Генферон® Лайт 10 000 МЕ

Генферон® Лайт 10 000 МЕ
Генферон® Лайт 10 000 МЕ Бренддин бардык товарларын кароо

Мурун көӊдөйүнө тамчылар

Генферон® Лайт мурун тамчылары вируска каршы, иммундук модуляциялоочу, сезгенүүгө каршы, антипролиферативдик, антибактериялык таасир берет, жергиликтүү регенерациялоочу, мембрананы туруктуулаштыруучу жана антиоксиданттык касиеттерге ээ

Колдонуу боюнча нускама

 

ГЕНФЕРОН® ЛАЙТ

 

Дарынын соодадагы аталышы: Генферон® лайт

Эл аралык патенттелбеген аталышы: жок

Дарынын түрү: Мурун көӊдөйүнө тамчылар

Курамы

1 мл эритме төмөнкүлөрдү камтыйт:

таасир берүүчү заттар: адамдын рекомбинанттык альфа-2b интерферону* 10 000 ЭБ, таурин 0,80 мг;

көмөкчү заттар: динатрий эдетат дигидраты - 0,02 мг, глицерол - 7,00 мг, декстран 40 000 - 2,4 мг, полисорбат-80 - 1,0 мг, натрий хлориди - 0,8 мг, калий хлориди - 0,02 мг, натрий гидрофосфаты - 0,115 мг, калий дигидрофосфаты - 0,02 мг, инъекциялар үчүн суу - 1 мл чейин.

* «Адамдын рекомбинанттык альфа-2b интерферону ((рчИНФ- α2b)» субстанциясынын курамына төмөнкү көмөкчү заттар кирет: натрий хлориди, натрий ацетат тригидраты, суусуз уксус кислотасы, инъекциялар үчүн суу.

Сүрөттөмөсү

Тунук, түссүз же ачык-сары түстөгү суюктук.

Фармадарылык тобу

Иммундук модуляциялоочу каражат.

АТХ коду: L03A

ФАРМАКОЛОГИЯЛЫК КАСИЕТТЕРИ

Фармакодинамикасы

Генферон® Лайт мурун тамчылары вируска каршы, иммундук модуляциялоочу, сезгенүүгө каршы, антипролиферативдик, антибактериялык таасир берет, жергиликтүү регенерациялоочу, мембрананы туруктуулаштыруучу жана антиоксиданттык касиеттерге ээ. Альфа интерферону спецификалык белоктордун синтезинин баскычында вирустардын көбөйүүсүн бөгөттөйт жана дем алуу жолдорунун инфекцияларында сезгенүүнүн алгачкы чордону жана дүүлүктүргүчтөрдүн инвазиясынын жери болгон мурун көӊдөйүнүн былжыр чел кабыгынын клеткаларын инфекцияга чалдыгуудан алдын алат. Иммундук модуляциялоочу таасир иммундук системанын клеткалар аркылуу болгон реакцияларынын күчөшү менен белгиленет. Бул нерсеге CD8+ Т-киллерлердин, NK-клеткалардын (табигый киллерлер) активдешүүсүнүн, В-лимфоциттердин дифференцирленүүсүнүн күчөшүнүн жана алар тарабынан антителалардын бөлүнүп чыгуусунун, моноцитардык-макрофагалдык системанын жана фагоцитоздун активдешүүсүнүн, ошондой эле I-типтеги башкы гисто-сыйымдуулук комплексинин молекулаларынын экспрессиясынын жогорулоосунун эсебинен жетет, бул болсо иммундук системасынын клеткалары тарабынан  инфекцияга чалдыккан клеткаларды аныктоо мүмкүнчүлүгүн жогорулатат. Былжыр чел кабыктын бардык катмарларында камтылган лейкоциттердин интерферонунун таасири алдындагы активдешүү алардын патологиялык чордондорду жок кылууга активдүү катышуусун камсыз кылат; андан сырткары, интерферондун таасир берүүсүнүн эсебинен  секретордук иммуноглобулин А ны өндүрүүнү калыбына келтирүү ишке ашат. Антибактериялык натыйжалуу таасир интерферондун таасири алдында күчөй турган иммундук системанын  реакциялары аркылуу болот.

Дарынын курамына кирген таурин ткандарда зат алмашуу процесстерин жөнгө салат, патологиялык процесс менен жабыркаган мурун көӊдөйүнүн регенерациясына жана тезирээк калыбына келүүсүнө көмөктөшөт.

