Ципрамед

Системалык түрдө колдонуу үчүн антибактериялык каражат

Колдонуу боюнча нускама

Ципрамед

 

Соодадагы аталышы: Ципрамед

Эл аралык патенттелбеген аталышы: жок

Дарынын түрү: чел кабык менен капталган таблеткалар

Курамы

таасир берүүчү заттар:                ципрофлоксацин 500 мг 

метронидазол 200 мг

көмөкчү заттар: лактоза, крахмал, магний стеараты.

Сүрөттөмөсү

Сүйрү түзүлүштөгү, ак же дээрлик агыш түстөгү, эки тарабы дөмпөйгөн, бөлүүчү сызыгы бар, чел кабык менен капталган таблеткалар.

Фармадарылык тобу

Системалык түрдө колдонуу үчүн антибактериялык каражаттар. Антибактериялык каражаттардын айкалышы. Ципрофлоксацин жана метронидазол.

АТХ коду: J01RA10

Фармакологиялык касиеттери

Фармакокинетикасы

Ципрофлоксацин ичип кабыл алуудан кийин жакшы сиңет. Биожеткиликтүүлүгү 70-80% түзөт. Тамак-аштын сиңирилүүсүнө олуттуу таасир бербейт.

500 дөн 750 мг чейин пероралдык түрдө дайындоодо кабыл алуудан кийин 60-75 мин өткөндө орточо плазмалык концентрациялар ага жараша 1,5±0,5 мг/л түзөт. Белоктор менен байланышуусу 20% - 40% түзөт. Жарым-жартылай бөлүнүп чыгуу убактысы 3-4 саатты түзөт. Дарылык концентрацияларга шилекейде, алкым бездеринде, боордо, өт баштыгында, өттө, ичегиде, курсак көңдөйүнүн жана кичи жамбаштын органдарында, жатында, урук суюктугунда, эрендик бездин тканында, эндометрийде, фаллопий түтүктөрүндө жана жумурткалыктарда, бөйрөктөрдө жана заара чыгаруу органдарында, өпкө тканында, колко секретинде, сөөк тканында, булчуңдарда, муун суюктугунда жана муун кемирчектеринде, перитонеалдык суюктукта, териде жетет. Ципрофлоксацин көз суюктугуна, лимфага да жакшы өтөт. бардык башка антибактериялык каражаттарга салыштырмалуу ципрофлоксацин остеомиелит учурунда сөөктөрдө эң жогорку концентрацияларга жетет. Көпчүлүк дүүлүктүргүчтөр үчүн абдан төмөнкү МБК салыштырмалуу организмдин ар кандай ткандарындагы жана суюктуктарындагы концентрациясы абдан жогору.

ГЭТ (сезгенүү учурунда көбүрөөк), баланын тону аркылуу өтөт жана эне сүтүнө бөлүнүп чыгат.

Организмден негизинен өзгөрбөгөн түрдө бөлүнүп чыгат, көпчүлүк бөлүгү бөйрөктөр тарабынан өзгөрбөгөн түрдө (40-50%) жана метаболиттер түрүндө (15%), калган бөлүгү – ашказан-ичеги жолу (АИЖ) аркылуу өт суюктугу жана заң менен бөлүнүп чыгат. Бөйрөктөгү клиренси жалпы клиренстин 70% түзөт. Дарылык концентрациялары (биологиялык активдүү мезгил) 10-12 саат бою, ал эми заарада – 24 саатка чейин сакталып турат.

Метронидазол ичип кабыл алуудан кийин тез жана дээрлик толук сиңет. Тамактануу дарынын абсорбциясына таасир бербейт. Биожеткиликтүүлүгү 80% түзөт. Метронидазол ткандарга тез сиңет (өпкөгө, бөйрөктөргө, боорго, териге, өткө, мээ жүлүн суюктугуна, шилекейге, кында бөлүнүп чыккан затка, урук суюктугуна жана эне сүтүнө тез сиңет), баланын тону аркылуу өтөт. Жарым-жартылай бөлүп чыгаруу убактысы Т ½ боор жакшы иштеген учурда – 8 саат (6 дан 12 саатка чейин). Кандын белоктору менен байланышы олуттуу эмес жана 8-10% дан ашпайт. Бөйрөктөр тарабынан 60-80% (20% өзгөрбөгөн түрдө), ичеги аркылуу – 6-15% бөлүнүп чыгат.  Бөйрөктөгү клиренси -10,2 мл/мин. Бөйрөк функциясынын бузулуулары бар бейтаптарда кайталап куюдан кийин кандын сары суусунда метронидазолдун топтолуусу байкалышы мүмкүн, ошондуктан оор бөйрөк алсыздыгы бар бейтаптарга кабыл алуунун жыштыгын азайтуу керек.

