспазмга жакындык, бронхалык астмага, эпилепсияга жакындык, анамнезинде (ошондой эле фебрилдик) калтыроонун болушу. 2 жашка чейинки балалык курак.

Колдонуу жолу жана дозасы

Ингаляцияны мурун кобулу аркылуу жасашат, күнүнѳ 10-15 жолудан 1 колдонууда 1-2 жолу дем алуудан.

Дарылоонун узактыгы оорунун ѳзгѳчѳлүгүн, жеткен натыйжага жана дары каражатын кѳтѳрѳ алган абалга жараша эске алуу менен дарыгер тарабынан аныкталат.

Кыйыр таасири

Бронхоспастикалык реакциялар, аллергиялык реакциялар болушу мүмкүн, алар пайда болгондо дарыны кабыл алууну токтотуу керек.

Балдарда рефлектордук бронхоспазмдын ѳрчүүсү, дем алуунун рефлектордук басаңдашы (апноэга чейин) жана коллапс болушу мүмкүн.

Бул нускамада сүрѳттѳлбѳгѳн кыйыр таасирлер пайда болгондо дарыны кабыл алууну токтотуп, дарылаган дарыгерге маалымдоо керек.

Ашыкча доза

Бүгүнкү күнгѳ чейин ашыкча доза тууралуу маалымдалган эмес.

Дарыны капыстан кабыл алган учурда ашыкча доза симптомдору ашказан-ичеги (кѳңүл айнуу, кусуу, диарея, ичтин оорушу) жана неврологиялык бузулууларды ичине камтыйт (баш ооруу, баш айлануу, ысыкты сезүү/«кан келүүлѳр», калтыроо, дем алуунун басылышы жана кома).

Дарылоо симптоматикалык. Кусууну козгоого болбойт, андан кийин камфора менен ингаляция кылуу кооптуулугу бар жана кичүү жаштагы балдарда ларингоспазмдын ѳрчүүсүнѳ байланыштуу, ѳлүмгѳ алып келиши мүмкүн. Бальзамды ичип кабыл алган учурда дароо дарыгерге кайрылуу керек.

Башка дары каражаттары менен ѳз ара таасири: сүрѳттѳлгѳн эмес.

Ѳзгѳчѳ кѳрсѳтмѳлѳр

Бальзамды кѳздүн конъюнктивасына, былжырлуу чел кабыкка жана ачык жаратка тийгизгенден оолак болуу керек. Дарыны балдарга колдонууга болбойт, анткени ал бронхоспазм жана дем алуунун басаңдашын козгошу мүмкүн. Эгерде дары каражатын кабыл алууда симптомдор сакталса же абалдын начарлашы болсо, дарыгерге кайрылуу керек.

Кош бойлуулукта жана эмчек эмизүүдѳ колдонуу: кош бойлууларга жана эмчек эмизген аялдарга дарыны колдонуу боюнча тажрыйба жок, кош бойлууларга жана эмчек эмизген аялдарга дарыны колдонуу сунушталбайт.

Унаа каражатын жана механизмдерди башкаруу жѳндѳмдүүлүгүнѳ тийгизген таасири: психомотордук реакциялардын тездигин (унаа каражаттарын башкаруу, кыймыл механизмдери менен иштѳѳ, диспетчер жана оператордун жумушу) жана жогорку кѳңүл бурган концентрацияларды талап кылган потенциалдуу коркунучтуу ишмердиктин түрлѳрүн аткаруу жѳндѳмдүүлүгүнѳ дарыны колдонууда таасирин тийгизбейт.

 

Чыгаруу формасы жана таңгакчасы

1,3 г дан дары полиэтилен капкакчасы бар ак түстѳгү полиэтилен тюбикке салынган, тюбиктин ичинде целлюлоза ацетатынан турган фильтр курам бѳлүктѳрдүн эритмеси менен сиңирилген. Карандаштын капкакчасына кагаз этикетка чапталган. Дары карандашы медицинада колдонуу боюнча нускамасы менен бирге картон кутучага салынган.

Сактоо шарты

30 оС дан жогору эмес аба табында, жарыктан корголгон жерде сактоо керек.

Балдар жетпеген жерде сактоо керек!

