Генферон® Лайт спрей

Генферон® Лайт спрей

Дозаланган мурун көӊдөйүнө спрей

Генферон® дарысынын курамына Escherichia coli бактериясынын штаммы тарабынан иштелип чыккан адамдын рекомбинанттык альфа-2b интерферону кирет, ага гендик инженериянын ыкмалары менен адамдын  альфа-2b интерферонунун гени киргизилген. Альфа-2b интерферону вируска каршы, иммундук модуляциялоочу, антипролиферативдик жана антибактериялык таасир берет

Колдонуу боюнча нускама

 

ГЕНФЕРОН® ЛАЙТ

Дарынын соодадагы аталышы: Генферон® лайт

Эл аралык патенттелбеген аталышы: жок

Дарынын түрү: Дозаланган мурун көӊдөйүнө спрей

Курамы

Дарынын 1 дозасы төмөнкүлөрдү камтыйт:

таасир берүүчү заттар: адамдын рекомбинанттык альфа-2b интерферону* 50 000 ЭБ, таурин 1,0 мг.

көмөкчү заттар: динатрий эдетат дигидраты – 0,02 мг, глицерол – 7,0 мг, декстран 40000 – 2,4 мг, полисорбат 80 – 1,0 мг, натрий хлорид – 0,8 мг, калий хлорид – 0,02 мг, натрий гидрофосфат додекагидрат – 0,115 мг, калий дигидрофосфат – 0,02 мг, ачуу жалбыз майы – 0,01 мг, метилпарагидроксибензоат – 0,02 мг, инъекциялар үчүн суу 0,1 мл чейин.

*«Субстанция-эритме, адамдын рекомбинанттык альфа-2b интерферону (рчИНФ- α2b)» субстанциясынын курамына адамдын рекомбинанттык альфа-2b интерферону (рчИНФ- α2b) жана көмөкчү заттар кирет: натрий хлорид, натрий ацетат тригидрат, суусуз уксус кислотасы, инъекциялар үчүн суу.

Сүрөттөмөсү

Тунук, түссүз же ачык-сары түстөгү суюктук, көрүнө турган механикалык кошулмалары жок.

Фармадарылык тобу

Иммундук  стимуляторлор.

АТХ коду: L03A

ФАРМАКОЛОГИЯЛЫК КАСИЕТТЕРИ

Фармакодинамикасы

Генферон® дарысынын курамына Escherichia coli бактериясынын штаммы тарабынан иштелип чыккан адамдын рекомбинанттык альфа-2b интерферону кирет, ага гендик инженериянын ыкмалары менен адамдын  альфа-2b интерферонунун гени киргизилген. Альфа-2b интерферону вируска каршы, иммундук модуляциялоочу, антипролиферативдик жана антибактериялык таасир берет. Вируска каршы натыйжалуу таасири вирустардын репликациясын ингибирлөөчү бир катар клетка ичиндеги ферменттердин активдешүүсү аркылуу ишке ашат. Иммундук модуляциялоочу таасири биринчи кезекте иммундук системанын клеткаларда болгон реакциялардын күчөшү менен белгиленет, бул болсо  вирустарга, клетканын ичиндеги мителерге жана шишик трансформациясынан өткөн клеткаларга карата иммундук жооптун натыйжалуулугун жогорулатат.

Бул нерсеге CD8+ Т-киллерлердин, NK-клеткалардын (табигый киллерлер) активдешүүсүнүн, В-лимфоциттердин дифференцирленүүсүнүн күчөшүнүн жана алар тарабынан антителалардын бөлүнүп чыгуусунун, моноцитардык-макрофагалдык системанын жана фагоцитоздун активдешүүсүнүн, ошондой эле I-типтеги башкы гисто-сыйымдуулук комплексинин молекулаларынын экспрессиясынын жогорулоосунун эсебинен жетет, бул болсо иммундук системасынын клеткалары тарабынан инфекцияга чалдыккан клеткаларды аныктоо мүмкүнчүлүгүн жогорулатат. Былжыр чел кабыктын бардык катмарларында камтылган лейкоциттердин интерферонунун таасири алдындагы активдешүү алардын патологиялык чордондорду жок кылууга активдүү катышуусун камсыз кылат; андан сырткары, интерферондун таасир берүүсүнүн эсебинен секретордук иммуноглобулин А ны өндүрүүнү калыбына келтирүү ишке ашат. Антибактериялык натыйжалуу таасир интерферондун таасири алдында күчөй турган иммундук системанын  реакциялары аркылуу болот.