Фармакодинамикасы

Ципрофлоксацин абдан төмөнкү МБКда (0,01 ден 2мг/мл чейин) микробго каршы кеңири таасир берүү чөйрөсүнө ээ: S.aureus, Enterococcus spp., Enterobacteriaceae, P.aeruginosa, Acinetobacter spp., H.influenzae, Neisseria spp., M.catarrhalis, Legionella spp., Mycobacterium spp.

Таасир берүү механизми: ДНК-гиразаны толук бөгөттөө (топоизомераза II): ДНКнын хромосомалык молекулаларынын суперспирализациялануучу аймактары, ДНК-гиразанын эки суббирдигин ингибирлейт (генетикалык маалыматты эсептөө үчүн керек), бактериялардын өсүүсүн жана бөлүнүүсүн, ДНКнын биосинтезин бузат.

Метронидазол – протозояга каршы жана микробго каршы каражат, 5-нитроимидазолдун туундусу. Таасир берүү механизми анаэробдук микроорганизмдердин жана жөнөкөйлөрдүн клетка ичиндеги транспорттук белокторунун 5-нитро тобун биохимиялык калыбына келтирүү менен мүнөздөлөт. Калыбына келген 5-нитро топ микроорганизмдердин клеткасынын ДНКсы менен өз ара аракеттешет, алардын нуклеин кислоталарынын синтезин ингибирлейт, бул болсо бактериялардын өлүмүнө алып келет.

Таасир берүү спектри: бардык анаэробдор, G.vaginalis, H.pylori, жөнөкөйлөр: трихомонаддар, лямблиялар, лейшманиялар, амебалар, балантидиялар.

Колдонууга көрсөтмөлөр

Ар кандай жергиликтүү аралашкан аэробдук-анаэробдук инфекциялар: өнөкөт синусит, өпкөнүн ириңдөөсү, эмпиема, интраобдоминалдык инфекциялар, гинекологиялык сезгенүү оорулары, аэробдук жана анаэробдук бактериялар бар болушу мүмкүн болгондо операциядан кийинки инфекциялар, өнөкөт остеомиелит, теринин жана жумшак ткандардын инфекциялары, "диабеттик тамандагы" жаралар, кыймылсыз көп жатууда пайда болгон бышып кетүүлөр, ооз көңдөйүнүн инфекциялары (ошондой эле периодонтит жана периостит); амебалык же аралашкан этиологиядагы (амебалык жана бактериялык) дизентерияны же ич өтүүнү дарылоо.

Колдонуу жолу жана дозасы

Суткасына 2 жолу 1 таблеткадан ичип кабыл алынат, мүмкүн болсо тамактанууга бир саат калганда же тамактануудан кийин эки саат өткөндө бир стакан суу менен кабыл алынат.

Ципрамед менен дарылоонун фонунда бейтаптарга көп өлчөмдө суюктук ичүү керек. Таблеткаларды сындырууга жана чайноого болбойт. Дарылоонун созулуу убактысы инфекциянын оордугуна, клиникалык реакцияга жана бактериологиялык маалыматтарга жараша болот. Адатта курч инфекцияларды дарылоонун созулуу убактысы 5 - 14 күндү түзөт, сөөктөрдүн жана муундардын инфекцияларында дарылоо курсу 4-6 жумага чейин узартылышы мүмкүн. Жалпысынан, инфекциянын симптомдору жана клиникалык белгилери жоголгондон кийин дарылоону 2-3 күндөн кем эмес убакыт ичинде улантуу керек.