Жарактуулук мѳѳнѳтү

5 жыл. Таңгакчада кѳрсѳтүлгѳн жарактуулук мѳѳнѳтү бүткѳндѳн кийин дары каражатын колдонууга болбойт.

Дарыканалардан берүү шарты

Рецепти жок.

Өндүрүүчү

ДАНАФА ФАРМАСЬЮТИКАЛ ДЖОЙНТ СТОК КОМПАНИ

253-үй, Зунг Си Тхань Тхе кѳчѳсү, Тхань Тхе району, Дананг шаары, Вьетнам.

Кыргыз Республикасынын аймагында сапаты боюнча арыз-доолорду (сунуштарды) кабыл алган уюмдун дареги жана аталышы:

«DasMed» Limited Liability Company (ЖЧК «DasMed»)

720043, Кыргыз Республикасы, Бишкек ш., Садыгалиева , кѳч.,1.

Тел.:+996 312 35 75 42, e-mail: product@dasmed.kg.

Свернуть
Кайдан сатып алуу керек

Препараты компании "Asian Med Trade" можно приобрести во всех аптеках Кыргызстана, в том числе и в собственной розничной сети аптек и фарммаркетов  "Фарм - Сервис" : 

Сеть аптек  "Неман-Фарм"

0 312 68 91 41 ;  0 555 68 91 41 

Сеть аптек  "Лекарь"

0312 91 60 00 ; 0556 91 60 00

Сеть аптек  "Айболит" 0312 54 28 39
Сеть аптек  "Бимед"  0 551 71 73 22
Центральная аптека в г.Бишкек 0312 66 55 00

Собственная розничная сеть фарммаркетов и  аптек «Фарм - Сервис»: 

Аптеки Адреса Телефон
1 Аптека 1 г.Бишкек,ул.Ахунбаева 131-18 0312 54 54 13
2 Аптека 2 г.Бишкек,ул. Тыналиева 3/3 Джал 29 0312 88 00 35
3 Аптека 3 г.Бишкек,ул.Токомбаева 53/2 0312 29 84 70
4 Аптека 4 г.Бишкек,ул.Юнусалиева 52/3 0312 88 46 30
5 Аптека 5 г.Бишкек,ул. Ахунбаева 202, Джал 23 0312 88 13 68
6 Аптека 6 г.Бишкек,мкр. Асанбай, 52а 0555 37 55 36
7 Аптека 7 г.Бишкек,ул. 7 Апреля 13а 0312 88 10 36
8 Аптека 8 г.Бишкек,ул.Бейшеналиева,29 0550 54 44 60
9 Аптечный пункт 1 г.Бишкек,ул.Логвиненко 30 ЦСМ №3 0312 88 11 50
10 Аптечный пункт 2 г.Бишкек,5мкр.,д10,кв8 0312 51 64 45
11 Аптечный пункт 6 г.Бишкек,ул.Абдрахманова, 182 0312 88 69 43
Препарат тууралуу видео
Звездочка таблетки для рассасывания (апельсин), №18

Звездочка таблетки для рассасывания (апельсин), №18

Звездочка таблетки для рассасывания (мед-лимон), №18

Звездочка таблетки для рассасывания (мед-лимон), №18

Звездочка таблетки для рассасывания (эвкалипт-ментол), №18

Звездочка таблетки для рассасывания (эвкалипт-ментол), №18

Звездочка Прополис таблетки для рассасывания (имбиль-гранат), №18

Звездочка Прополис таблетки для рассасывания (имбиль-гранат), №18

Звездочка Прополис таблетки для рассасывания (ромашка-чабрец), №18

Звездочка Прополис таблетки для рассасывания (ромашка-чабрец), №18

Звездочка Прополис таблетки для рассасывания (мед-лимон), №18

Звездочка Прополис таблетки для рассасывания (мед-лимон), №18

Бальзам ЗВЁЗДОЧКА®

Бальзам ЗВЁЗДОЧКА®

Золотая Звезда Ингасепт, 0,30 %:

Золотая Звезда Ингасепт, 0,30 %:

Золотая Звезда Ингасепт, 0,15%:

Золотая Звезда Ингасепт, 0,15%:

Золотая Звезда , малина

Золотая Звезда , малина

Сасык тумоо жана суук тийүүгө каршы 

Золотая Звезда , апельсин

Золотая Звезда , апельсин

Сасык тумоо жана суук тийүүгө каршы