Гриппамед® - Ангри

Гриппамед® - Ангри

вируска жана сезгенүүгѳ каршы

Дененин жогорку табы менен коштолгон сасык тумоо жана курч респиратордук вирустук инфекцияларды (же суук тийген оорулар) симптоматикалык дарылоо

Колдонуу боюнча нускама

 

ГРИППАМЕД® - АНГРИ

Соодадагы аталышы

Гриппамед® - Ангри

Эл аралык патенттелбеген аталышы

Жок

Дарынын түрү

Капсулалар

Курамы

Бир капсула тѳмѳнкүлѳрдү камтыйт

Таасир берүүчү зат: парацетамол – 180 мг, римантадин гидрохлориди – 25 мг, аскорбин кислотасы (EC тибинин каптамы менен аскорбин кислотасы түрүндѳ) – 150 мг, лоратадин – 1,5 мг, рутин – 10 мг, кальций (кальций карбонат түрүндѳ) – 4,45 мг.

Кѳмѳкчү заттар: кальций стеараты, картофель крахмалы, лактоза моногидраты.

Желатин капсуласынын чел кабыгынын курамы: желатин, глицерин, метилпарагидроксибензоат Е-218, пропилпарагидроксибензоат Е-216, тазартылган суу, титан диоксиди Е-171, натрий лаурилсульфаты, боёгучтар: хинолин сары Е-104, көгүш бриллиант Е-133, сары апельсин Е-110.

 

Сүрѳттѳмѳсү

Катуу, желатиндик, № 0 цилиндр формасындагы, аягы жарым сфера болгон, корпусу сары түстѳгү жана капкакчасы жашыл түстѳгү капсулалар.

Капсуланын курамы – ачык-сары түстѳгү порошок. Сактоодо аралашманын жеңил бүртүкчѳлѳнүшү мүмкүн.

 

Фармадарылык тобу

Анальгетиктер-антипиретиктер башкалар. Анилиддер. Башка препараттар менен айкалыштагы парацетамол, психолептиктерди кошпогондо.

АТХ Коду N02BE51.

 

Фармакологиялык касиеттери

Гриппамед® - Ангри дары каражатынын фармакологиялык активдүүлүгү анын курам бѳлүктѳрүнүн комплекстүү таасири менен шартталат – парацетамол, римантадин, аскорбин кислотасы, лоратадин, рутин жана кальций.

Препарат вируска каршы, интерфероногендик, дененин ысык табын тѳмѳндѳтүүчү, сезгенүүгѳ каршы, ооруксуздандыруучу, антигистаминдик, ангиопротектордук таасир берет.

Парацетамол дененин ысык табын тѳмѳндѳтүүчү, ооруксуздандыруучу жана айрым бир сезгенүүгѳ каршы таасир берет, суук тийген ооруларда пайда болгон ооруксунуу синдромун азайтат, мисалы тамактын оорушу, баштын оорушу, булчуң жана муун алсыздыгы, жогорку дене табын түшүрѳт. БНСдагы ЦОГ1 жана ЦОГ2 бѳгѳттѳйт. Перифериялык ткандарда простагландиндер синтезине бѳгѳттѳѳчү таасирдин жоктугуна байланыштуу, суу-туз зат алмашуусуна таасир бербейт (Na+ жана суунун кармалуусу) жана АИЖна таасир бербейт.

Римантадин – вируска каршы каражат, адамантандын туундусу. А сасык тумоо вирусунун ар кандай штаммдарына карата активдүү, I жана II тибиндеги Herpes simplex вирусуна карата, энцефалит кенесинин вирусуна (борбордук-европалык жана россиялык жаз-жай Flaviviridae бүлѳсүндѳгү арбовирустар тобу) карата активдүү.

