Гепа Мерц концентрат

Гепа Мерц концентрат

Инфузияларга эритиндини даярдоо үчүн концентрат

Колдонуу боюнча нускама

                             

Гепа-Мерц (Hepa-Merz)

Соодадагы аталышы: Гепа-Мерц

Эл аралык патенттелбеген аталышы: жок

Дарынын түрү:

Инфузияларга эритиндини даярдоо үчүн концентрат.

Курамы:

1 ампула (10 мл) 5 г L-орнитинди- L-аспартатты, 10 мл чейин инъекциялар үчүн сууну камтыйт.

Сүрөттөмөсү: ак сындыруучу чекити жана тегерете эки сары жолу бар янтар түстөгү айнек ампулаларда түссүздөн күӊүрт-сары түскө чейинки тунук эритинди.

Фармадарылык тобу: боор ооруларын дарылоо үчүн каражаттар.

ATX коду: А05ВА

Фармакологиялык касиеттери:

Фармакодинамикасы. Боор энцефалопатиясынын белгилери катары байкалган боор оорулары (цирроз, гепатит, шишиктер, боордун майлуу дистрофиясы, түтүкчө менен мүчөлөрдү бириктирүүчү порталдык гипертензия, мүчөлөрдү бириктирүүчү тубаса түтүкчөлөр ж.б.) тарабынан козголгон аммиактын организмдеги жогорку деӊгээлин төмөндөтүү менен дары боордун детоксикациялык функциясын калыбына келтирет. Ошондой эле организмде боор энцефалопатиясынын, демек организмде аммиактын жогорку деӊгээлинин себептерине төмөнкүлөр кириши мүмкүн: ички ичеги-карын кан агуусу; дем алуу жана тамак-сиӊирүү органдарынын сезгенүүлөрү жана инфекциялары; дары каражаттарды узак убакыт бою кабыл алуу; нур жана химиялык дарылар менен дарылоо; алкоголду өтө эле көп кабыл алуу; ар кандай генездеги токсиндүү уулануу; кеӊири мертинүүлөр же күйүктөр; сепсис; организмде суу-электролиттик теӊ салмактуулуктун бузулуусу; оперативдик кийлигишүү; белокторду ченеминен ашык керектөө. Дарынын таасири анын Кребс мочевина түзүлүүсүнүн орнитин циклинде катышуусу менен байланыштуу (боор клеткаларындагы ферменттердин активдүүлүгүн калыбына келтирип, циклдин иштөөсүн активдештирет: карбамоилтрансферазаны жана карбамоил-фосфатсинтетазаны). Орнитин жана аспартат аммиакты детоксикациялоо үчүн керектүү болгон мочевина синтезинин циклинин субстраттары болуп саналат. Орнитин перипорталдык гепатоциттерде мочевинанын синтезине катышат, ал эми аспартат өз кезегинде перивеноздук гепатоциттерде, булчуӊдарда жана баштын мээсинде глютаминдин синтезине катышат, аны менен организм үчүн токсиндүү болгон  аммиакты зыянсыздандырууну камсыз кылат. Дары инсулинди жана соматотроптук гормонду иштеп чыгарууга көмөк көрсөтөт. Парентералдык тамактанууну талап кылган ооруларда белок алмашууну жакшыртат.

Фармакокинетикасы. L-орнитин-L-аспартат орнитин жана аспартатка тез диссоциацияланат, алар ичеги эпителийи аркылуу активдүү түрдө ичке ичегиге жетип, ал жерде сиӊирилишет жана 15-25 минута ичинде таасир бере баштайт, алар жарым-жартылай бөлүп чыгаруунун кыска мезгилине ээ. Мочевинанын түзүлүү цикли аркылуу заара менен бөлүнүп чыгат.

Колдонууга көрсөтмөлөр:

Латенттик жана манифесттик боор энцефалопатиясы.

Каршы көрсөтмөлөр:

L-орнитинге-L-аспартатка же дарынын башка курамдык бөлүктөрүнө жогорку сезимталдуулук.

Айкын бөйрөк алсыздыгы (креатининдин көрсөтмөсү 3,0 мг/100 мл жогору болгон учурда).

Кош бойлуулук жана эмизүү мезгилинде колдонуу:

Ичип кабыл алууга эритиндини даярдоо үчүн Гепа-Мерц гранулаларын кош бойлуулук мезгилинде колдонууга болбойт, себеби дарынын түйүлдүккө тийгизе турган таасири жөнүндө жетишээрлик маалыматтар жок. Дарыны бала эмизген мезгилде колдонуудан оолак болуу керек, себеби таасир берүүчү зат эне сүтүнө аралаша тургандыгы белгисиз.

Эгер дары менен дарылоо абдан зарыл болсо, аны дарыгердин катуу көзөмөлдөөсү менен гана жүргүзүү керек.

Бөйрөк функциясы бузулган адамдарга колдонуу:

Креатининдин деӊгээли > 3,0 мг/100 мл болгон оор даражадагы бөйрөк алсыздыгында колдонуу каршы көрсөтүлгөн.  Гепа-Мерц дарысынын жогорку дозаларында (инфузияларга эритиндини даярдоо үчүн концентрат) сары сууда жана заарада мочевинанын деӊгээлин текшерип туруу керек. Бөйрөк функциясынын оор бузулуусунда дарыны колдонуунун алдында дарыгер менен кеӊешүү керек.

