Генферон® 500 000 МЕ

Генферон®  500 000 МЕ

ректалдык жана жыныс кынга салына турган суппозиторийлер

Чоӊдордо урогениталдык жолундагы инфекция-сезгенген ооруларды комплекстүү дарылоонун курамында колдонулат: гениталдык герпес, хламидиоз, уреаплазмоз, микоплазмоз, рецидивделген жыныс кындагы кандидоз, гарднереллез, трихомоноз, папилломавирустук инфекция, бактериалдык вагиноз, жатын моюнчасынын эрозиясы, цервицит, вульвовагинит, бартолинит, аднексит, простатит, уретрит, баланит, баланопостит.

Чоңдордо дем алуу жолдорундагы инфекция-сезгенген ооруларды комплекстүү дарылоонун курамында колдонулат: курч бронхит.

Чоӊдордо өнөкөттүү күчѳгѳн циститинин бактериялык этиологиясын комплекстүү дарылоонун курамында колдонулат.

Чоӊдордо ѳнѳкѳт эндометритти комплекстүү дарылоонун курамында колдонулат.

Колдонуу боюнча нускама

ГЕНФЕРОН® 

Дарынын соодадагы аталышы: Генферон®

Эл аралык патенттелбеген аталышы: жок

Дарынын түрү: ректалдык жана жыныс кынга салына турган суппозиторийлер

Курамы

55 мг+250 000 ЭБ+10 мг, 55 мг+500 000 ЭБ+10 мг, 55 мг+1000 000 ЭБ+10 мг дозалары үчүн 1 суппозиторий сөзсүз түрдө өз ичине төмөнкүлөрдү камтыйт:

таасир берүүчү заттар: интерферон альфа-2b адамдык рекомбинанттуусу (рчИФН-α2b) – 250 000 ЭБ, же 500 000 ЭБ, же 1000 000 ЭБ; таурин – 0,01 г; бензокаин – 0,055 г;

кѳмѳкчү заттар: катуу май – 1,65 г салмагындагы суппозиторийди алуу үчүн жеткиликтүү өлчөм керектелет, декстран 60000 – 0,0015 г, макрогол 1500 – 0,1240 г, полисорбат 80 – 0,0330 г, эмульгатор Т2 – 0,1320 г, натрий гидроцитраты – 0,0001 г, лимон кислотасы – 0,0015 г, тазартылган суу – 0,0660 г.

 

Сүрөттөмөсү

Аягы курч бурчтуу цилиндр формасындагы ак түстѳгү же саргыч түс берген ак түстѳгү суппозиторийлер, экиге бөлүнгөн сызыгы бир өңчөй. Сызыгында сындырыла турган негизи же уюкчалуу тереңдиги бар.

 

Фармадарылык тобу: Иммунду жөнгө салуучу каражаттар.

АТХ боюнча коду - L03A

 

Фармакологиялык касиеттери

Иммунобиологиялык касиети

Генферон® – айкалыштагы препарат, анын таасири курамына кирген бөлүктөрүнө жараша болот. Ооруган жеринде жана жалпы системалык таасир берет.

