Золотая Звезда , малина

Золотая Звезда , малина
Золотая Звезда , малина Бренддин бардык товарларын кароо

Сасык тумоо жана суук тийүүгө каршы 

Дененин жогорку табы, катуу чыйрыгуу, дененин оорушу, баш жана булчуӊ оорулары, мурундун былжыр челинин сезгенүүсү, мурун бүтүү, чүчкүрүү менен коштолгон инфекциялык-сезгенүү оорулары (КДВО, сасык тумоо).

Колдонуу боюнча нускама

Сасык тумоо жана суук тийүүгө каршы Золотая Звезда порошогу

 

Соодадагы аталышы

Золотая Звезда

Эл аралык патенттелбеген же топтук аталышы

Парацетамол + Фенилэфрин + Фенирамин + Аскорбин кислотасы

Дарынын түрү

Ичип кабыл алууга эритиндини даярдоо үчүн порошок.

Курамы:

1 баштыкча өзүнө төмөнкүлөрдү камтыйт:

Активдүү курамдык бөлүктөрү: парацетамол 325 мг, фенирамин малеаты 20 мг, фенилэфрин гидрохлориди 10 мг, аскорбин кислотасы 50 мг;

Көмөкчү курамдык бөлүктөрү: повидон, маннитол, кальций фосфаты, сахароза, лимон кислотасы, натрий цитрат дигидраты, аспартам, Апельсин жыпар жыт бергичи (Апельсиндин даамы үчүн), малина жыпар жыт бергичи (Малинанын даамы үчүн), лимон жыпар жыт бергичи  (Лимондун даамы үчүн).

Сүрөттөмөсγ

Жеӊил төгүлгөн гранулданган порошок.

Лимон: лимондун жеӊил жыты бар, актан ачык-сары түскө чейинки гранулалар. Калыбына келтирилген эритинди тунук же дээрлик тунук ачык-сары түстө.

Апельсин: апельсиндин жеӊил жыты бар, актан ачык-кызгылт сары түскө чейинки гранулалар. Калыбына келтирилген эритинди тунук же дээрлик тунук ачык-кызгыл сары түстө.

Малина: малинанын жеӊил жыты бар, актан ачык-кызгылт түскө чейинки гранулалар. Калыбына келтирилген эритинди тунук же дээрлик тунук кызыл-кызгылт көк түстө.

Фармадарылык тобу

Анальгетиктер. Анальгетиктер – башка антипиретиктер. Аналиддер. Башка каражаттар менен айкалыштагы парацетамол (психолептиктерден башка).

АТХ коду: N02BE51

Фармакологиялык касиеттер

Айкалышкан каражат дененин ысык табын төмөндөтүүчү, сезгенүүгө каршы, шишимикке каршы, ооруксуздандыруучу, аллергияга каршы таасирге ээ.

Фармакокинетика

Фенирамин малеаты жана парацетамол ИКЖ жакшы сиӊирилет (тез жана дээрлик толугу менен). Т ½ - 2-2,5 саат. Плазмадагы эӊ жогорку концентрациясына (парацетамол) 30-60 мин. кийин жетет, кандын плазмасынын белоктору менен начар байланышат. Парацетамол организмде глюкурон жана күкүрт кислоталары менен эфирлерди түзөт, 4% гана глютатиондун катышуусунда инактивацияланат. Биотрансформациянын азыктары жана өзгөрбөгөн дары каражаты (кабыл алынган дозанын болжол менен 5%) бөйрөктөр тарабынан чыгарылат. Аскорбин кислотасы ИКЖ жакшы сиӊирилет, анын ашыгы заара менен чыгарылат.

Фармакодинамика

Парацетамол -  жылуулукту жөнгө салуу борборуна таасир тийгизүүнүн жана борбордук нерв системасында простагландиндердин синтезин ингибирлөөнүн эсебинен анальгетикалык, дененин ысык табын төмөндөтүүчү жана начар айкындыктагы сезгенүүгө каршы таасир көрсөтөт.

Фенирамин малеаты – Н1-гистаминдик рецепторлордун бөгөттөгүчү, негизги сезгенүү медиаторлорунун бири болгон гистаминдин таасирине тоскоолдук кылат.

Майда кан тамырчалардын дубалчаларынын өткөрүмдүүлүгүн төмөндөтүү менен жергиликтүү экссудативдик көрүнүштөрдүн айкындыгын, мурундун былжыр чел кабыгынын, мурун-кулкун көӊдөйүнүн, жогорку дем алуу жолдорунун шишимик тартуусун, жаш агууну төмөндөтөт.

