Дентинокс -гель, H

Дентинокс -гель, H

Тиштин бүйлɵсү үчүн гель

Колдонуу боюнча нускама

 

ДЕНТИНОКС® Гель Н (Dentinox Gel N)

 

Дарынын соодадагы аталышы: Дентинокс® Гель Н

Эл аралык патенттелбеген аталышы: жок

Дарынын түрү: тиштин бүйлɵсү үчүн гель

Курамы: 1 г гель тɵмɵнкүлɵрдү камтыйт:

Активдүү заттар: ромашка гүлдɵрүнүн тундурмасы 150 мг, лидокаин гидрохлориди 3,4 мг, полидоканол 600 (макрогол лаурилдүү эфир)  3,2 мг.

Кɵмɵкчү заттар: пропиленгликоль, ксилитол, 70% сорбитол эритиндиси,  натрий эдетаты, 10% гидроксид натрийинин эритиндиси, карбомер (974Р), полисорбат 20, натрий сахарини, ментол (левоментол), тазартылган суу.

Сүрɵттɵмɵсү: Гомогендик опалесцир сымал гель.

Фармакологиялык тобу: ооз кɵӊдɵйү жабыркаган учурда жергиликтүү колдонуу үчүн башка каражаттар.

ATX кoду – А01AD11

ФАРМАКОЛОГИЯЛЫК КАСИЕТТЕРИ      

Дентинокс® Гель Н – тиштин бүйлɵсү дүүлүккɵндɵ сезгенүүгɵ каршы жана ооруну басуучу таасир кɵрсɵтүүчү, ɵсүмдүктүн курам бɵлүктɵрү менен (ромашка гүлүнүн тундурмасы) айкалышкан дары ошондой эле балдарда жана жаӊы тɵрɵлгɵндɵрдɵ колдонууга руксат берилген, концентрациясында жергиликтүү таасир берүүчү ооруну басуучу заттарды камтыйт.   

Лидокаин тиштин бүйлɵсүнɵ дарыны аппликация кылгандан бир нече минутадан кийин жетет, ооруну тез басуучу, бирок кыска убакта натыйжа берүүнү камсыздайт. Полидоканолдун ооруну басуучу таасири кечирээк жетет, бир ал узагыраак убакытка жетет. Бирдиктүү болгондо тɵмɵнкү дозалоодо алар тез жана узак таасир берүүчү таасир кɵрсɵтɵт.

Дарыны колдонуу алгачкы тиштердин, сүт тиштин, ошондой эле азуу тиштердин жарылуусун оорутпастан жана курчуп кетпестен камсыз кылынат. Дентинокс ® Гель Н жергиликтүү сезгенүүчү реакциялардын пайда болуусун алдын алат, тиш бүйлөлөрдүн дүүлүгүсүнөн маанилүү деӊгээлде качууга жана абдан көп шилекейдин куюулушунун пайда болушуна жол берет.  Дарыда камтылган ксилитол жана сорбитол иштерге курт түшүүсүнө жол бербейт.  Дентинокс® Гель Н консерванттарды жана кантты камтыбайт.

Колдонууга көрсөтмө

Алгачкы тиштердин, бардык сүт тиштердин жана азуулардын жарылуусундагы ооруну кыска убакытка жеӊилдетүү үчүн, ошондой эле сезгенүүнү алдын алуу үчүн жана тиш бүйлөлөрүнүн дүүлүгүсүн алдын алуу үчүн колдонулат.

Колдонуу жолу жана дозалары:

Буурчактын данындай болгон көлөмдөгү Дентинокс ® Гель Н гелинин тамчысын таза манжага же таза кебез таякчасына сыгып жабыркаган тиштин бүйлөсүнө  сыйпоо керек жана жеӊил сүртүү керек. Бул процедураны суткасына  2-3 жолу кайталоо керек, өзгөчө тамактан кийин жана уктаардын алдында. Зарылдыгына жараша дарыны сүт тиштердин азуу тиштердин жарылышынын бардык мезгилинде колдонуу керек.

Каршы көрсөтмө

Дарынын курамына кирүүчү көмөкчү заттардын бирөөнө же активдүү курам бөлүктөргө, ошондой эле амиддер тобундагы татаал гүлдүүлөр же жергиликтүү ооруну басуучу  анестетиктерге эӊ жогорку сезгичтүүлүк. 

Ашыкча доза

Дентинокс ® Гель Н колдонууда лидокаин менен  интоксикация же ашыкча доза учурлары белгисиз. Анткени дары тиш бүйлөлөрүнө жергиликтүү сыйпалат, ошондуктан терапевтикалык дайындоого ылайык ашыкча доза болушу мүмкүн эмес. Дарыны көп өлчөмүн кокустан ичип алган учурларда  (бир убакта бир бүтүн таӊгакчадан көбүрөөк)  ашказан-жолу тарабынан бузулуулар пайда болушу мүмкүн (ичтин оорусу жана көӊүл айнуу). Лидокаиндин абдан жогорку дозасын ооз аркылуу кабыл алууда (ир убакта бир нече таӊгакча) борбордук нерв системасынын басаӊдоо системалары, брадикардия, миокард функциясын басаӊдатуу, кардиогендик шок, дем алуунун кысылуусу байкалышы мүмкүн.