Римантадин эрте баскычтагы репликативдик циклге басуучу таасир берет, вирустук геномдун транскрипциясын басат. Генетикалык изилдѳѳлѳр кѳрсѳткѳндѳй, кѳрсѳтүлгѳн М2 вибрион генинин вирустук белогу римантадинге карата А вирусунун кабыл алгычтыгы эң негизги ролду ойнойт. Римантадин клетка культурасында репликацияны басат, А сасык тумоо вирусунун ар бир үч антигендик тип алдындагы изоляттарды, тактап айтканда адамдын клеткасынан бѳлүнгѳн  H1N1, H2N2 жана H3N3. Римантадин В сасык тумоо вирусуна карата активдүү эмес же дээрлик активдүү эмес. Римантадинге карата А сасык тумоо вирусунун клеткалык түзүлүшүндѳ кабыл алгыч арасында сандык катнаш жана клиникалык натыйжа аныкталган эмес. Сезгичтиктин сыноо натыйжасы, дары заттарынын концентрациялары түрүндѳ айкындалган , вирустун репликациясын 50% га басуу үчүн керектүү   же клеткалык культурада кѳбүрѳѳк басууга керек, колдонулган сыноо протоколуна  (от 19 нМ до 93 мкМ) жараша бир кыйла айырмалант, инокуляттын кѳлѳмүнѳ, А сасык тумоо вирусунун бѳлүнгѳн штаммдар ына жана колдонулган клеткалар тибине жараша.

РЕЗИСТЕНТТҮҮЛҮК: клетка культурасында жана in vivo римантадинге А сасык тумоо вирусунун изоляттары, резистенттүүлѳр бѳлүнгѳн. А сасык тумоо вирусунун римантадин-резистенттүү штаммдары сыноо жүргүзүү шарттарда жакында эле бѳлүнгѳн штаммдар арасында пайда болгон, ал жерде римантадин колдонулган. Кѳрсѳткѳндѳй, резистенттүү вирустар жугушу мүмкүн жана типтүү сасык тумоонун себепкери болушу мүмкүн. М2 доменинин мембранасында беш аминокислоталар римантадиндин  резистенттүүлүгүнѳ алып келиши мүмкүн. Кѳптѳгѳн таралган ордун алмаштыруучулар, резистенттүүлүктү козгогучтар, А сасык тумоону (H1N1) жана A (H3N2) менен S31N ичине камтыйт. Башка, азыраак ордун алмаштыргычтар, резистенттүүлүктү козгогондор, A30F, V27A жана L26F ичине камтыйт. Римантадинге болгон резистенттүүлүк ѳзүнчѳ бѳлүнгѳн штаммдарда табылат, маселен, римантадин кабыл албаган адамдарда пандемиялык сезондук сасык тумоо. Кѳрсѳткѳндѳй, А чочко сасык тумоо вирустары (H1N1) (S-OIV), алар римантадинге резистенттүү болгон, S31N ордун алмаштыргычты камтыйт.

КРОСС-РЕЗИСТЕНТТҮҮЛҮК: адаманттар, римантадин жана амантадин арасында кросс-резистенттүүлүк байкалат. Римантадинге карата резистенттүүлүк кросс-резистенттүүлүк аркылуу амантадинге карата жана ошол эле нерсе тескерисинче пайда болот. Римантадинге резистенттүүлүк себеби аминокислоталардын орун алмашуусу болуп саналат, (кѳбүрѳѳк тез-тез) М2 S31N ичине камтыйт, жана ошондой эле азыраак таралган ѳзгѳрүүлѳр V27, V30A, L26F жана A30T.

Аскорбин кислотасы кѳптѳгѳн кычкылданган-калыбына келтирилген реакцияларда активдүү катышат, организмге ѳзгѳчѳ эмес жалпы жѳнгѳ салуучу таасир берет. Организмдин ыңгайлашуу жѳндѳмүн жогорулатат жана анын инфекцияларга карата каршылыгын жогорулатат; регенерациялар процесстерин жѳндѳйт.

Лоратадин – узак таасир берген гистаминдик Н1-рецепторлордун жогорку активдүү бөгөттөгүчтөрү. Эттүү клеткалардан гистаминдин жана лейкотриен С4  бошонуусун басат. Аллергияга каршы, кычышууга каршы, экссудативдикке каршы таасир берет. Капиллярлардын ѳткѳрүмдүүлүгүн азайтат, ткандардын шишимигин эскертет, жылмакай булчуңдун карышуусун кетирет.

Рутин ангиопротектор болуп саналат. Кан тамырчалардын морттугун жана ѳткѳрүмдүүлүгүнүн ѳрчүүсүн алдын алат, сасык тумоодо геморрагиялык процесстерди шарттайт, жана ошондой эле капиллярдык кан айланууну калыбына келтирет. Рутин аскорбин кислотасы менен бирге кычкылданган-калыбына келген процесстерде катышат, антиоксиданттык касиетке ээ, кычкылданууну кетирет жана ткандарда аскорбин кислотасынын  кирүүсүн жѳндѳйт. Эки курамдык бөлүк тең кан тамырча дубалын бекемдейт  (клетка арсындагы заттардын пайда болуусун жѳнгѳ салат жана гиалуронидаза активдүүлүгүн тѳмѳндѳтѳт), капиллярлардын морттугун жана ѳткѳрүмдүүлүгүн азайтат.