Фенилэфрин – орто тамыр тарытуучу таасирге ээ болгон адреномиметик (альфа1-адренорецепторлорду күчөтүү)

Аскорбин кислотасы (С витамини) антиоксиданттык касиеттерге ээ, коргоочу механизмдерди активдештирет, организмдин инфекцияларга туруктуулугун жогорулатат. Кычкылдануу-калыбына келүү процесстерин активдештирет, кайрадан калыбына келүү процесстерин, глюкокортикоиддердин жана катехоламиндердин синтезин күчөтөт;  майда кан тамырчалардын дубалчасын тыгыз кылат (клетка аралык заттан түзүлүүсүнүн жогорулоосунун жана гиалуронидазанын активдүүлүгүнүн төмөндөөсүнүн эсебинен).    

Колдонууга көрсөтмөлөр

Дененин жогорку табы, катуу чыйрыгуу, дененин оорушу, баш жана булчуӊ оорулары, мурундун былжыр челинин сезгенүүсү, мурун бүтүү, чүчкүрүү менен коштолгон инфекциялык-сезгенүү оорулары (КДВО, сасык тумоо).
Каршы көрсөтмөлөр

Дарынын өзүнчө курамдык бөлүктөрүнө жогорку сезимталдуулук;

Кош бойлуулук жана эмизүү мезгили;

Порталдык гипертензия;

Алкоголизм;

Бөйрөк алсыздыгы;

Глюкоза-6-фосфатдегидрогеназанын ферментинин жетишсиздиги;

12 жашка чейинки балдар жана өспүрүмдөр жашы.

Төмөнкү учурларда этияттык менен колдонуу керек: артериялык гипертензия, кант диабети, жабык бурчтуу  глаукома, боордун жана бөйрөктөрдүн, өпкөнүн (ошондой эле колко астмасы) оор оорулары, эрендик бездин аденомасында кыйналып заара чыгаруу, кан оорулары, тубаса гипербилирубинемиялар (Жильбер, Дубин-Джонсон жана Ротер синдромдору).


Колдонуу жолу жана дозасы

Ичип кабыл алынат.

Бир баштыкчанын ичиндегисин  1 стакан кайнатылган ысык сууга эритүү керек. Ысык бойдон кабыл алуу керек. Даамына жараша кантты кошууга болот.

Кайталоо дозасын ар бир 4 саат сайын кабыл алууга болот (24 сааттын ичинде 3 дозадан ашык эмес).

Сасык тумоо жана суук тийүүгө каршы «Золотая звезда» порошогун сутканын каалаган убактысында кабыл алууга болот, бирок дарыны жатаардын алдында, түнгө карай ичүүдө эӊ жакшы таасир көрсөтөт. Эгер дарыны кабыл алып баштагандан кийин 3 күндүн ичинде симптомдордун жеӊилдөөсү байкалбаса, дарыгерге кайрылуу керек.


Кыйыр таасири

Аллергиялык реакциялар (бөртмө, кычышуу, бөрү жатыш, ангионевротикалык шишимик), жогорку дүүлүгүү, психомотордук реакциялардын ылдамдыгынын төмөндөөсү, чарчоо сезими, ооздун кургоосу, зааранын кармалуусу, көӊүл айнуу, кусуу, ашказандын оорушу, жүрөктүн дүкүлдөп согуусу, артериялык басымдын жогорулоосу, баш айлануу, уйкунун бузулуусу, мидриаз, көздөрдүн аралыкка кыймылсыз жайгашуусу, көздүн ичиндеги басымдын жогорулоосу пайда болушу мүмкүн.

Парацетамолдун бар болуусун эске алганда: сейрек – кан системасынын бузулуусу (аз кандуулук, тромбоцитопения, лейкопения, агранулоцитоз); жогорку дозаларды узак убакытка кабыл алууда гепатотоксиндүү жана нефротоксиндүү таасир, гемолитикалык аз кандуулук, метгемоглобинемия, панцитопения пайда болушу мүмкүн.


Ашыкча доза

Көӊүл айнуу, кусуу, ич тараптын оорушу; гепатотоксиндүү жана нефротоксиндүү таасир, оор учурларда боор алсыздыгы, энцефалопатия жана коматоздук абал өрчүйт. Дарылоо: ашказанды жууп тазалоо, алгачкы 6 сааттын ичинде активдешкен көмүр, SH-топторунун донаторлорун жана  глутатиондун синтезине чейинкилерди – ашыкча дозалануудан  8-9 саат өткөндөн кийин метионинди жана 12 саат өткөндөн кийин N-ацетилцистеинди куюу.

Өзгөчө көрсөтмөлөр

Боордун токсиндүү жабыркоосунан оолак болуу үчүн  дарыны алкоголдук ичимдиктер менен айкалыштырууга болбойт.

Дарыны кабыл алууда унаа каражатын жана башка механизмдерди башкарууга сунушталбайт.

Жабыркаган баштыкчалардагы дарыны колдонууга болбойт.


Башка дары каражаттары менен өз ара таасири

Моноамнооксидазанын ингибиторлорун кабыл алууда дарыны колдонууга сунушталбайт. Барбитуратотарды, дифенинди, карбамазепинди, рифампицинди, зидовудинди жана башка боордун микросомалдык ферменттеринин индукторлорун коштоп кабыл алууда  парацетамолдун гепатотоксиндүү таасиринин коркунучу жогорулайт.