Кыйыр таасирлери

Ципрофлоксацин

Жыш:

- көңүл айнуу, ич өтүү

Азыраак жыштыкта:

- мите козу карын суперинфекциялары

- эозонофилия

- табитти жоготуу (анорексия)

- тынчсыздануу, гиперактивдүүлүк

- баш оору, баш айлануу, уйкунун бузулуусу, табиттин бузулуусу

- кусуу, ич оорулары, ич көбүү

- трансаминаздардын жана/же билирубиндин деңгээлинин жогорулоосу

- бөртмө, кычышуу, бөрү жатыш

- чоңдордо муундардагы оорулар

- бөйрөктөрдүн дисфункциясы

- сөөктөрдөгү жана муундардагы оорулар, алсыздык сезими же калтыратма

- шакар фосфотазанын жогорку деңгээли

Сейрек:

  • ичегинин сезгенүү оорулары (колит)
  • лейкопения, лейкоцитоз, нейтропения, аз кандуулук, тромбоцитопения жана тромбоцитоз
  • аллергиялык реакциялар, Квинке шишимиги
  • гипергликемия
  • аңсезимдин бүдөмүк болуусу, багытты жоготуу, чочулаган абал, жаман түштөрдү көрүү, депрессиялар жана галлюцинациялар
  • сайгылашуу, сенсордук стимулдарга жогорку сезгичтик, сезбей калуу, титирөө, карышуулар
  • көрүү менен байланыштуу болгон кыйынчылыктар
  • кулактын чуулдоосу, угуунун бузулуусу, укпай калуу
  • тахикардия
  • төмөнкү кан басымы, эсучун жоготуулар
  • демигүү, ошондой эле астматикалык белгилер
  • боор оорулары, сарык же гепатит
  • жарыкка жогорку сезгичтик
  • булчуң оорулары, артрит, булчуңдун чыңалуусу, карышуулар
  • бөйрөктөрдүн дисфункциясы, гематурия жана кристаллурия, заара чыгаруу жолдорунун сезгенүүсү
  • суюктуктун ретенциясы
  • кан уюу факторунун кадимкидей эмес деңгээлдери (протромбин), же ферментативдик амилазанын жогорку деңгээлдери

Абдан сейрек:

  • аз кандуулук, агранулацитоз, панцитопения
  • оор аллергиялык реакциялар (анафилактикалык шок)
  • психикалык бузулуулар (психотикалык реакциялар)
  • баш оору, багыттын бузулуусу, туруктуу эмес басык, жыт сезүүнүн бузулуусу, баш сөөк ичиндеги басымдын жогорулоосу
  • түстөрдү көрүүнүн бузулуусу
  • васкулит
  • уйку бездин сезгенүүсү
  • боордун некрозу
  • патехиялар, СтивенсДжонсон синдрому же токсиндүү эпидермалык некролиз
  • булчуң алсыздыгы, тендинит, тарамыштардын үзүлүүсү (көбүнчө ахилл тарамыштарынын)

Кездешүү жыштыгы белгисиз (учурда бар болгон маалыматтардын негизинде аныктоого мүмкүн эмес):

  • ооруксунуу, ачыштыруу, чымчылоо, сайгылашуу, жана / же колубуттун алсыз болуусу, перифериялык нейропатия сыяктуу нерв системасынын бузулуусунун белгилери
  • жүрөк ыргагынын олуттуу бузулуулары.

Метронидазол

Жыш

  • ооздо металлдын даамы, кеберленген тил, көңүл айнуу, кусуу, ичте жагымсыздык сезими, ич өтүү, эпигастрияда оору