 

Колдонууга кѳрсѳтмѳ

Дененин жогорку табы менен коштолгон сасык тумоо жана курч респиратордук вирустук инфекцияларды (же суук тийген оорулар) симптоматикалык дарылоо.

 

Колдонуу жолу жана дозасы

Тамактануудан кийин суу менен ичип кабыл алынат.

12 жаштан жогору балдар жана чоңдор – 1-2 капсуладан күнүнѳ 2-3 жолудан,  3-5 күн бою, калтыроо синдрому сакталганда колдонулат.

Препаратты кабыл алуу учурунда абалдын жакшыруусу болбосо дарыны кабыл алууну токтотуп, дарыгерге кайрылуу керек!

 

Каршы кѳрсѳтмѳ

- бардык таасир берүүчү затка же кѳмѳкчү заттарга карата жогорку сезгичтик;

- кош бойлуулук жана эмчек эмизүү;

- фенилкетонурия (аспартамдын болуусуна байланыштуу);

- 12 жашка чейинки бала курак.

Римантадин жана парацетамолдун болуусуна байланыштуу:

- курч жана ѳнѳкѳт бѳйрѳк оорулары, боордун курч оорулары, тиреотоксикоз.

Лоратадиндин болуусу менен байланыштуу:

- бѳйрѳк алсыздыгынын терминалдык стадиясы (клиренс креатинини <10 мл/мин).

Аскорбин кислотасы жана рутиндин болуусу менен байланыштуу:

- тромбофлебиттер, тромбоздорго жакындык, кант диабети.

Кѳмѳкчү заттардын болуусу менен байланыштуу:

Дары каражаты лактозаны камтыйт, ошондуктан сейрек тубаса галактозаны кѳтѳрѳ албастыгы барлар, Лаппа лактаза жетишсиздиги же  глюкоза/галактоза абсорбцияларынын бузулушу барлар бул дары каражатын кабыл албашы керек.

 

Алдын алуу этияттык чаралары

Дары каражаты алдын алуу үчүн дайындалган эмес.

Оорунун биринчи симптомдору пайда болгондон кийин дарылоону 24-48 сааттан кеч эмес баштоо керек.

Колдонуунун узактыгы -  5 күндѳн кѳп эмес. Узак колдонууда ( 7 күндѳн ашык) ѳнѳкѳт коштолгон оорулар курчушу мүмкүн. Артериалык гипертензиясы бар улгайган бейтаптарда геморрагиялык инсульттун ѳрчүү кооптуулугу жогорулайт (дары каражаттын курамына римантадиндин киришине байланыштуу).

Дене табы 38,5°С дан азыраак жогорулаган сасык тумоодо дары каражатын колдонуу максатында чечүү үчүн пайда/кооптуулук катнашын баалоо сунушталат.

Парацетамолдун болушу менен байланыштуу:

Боор жана бѳйрѳк алсыздыгы бар бейтаптар этияттык менен колдонуулары керек, залалсыз гипербилирубинемияларда (ошондой эле Жильбер синдромунда), вирустук гепатитте, глюкозо-6-фосфатдегидрогеназа жетишсиздигинде, боордун алкоголдук жабыркоосунда, алкоголизмде, улгайган куракта.

Боор жана бѳйрѳк функциясы бузулган бейтаптарга, залалдуу алкоголду колдонгон адамдар, препаратты колдонуунун алдында дарыгер менен кеңешүү керек. Кѳрсѳтүлгѳн дозадан жогорулатпаш керек. Препаратты парацетамол камтылган башка дары каражаттары менен колдонууга болбойт. Сунушталган дозадан ашкан учурда парацетамол боорго жабыркатуучу таасир бериши мүмкүн.

Римантадиндин болуусу менен байланыштуу:

Артериалык гипертензияларда, эпилепсияларда (ошондой эле оору таржымалында болгондор), баш мээнин кан тамырчаларынын атеросклерозунда, боор алсыздыгында, ашказан-ичеги ооруларында, улгайган курактагы бейтаптарга этияттык менен колдонуу керек.