Фармакокинетикасы

Мурун көӊдөйүнүн ичине Генферон® Лайт мурун тамчыларын колдонууда инфекциянын чордонунда интерферондун жогорку концентрациясы жана иммундук күчөтүүчү натыйжалуу таасир пайда болот. Дарынын системалык сиӊирилүүсү олуттуу эмес, мурун көӊдөйүнүн ичине куюда адамдын рекомбинанттык альфа-2b интерферону азыраак өлчөмдө өпкө тканында жана канда аныкталат. Организмде биотрансформация көбүнчө бөйрөктөрдө 5,1 сааттык жарым-жартылай бөлүнүп чыгуу убактысы (Т½) менен ишке ашат. Дарынын системалык кан агымга жеткен бир аз өлчөмү системалык иммундук модуляциялоочу таасир берет. 

Колдонууга көрсөтмөлөр

29 күндөн баштап 14 жашка чейинки балдарда сасык тумоону жана дем алуу жолдорунун башка курч вирустук инфекцияларын дарылоо.

Каршы көрсөтмөлөр

Альфа-2b интерферонго же дарынын башка курамдык бөлүктөрүнө жогорку сезгичтик.

0 дөн 28 күнгө чейинки жаӊы төрөлгөндөр (клиникалык маалыматтардын жок болгондугуна байланыштуу).

Колдонуу жолу жана дозасы

Оорунун алгачкы белгилеринде Генферон® лайт  5 күн бою мурунга тамчылатылат.

29 күндөн баштап 11 ай 29 күнгө чейнки балдарга –  күнүнө 5 жолу мурундун ар бир кобулуна 1 тамчыдан (бир жолку доза 1 000 ЭБ, суткалык доза 5 000 ЭБ).

1 ден 3 жашка чейинки балдарга – күнүнө 3-4 жолу мурундун ар бир кобулуна 2 ден тамчы (бир жолку доза 2 000 ЭБ, суткалык доза 6 000 – 8 000 ЭБ).

3 төн 14 жашка чейинки балдарга – күнүнө 4-5 жолу мурундун ар бир кобулуна 2 ден тамчы (бир жолку доза 2 000 ЭБ, суткалык доза 8 000 – 10 000 ЭБ).

Кыйыр таасири

Жергиликтүү аллергиялык реакциялар пайда болушу мүмкүн (ачыштыруу сезими, кычышуу). Бул көрүнүштөр кайрадан калыбына келишет жана дарыны колдонууну токтотуудан кийин 72 сааттын ичинде өз алдынча четтешет. Дарыланууну дарыгер менен кеӊешүүдөн кийин гана улантууга мүмкүн болот.

Ашыкча доза

Генферон® Лайт дарысы менен ашыкча дозалануу учурлары азыркыга чейин катталган эмес.

 

Башка дары каражаттары менен өз ара таасири

Мурун көӊдөйүнүн ичине колдонулуучу тамыр тарытуучу каражаттарды коштоп колдонуу сунушталбайт, анткени бул нерсе мурун көӊдөйүнүн былжыр чел кабыгынын кошумча кургоосун козгойт.

 

Өзгөчө көрсөтмөлөр

Тамчылатуудан кийин дары мурун көӊдөйүндө текши бөлүштүрүлүүсү үчүн мурундун канатчаларын манжалар менен бир канча минута укалоо сунушталат.

Кош бойлуулук жана бала эмизүү мезгилинде колдонуу

Колдонулбайт, анткени дары 29 күндөн баштап 14 жашка чейинки балдарга колдонуу үчүн көрсөтүлгөн.

Унаа каражаттарды жана механизмдерди башкаруу жөндөмдүүлүгүнө таасир берүүсү

Генферон® Лайт дарысынын өзгөчө көӊүл бөлүүнү жана реакциялардын тездигин талап кылган потенциалдык кооптуу иштерди аткарууга  (унаа каражаттарды, техникалык шаймандары ж.б.у.с. башкаруу) таасир берүүсү изилденген эмес.

Чыгаруу формасы

Мурун көӊдөйүнө тамчылар 10 000 ЭБ/мл + 0,8 мг/мл.

«Flip-off» тибиндеги пластик капкагы бар, тез чечиле турган алюминий капкакчалар менен кысылган, резина тыгыны менен герметикалык түрдө тыгындалган күӊүрт айнек флакондордо 10 мл дан. Ар бир флаконго этикетка чапталат.