Сейрек

  • анафилаксия, полиморфтуу эритема, тери чыбырчыктоолору, ириңдүү бөртмө, теринин гиперемиясы, кычышуу, бөрү жатыш, ангионевротикалык шишимик
  • талмоорсуу, парестезиялар түрүндө белгиленген перифериялык нейропатия (дененин чымыроо сезими), көпчүлүк учурларда дарыны кабыл алууну токтотуудан кийин же дозаны төмөндөтүүдөн кийин жоголот; баш оору, баш айлануу, алсыздык, уйкусуроо, уйкусуздук, эс учун жоготуу, талма сымал туткак, энцефалопатия, курч эмес кара куш мээ синдрому (атаксия, сүйлөөнүн бузулуусу, кыймыларакеттин багытынын бузулуусу, нистагм, титирөө), психикалык бузулуулар, багыттын бузулуусу, нервоздук, депрессия, галлюцинациялар, карышуулар, кыймылсыз болуп калуу
  • диплопия, алыстан начар көрүү, фотофобия, жаш агуу, көрүү нервинин неврити
  • кулактын чуулдоосу, угууну жоготуу
  • гинекомастия
  • вертиго
  • ооздун кургоосу, глоссит, оозул, уйку бездин курч сезгенүүсү, дарыны кабыл алууну токтотуудан кийин кетет
  • анорексия
  • кежиге булчуңдарынын катып калуусу

Абдан сейрек

  • боордун ферментативдик системасынын көрсөткүчтөрүнүн өзгөрүүлөрү, холестатикалык гепатит жана сарык, дарыны кабыл алууну токтотуудан кийин кетет, боор алсыздыгы (метронидазолду микробго каршы башка каражаттар менен айкалышта кабыл алган бейтаптарда боор жалгаштырууну талап кылган)
  • орточо, өтүп кетүүчү лейкопения, тромбоцитопения, агранулоцитоз, панцитопения, көпчүлүк учурда дарыны кабыл алууну токтотуудан кийин кетет
  • ЭКГда Т тишчесинин жалпаюсу
  • миалгия, артралгия
  • метронидазолдун биотрансформациянын натыйжасында сууда жакшы эриген боёктордун бар болуусунан улам, зааранын күңүрт түскө боёлушу,  цистит, полиурия, дизурия, заараны кармай албастык
  • кында ооруксунуу сезимдери, мите козу карын инфекциялары
  • кандидоздук инфекциянын өрчүшү

Айрым учурларда

  • кемик заттын аплазиясы
  • мурун бүтүү, калтыратма

Каршы көрсөтмөлөр

Ципрофлоксацин

  • ципрофлоксацинге же фторхинолондордун бардык башка туундуларына жогорку сезгичтик (же оору таржымалында бул нерсенин көрсөтүлүшү);
  • глюкоза-6-фосфатдегидрогеназанын жетишсиздиги;
  • хинолондор/фторхинолондор менен мурда жүргүзүлгөн дарылоодо тарамыштардын жабыркоосу;
  • кош бойлуулук;
  • бала эмизүү мезгили;
  • балдар жана 18 жашка чейинки өспүрүмдөр.

Метронидазол

  • метронидазолго же 5 – нитроимидазолдун башка туундуларына жогорку сезгичтик
  • БНСнын органикалык жабыркоолору (талма, шизофрения)
  • оор боор алсыздыгы (ошондой эле боор энцефалопатиясы)
  • айкын лейкопения (ошондой эле оору таржымалында)
  • кош бойлуулуктун I-үч айлыгы
  • 6 жашка чейинки балалык курак
  • балдарга жана 18 жашка чейинки балдарга амоксициллин менен айкалыштырып колдонуу
  • дисульфирам, алкоголь менен айкалыштырып кабыл алуу
  • бала эмизүү мезгили.

Дарылардын өз ара таасирлери

Ципрофлоксацин хлориддердин камтылуусун азайтат жана плазмада кофеиндин, аминофиллиндин деңгээлин жогорулатат. Теофиллин менен коштоп колдонуу акыркысынын кандагы концентрациясынын жогорулоосуна алып келиши мүмкүн.

Ципрофлоксацин циклоспориндин нефротоксиндүүлүгүн жогорулатат жана анын кандагы концентрациясынын жогорулоосуна алып келиши мүмкүн.

Сульфактат, висмуттун каражаттары, алюминийдин, магнийдин же кальцийдин иондорун камтыган антациддер, циметидин, ранитидин, микроэлементтери бар витаминдер, темир сульфаты, цинк, диданозин, ичти айдоочу каражаттар ципрофлоксациндин сиңирилүүсүн төмөндөтүшөт, анын сары суудагы жана заарадагы концентрациясын төмөндөтүшөт.