Дары каражаттарына резистенттүү вирустар пайда болушу мүмкүн.

Коштоочу ѳнѳкѳт оорулар курчушу мүмкүн. Артериялык гипертензиясы бар улгайган курактагы бейтаптарда геморрагиялык инсульттун ѳрчүү кооптуулугу жогорулайт. Оору таржымалында талма бар болсо жана калтыроого каршы дарылоону ѳтүп жаткан болсо, калтырап эстен тануу кооптуулугу ѳрчүп, жогорулайт.

Лоратадиндин болуусу менен байланыштуу:

Жалган жыйынтыктарды кетирүү үчүн териге аллергия сынамын диагностикалоону жүргүзүүгѳ чейин 48 саат мурун лоратадинди колдонууну токтотуу керек.

Боор алсыздыгы бар бейтаптарда этияттык менен колдонуу керек.

Аскорбин кислотасы жана рутиндин болуусу менен байланыштуу:

Этияттык менен гипероксалуриясы бар бейтаптарга колдонуу керек, заара таш оорусу, бѳйрѳк алсыздыгы, гемохроматозу, талассемиясы, полицитемиясы, лейкемиясы, сидеробласттык анемиясы, глюкозо-6-фосфатдегидрогеназа жетишсиздиги барлар, орок сымал клеткалык анемиясы барлар, залалдуу шишик оорусу менен күчѳгѳн, кош бойлуулар абдан этияттык менен колдонуулары зарыл.

 

Башка дары каражаттары менен ѳз ара таасири

Гриппамед® - Ангри препараты менен дарылоодо алкоголдук ичимдиктер менен бирге колдонууга болбойт!

Парацетамолдун болуусу менен байланыштуу:

Парацетамолду башкастероиддик эмес сезгенүүгѳ каршы препараттар менен бирге узак колдонууда "анальгетикалык" нефропатиялар ѳрчүү кооптуулугун жогорулатат жана бѳйрѳк папиллярдык некрозду жогорулатат, бѳйрѳк алсыздыгынын терминалдык стадиясынын башталышын козгойт.

Жогорку дозаларда парацетамолду жана салицилаттарды узак, бирге дайындоодо табарсык же бѳйрѳк рагынын ѳрчүү кооптуулугун жогорулатат.

Миелотоксиндик дары каражаттары препараттын гематотоксиндүү пайда болушун күчѳтѳт.

Узак мѳѳнѳт препаратты кабыл алууда түз эмес антикоагулянттардын (варфарин и другие кумарины) натыйжасын күчѳтѳт, кан кетүү кооптуулугун жогорулатат, бир жолку дозалар олуттуу таасир бербейт. Боордо микросомалдык кычкылдануу ферменттеринин индукторлору (барбитураттар, фенитоин карбамазепин, рифампицин, зидовудин, дифенин, фенитоин, этанол, флумецинол, фенилбутазон жана үч циклдик антидепрессанттар) ашыкча дозада гепатотоксиндүү таасир кооптуулугун жогорулатат.

Метоклопрамид жана домперидон кеңейтет, ал эми колестирамин парацетамолдун сиңирүү ылдамдыгын тѳмѳндѳтѳт. Этанол курч панкреатиттин ѳрчүүсүн жѳнгѳ салат. Препарат урикозуриялык препараттардын активдүүлүгүн тѳмѳндѳтѳт.

Римантадиндин болуусу менен байланыштуу:

Фармакодинамикалык: эпилепцияга каршы препараттар таасирин римантадин тѳмѳндѳтѳт.

Фармакокинетикалык: адсорбенттер, илээшкек жана ороочу каражаттар римантадиндин сиңирилишин азайтат. Парацетамол жана ацетилсалицил кислотасы римантадиндин максималдуу концентрациясын 11 % га жана 10% га албетте тѳмѳндѳтѳт. Циметидин римантадиндин клиренсин 18 % га тѳмѳндѳтѳт.

Заараны ацидифирлеген каражаттар (аммоний хлориди, аскорбин кислотасы жана башкалар) акыркынын бѳйрѳктѳр тарабынан бѳлүнүп чыгуу жыйынтыгында римантадиндин таасир берүүсүн азайтат.

Заараны алкализдѳѳчү каражаттар (ацетазоламид, диакарб, натрий гидрокарбонат жана башка) бул римантадиндин таасирин күчѳтѳт, бѳйрѳктѳр тарабынан анын бѳлүнүүсүн азайтуу жыйынтыгында болот.