Генферон® дарысынын курам бөлүгүнө рекомбинанттуу адамдын интерферон альфа-2b кирет, бул Escherichia coli бактерия штаммы менен өндүрүлүп чыккан жана генндик инженериясынын ыкмасы аркылуу ген интерферондун альфа-2b адамга киргизилген. Интерферон альфа-2b вируска каршы, иммунду жөндөөчү, пролиферативдүүлүкө каршы, бактерияга каршы таасир берет. Вируска каршы таасир клетка ичиндеги вирустардын көбөйүшүн ингибирлеген ферменттердин активдүүлүгүнө жараша шартталат. Иммунду жөндөөчү таасир биринчи ирет эле иммундук системанын клеткалык-байыр алуу реакцияларын күчөтөт, бул вируска каршы иммундук жооп берген таасирдүүлүктү, шишимике айлануусунан жабыркаган клетка ичиндеги паразиттер менен клеткаларга каршы таасирдүүлүктү жогорулатат. Бул CD8 + Т-киллерлердин активдүүлүгүнүн эсебинен, NK-клеткалардын (табигый киллерлер) эсебинен, В-лимфоциттердин дифференцировкасынын күчөшүнүн жана алардын антител өндүрүмүнүн эсебинен жетилет, моноцитардык-макрофагалдуу системасынын жана фагоцитоздун активдүүлүгү, мындан сырткары I - типтеги гисто-сыйымдуулугунун негизги комплексиндеги молекуласынын экспрессиясынын жогорулашы иммундук системасынын клеткалары тарабынан инфекцияланган клеткаларды таануу жөндөмдүүлүгүнүн жогорулашына алып келет. Былжыр челдин бардык катмарында орун алган интерферондун лейкоциттеринин таасири алдында жүргөн активдешүү патологиялык борборлордун жок болушуна көмөк көрсөтүү менен камсыз кылат; мындан сырткары интерферондун таасиринин эсебинен секретордук иммуноглобулин А нын өндүрүмдүүлүгү калыбына келе баштайт. Интерферондун таасири алдында күчөгөн иммундук системасынын реакциялары аркылуу бактерияга каршы таасирлери шартталат.

Таурин метаболикалык процесстердин жөндөлүшүн жана ткандардын регенерацияларынын жөндөлүшүн камсыздайт, анын мембрано-туруктуулук жана иммуно-жөндөөчү таасири бар. Оксидантка каршы аябай күчтүү болуп саналат, таурин сөзсүз түрдө кычкылтектин активдүү формалары менен өз ара таасирденет, кайтарымдуу чогулган нерселер патологиялык процесстердин өнүгүүсүнө шарт түзөт. Дарыны колдонууда Таурин дарылык таасирин күчөтүү менен интерферондун биологиялык активдүүлүгүн сактоого жөндөмдүү.   

Бензокаин (анестезин) жергиликтүү анестетик болуп саналат. Иондордун натрийлери үчүн клеткалык мембрананын өткөрүмдүүлүгүн азайтат, мембрананын ички катмарында жайгашкан кальций иондорун рецепторлордон сүрүп чыгарат нерв импульстарынын кыймылын бөгөттөйт. Сезимтал нервдердин аягында ооруган импульстардын пайда болуусуна жана нерв кылдарында кыймылдап жүрүшүнө жолтоо болот. Системалык кан айланууга сиӊбестен жалаӊ гана ооруган жеринде таасир берет.

 

Фармакокинетикасы

Дарыны ректалдуу түрдө колдонууда интерферондун жогорку биожеткиликтүүлүгү (80% көбүрөөгү) белгиленген, жеринде таасир бергендей айкын системалык иммунду жөндөөчү таасир да берет; жыныстык кын ичине колдонууда инфекциялардын уюугунда жогорку концентрациянын эсебинен жана былжыр челдин клеткаларында фиксациялар ооруган жериндеги вируска каршы, бактерияга каршы жана пролиферативдүүлүкө каршы таасир берет, ошону менен бирге эле жыныс кындын былжыр челинин сиӊиримдүүлүгү төмөн болгондугунун эсебинен системалык таасирдүүлүк олуттуу эмес. Кандын сары суусундагы интерферондун эӊ жогорку концентрациясы дарыны колдонуудан 5 сааттан кийин жетет. Α -интерферондун негизги бөлүп чыгаруу жолу болуп бөйрөк катаболизми саналат. Жарым-жартылай бөлүп чыгаруу мезгили 12 саатты түзөт, бул дарыны суткасына 2 жолу кабыл алуу керек экендигин билдирет.

 

Колдонууга көрсөтмө

Чоӊдордо урогениталдык жолундагы инфекция-сезгенген ооруларды комплекстүү дарылоонун курамында колдонулат: гениталдык герпес, хламидиоз, уреаплазмоз, микоплазмоз, рецидивделген жыныс кындагы кандидоз, гарднереллез, трихомоноз, папилломавирустук инфекция, бактериалдык вагиноз, жатын моюнчасынын эрозиясы, цервицит, вульвовагинит, бартолинит, аднексит, простатит, уретрит, баланит, баланопостит.

