Наятокс

Муун жана булчуң оорусун  дарылоо үчүн сырткы каражат

Колдонуу боюнча нускама

 

НАЯТОКС

Каттоо номери KG.3.3.583.03525-2015

Дарынын соодадагы аталышы

НАЯТОКС

Дарынын тγрγ: сыртынан колдонуу γчγн мазь

Курамы: 100 г мазда камтылган:

Активдγγ заттар: кобранын кадимки кургатылган  уусу 12 МЕД (таасир берγγнγн чычкан бирдиги), метилсалицилат 4 г, камфора 3 г, эвкалипт майы 2 г (1,4 г цинеолдун эквиваленти).

Кѳмѳкчү заттар: вазелин 81 г, аары мому 10г.

Сγрөттөмөсү: бир түрдүү, бир аз саргыч ак түстөгү, метилсалицилаттын, камфоранын жана эвкалипт майынын мүнөздүү жыты бар.

Фармадарылык тобу:  Муун жана булчуң оорусун  дарылоо үчүн сырткы каражаттар.

АТХ коду: М02АХ

Фармакологиялык таасири

НАЯТОКС мазын койгон жерин дүүлүктүрүүчү жана оорууну басуучу (алаксытуучу).  Теринин сезгич  рецептолорун дүүлүктүрүү жана жогорку активдүүлүктөгү заттарды (гистамин, ферменттер, органикалык кислоталар ж.б.) сиңирүү тамырлардын кеңейишине, ткандарга таандык трофиктерди жакшыртууга жардам берет жана дарынын ооруну басуучу таасирин аныктайт.

Колдонууга көрсөтмөлөр

Мазь ар тγрдγγ этиологиядагы артриттерде, невралгияда, миалгияда, куяңда, радикулитте жана таяныч-кыймыл аппаратынын ооруу синдрому менен  коштолгон  башка ооруларында сыртка колдонулат.

Каршы көрсөтмөлөр

Дарынын курам бөлγгγнө жогорку жеке сезгичтик, мазь коюлган жерде тери оорулары жана тери бетинин механикалык бузулушу, өпкөнγн активдγγ кургак учугу, калтыраган абал, жалпы арыктоо, мээ жана коронардык кан айлануунун ачык жетишсиздиги, боор жана бөйрөк функциясынын ачык бузулушу, кош бойлуулук жана эмчек эмизип багуу мезгили.

Ѳзгөчө көрсөтмөлөр

Дарыгердин кеңеши жок бала куракта дарыны колдонуу сунушталбайт. Маздын ачык

жарага жана былжырлуу чел кабыктарга тийишинен алыс болуу керек. мазь көздγн былжырлуу чел кабыгына кокустан тγшγп калган учурда, аны көп көлөмдөгγ суу менен жуу керек.

Колдонуу  жолу жана дозалары

СЫРТЫНА!

Мазь теринин оорулуу жерлерине суткасына 1 жолу 5тен 10 г чейин (1-2 чай кашык мазь) бөлγп-бөлγп сγртγлөт жана териге сыйпап сиңдирилет, катуу ооруганда - суткасына 2 жолу оорулуу синдром жоголгонго чейин колдонулат. Дарылоо курсу дарыгердин кеңеши жок 10 кγндөн ашпоого тийиш. Мазды колдонгондон кийин мазь көзгө жана башка былжырлуу чел кабыктарга тγшγп калуусун болтурбоо γчγн колду жакшылап жууш керек.

Кыйыр таасири

Айрым учурларда гана териде аллергиялык реакциялар (кызаруу, кычышуу, исиркек) болушу мγмкγн, алар дарыны токтоткондон кийин жоголуп кетет! Кандайдыр бир кыйыр реакциялар пайда болгондо дарыны колдонууну токтотуп, дарыгерге кайрылуу керек.

Чыгаруу формасы: 20 г мазь алюминий тубада. Бир туб колдонуу боюнча нускама менен бирге картон кутучасында.

Сактоо шарттары: кургак, караңгы жерде, 15-25°С аба табында.

Балдар жетпеген жерде сактоо керек!

Жарактуулук мөөнөтγ: 5 жыл.

Таңгакчада көрсөтγлгөн жарактуулук мөөнөтγ бγткөндөн кийин колдонууга болбойт.

Дарыканалардан чыгаруу: Рецепти жок.

Ѳндγрγγчγ:  

«Мекофар Кемикал - Фармасьютикал Джойнт Сток Компани»

297/5 Ли Тхьюнг Киет көч., 11-район, Хо Ши Мин ш., Вьетнам

Свернуть
Кайдан сатып алуу керек

Препараты компании "Asian Med Trade" можно приобрести во всех аптеках Кыргызстана, в том числе и в собственной розничной сети аптек и фарммаркетов  "Фарм - Сервис" : 

Сеть аптек  "Неман-Фарм"

0 312 68 91 41 ;  0 555 68 91 41 

Сеть аптек  "Лекарь"

0312 91 60 00 ; 0556 91 60 00

Сеть аптек  "Айболит" 0312 54 28 39
Сеть аптек  "Бимед"  0 551 71 73 22
Центральная аптека в г.Бишкек 0312 66 55 00

Собственная розничная сеть фарммаркетов и  аптек «Фарм - Сервис»: 

Аптеки Адреса Телефон
1 Аптека 1 г.Бишкек,ул.Ахунбаева 131-18 0312 54 54 13
2 Аптека 2 г.Бишкек,ул. Тыналиева 3/3 Джал 29 0312 88 00 35
3 Аптека 3 г.Бишкек,ул.Токомбаева 53/2 0312 29 84 70
4 Аптека 4 г.Бишкек,ул.Юнусалиева 52/3 0312 88 46 30
5 Аптека 5 г.Бишкек,ул. Ахунбаева 202, Джал 23 0312 88 13 68
6 Аптека 6 г.Бишкек,мкр. Асанбай, 52а 0555 37 55 36
7 Аптека 7 г.Бишкек,ул. 7 Апреля 13а 0312 88 10 36
8 Аптека 8 г.Бишкек,ул.Бейшеналиева,29 0550 54 44 60
9 Аптечный пункт 1 г.Бишкек,ул.Логвиненко 30 ЦСМ №3 0312 88 11 50
10 Аптечный пункт 2 г.Бишкек,5мкр.,д10,кв8 0312 51 64 45
11 Аптечный пункт 6 г.Бишкек,ул.Абдрахманова, 182 0312 88 69 43