Лоратадиндин болуусу менен байланыштуу:

CYP3A4 же CYP2D6 ингибиторлору менен ѳз ара таасири: лоратадин деңгээлинин жогорулашы менен белгиленет, CYP3A4 или CYP2D6 ингибиторлору менен бирге дайындоодо кыйыр реакциялардын пайда болуу жыштыгынын жогорулашы менен коштолушу мүмкүн.

Аллергологиялык сынамды дайындоо алдында үч күндүк "тазаланган" мезгил.

Аскорбин кислотасы жана рутиндин болуусу менен байланыштуу:

Кандагы бензилпенициллин жана тетрациклиндер концентрациясын жогорулатат; 1 г/суткалык дозада, этинилэстрадиол биожеткиликтүүлүгүн жогорулатат. Темир препараттарын ичегиде сиңүүгѳ жакшыртат (үч валенттүү жана эки валенттүү темирге ѳтѳт); бир убакта дефероксамин менен бирге колдонууда темирдин экскрециясын жогорулатышы мүмкүн.

Ацетилсалицил кислотасы (АСК), пероралдык контрацептивдер, жаңы даярдалган ширелер жана шакардык суусундуктар сиңирүүнү тѳмѳндѳтѳт жана аскорбин кислотасынын кабыл алынышын тѳмѳндѳтѳт.

АСК менен бирге колдонууда заара менен аскорбин кислотасынын бѳлүнүп чыгуусу жогорулайт жана АСК  экскрециясы тѳмѳндѳйт. АСК аскорбин кислотасынын абсорбциясын болжолдуу 30% га тѳмѳндѳтѳт.

Кыска таасир берүүчү сульфаниламид жана салицилаттар менен дарыланууда кристаллуриянын ѳрчүү кооптуулугун жогорулатат, бѳйрѳктѳр тарабынан кычкылдыктардын бѳлүнүүсүн жай кылат, пероралдык контрацептивдердин концентрациясын жогорулатат.

Этанолдун жалпы клиренсин жогорулатат, ал ѳз кезегинде, организмде аскорбин кислотасынын концентрациясын тѳмѳндѳтѳт.

Хинолин катарындагы препараттар (фторхинолондор жана башкалар), кальций хлорид, салицилаттар, глюкокортикостероиддер узак мѳѳнѳт колдонууда аскорбин кислотасынын беленин аз кылат. Бир убакта колдонууда хронотроптук изопреналиндин таасирин азайтат. Узак колдонууда же жогорку дозаларда колдонууда  дисульфирамэтанолдун ѳз ара таасирин бузушу мүмкүн.

Жогорку дозаларда мексилетиндин бѳйрѳк экскрециясын жогорулатат.

Барбитураттар жана примидон заара менен аскорбин кислотасынын бѳлүнүп чыгуусун жогорулатат. Антипсихотикалык каражаттардын (фенотиазин туундулары) терапевтик таасирин азайтат, амфетамин жана үч циклдик антидепрессанттардын каналчалуу реабсорбциясын азайтат.

 

Кош бойлуулук жана бала эмизүү

Дары каражатын колдонуу каршы көрсөтүлгөн.

 

Кыйыр таасири

Пайда болуу мүмкүнчүлүгү бар кыйыр натыйжалуу таасирлер организмдин системаларына жана кездешүү жыщтыгына жараша төмөндө көрсөтүлгөн: абдан тез-тез (≥1/10), тез-тез (≥1/100, <1/10), көп эмес (≥1/1000, <1/100), сейрек (≥1/10000, <1/1000), абдан сейрек (<1/10000), жыштыгы белгисиз (маалыматтар жетишсищ болгондуктан).

Парацетамолдун болуусу менен байланыштуу:

Иммундук системасы тарабынан: анафилаксия, теринин жогорку сезгичтик реакциялары, ошондой эле тери бөртмөсү, ангионевротикалык шишимик, Стивенс-Джонсон синдрому/токсиндүү эпидермалык некролиз.

Кан системасы тарабынан: аз кандуулук, метгемоглобинемия, тромбоцитопения, агранулоцитоз.

Дем алуу системасы тарабынан: аспиринге жана башка ССКК сезгич бейтаптарда колко кысылуусу.

Гепатобиллиардык бузулуулар: боор функциясынын бузулуулары.