Чоңдордо дем алуу жолдорундагы инфекция-сезгенген ооруларды комплекстүү дарылоонун курамында колдонулат: курч бронхит.

Чоӊдордо өнөкөттүү күчѳгѳн циститинин бактериялык этиологиясын комплекстүү дарылоонун курамында колдонулат.

Чоӊдордо ѳнѳкѳт эндометритти комплекстүү дарылоонун курамында колдонулат.

 

Каршы көрсөтмө

Интерферонду жана дарынын курамына кирген башка заттарды жекече көтөрө албастык.

 

Этияттык менен колдонуу

Аллергиялык жана аутоиммундук оорулардын курчушу.

 

Колдонуу жолу жана дозасы

1. Аялдардын урогениталдык жолундагы инфекциондук-сезгенме оорулары.

1 суппозиторийден (оорунун абалына жараша 250 000 ЭБ или 500 000 ЭБ же 1000 000 ЭБ) жыныс кынга же болбосо ректалдуу түрдө (оорунун мүнөзүнө жараша), суткасына 2 жолудан күнүгө 10 күн аралыгы боюнча колдонулат. Оорунун созулган формасында жумасына 3 жолу, күн алыс 1 суппозиторийден 1 – 3 айлар ичинде колдонулат. Айкын инфекциондук-сезгенме процессинде жыныс кынга 500 000 ЭБ 1 суппозиторийди колдонууга мүмкүн, жыныс кын ичине эртеӊ менен жана ректалдуу түрдө 1000 000 ЭБ 1 суппозиторий түнгө карап калган маалда киргизилет, ал бактерияга каршы/фунгициддик агенттерди камтыган суппозиторийди жыныс кынга бир убакта киргизүү менен колдонулат. 13 – 40 жумалык абалындагы кош бойлуу аялдардын урогениталдык жолуна инфекциондук-сезгенме ооруларын дарылап жатканда ооруган жериндеги иммунитеттин көрсөткүчүн жөнгө салуу үчүн жыныс кынына 250 000 ЭБ 1 суппозиторийден суткасына 2 жолу, күн сайын 10 күн аралыгында колдонулат.

2. Эркектердин урогениталдык жолундагы инфекциондук-сезгенме оорулары.

Ректалдуу түрдө 1 суппозиторийден (оорунун абалына жараша 500 000 ЭБ же 1000 000 ЭБ) суткасына 2 жолу 10 күн аралыгында колдонулат.

3. Чоӊдордун курч кармаган бронхитин комплекстүү түрдө дарылоонун курамында.

1 суппозиторийден (1 000 000 ЭБ) ректалдуу түрдө суткасына 2 жолу 5 күн аралыгында колдонуу сунушталат.

4. Чоӊдордун өнөкөттүү курч кармаган циститин комплекстүү дарылоонун курамында.

Курч кармаган учурда – 1 суппозиторийден (1 000 000 ЭБ) ректалдуу түрдө суткасына 2 жолу 10 күн ичинде бактерияга каршы дарылоочу стандарттуу курс менен бирге айкалышта колдонулат, андан кийин 1 суппозиторийден (1 000 000 ЭБ) ректалдуу түрдө күн алыс 40 күн бою рецидивдердин алдын алуу максатында колдонулат.

5. Чоӊдордун ѳнѳкѳт эндометритин комплекстүү дарылоонун курамында колдонулат.

Ректалдык 1 суппозиторийден (1 000 000 ЭБ) суткасына 2 жолу, 10 күн бою, андан кийин 1 суппозиторийден (500 000 ЭБ) ректалдык суткасына 2 жолудан, 10 күн бою, андан кийин ректалдык 1 суппозиторийден (1 000 000 ЭБ) күн алыс 10 күн бою.

 

Кыйыр таасирлери

Дары бейтаптар тарабынан жакшы көтөрүмдүүлүкө ээ.

Абдан сейрек кыйыр реакциялар (<1/10000):

Жалпы жабыркоолор жана колдонгон жеринде бузулуулар

Балким аллергиялык реакциялар болушу мүмкүн, ошондой эле колдонгон жерде Дарылануунун улануусу дарыгер менен кеӊешкенден кийин болушу мүмкүн.