Таурин зат алмашуу процесстерин жөнгө салууга жана ткандардын кайрадан калыбына келүүсүнө көмөк көрсөтөт, мембрананы туруктуулаштыруучу жана иммундук модуляциялоочу таасирге ээ. Күчтүү антиоксидант болуп, таурин кычкылтектин активдүү түрү менен түздөн-түз өз ара аракеттешет, кычкылтектин ашык өлчөмдө топтолуусу патологиялык процесстердин өрчүүсүнө көмөктөшөт. Таурин дарыны колдонуунун дарылык натыйжалуу таасирин күчөтүп, интерферондун биологиялык активдүүлүгүн сактоого көмөктөшөт.

Фармакокинетикасы

Мурун көӊдөйүнүн ичине колдонууда инфекциянын чордонунда жогорку концентрациясынын эсебинен айкын жергиликтүү вируска каршы жана иммундук стимуляциялоочу натыйжалуу таасирге жетет.

Дарынын системалык сиӊирилүүсү олуттуу эмес - мурун көӊдөйүнүн ичине куюда дары каражаттардын төмөнкү биожеткиликтүүлүгү былжыр аркылуу өткөн бардык молекулярдык жана клеткалык объекттерди ташууну көзөмөлдөгөн жана мурун көӊдөйүнүн былжыр чел кабыгынын курамына кирген 25 протеинден турган белоктордун өзгөчө түркүмүнүн иштөөсүнө байланыштуу болот.

Ошол эле учурда дарынын айрым бөлүгү системалык кан агымга сиӊет, анын эсебинен  системалык иммундук модуляциялоочу натыйжалуу таасирге жетет.

Колдонууга көрсөтмөлөр

Чоӊдордо жана 14 жаштан жогорку курактагы балдарда сасык тумоону жана КДВО дарылоо жана аларга алдын ала чара көрүү.

Каршы көрсөтмөлөр

Альфа-2b интерферонго же дарынын башка курамдык бөлүктөрүнө жогорку сезгичтик.

14 жашка чейинки балалык курак.

Кош бойлуулук жана бала эмизүү мезгилинде колдонуу

Кош бойлуулуктун бардык мезгилинде колдонууга болот, дарыны бала эмизүү мезгилинде колдонууга чектөөлөр жок.

Колдонуу жолу жана дозасы

1 дозаны аэрозолдук түрдө чачыратуу жолу аркылуу дары мурун көӊдөйүнүн ичине колдонулат (1 доза = 1  жолу дозаторду кыска басуу).

Оорунун алгачкы белгилеринде Генферон® лайт  мурун көӊдөйүнүн ичине  күнүнө 3 жолу мурундун ар бир кобулуна бир дозадан (дозаторго бир жолу басуу) 5 күн бою колдонулат (бир доза болжол менен 50 000 ЭБ альфа интерферонду түзөт, суткалык доза 500 000 ЭБ дан жогору болбошу керек).

КДВО бар адам менен байланышканда жана/же өтө муздаганда дары көрсөтүлгөн тартипке ылайык күнүнө 2 жолу 5-7 күн колдонулат. Зарыл болгон учурда алдын ала чара көрүү курстары кайталанат.

Спрейди колдонуу боюнча көрсөтмө:

  1. Коргоочу капкакчаны чечиӊиз.
  2. Биринчи жолу колдонуунун алдында ичке агым пайда болгонго чейин дозаторду бир канча жолу басыӊыз.
  3. Колдонуу учурунда флаконду тик абалда кармаӊыз.
  4. Кезеги менен мурундун ар бир кобулуна дозаторду бир жолу басып дарыны чачыратыӊыз.
  5. Колдонуудан кийин дозаторду коргоочу капкакча менен жабыӊыз.

Инфекциянын таркалуусунан оолак болуу үчүн жеке колдонуу сунушталган.

Кыйыр таасири

Аллергиялык реакциялар, мурундан кан аралаш нерселердин бөлүнүп чыгуусу.

Эрежеге ылайык, көрсөтүлгөн реакциялар жеӊил мүнөзгө ээ жана  кошумча дарылоону талап кылышпайт.

Этияттык менен

Мурундан кан агуу менен жапа чеккен бейтаптарга этияттык менен дайындоо керек.

Ашыкча доза

Генферон® лайт дарысынан ашыкча дозалануу учурлары тууралуу маалымдалган эмес.

Башка дары каражаттары менен өз ара таасири

Мурун көӊдөйүнүн ичине колдонулуучу тамыр тарытуучу каражаттарды коштоп колдонуу сунушталбайт, анткени бул нерсе мурун көӊдөйүнүн былжыр чел кабыгынын кошумча кургоосун козгойт.