Римантадиндин болуусу менен байланыштуу:

Жүрөк кан тамыр системасы тарабынан: тахикардия, жүрөк жетишсиздиги, жүрөк бөгөтү (жүрөк ыргагынын бузулуусу), жүрөктүн дүкүлдөп согуусун сезүү, артериялык гипертензия, мээдеги кан айлануунун бузулуусу, эс-учун жоготуу.

Нерв системасы тарабынан: уйкусуздук, баш айлануу, баш оору, кыжырдануу, чаалыгуу, көңүл бөлүү концентрациясынын бузулуусу, кыймыл аракеттин бузулуулары, уйкусуроо, маанайдын чөгүшү, эйфория, гиперкинезия, титирөө, галлюцинациялар, аң-сезимдин чаташуусу, карышуулар.

Сезүү органдары тарабынан: кулактын чуулдоосу, жыт сезүүнү жоготуу же анын өзгөрүүсү.

Дем алуу системасы тарабынан: демигүү, колко кысылуусу, жөтөл.

Ашказан-ичеги жолу тарабынан: көңүл айнуу, кусуу, табитти жоготуу, ооз көңдөйүнүн былжыр чел кабыгынын кургак болуусу, ич оорулары, ич өтүү, диспепсия.

Тери жана теринин алдындагы чарым тарабынан: бөртмө.

Башкалар: чаалыгуу.

Лоратадиндин болуусу менен байланыштуу:

Иммундук системасы тарабынан: абдан сейрек: анафилаксия.

Нерв системасы тарабынан: абдан сейрек: баш айлануу.

Жүрөк кан тамыр системасы тарабынан: абдан сейрек: тахикардия, жүрөктүн дүкүлдөп согуусу.

Ашказан-ичеги жолу тарабынан: абдан сейрек: көңүл айнуу, ооздун кургак болуусу, гастрит, боор функциясынын бузулуусу.

Тери жана теринин алдындагы чарым тарабынан: абдан сейрек: бөртмө, жаргак баш.

Жалпы бузулуулар: абдан сейрек: чаалыгуу.

Аскорбин кислотасынын жана рутиндин болуусу менен байланыштуу:

Борбордук нерв системасы тарабынан: баш оору, чаалыгуу сезими, чоң дозаларды узак убакыт бою колдонууда – БНС дүүлүгүүсүнүн жогорулоосу, уйкунун бузулуусу.

Тамак-сиңирүү системасы тарабынан: ашказан-ичеги жолунун былжыр чел кабыгынын дүүлүгүүсү, көңүл айнуу, кусуу, ич өтүү, ашказан карышуулары.

Эндокрин системасы тарабынан бузулуулар: уйку безинин инсулярдык  аппаратынын функциясын басынтуу (гипергликемия, глюкозурия).

Заара чыгаруу системасы тарабынан: жогорку дозаларда колдонууда – гипероксалатурия жана кальций оксалаттан заара таштарынын түзүлүүсү.

Жүрөк кан тамыр системасы тарабынан: тромбоз, жогорку дозаларда колдонууда – артериялык басымдын жогорулоосу, микроангиопатиялардын өрчүүсү, миокардиодистрофия.

Аллергиялык реакциялар: тери бөртмөсү, сейрек – анафилактикалык шок.

Лабораториялык көрсөткүчтөр: тромбоцитоз, гиперпротромбинемия, эритропения, нейтрофилдик лейкоцитоз, гипокалиемия.

Башкалар: гипервитаминоз, ысыкты сезүү, чоң дозаларды узак убакыт бою колдонууда – натрийдин (Na+) жана суюктуктун кармалуусу, цинктин (Zn+), жездин (Cu+) алмашуусунун бузулуусу.

 

Ашыкча доза

Парацетамолдун болуусу менен байланыштуу ашыкча дозалануу:

Сунушталган суткалык дозаны ченеминен ашырган учурда боордун мөөнөтү созулган (кийинчерээк пайда боло турган) олуттуу жабыркоо коркунучу бар. Парацетамолду 10 г жана андан ашык өлчөмдө кабыл алууда чоңдордун боору жабыркашы мүмкүн.