Интерферон альфа-2b бардык түрлөрүн колдонуудан башкача көрүнүштөр пайда болушу мүмкүн, мисалы калтыроо, дене табынын көтөрүлүшү, чарчоо, табиттин жоголушу, булчуӊ жана баштын оорушу, муундун оорушу, тер агуу жана лейко-и тромбоцитопения, бирок алар көбүнчө суткалык доза көтөрүлүп 10 000 000 ЭБ жогору болгон учурунда кездешет. Бүгүнкү күнгө чейин оор кыйыр көрүнүштөр байкалган эмес. Интерферон альфа-2b каалагандай башка дары-дармегин да колдонгон учурда дене табы көтөрүлгөн болсо, парацетамолдун 500 – 1000 мг дозасын бир жолку кабыл алууга мүмкүн болот.

 

Кош бойлуу жана эмизүү учурунда колдонуу

13-40 жумалык кош бойлуу мезгилинде ооруган жериндеги иммунитеттин көрсөткүчүн жөнгө салуу үчүн гениталдык герпести, хламидиозду, уреаплазмозду, микоплазмозду, цитомегаловирустук инфекцияларды, папилломавирустук инфекцияларды, бактериалдык вагинозду анын ичинде кычышууну эсепке алгандагы ооруларын жана урогениталдык жолдун аймагындагы төмөнкү бөлүктөрүндө оңтойсуздуктун жана ооруксунуу оорусун комплекстүү дарылоонун курамында колдонууга көрсөтүлгөн.

13-40 жумалык кош бойлуу учурунда Генферон® 250 000 ЭБ дарысын жыныс кын ичине пайдаланууда коркунучсуз экендиги клиникалык изилдөөлөр боюнча далилденген. I үч айлыктагы кош бойлуу учурунда колдонууда коркунучсуздугу боюнча изилденген эмес.

 

Башка дары каражаттары менен өз ара таасири

Генферон® дарысын урогениталдык ооруларды дарылоодо колдонулган башка дары каражаттары (микробко каршы дары-дармектер жана башка антибиотиктерди кошкондо) менен айкалышта колдонууда кыйла таасирдүү болот. Наркотикалык эмес анальгетиктер жана антихолинэстераздык дары каражаттары бензокаиндин таасирин күчөтөт. Бензокаин сульфаниламиддердин бактерияга каршы активдүүлүгүн төмөндөтөт.

 

Ашыкча доза

Генферон® дарысынын ашыкча дозасы тууралуу учурлар катталган эмес. Көп сандагы суппозиторийлерди кокустан бир учурда салууда дарыгердин билдирүүсүнө карабастан кийинки колдонууну 24 саатка токтотуу сунушталат, андан кийин дарыланууну түзүлгөн схема боюнча кайрадан жаӊыртып улантса болот.

 

Өзгөчө көрсөтмөлөр

Урогениталдык реинфекцияны болтурбоо үчүн жыныстык шериктеши менен бирге бир учурда дарылануу маселесин кароо сунушталат.

Дарыны айыз маалында кабыл алууга жол берилет.

Генферон® дарысы өзгөчө көӊүлдү жана тез реакцияларды (унаа каражаттарын башкарууда, авто унаанын шаймандарын башкарууда ж.б.у.с. түрлөрүн башкарууда) талап кылган потенциалдуу коркунучтуу иш-чаралардын түрлөрүн аткарууга таасир тийгизбейт.

 

Сактоо шарты жана транспорттоо

2 ден 8 °С чейинки аба табында сактоо керек.

Балдар жетпеген жерде сактоо керек.

 

Чыгаруу формасы

Кынга жана ректалдык суппозиторийлер 55 мг+250 000 ЭБ+10 мг, 55 мг+500 000 ЭБ+10 мг, 55 мг+1000 000 ЭБ+10 мг.