Дарыны стероиддик эмес сезгенүүгө каршы каражаттар менен айкалышта кабыл алуу карышууларды козгошу мүмкүн. ССКК фонунда БНС дүүлүгүүсүнүн жана карышуу реакцияларынын коркунучу бар.

Пероралдык антикоагулянттардын натыйжалуу таасирин күчөтөт (кан агуу убактысын узартат). Ципрофлоксацинди жана варфаринди коштоп колдонууда акыркысынын таасири күчөшү мүмкүн.

Пробенецид, азлоциллин канда ципрофлоксациндин концентрациясын жогорулатышат.

Глибенкламид менен коштоп колдонуу акыркысынын таасирин күчөтүшү мүмкүн.

Заараны шакардантуучу каражаттар (цитраттар, натрий бикарбонаты, карбоангидразанын ингибиторлору) анын эригичтигин төмөндөтүшөт.

Метронидазол

Метронидазолдун таасири алдында түз эмес таасир берүүчү антикоагулянттардын натыйжалуу таасирлери күчөшү мүмкүн.

Барбитураттардын таасири алдында метронидазолдун натыйжалуу таасири төмөндөшү мүмкүн, анткени анын боордо инактивдешүүсү тездейт.

Метронидазолду жана этил спиртин коштоп колдонууда – дисульфирам сымал реакция болот. 

Нейротоксиндүү жана гематотоксиндүү каражаттар менен коштоп куюу ушул эле багыттагы оордошууларды козгошу мүмкүн.

Адсорбенттер, холестирамин, илээштирүүчү жана жымсалдоочу каражаттар ашказан-ичеги жолунда метронидазолдун сиңирилүүсүн азайтышат.

Өзгөчө көрсөтмөлөр

Ципрофлоксацин БНС күчөтүшү мүмкүн. Оору таржымалында карышуулардын курч кармоосу, талмасы, кан тамыр оорулары жана мээнин органикалык жабыркоолору (оор церебралдык атеросклероз) бар бейтаптарга ципрофлоксацинди өзгөчө этияттык менен дайындоо керек (жашоо көрсөткүчтөрү боюнча).

Улгайган куракта, бөйрөк жана боор функциясынын оор бузулууларында этияттык менен дайындалат (кандын плазмасындагы концентрацияны текшерип туруу керек). Мындай учурларда дарынын дозасын оорунун оордугуна жараша азайтуу сунушталат.

Ципрофлоксацин менен дарылоонун фонунда кээ бир лабораториялык көрсөткүчтөр өзгөрүшү мүмкүн: заарада тунманын пайда болуусу, сары сууда мочевинанын, креатининдин, билирубиндин, боор трансаминаздардын концентрацияларынын убактылуу жогорулоосу, өзүнчө учурларда – гипергликемия, кристаллурия, гематурия, протромбиндин көрсөткүчтөрүнүн өзгөрүүсү. Дарылоо процессинде канда мочевинанын, креатининдин, боор трансаминаздардын концентрациясын текшерип туруу керек.

Кристаллурияга алдын ала чара көрүү үчүн ципрофлоксацинди кабыл алып жаткан бейтаптарга жетиштүү өлчөмдө суюктук кабыл алуу керек. Зааранын ченеминен ашык шакардануусунан оолак болуу керек. Бөйрөк алсыздыгы бар бейтаптарга дозаны азайтуу керек.

Тарамыштарда оору пайда болгондо, же тендовагиниттин алгачкы белгилери пайда болгондо дарылоону токтотуу керек. 

Дарылоо учурунда күндүн түз нурлары менен байланыштан оолак болуу керек, УК-таасир берүү менен байланыштуу болгон физиопроцедураларды дайындоого болбойт. Дарыны токтотуудан кийин 5-7 күндүн ичинде бейтаптарга инсоляциянын аёо тартиби жөнүндө алдын ала эскертүү керек.

Боордун төмөндөгөн функциясында метронидазолдун топтолуусу ишке ашат, бул болсо анын дозасын төмөндөтүүнү талап кылат.