5 г жана андан ашык өлчөмдөгү парацетамолду кабыл алуу төмөнкү коркунуч факторлору бар бейтаптарда боор жабыркоосуна алып келиши мүмкүн:

- карбамазепин, фенобарбитал, фенитоин, примидон, рифампицин, тешилген сары чөп чай каражаттары же боор ферменттерин стимуляциялоочу башка каражаттар менен узак убакыт бою дарылоо;

- ашык өлчөмдө алкоголду туруктуу кабыл алуу;

- глутатиондун жетишсиздиги бар (тамактануунун бузулуусу, муковисцидоз, АИВ-инфекциясы, ачка болуу, арыктаган алсыз бейтаптар).

Алгачкы 24 саатта парацетамол менен курч уулануунун симптомдору: көңүл айнуу, кусуу, ашказандагы оорулар, тердекчил болуу, тери катмарларынын кубаруусу. Боор жабыркоосу ашыкча дозалануудан кийин 12-48 саат өткөндө айкын болушу мүмкүн. Глюкозанын метаболизминин бузулуулары жана метаболикалык ацидоз пайда болушу мүмкүн. Оор ууланууда  боор алсыздыгы энцефалопатияга, кан агууга, гипогликемияга, мээнин шишимигине жана өлүмгө чейин өрчүшү мүмкүн. Каналчалардын курч некрозу менен курч бөйрөк алсыздыгы катуу бел оору, гематурия, протеинурия түрүндө белгилениши мүмкүн жана боор оор жабыркабаган учурда да өрчүшү мүмкүн. Ошондой эле жүрөк  аритмиясы жана уйку бездин курч сезгенүүсү белгиленген.

Дарылоо: ашыкча дозаланууда тез медициналык жардам талап кылынат. Ашыкча дозалануунун эрте симптомдору же органдардын жабыркоо корунучу жок болсо да, бейтапты дароо ооруканага жеткирүү керек. Эгер парацетамолдун ашыкча дозасы 1 сааттын ичинде кабыл алынган болсо, активдешкен көмүр менен дарылоону колдонууга. Парацетамолдун плазмалык концентрациялары дарыны кабыл алуудан кийин 4 саат өткөндө же андан кеч баамдалышы керек (концентрацияны андан эрте аныктоо ишенимдүү эмес).

N-ацетилцистеин менен дарылоону парацетамолду кабыл алуудан кийин болжол менен 24 саат өткөндө жүргүзүүгө болот, бирок кабыл алуудан кийин 8 саат өткөндө колдонууда эң жогорку коргоочу таасирге жетишет. Бул убакыттан кийин антидоттун натыйжалуулугу тез төмөндөйт. Зарыл болгон учурда бейтапка белгиленген дозалардын тизмесине ылайык тамыр ичине N-ацетилцистеин куюлат. Кусуу жок болсо, алыскы аймактарда жана ооруканадан башка жерлерде тиешелүү альтернатива катары метионинди пероралдык түрдө колдонууга болот.

Римантадиндин болуусу менен байланыштуу ашыкча дозалануу:

Симптомдору: дүүлүгүү, галлюцинациялар, аритмиялар. Кээ бир учурларда сунушталган дозаны ченеминен ашырган учурда төмөнкүлөр байкалат: көздөрдөн жаш агуужана көздөрдүн оорушу, көп заара чыгаруу, калтыратма, ич катуу, тердөө, ооз көңдөйүнүн былжыр чел кабыгынын сезгенүүсү, теринин кургак болуусу.

Дарылоо: ашказанды тазалоо, симптомдорго жараша дарылоо. Уланууда жашоого манилүү функцияларды колдоо керек. Борбордук нерв системасы тарабынан симптомдор пайда болгондо  физостигминди тамыр ичине куюу натыйжалуу; чоңдорго – 1,2 мг, балдарга 0,5 мг, зарыл болгон учурда кайталанат, бирок саатына  2 мг дан ашык эмес колдонулат. Римантадин гемодиализде жарым-жартылай бөлүнүп чыгат.

Лоратадиндин болуусу менен байланыштуу ашыкча дозалануу:

Симптомдору: ашыкча дозаланууда уйкусуроо, тахикардия, баш оору өрчүшү мүмкүн.

Дарылоо: ашказанды тазалап, активдешкен көмүрдү дайындоо керек.

Лоратадин гемодиализдин жардамы менен чыгарылбайт, перитонеалдык диализдин жардамы менен да жок кылуу мүмкүнчүлүгү белгисиз.

