Контрактубекс гель

Контрактубекс гель

Жараларды жана жарааттарды дарылоо үчүн каражат

Колдонуу боюнча нускама

 

        

КОНТРАКТУБЕКС 
 

Соодадагы аталышы   

Контрактубекс (Contractubex)

Эл аралык патенттелбеген аталышы

Жок

Дарынын түрү

Сыртка колдонуу үчүн гель

Курамы   

1 г гель төмөнкүлөрдү камтыйт

Активдүү заттар: 
пияздын суюк экстракты Allium cepa (1,75:1)    100 мг 
экстрагент: этанол/суу (1:6)

Гепарин  натрий                 50 ЭБ 
Аллантоин                            10 мг

Көмөкчү заттар: 
Сорбин кислотасы (Е200), метилпарагидроксибензоат (Е218), ксантан пастасы (Е415),

полиэтиленгликоль 200 (Е1521), эфир майы (жыпар жыт 231616), тазаланган суу.

Сүрөттөмөсү

Тунук эмес, ачык-саргыч боздон ачык-күрөӊ түскө чейинки, өзүнө мүнөздүү жыты бар гель.

Фармадарылык тобу

Жараларды жана жарааттарды дарылоо үчүн каражаттар. Жогорку берчтенүүнү дарылоо үчүн каражаттар.

Жогорку берчтенүүнү дарылоо үчүн башка каражаттар.

ATX коду: D03АХ.

Фармакологиялык касиеттер

Фармакокинетика

Гепарин 4 сааттын ичинде жетиштүү өлчөмдө дерманын тутумдаштыргыч тканына жетет.     Тереӊ сиӊүүсү гепариндин пияздын экстракты Cepae жана аллантоин менен айкалышуусу аркылуу шартталат (трансэпидермалдык гепариндешүү). Контрактубекс каражатын колдонууда системалык абсорбция байкалбайт.

Фармакодинамика

Айкалышкан каражат, анын таасири курамына кирген бөлүктөрүнүн касиеттери менен        шартталган. Фибринолитикалык,  сезгенүүгө каршы (пияздын экстракты бар болгондуктан),  антитромбикалык (гепариндин камтылуусунун эсебинен), жана кератолитикалык                   (аллантоиндин камтылуусунун эсебинен) таасир көрсөтөт. Гиперплазиясы жок клеткалардын кайрадан калыбына келүүсүн күчөтөт. Келлоиддик фибробласттардын пролиферациясын        ингибирлейт.

Колдонууга көрсөтмөлөр

-  хирургиялык операциялардан, ампутациялардан, күйүктөрдөн жана мертинүүлөрдөн кийин пайда болуучу гипертрофиялык, келоиддик, кыймыл-аракетти чектөөчү берчтер;

- Контрактуралар (тарамыштардын мертинүү контрактуралары, Дюпюитрен контрактурасы);

- Берч стриктуралары (атрофиялык берчтер).

Колдонуу жолу жана дозасы

Контрактубекс жараат айыккандан кийин гана колдонулат.

Керектүү өлчөмдөгү гелди суткасына 2-3 жолу берчке толук сиӊгенге чейин этияттык менен сүйкөө керек. Тыгыз берчтерде гелди түнкүгө таӊуунун алдында калтырууга болот. Берчтин өлчөмүнө жана жоондугуна жараша дарылоо бир канча жумадан баштап бир канча айга чейин созулат. Физикалык дүүлүгүүдөн (мисалы, абдан муздактын таасиринен,  ультрафиолет        нурларынан  же абдан катуу массаж жасоодон), өзгөчө жаӊы берчтерди дарылаган учурда оолак болуу керек.

Дарылоо курсунун узактыгы оорунун өзгөчөлүктөрүнө, жеткен натыйжалуу таасирге жана дары каражатты көтөрүмдүүлүккө жараша дарыгер тарабынан аныкталат.

Кыйыр натыйжалар

Төмөндө көрсөтүлгөн кыйыр натыйжалуу таасирлердин мүмкүн болгон пайда болуу жыштыгы кийинки шкалага ылайык аныкалат: абдан тез (> 1/10), тез-тез (> 1/100 дөн <1/10чейин), тез эмес (> 1/1000 ден <1/100 чейин), сейрек (> 1/10000 ден <1/1000 чейин), абдан сейрек (<1/10000), белгисиз (бар болгон маалыматтар боюнча баамдоого мүмкүн эмес).

Инфекциялар жана инвазиялар

Жыштыгы белгисиз: ириӊдүү чыбырчыктоолор

Иммундук системасы тарабынан

Жыштыгы белгисиз: жогорку сезимталдуулук реакциялары (аллергиялык реакциялар)

Нерв системасы тарабынан

Жыштыгы белгисиз: парестезиялар

Тери жана тери алдындагы ткан тарабынан

Тез-тез: кычышуу, эритема, телеангиэктазия, берчтердин атрофиясы

Тез эмес: теринин гиперпигментациясы, теринин атрофиясы

Жыштыгы белгисиз: байланыштык дерматит, бөрү жатыш, бөртмө, теринин дүүлүгүүсү,        папулалар, дерматит, теринин ачыштыруусу, теринин тартылуу сезими.

Сүйкөгөн жердеги жалпы бузулуулар

Жыштыгы белгисиз: шишимик тартуу, сүйкөгөн жердин оорушу, сүйкөгөн жердин                 какачтануусу.

Адатта Контрактубекс узак убакытка колдонууда канааттандыраарлык көтөрүмдүүлүк менен өтөт. Дары каражатты колдонуу учурунда берчтин  ремодулдашуусунун натыйжасында жыш эмес учурда кычышуу байкалат. Адатта бул себептен улам дарылоону токтотуу талап            кылынбайт.