Боор функциясы бузулган адамдарга колдонуу:

Эгер боордун функциясы олуттуу бузулган болсо, көӊүл айнууну жана кусууну алдын алуу үчүн дарыны куюнун ылдамдыгын бейтаптын жеке абалын эске алуу менен оӊдоп-түзөө керек.

Балдарга колдонуу:

Дарыны балдарга колдонуу боюнча маалыматтар жок.

Улгайган курактагы адамдарга колдонуу:

Улгайган курактагы бейтаптарга дарыны колдонуу боюнча чектөөлөр белгиленген эмес.

Колдонуу жолу жана дозасы:

Дары суткасына 4 ампулага чейин тамыр ичине куюлат, ампулалардын ичиндегиси 500 мл инфузиялар үчүн эритиндиде суюлтулат. Боор энцефалопатиясынын оор даражасында дары суткасына 8 ампулага чейин куюлат. Инфузиялардын узактыгы, дарылоонун жыштыгы жана созулуу убактысы жеке түрдө аныкталат. Тамыр ичине куюнун эӊ жогорку ылдамдыгы саатына 5 г 500 мл инфузиялык эритиндиде 6 ампуладан ашык суюлтууга болбойт!

Артерия ичине куюга болбойт!

Кыйыр таасири:

Жыштыгы белгисиз: жогорку сезимталдуулук, анафилактикалык реакция.

Сейрек: көӊүл айнуу жана кусуу.

Көрсөтүлгөн кыйыр натыйжалуу таасирлер адатта келип-кетүүчү болуп саналат жана дарыны колдонууну токтотууну талап кылышпайт.

Алар пайда болгон учурда дозаны жана дарыны куюу ылдамдыгын оптимизациялоо керек.

Ашыкча доза:

Ашыкча дозаланууда интоксикациянын белгилери сүрөттөлгөн эмес.

Ашыкча дозалануу учурунда симптомдорго жараша дарылоо көрсөтүлгөн.

Башка дары каражаттары менен өз ара таасири:

Башка топтогу дары каражаттар менен өз ара таасири аныкталган эмес.

Авто унааны башкаруу жана механизмдер менен иштөө жөндөмдүүлүгүнө тийгизген таасири:

Психомотордук реакциялардын тездигин жана жогорку көӊүл бөлүүнү талап кылган потенциалдык кооптуу иш аракеттер менен алектенген бейтаптарга дарыны этияттык менен дайындоо керек.

Чыгаруу формасы:

Ак сындыруучу чекити жана тегерете эки сары жолу бар янтар түстөгү 10 айнек ампулалар 10 мл ден медицинада колдонуу боюнча нускамалары менен бирге картон кутучаларына салынат.

Жарактуулук мөөнөтү:

3 жыл. Таӊгакчасында көрсөтүлгөн жарактуулук мөөнөтү аяктагандан кийин колдонууга болбойт.

Сактоо шарты:

30ºС дан жогору эмес аба табында сактоо керек.

Балдар жетпеген жерде сактоо керек.

Дарыканалардан чыгаруу шарты:

Дарыгердин рецепти жок.

Өндүрүүчү-мекеме:

 «Мерц Фарма ГмбХ и Ко.КГаА»

60318 Франкфурт-на-Майне,

Германия.

Свернуть
Кайдан сатып алуу керек

Препараты компании "Asian Med Trade" можно приобрести во всех аптеках Кыргызстана, в том числе и в собственной розничной сети аптек и фарммаркетов  "Фарм - Сервис" : 

Сеть аптек  "Неман-Фарм"

0 312 68 91 41 ;  0 555 68 91 41 

Сеть аптек  "Лекарь"

0312 91 60 00 ; 0556 91 60 00

Сеть аптек  "Айболит" 0312 54 28 39
Сеть аптек  "Бимед"  0 551 71 73 22
Центральная аптека в г.Бишкек 0312 66 55 00

Собственная розничная сеть фарммаркетов и  аптек «Фарм - Сервис»: 

Аптеки Адреса Телефон
1 Аптека 1 г.Бишкек,ул.Ахунбаева 131-18 0312 54 54 13
2 Аптека 2 г.Бишкек,ул. Тыналиева 3/3 Джал 29 0312 88 00 35
3 Аптека 3 г.Бишкек,ул.Токомбаева 53/2 0312 29 84 70
4 Аптека 4 г.Бишкек,ул.Юнусалиева 52/3 0312 88 46 30
5 Аптека 5 г.Бишкек,ул. Ахунбаева 202, Джал 23 0312 88 13 68
6 Аптека 6 г.Бишкек,мкр. Асанбай, 52а 0555 37 55 36
7 Аптека 7 г.Бишкек,ул. 7 Апреля 13а 0312 88 10 36
8 Аптека 8 г.Бишкек,ул.Бейшеналиева,29 0550 54 44 60
9 Аптечный пункт 1 г.Бишкек,ул.Логвиненко 30 ЦСМ №3 0312 88 11 50
10 Аптечный пункт 2 г.Бишкек,5мкр.,д10,кв8 0312 51 64 45
11 Аптечный пункт 6 г.Бишкек,ул.Абдрахманова, 182 0312 88 69 43