Учу 1 полимерден турган тамчылаткычы бар 1 ден флакон колдонуу боюнча нускамасы менен кошо картон кутучага салынат.

Сактоо шарты

2 ден 8 С га чейинки аба табында, жарыктан корголгон жерде сактоо керек.

Көрсөтүлгөн жарактуулук мөөнөтүнүн чегинде бейтаптар дарыны ачкандан кийин 2 ден 8 С га чейинки аба табында 7 жуманын ичинде сактай алышат.

Балдар жетпеген жерде сактоо керек.

Жарактуулук мөөнөтү

2 жыл.

Таӊгакта көрсөтүлгөн жарактуулук мөөнөтү аяктагандан кийин колдонууга болбойт.

Берүү шарты

Рецепт боюнча.

Каттоо күбөлүгүнүн ээси

«БИОКАД» ЖАК, Россия, 198515, Санкт-Петербург ш., Петродворцовый району, Стрельна а., Связи көч., 34 үй, лит. А.

Өндүрүүчү

«БИОКАД» ЖАК, Россия, 143422, Москва обл., Красногорский району, Петрово-Дальнее айылы.

Керектөөчүлөрдөн арыз-доолорду кабыл алуучу уюм

«БИОКАД» ЖАК, Россия, 198515, Санкт-Петербург ш., Петродворцовый району, Стрельна а., Связи көч., 34 үй, лит. А.

Тел.: +7 (812) 380 49 33, факс: +7 (812) 380 49 34, e-mail: biocad@biocad.ru

Жагымсыз реакциялардын өрчүүсү тууралуу маалыматты төмөнкү дарекке багыттоо керек: safety@biocad.ru

Свернуть
Кайдан сатып алуу керек

Препараты компании "Asian Med Trade" можно приобрести во всех аптеках Кыргызстана, в том числе и в собственной розничной сети аптек и фарммаркетов  "Фарм - Сервис" : 

Сеть аптек  "Неман-Фарм"

0 312 68 91 41 ;  0 555 68 91 41 

Сеть аптек  "Лекарь"

0312 91 60 00 ; 0556 91 60 00

Сеть аптек  "Айболит" 0312 54 28 39
Сеть аптек  "Бимед"  0 551 71 73 22
Центральная аптека в г.Бишкек 0312 66 55 00

Собственная розничная сеть фарммаркетов и  аптек «Фарм - Сервис»: 

Аптеки Адреса Телефон
1 Аптека 1 г.Бишкек,ул.Ахунбаева 131-18 0312 54 54 13
2 Аптека 2 г.Бишкек,ул. Тыналиева 3/3 Джал 29 0312 88 00 35
3 Аптека 3 г.Бишкек,ул.Токомбаева 53/2 0312 29 84 70
4 Аптека 4 г.Бишкек,ул.Юнусалиева 52/3 0312 88 46 30
5 Аптека 5 г.Бишкек,ул. Ахунбаева 202, Джал 23 0312 88 13 68
6 Аптека 6 г.Бишкек,мкр. Асанбай, 52а 0555 37 55 36
7 Аптека 7 г.Бишкек,ул. 7 Апреля 13а 0312 88 10 36
8 Аптека 8 г.Бишкек,ул.Бейшеналиева,29 0550 54 44 60
9 Аптечный пункт 1 г.Бишкек,ул.Логвиненко 30 ЦСМ №3 0312 88 11 50
10 Аптечный пункт 2 г.Бишкек,5мкр.,д10,кв8 0312 51 64 45
11 Аптечный пункт 6 г.Бишкек,ул.Абдрахманова, 182 0312 88 69 43
Генферон® лайт  250 000 МЕ

Генферон® лайт 250 000 МЕ

жыныс кынга жана ректалдык суппозиторийлер

Генферон® лайт  125 000 МЕ

Генферон® лайт 125 000 МЕ

жыныс кынга жана ректалдык суппозиторийлер

Генферон®  1 000 000 МЕ

Генферон® 1 000 000 МЕ

ректалдык жана жыныс кынга салына турган суппозиторийлер

Генферон®  500 000 МЕ

Генферон® 500 000 МЕ

ректалдык жана жыныс кынга салына турган суппозиторийлер

Генферон® Лайт спрей

Генферон® Лайт спрей

Дозаланган мурун көӊдөйүнө спрей