Жогоруда көрсөтүлгөн, ошондой эле башка кыйыр таасирлер пайда болгон учурда дары         каражатты колдонууну токтотуп дарыгерге кайрылуу керек.

Каршы көрсөтмөлөр

-  Таасир берүүчү заттарга   (пияздын экстракты,  гепарин натрий же аллантоин), ошондой эле дарынын курамына кирген көмөкчү заттарга жогорку сезимталдуулук;

- кош бойлуук, бала эмизүү мезгили;

- 1 жашка чейинки балдар жашы.

Өзгөчө көрсөтмөлөр

Дары каражатты колдонуунун алдында дарыгер менен кеӊешиӊиз.

Ачык жараатка сүйкөгөнгө болбойт. Көзгө кирсе жылуу суу менен жууп салуу керек.

Контрактубекс аллергиялык реакцияны козгогонго жөндөмдүү болгон                                       метилпарагидроксибензоатты камтыйт (мүмкүн мөөнөтү узартылган). Контрактубекс дерматит тибиндеги жергиликтүү тери реакциясын козгогонго жөндөмдүү болгон сорбин кислотасын камтыйт.

Эгер дары каражатты колдонууда симптомдор сакталса, же абал начарлап баратса, дары каражатты колдонууну токтотуп, дарыгерге кайрылуу керек.

Кош бойлуулук жана эмизүү мезгилинде колдонуу

Кош бойлуулук жана бала эмизүү мезгилинде колдонуунун коопсуздугу боюнча маалыматтар жок. Фертилдүүлүккө тийгизген таасири жөнүндө маалыматтар жок.

Кош бойлуулук жана бала эмизүү мезгилинде дары каражатты колдонууга сунушталбайт.

Педиатрияда колдонуу

Дары каражатты педиатриялык тажрыйбада колдонуу боюнча маалыматтар чектелген,

1 жашка чейинки балдарга колдонуу боюнча маалыматтар жок. Дары каражатты 1 жашка     чейинки балдарга колдонууга каршы көрсөтүлгөн.  1 жаштан жогорку курактагы балдарга дары каражатты колдонуунун пайдасы, мүмкүн болгон коркунучтан жогору болгон учурда, дарыгер менен кеӊешүүдөн кийин гана колдонуу керек, дарылоо учурунда дарыгердин көзөмөлү керек.

Унаа каражатты башкаруу жана механизмдер менен иштөө жөндөмдүүлүгүнө тийгизген таасири

Изилдөөлөр жүргүзүлгөн эмес.

Дарылардын өз ара таасири

Дарылардын өз ара таасирлерине изилдөөлөр жүргүзүлгөн эмес. Азыркы учурга чейин башка дары каражаттары менен болгон өз ара таасири жөнүндө маалыматтар жок.

Башка дары каражаттар менен коштоп колдонуунун алдында дарыгер менен кеӊешүү керек.

Ашыкча доза

Ашыкча дозалануу учурлары жөнүндө маалымат жок.

Чыгаруу формасы

20,0 г гель капкакча менен буралып жабылган алюминий тубуна салынат.

1 туб колдонуу боюнча нускамасы менен кошо картон кутучасына салынат.

Сактоо шарты

Нымдуулуктан корголгон жерде  25°С дан жогору эмес аба табында сактоо керек.

Балдар жетпеген жерде сактоо керек.

Жарактуулук мөөнөтү

3 жыл. Тубду ачкандан кийин 6 айдын ичинде колдонуу керек.

Жарактуулук мөөнөтү аяктагандан киййин колдонууга болбойт.

Дарыканалардан чыгаруу шарты

Рецепти жок.

Өндүрүүчү-мекеме

«Мерц Фарма  ГмбХ жана Ко. КГаА.» D-60318, Франкфурт-на-Майне, Германия.

Свернуть
Кайдан сатып алуу керек

Препараты компании "Asian Med Trade" можно приобрести во всех аптеках Кыргызстана, в том числе и в собственной розничной сети аптек и фарммаркетов  "Фарм - Сервис" : 

Сеть аптек  "Неман-Фарм"

0 312 68 91 41 ;  0 555 68 91 41 

Сеть аптек  "Лекарь"

0312 91 60 00 ; 0556 91 60 00

Сеть аптек  "Айболит" 0312 54 28 39
Сеть аптек  "Бимед"  0 551 71 73 22
Центральная аптека в г.Бишкек 0312 66 55 00

Собственная розничная сеть фарммаркетов и  аптек «Фарм - Сервис»: 

Аптеки Адреса Телефон
1 Аптека 1 г.Бишкек,ул.Ахунбаева 131-18 0312 54 54 13
2 Аптека 2 г.Бишкек,ул. Тыналиева 3/3 Джал 29 0312 88 00 35
3 Аптека 3 г.Бишкек,ул.Токомбаева 53/2 0312 29 84 70
4 Аптека 4 г.Бишкек,ул.Юнусалиева 52/3 0312 88 46 30
5 Аптека 5 г.Бишкек,ул. Ахунбаева 202, Джал 23 0312 88 13 68
6 Аптека 6 г.Бишкек,мкр. Асанбай, 52а 0555 37 55 36
7 Аптека 7 г.Бишкек,ул. 7 Апреля 13а 0312 88 10 36
8 Аптека 8 г.Бишкек,ул.Бейшеналиева,29 0550 54 44 60
9 Аптечный пункт 1 г.Бишкек,ул.Логвиненко 30 ЦСМ №3 0312 88 11 50
10 Аптечный пункт 2 г.Бишкек,5мкр.,д10,кв8 0312 51 64 45
11 Аптечный пункт 6 г.Бишкек,ул.Абдрахманова, 182 0312 88 69 43
Препарат тууралуу видео