Поливинилхлориддик чел кабыктан же алюминий фольгасынан жасалган, контурлуу уячалуу таӊгакчада 5 суппозиторийлерден жайгашкан. 2 контурлуу уячалуу таӊгакчалар медицинада колдонуу боюнча нускамасы менен бирге картон кутуга салынган.

 

Жарактуулук мөөнөтү

2 жыл.

Таӊгакчада көрсөтүлгөн жарактуулук мөөнөтү бүткөндөн кийин колдонууга болбойт.

 

Дарыканалардан берүү шарты

Рецепт менен берилет.

 

Каттоо күбѳлүгүнүн ээси

ЖАК «БИОКАД», 198515, Россия, Санкт-Петербург ш., Петродворцовый району, Стрельна кыштагы, Связи көчөсү, 34-үй, Лит. А.

 

Өндүрүүчү

ЖАК «БИОКАД», Россия, 143422, Москва обл., Красногорский р-ну, Петрово-Дальнее кыштагы.

 

Керектѳѳчүлѳрдѳн арыз-доолорду кабыл алган уюм

ЖАК «БИОКАД», Россия, 198515, Санкт-Петербург, Петродворцовый р-ну, Стрельна кыштагы, Связи кѳчѳсү, 34-үй, лит. А.

Телефону: +7 (812) 380 49 33, факс: +7 (812) 380 49 34; e-mail: biocad@biocad.ru

Жагымсыз реакциялардын ѳрчүүсү тууралуу тѳмѳнкү дарекке жиберүү керек: safety@biocad.ru

Свернуть
Кайдан сатып алуу керек

Препараты компании "Asian Med Trade" можно приобрести во всех аптеках Кыргызстана, в том числе и в собственной розничной сети аптек и фарммаркетов  "Фарм - Сервис" : 

Сеть аптек  "Неман-Фарм"

0 312 68 91 41 ;  0 555 68 91 41 

Сеть аптек  "Лекарь"

0312 91 60 00 ; 0556 91 60 00

Сеть аптек  "Айболит" 0312 54 28 39
Сеть аптек  "Бимед"  0 551 71 73 22
Центральная аптека в г.Бишкек 0312 66 55 00

Собственная розничная сеть фарммаркетов и  аптек «Фарм - Сервис»: 

Аптеки Адреса Телефон
1 Аптека 1 г.Бишкек,ул.Ахунбаева 131-18 0312 54 54 13
2 Аптека 2 г.Бишкек,ул. Тыналиева 3/3 Джал 29 0312 88 00 35
3 Аптека 3 г.Бишкек,ул.Токомбаева 53/2 0312 29 84 70
4 Аптека 4 г.Бишкек,ул.Юнусалиева 52/3 0312 88 46 30
5 Аптека 5 г.Бишкек,ул. Ахунбаева 202, Джал 23 0312 88 13 68
6 Аптека 6 г.Бишкек,мкр. Асанбай, 52а 0555 37 55 36
7 Аптека 7 г.Бишкек,ул. 7 Апреля 13а 0312 88 10 36
8 Аптека 8 г.Бишкек,ул.Бейшеналиева,29 0550 54 44 60
9 Аптечный пункт 1 г.Бишкек,ул.Логвиненко 30 ЦСМ №3 0312 88 11 50
10 Аптечный пункт 2 г.Бишкек,5мкр.,д10,кв8 0312 51 64 45
11 Аптечный пункт 6 г.Бишкек,ул.Абдрахманова, 182 0312 88 69 43
Генферон® лайт  250 000 МЕ

Генферон® лайт 250 000 МЕ

жыныс кынга жана ректалдык суппозиторийлер

Генферон® лайт  125 000 МЕ

Генферон® лайт 125 000 МЕ

жыныс кынга жана ректалдык суппозиторийлер

Генферон®  1 000 000 МЕ

Генферон® 1 000 000 МЕ

ректалдык жана жыныс кынга салына турган суппозиторийлер

Генферон® Лайт 10 000 МЕ

Генферон® Лайт 10 000 МЕ

Мурун көӊдөйүнө тамчылар

Генферон® Лайт спрей

Генферон® Лайт спрей

Дозаланган мурун көӊдөйүнө спрей