Седативдик каражаттардын, этанолдун таасирин күчөтөт. Этанол фенираминдин седативдик таасирин күчөтөт. Антидепрессанттар, паркинсонго каршы жана антипсихотикалык каражаттар, фенотиазин туундулары зааранын кармалуусунун, ооздун кургоосунун, ич катуулардын өрчүү коркунучун жогорулатышат.

Чыгаруу формасы

Ичип кабыл алууга эритиндини даярдоо үчүн порошок 15 г дозаланган.

Айкалышкан (полиэтилен, алюминий фольгасы) материалдан жасалган баштыкчага 15 г порошок салынат. 10 баштыкчадан колдонуу боюнча нускамасы менен кошо картон кутучасына таӊгакталат.
Сактоо шарты

Кургак, жарыктан корголгон жерде 15-25°C аба табында сактоо керек.

Балдар жетпеген жерде сактоо керек!

Жарактуулук мөөнөтү

3 жыл.

Дарыканалардан чыгаруу шарты

Рецепти жок чыгарылат.

Өндүрүүчү:

Данафа Фармасьютикал Джойнт Сток Компани

Зунг Си Тхань Тхе көч., 253 үй, Дананг Сити, Вьетнам

DANAPHA PHARMACEUTICAL JOINT STOCK COMPANY

253 Dung Si Thanh Khe str., Danang city, Vietnam

Свернуть
Кайдан сатып алуу керек

Препараты компании "Asian Med Trade" можно приобрести во всех аптеках Кыргызстана, в том числе и в собственной розничной сети аптек и фарммаркетов  "Фарм - Сервис" : 

Сеть аптек  "Неман-Фарм"

0 312 68 91 41 ;  0 555 68 91 41 

Сеть аптек  "Лекарь"

0312 91 60 00 ; 0556 91 60 00

Сеть аптек  "Айболит" 0312 54 28 39
Сеть аптек  "Бимед"  0 551 71 73 22
Центральная аптека в г.Бишкек 0312 66 55 00

Собственная розничная сеть фарммаркетов и  аптек «Фарм - Сервис»: 

Аптеки Адреса Телефон
1 Аптека 1 г.Бишкек,ул.Ахунбаева 131-18 0312 54 54 13
2 Аптека 2 г.Бишкек,ул. Тыналиева 3/3 Джал 29 0312 88 00 35
3 Аптека 3 г.Бишкек,ул.Токомбаева 53/2 0312 29 84 70
4 Аптека 4 г.Бишкек,ул.Юнусалиева 52/3 0312 88 46 30
5 Аптека 5 г.Бишкек,ул. Ахунбаева 202, Джал 23 0312 88 13 68
6 Аптека 6 г.Бишкек,мкр. Асанбай, 52а 0555 37 55 36
7 Аптека 7 г.Бишкек,ул. 7 Апреля 13а 0312 88 10 36
8 Аптека 8 г.Бишкек,ул.Бейшеналиева,29 0550 54 44 60
9 Аптечный пункт 1 г.Бишкек,ул.Логвиненко 30 ЦСМ №3 0312 88 11 50
10 Аптечный пункт 2 г.Бишкек,5мкр.,д10,кв8 0312 51 64 45
11 Аптечный пункт 6 г.Бишкек,ул.Абдрахманова, 182 0312 88 69 43
Звездочка таблетки для рассасывания (апельсин), №18

Звездочка таблетки для рассасывания (апельсин), №18

Звездочка таблетки для рассасывания (мед-лимон), №18

Звездочка таблетки для рассасывания (мед-лимон), №18

Звездочка таблетки для рассасывания (эвкалипт-ментол), №18

Звездочка таблетки для рассасывания (эвкалипт-ментол), №18

Звездочка Прополис таблетки для рассасывания (имбиль-гранат), №18

Звездочка Прополис таблетки для рассасывания (имбиль-гранат), №18

Звездочка Прополис таблетки для рассасывания (ромашка-чабрец), №18

Звездочка Прополис таблетки для рассасывания (ромашка-чабрец), №18

Звездочка Прополис таблетки для рассасывания (мед-лимон), №18

Звездочка Прополис таблетки для рассасывания (мед-лимон), №18

Бальзам ЗВЁЗДОЧКА®

Бальзам ЗВЁЗДОЧКА®

Бальзам Золотая звезда карандаш для ингаляций, 1,3 г

Бальзам Золотая звезда карандаш для ингаляций, 1,3 г

Золотая Звезда Ингасепт, 0,30 %:

Золотая Звезда Ингасепт, 0,30 %:

Золотая Звезда Ингасепт, 0,15%:

Золотая Звезда Ингасепт, 0,15%:

Золотая Звезда , апельсин

Золотая Звезда , апельсин

Сасык тумоо жана суук тийүүгө каршы