Дарылоо симптомдоруна жараша: оксигенотерапияны жүргүзөт, калтырак басууга каршы каражаттарды,  вазоконстрикторлорду, брадикардияда – холинолитиктерди дайындайт.

Кыйыр таасирлери

Кыйыр натыйжаларды баалоодо жыштыктын кийинки шкаласы колдонулган:

абдан тез-тез: ≥ 1/10

тез-тез: ≥ 1/100,  <1/10

үзгүлтүксүз: ≥ 1/1.000, <1/100

сейрек: ≥ 1/10.000 до <1/1.000

абдан сейрек: <1/10.000

белгисиз: бул маалыматтардын негизинде жыштыкты аныктоо мүмкүн болуп саналбайт.

Иммундук система тарабынан:

сейрек: аллергиялык реакциялар (лидокаиндин болушуна байланыштуу).

Этияттуулук чаралары

Тукум куучулук фруктозаны көтөрө албаган сейрек кездешкен бейтаптарга каршы көрсөтүлгөн.

Дарынын көзгө кирип кетүүсүнөн оолак болуу керек!

Дентинокс® Гель Н тиш бүйлөсүнө локалдык жол менен сыйпалат. Ооз көӊдөйүнүн былжырлуу чел кабыгына сыйпоодо пропиленгликолянын болушу жергиликтүү дүүлүгүшү мүмкүн.

Бул дары анча көп эмес сандагы  этанолду (алкоголь) камтыйт, бир дозада 100 мг дан азыраак, бул этанол менен  экстракция жолу аркылуу өндүрүлгөн дарынын активдүү курам бөлүгү менен – ромашканын тундурмасына байланыштуу.

Колдонуу аймагында былжырлуу чел кабыктын жабыркоосу менен жабыркаган бейтаптарга Дентинокс® Гель Н колдонууда этияттуулукту сактоо керек, эгерде адатта тиш жарылууда ал көлөмү тарабынан байкалгандан дагы маанилүүрөөк болсо, мындай учурда жогорку системалуу сиӊирүү болушу мүмкүн.

Кош бойлуулук жана бала эмизүү мезгили:

Бул дары каражаты балдарда тиштеринин биринчи жарылуусундагы ооруну жеӊилдетүү үчүн колдонулгандыктан, кош бойлуу мезгилде жана бала эмизүү мезгилде дарыны колдонуу тууралуу маалыматтар жок.

Башка дары каражаттары менен өз ара таасири жана башка өз ара таасирлер

Белгисиз.

Авто унаа жана  башка механизмдерди айдоо жөндөмдүүлүгүнө тийгизген таасири

Изилденген эмес.

Чыгаруу формасы

10 г  гель пластик бурала турган капкакча жана мембрана менен алюминий  тубда.  1 туб колдонуу боюнча нускамасы менен бирге картон кутуга салынган.

Сактоо шарты

25°С дан жогору эмес аба табында, жарыктан корголгон жерде сактоо керек.

Балдар жетпеген жерде сактоо керек.

Жарактуулук мөөнөтү

5 жыл.  Тубду ачкандан кийин 1 жылдын ичинде колдонуу керек.

Жарактуулук мөөнөтү аяктагандан кийин колдонууга болбойт.

Дарыканадан берүү шарты

Рецепти жок берилет.

Ишкана-өндүрүүчү

Дентинокс  фармацевтикалык дарылардын коому

Ленк & Шуппан КГ, Нунсдорфер Ринг 19,

12277 Берлин, Германия

Свернуть
Кайдан сатып алуу керек

Препараты компании "Asian Med Trade" можно приобрести во всех аптеках Кыргызстана, в том числе и в собственной розничной сети аптек и фарммаркетов  "Фарм - Сервис" : 

Сеть аптек  "Неман-Фарм"

0 312 68 91 41 ;  0 555 68 91 41 

Сеть аптек  "Лекарь"

0312 91 60 00 ; 0556 91 60 00

Сеть аптек  "Айболит" 0312 54 28 39
Сеть аптек  "Бимед"  0 551 71 73 22
Центральная аптека в г.Бишкек 0312 66 55 00

Собственная розничная сеть фарммаркетов и  аптек «Фарм - Сервис»: 

Аптеки Адреса Телефон
1 Аптека 1 г.Бишкек,ул.Ахунбаева 131-18 0312 54 54 13
2 Аптека 2 г.Бишкек,ул. Тыналиева 3/3 Джал 29 0312 88 00 35
3 Аптека 3 г.Бишкек,ул.Токомбаева 53/2 0312 29 84 70
4 Аптека 4 г.Бишкек,ул.Юнусалиева 52/3 0312 88 46 30
5 Аптека 5 г.Бишкек,ул. Ахунбаева 202, Джал 23 0312 88 13 68
6 Аптека 6 г.Бишкек,мкр. Асанбай, 52а 0555 37 55 36
7 Аптека 7 г.Бишкек,ул. 7 Апреля 13а 0312 88 10 36
8 Аптека 8 г.Бишкек,ул.Бейшеналиева,29 0550 54 44 60
9 Аптечный пункт 1 г.Бишкек,ул.Логвиненко 30 ЦСМ №3 0312 88 11 50
10 Аптечный пункт 2 г.Бишкек,5мкр.,д10,кв8 0312 51 64 45
11 Аптечный пункт 6 г.Бишкек,ул.Абдрахманова, 182 0312 88 69 43