Дарыны колдонуу учурунда алсыз айкындыктагы лейкопения жана нейтропения байкалышы мүмкүн, ошондуктан өзгөчө 7-10 күндүк дарылоо курстарында (лейкоциттердин санын), өзгөчө дарылоо курсун кайталоо керек болгон учурларда (трихомониазда, амебиазда) кандын сүрөтүн текшерүү керек.

Метронидазол нейротоксиндүүлүккө ээ жана БНСнын органикалык оорулары бар бейтаптарда карышуулардын жана талма туткактарынын өрчүү коркунучу жогорулайт.

Ципрамед менен дарылоодо бейтаптарга көңүл бөлүү концентрациясы жана жогорку реакциялык жөндөмдүүлүк талап кылынган иштер менен алектенүүнү чектөө керек.

Ашыкча доза

Төмөнкү симптомдор байкалышы мүмкүн: көңүл айнуу, кусуу, атаксия, оор учурларда - перифериялык нейропатия жана талманын туткагы.

Дарылоо: ашказанды тазалоо, көп өлчөмдөгү суюктукту куюу, зааранын кычкыл реакциясын түзүү, кошумча - гемодиализ жана перитонеалдык диализ (перинетонеалдык диализде метронидазол олуттуу эмес өлчөмдөрдө чыгарылат).

Бардык иш-чаралар жашоого маанилүү органдардын функцияларын колдоонун фонунда жүргүзүлөт. Дары спецификалык антидотторго ээ эмес.

Чыгаруу формасы жана таңгагы

№10 таблеткалар колдонууга нускамасы менен картон кутучада.

Сактоо шарты

Кургак, жарыктан корголгон жерде, +15 тен +30оС га чейинки аба табында сактоо керек.

Балдар жетпеген жерде сактоо керек!

Жарактуулук мөөнөтү: 3 жыл

Жарактуулук мөөнөтү аяктагандан кийин колдонууга болбойт.

Дарыканалардан берүү шарты

Дарыгердин рецепти боюнча.

Өндүрүүчү

«Asian Medicals» ЖЧК

Кыргыз Республикасы

Бишкек ш., Садыгалиев көч., 1

тел: +996 312 35 75 26

Свернуть
Кайдан сатып алуу керек

Препараты компании "Asian Med Trade" можно приобрести во всех аптеках Кыргызстана, в том числе и в собственной розничной сети аптек и фарммаркетов  "Фарм - Сервис" : 

Сеть аптек  "Неман-Фарм"

0 312 68 91 41 ;  0 555 68 91 41 

Сеть аптек  "Лекарь"

0312 91 60 00 ; 0556 91 60 00

Сеть аптек  "Айболит" 0312 54 28 39
Сеть аптек  "Бимед"  0 551 71 73 22
Центральная аптека в г.Бишкек 0312 66 55 00

Собственная розничная сеть фарммаркетов и  аптек «Фарм - Сервис»: 

Аптеки Адреса Телефон
1 Аптека 1 г.Бишкек,ул.Ахунбаева 131-18 0312 54 54 13
2 Аптека 2 г.Бишкек,ул. Тыналиева 3/3 Джал 29 0312 88 00 35
3 Аптека 3 г.Бишкек,ул.Токомбаева 53/2 0312 29 84 70
4 Аптека 4 г.Бишкек,ул.Юнусалиева 52/3 0312 88 46 30
5 Аптека 5 г.Бишкек,ул. Ахунбаева 202, Джал 23 0312 88 13 68
6 Аптека 6 г.Бишкек,мкр. Асанбай, 52а 0555 37 55 36
7 Аптека 7 г.Бишкек,ул. 7 Апреля 13а 0312 88 10 36
8 Аптека 8 г.Бишкек,ул.Бейшеналиева,29 0550 54 44 60
9 Аптечный пункт 1 г.Бишкек,ул.Логвиненко 30 ЦСМ №3 0312 88 11 50
10 Аптечный пункт 2 г.Бишкек,5мкр.,д10,кв8 0312 51 64 45
11 Аптечный пункт 6 г.Бишкек,ул.Абдрахманова, 182 0312 88 69 43