Унаа каражаттарды жана механизмдерди башкаруу жөндөмдүүлүгүнө таасир берүүсү

Генферон® Лайт дарысы өзгөчө көӊүл бөлүүнү жана реакциялардын тездигин талап кылган потенциалдык кооптуу иштерди аткарууга (унаа каражаттарды, техникалык шаймандары ж.б.у.с.  башкаруу) таасир бербейт.

Чыгаруу формасы

Коргоочу капкакчасы бар спрей-дозатору менен тыгындалган, нейтралдуу күӊүрт айнектен турган флакондордо 100 дозалык дары. Ар бир флаконго этикетка чапталат.

1 ден флакон колдонуу боюнча нускамасы менен кошо картон кутучада.

Сактоо шарты

2 ден 8 С га чейинки аба табында, жарыктан корголгон жерде сактоо керек.

Балдар жетпеген жерде сактоо керек.

Жарактуулук мөөнөтү

2 жыл.

Таӊгакта көрсөтүлгөн жарактуулук мөөнөтү аяктагандан кийин колдонууга болбойт.

Берүү шарты

Рецепти жок берилет.

Каттоо күбөлүгүнүн ээси

«БИОКАД» ЖАК, Россия, 198515, Санкт-Петербург ш., Петродворцовый району, Стрельна а., Связи көч., 34 үй, лит. А.

Тел.: +7 (812) 380 49 33, факс: +7 (812) 380 49 34

Өндүрүүчү

«БИОКАД» ЖАК, Россия, 143422, Москва обл., Красногорский району, Петрово-Дальнее а.

www.genferon.ru

Керектөөчүлөрдөн арыз-доолорду кабыл алуучу уюм

«БИОКАД» ЖАК, Россия, 198515, Санкт-Петербург ш., Петродворцовый району, Стрельна а., Связи көч., 34 үй, лит. А.

Тел.: +7 (812) 380 49 33, факс: +7 (812) 380 49 34, e-mail: biocad@biocad.ru

Жагымсыз реакциялардын өрчүүсү тууралуу маалыматты төмөнкү дарекке багыттоо керек: safety@biocad.r

Свернуть
Кайдан сатып алуу керек

Препараты компании "Asian Med Trade" можно приобрести во всех аптеках Кыргызстана, в том числе и в собственной розничной сети аптек и фарммаркетов  "Фарм - Сервис" : 

Сеть аптек  "Неман-Фарм"

0 312 68 91 41 ;  0 555 68 91 41 

Сеть аптек  "Лекарь"

0312 91 60 00 ; 0556 91 60 00

Сеть аптек  "Айболит" 0312 54 28 39
Сеть аптек  "Бимед"  0 551 71 73 22
Центральная аптека в г.Бишкек 0312 66 55 00

Собственная розничная сеть фарммаркетов и  аптек «Фарм - Сервис»: 

Аптеки Адреса Телефон
1 Аптека 1 г.Бишкек,ул.Ахунбаева 131-18 0312 54 54 13
2 Аптека 2 г.Бишкек,ул. Тыналиева 3/3 Джал 29 0312 88 00 35
3 Аптека 3 г.Бишкек,ул.Токомбаева 53/2 0312 29 84 70
4 Аптека 4 г.Бишкек,ул.Юнусалиева 52/3 0312 88 46 30
5 Аптека 5 г.Бишкек,ул. Ахунбаева 202, Джал 23 0312 88 13 68
6 Аптека 6 г.Бишкек,мкр. Асанбай, 52а 0555 37 55 36
7 Аптека 7 г.Бишкек,ул. 7 Апреля 13а 0312 88 10 36
8 Аптека 8 г.Бишкек,ул.Бейшеналиева,29 0550 54 44 60
9 Аптечный пункт 1 г.Бишкек,ул.Логвиненко 30 ЦСМ №3 0312 88 11 50
10 Аптечный пункт 2 г.Бишкек,5мкр.,д10,кв8 0312 51 64 45
11 Аптечный пункт 6 г.Бишкек,ул.Абдрахманова, 182 0312 88 69 43
Генферон® лайт  250 000 МЕ

Генферон® лайт 250 000 МЕ

жыныс кынга жана ректалдык суппозиторийлер

Генферон® лайт  125 000 МЕ

Генферон® лайт 125 000 МЕ

жыныс кынга жана ректалдык суппозиторийлер

Генферон®  1 000 000 МЕ

Генферон® 1 000 000 МЕ

ректалдык жана жыныс кынга салына турган суппозиторийлер

Генферон®  500 000 МЕ

Генферон® 500 000 МЕ

ректалдык жана жыныс кынга салына турган суппозиторийлер

Генферон® Лайт 10 000 МЕ

Генферон® Лайт 10 000 МЕ

Мурун көӊдөйүнө тамчылар