Кетомед

Колдонуу боюнча нускама

 

КЕТОМЕД

Каттоо номери KG.3.3.255.03971-2016

Соодадагы аталышы: КЕТОМЕД

Эл аралык патенттелбеген аталышы (ЭПА): Ketoprofen

Дарынын түрү: сыртка колдонуу үчүн гель.

Курамы: 100 г гелде төмөнкүлөр камтылган:

Активдүү зат: Кетопрофен 2,5 г.

Көмөкчү заттар: карбомер, этанол 96 %, троламин, метилпарагидроксибензоат, суу.

Сүрөттөмө

Тунук же бир аз  опалесценциялык, бир тектүү, түссүз же саргыч түспөлүндөгү гель.

Фармадарылык тобу

Стероиддик эмес сезгенүүгө каршы дары (ССКД).

АТХ коду: М02АА10.

Фармакологиялык таасири

Жергиликтүү сезгенүүгө каршы, анальгезиялык таасир көрсөтөт. Дарынын негизги иштөө механизми простагландиндердин синтезин жөнгө салуучу циклооксигеназа 1 жана 2 нин активдүүлүгүн басынтуу менен байланыштуу. Муун синдромунда дарыны колдонуу тынч турганда жана кыймылдап жаткан учурда ооруну төмөндөтүүгө, эртеӊ мененки аракеттин шамдагай эместигин, муундардын шишимигин төмөндөтүүгө мүмкүнчүлүк берет.

Фармакокинетика

Жергиликтүү колдонууда жай сиӊирилет, дээрлик топтолбойт. Гелдин биожеткиликтүүлүгү болжол менен 5 % түзөт. 50-150 мг дозада колдонуудан 5-8 саат өткөндөн кийин плазмадагы концентрациясы  0,08 – 0,15 мкг/мл түзөт. Глюкурон кислотасы менен конъюгация жолу аркылуу метаболизделет. Активдүү метаболиттер түзүлбөйт.

Колдонууга көрсөтмөлөр

Кыймыл-таяныч аппаратынын оорулары (подагранын курчушунда жана ревматизмде муун синдрому, ревматоиддик артрит, псориаздык артрит, анкилоздук спондилоартрит, остеоартроз, кабык синдрому бар остеохондроз, жүлүн нервдеринин тамырчаларынын сезгенүүсү, байламталардын, тарамыштардын сезгенип жабыркоолору, бурсит, ишиас, люмбаго).

Ревматизмден же башка себептерден келип чыккан булчуӊ оорулары.

Жумшак ткандардын жана кыймыл-таяныч аппаратынын мертинүүдөн кийинки шишимиги (байламталардын үзүлүүлөрү жана жабыркоолору, урунуулар).

Каршы көрсөтмөлөр

Жогорку сезимталдуулук, сууланган дерматоздор, экзема, инфекцияга чалдыккан жарааттар, дененин сыйрылган жерлери, кош бойлуулук, эмизүү мезгили, балдар жашы (12 жашка чейин).

Колдонуу жолу жана дозасы

Сыртка колдонулат.

Узундугу 4-6 см болгон гель жеӊил массаж жасоочу кыймыл аракеттер менен теринин сезгенген жана ооруган жерине сүйкөлөт. Дарыгердин кеӊеши жок колдонуунун узактыгы 10 күнгө чейин.

Кыйыр таасирлер

Сейрек - аллергиялык реакциялар: теринин гиперемиясы, фотосезимталдуулук, тери экзантемасы, пурпура. Мындай учурларда дары менен дарыланууну токтотуу керек.

Дарыны сүйкөгөн жерде кычышуу, ачышуу сезимдери.

Ашыкча доза

Сыртка колдонууда дарынын активдүү курамдык бөлүктөрүнүн  системалык абсорбциясы абдан төмөн болгондуктан ашыкча дозалануу дээрлик мүмкүн эмес.

Башка дары каражаттары менен өз ара таасири

Гель түрүндөгү кетопрофенди теринин сыртына колдонууда дарылык жана башка өз ара таасирлер белгиленген эмес.

Өзгөчө көрсөтмөлөр

Сезгенген териге жана ачык жарааттарга сүйкөгөнгө болбойт!

Көздөргө (конъюктиванын дүүлүгүү коркунучу) жана былжыр чел кабыктарга тийүүсүнөн оолак болуу керек.

Гель менен иштеп бүткөндөн кийин дароо колдорду жууш керек. Окклюзиялык (аба өткөрбөгөн) таӊуулар менен колдонууга болбойт!

Унааны башкаруу жана техника менен иштөө жөндөмдүүлүгүнө таасири жөнүндө маалыматтар жок.

 

Чыгаруу формасы

Сыртка колдонуу үчүн гель 2,5 %. Гель 50 г дан алюминий тубдарында. Туб колдонуу боюнча нускамасы менен кошо  картон кутучасына салынат.

Сактоо шарты

Б тизмеси. Караӊгы, кургак жерде 15-25°С дан жогору эмес аба табында сактоо керек.

Балдар жетпеген жерде сактоо керек!

Жарактуулук мөөнөтү: 4 жыл.

Жарактуулук мөөнөтү аяктагандан кийин колдонууга болбойт!

Дарыканалардан чыгаруу шарты

Рецепти жок.

Өндүрүүчү компания

ВетПром АД, Болгария

Радомир ш., Отец Паисий көч., 26

Свернуть
Кайдан сатып алуу керек

Препараты компании "Asian Med Trade" можно приобрести во всех аптеках Кыргызстана, в том числе и в собственной розничной сети аптек и фарммаркетов  "Фарм - Сервис" : 

Сеть аптек  "Неман-Фарм"

0 312 68 91 41 ;  0 555 68 91 41 

Сеть аптек  "Лекарь"

0312 91 60 00 ; 0556 91 60 00

Сеть аптек  "Айболит" 0312 54 28 39
Сеть аптек  "Бимед"  0 551 71 73 22
Центральная аптека в г.Бишкек 0312 66 55 00

Собственная розничная сеть фарммаркетов и  аптек «Фарм - Сервис»: 

Аптеки Адреса Телефон
1 Аптека 1 г.Бишкек,ул.Ахунбаева 131-18 0312 54 54 13
2 Аптека 2 г.Бишкек,ул. Тыналиева 3/3 Джал 29 0312 88 00 35
3 Аптека 3 г.Бишкек,ул.Токомбаева 53/2 0312 29 84 70
4 Аптека 4 г.Бишкек,ул.Юнусалиева 52/3 0312 88 46 30
5 Аптека 5 г.Бишкек,ул. Ахунбаева 202, Джал 23 0312 88 13 68
6 Аптека 6 г.Бишкек,мкр. Асанбай, 52а 0555 37 55 36
7 Аптека 7 г.Бишкек,ул. 7 Апреля 13а 0312 88 10 36
8 Аптека 8 г.Бишкек,ул.Бейшеналиева,29 0550 54 44 60
9 Аптечный пункт 1 г.Бишкек,ул.Логвиненко 30 ЦСМ №3 0312 88 11 50
10 Аптечный пункт 2 г.Бишкек,5мкр.,д10,кв8 0312 51 64 45
11 Аптечный пункт 6 г.Бишкек,ул.Абдрахманова, 182 0312 88 69 43