Аскорбин кислотасынын жана рутиндин  болуусу менен байланыштуу ашыкча дозалануу:

Күнүнө 1 г дан ашык кабыл алууда зарына, ич өтүү, заараны кыйналып чыгаруу же зааранын кызыл түскө боёлуусу, гемолиз пайда болушу мүмкүн (глюкоза-6-фосфатдегидрогеназанын жетишсиздиги бар бейтаптарда). Кыйыр натыйжалуу таасирлер пайда болгон учурда дарыны кабыл алууну токтотуу жана дарыгерге кайрылуу керек.

 

Авто унааны айдоо жана механизмдер менен иштөө жөндөмдүүлүгүнө таасир берүүсү

Дарылоо учурунда авто унааны башкарууда жана жогорку көңүл бөлүү концентрациясын жана психомотордук реакциялардын тездигин талап кылган потенциалдык кооптуу иштер менен алектенүүдө этияттыкты сактоо керек (римантадинди камтыйт).

 

Чыгаруу формасы

Катуу желатин капсулалары № 0, 10 капсуладан контурлуу уячалуу таңгакчага салынган, 2 ден контурлуу уячалуу таңгакчалар № 10 колдонуу боюнча нускамалар менен бирге кутучага салынган.

 

Сактоо шарты

Нымдуулуктан жана жарыктан корголгон жерде, 15°С ден 25°С га чейинки аба табында сактоо керек.

Балдар жетпеген жерде сактоо керек.

 

Жарактуулук мѳѳнѳтү

2 жыл. Таңгакчада кѳрсѳтүлгѳн жарактуулук мѳѳнѳтү бүткѳндѳн кийин колдонууга болбойт.

 

Берүү шарты

Дарыгердин рецепти жок берилет.

Ѳндүрүүчүнүн аталышы жана дареги

УИ «Минскинтеркапс», Беларусь Республикасы,

220075, Минск ш., а/я 112, Инженерная кѳч., 26-үй

Кыргыз Республикасынын аймагында сапат боюнча арыз-доолорду (сунуштарды) кабыл алган уюмдун аталышы жана дареги:

 «Asian Med Tarde» ЖЧК

720043, Кыргыз Республикасы, Бишкек ш., Садыгалиев кѳч.,1.

Тел.: +996 312 35 75 42; сот.: +996 558 559 938 (24/7)

E-mail: product@dasmed.kg

Свернуть
Кайдан сатып алуу керек

Препараты компании "Asian Med Trade" можно приобрести во всех аптеках Кыргызстана, в том числе и в собственной розничной сети аптек и фарммаркетов  "Фарм - Сервис" : 

Сеть аптек  "Неман-Фарм"

0 312 68 91 41 ;  0 555 68 91 41 

Сеть аптек  "Лекарь"

0312 91 60 00 ; 0556 91 60 00

Сеть аптек  "Айболит" 0312 54 28 39
Сеть аптек  "Бимед"  0 551 71 73 22
Центральная аптека в г.Бишкек 0312 66 55 00

Собственная розничная сеть фарммаркетов и  аптек «Фарм - Сервис»: 

Аптеки Адреса Телефон
1 Аптека 1 г.Бишкек,ул.Ахунбаева 131-18 0312 54 54 13
2 Аптека 2 г.Бишкек,ул. Тыналиева 3/3 Джал 29 0312 88 00 35
3 Аптека 3 г.Бишкек,ул.Токомбаева 53/2 0312 29 84 70
4 Аптека 4 г.Бишкек,ул.Юнусалиева 52/3 0312 88 46 30
5 Аптека 5 г.Бишкек,ул. Ахунбаева 202, Джал 23 0312 88 13 68
6 Аптека 6 г.Бишкек,мкр. Асанбай, 52а 0555 37 55 36
7 Аптека 7 г.Бишкек,ул. 7 Апреля 13а 0312 88 10 36
8 Аптека 8 г.Бишкек,ул.Бейшеналиева,29 0550 54 44 60
9 Аптечный пункт 1 г.Бишкек,ул.Логвиненко 30 ЦСМ №3 0312 88 11 50
10 Аптечный пункт 2 г.Бишкек,5мкр.,д10,кв8 0312 51 64 45
11 Аптечный пункт 6 г.Бишкек,ул.Абдрахманова, 182 0312 88 69 43
Гриппамед №10 таблетки

Гриппамед №10 таблетки

на кыргызском
Гриппамед - Амбро 15 мг

Гриппамед - Амбро 15 мг

Гриппамед - Амбро 30 мг

Гриппамед - Амбро 30 мг