Микразим® 10 000 ЕД

Микразим® 10 000 ЕД

Тамак сиңирүү жолу жана зат алмашууга таасир берүүчү дарылар

Колдонуу боюнча нускама

 

МИКРАЗИМ

 

Соодадагы аталышы: Микразим

 

Эл аралык патенттелбеген аталышы: жок

 

Дарынын түрү: капсулалар

 

Сүрөттөмөсү

Катуу желатин капсулалар № 2 күрөң капкагы менен тунук корпус (10000 Б дозалоо үчүн) жана күӊүрт-кызгылт-сары капкагы менен № 0el тунук корпус (25000 Б дозалоо үчүн). Капсуланын курамы – ачык-күрөң түстөн күрөң түскө чейинки цилиндр же шар сымал же туура эмес формадагы, өзгөчө мүнөздөгү жыты бар пеллеттер. Түсүнүн бирдей эместигине жол берилет.

 

Курамы

1 капсула төмөнкүлөрдү камтыйт:

Активдүү зат:

10000 Б

25000 Б

Активдүүлүккө ылайыкташуучу панкреатин порошогун камтыган ичеги эритүүчү пеллет түрүндөгү панкреатин:

 

168 мг*

125 мг

 

420 мг*

312 мг

протеаздар

амилаздар

липаздар

520 Б

7500 Б

10000 Б

1300 Б

19000 Б

25000 Б

 

*- номиналдык активдүүлүккө кайра эсептегенде.

Пеллеттин ичеги эритүүчү кабыгынын курамына кирүүчү көмөкчү заттар: метакрил кислоталары жана сополимер этилакрилаты [1:1] (полисорбат-80, лаурилсульфат натрийин кошумча камтыган дисперсиянын 30 % түрүндө), триэтилцитрат, симетикон эмульсия 30 % (кургак масса (32,6 %), ошону менен катар: диметикон – 27,8 %, коллоиддик тегеректелген кремний – 1,3 %, коллоиддик таразаланган кремний – 0,9 %, метилцеллюлоза – 2,5 %, сорбин кислотасы – 0,1 %, суу – 67,4 %), тальк.

Капсуланын кабыгынын курамы: желим, суу, пунцтук боёчу заты (Понсо 4R), сары хинолиндик боёчу заты, көк патенттелген боёчу заты, титан диоксиди.

 

Фармадарылык тобу

Тамак сиңирүү жолу жана зат алмашууга таасир берүүчү дарылар. Тамак сиңирүүнү жөнгө салуучу дарылар (ферменттик дарыларды кошкондо). Тамак сиңирүүчү ферменттик дарылар. Панкреатин.

АТХ коду: А09АА02.

Фармакологиялык таасири

Микразим - капсула түрүндөгү панкреатиндин пеллеттери. Дарынын курамына айбанаттардын калкан безинен алынган нукура ферменттер кирет - тамак-аштын белоктору, майлары жана углеводдорунун сиңүүсүн камсыз кылуучу протеаза, липаза жана амилаза. Микразимди кабыл алгандан кийин панкреатин пеллетинин ичеги эритүүчү кабыгын бошотуу менен капсула ашказанда тез сиңирилет.  Өлчөмү кичине болгондуктан пелеттер тамак-аш менен тез жана бирдей аралашат жана бир учурда тамак-аш кесектери менен он эки эли ичегиге, андан кийин панкреатиттик ферменттер бошонуучу жана активдүү таасир берип баштоочу ичке ичегиге тамак-аштын белокторунун, майларынын жана углеводдорунун тез жана толук сиңүүсүнө шарт түзүү менен оңой кирет. Пеллет панкреатиндин ашказандын курамы менен тез аралашуусу, алардын анда бирдей таралуусу, ошондой эле алардын ичегиде иштөөсүнө чейин ферменттердин сакталуусу (пеллет ичеги эритүүчү кабыгы бар болгондуктан) өтө жогорку активдүүлүктү сиңирүүнү жана дарынын таасиринин тамак сиңирүүнүн кадимки процессине эң жогорку жакындоосун камсыз кылат. Микразимдин ферменттик активдүүлүгү ичип кабыл алгандан кийин максималдуу 30 минутадан кийин пайда болот, таасирдин пайда болуусун тез камсыздайт. Протеаза, липаза жана амилаза субстраттары менен болгон өз ара таасиринен кийин ичегинин астыңкы бөлүктөрүндө активдүүлүгүн жоготот жана ичегидеги курам менен организмден чыгарылат. Микразим ашказан-ичеги жолунда сиңирилбейт жана ичегинин ачык жеринде гана таасир берет.

Колдонууга көрсөтмөлөр

Уйку безинин сырткы секретордук жетишсиздигиндеги ордун алмаштыруучу дарылоо: өнөкөт панкреатит, панкреатэктомия, шоолага кармагандан кийинки абал, диспепсия, муковисцидоз, метеоризм, инфекциялык эмес генездин ич өтүүсү.

Тамак-ашты кабыл алуунун бузулуусу (ашказан жана ичке ичегинин резекциясынан кийинки абал): тамактануудагы катачылык учурундагы ашказан-ичеги жолунун нормалдуу функциясы бар адамдардагы тамак сиңирүүнү жакшыртуу үчүн (майлуу тамак-ашты колдонуу, тамак-ашты чоң көлөмдө колдонуу, үзгүлтүктүү тамактануу) жана чайноо функциясынын бузулуусунда, аз кыймылдуу өмүр сүрүүдө, узакка созулган иммобилизацияда. Ремхельд синдрому (гастрокардиалдык синдром).

Рентгенологиялык изилдөөгө даярдоо жана ич көңдөй органдарын ультра дабыш менен изилдөө (УДИ).

Каршы көрсөтмөлөр

Панкреатинди же дарынын башка курам бөлүктөрүнүн жеке көтөрө албастык.  Курч панкреатит, өнөкөт панкреатиттин курчушу.

 

Колдонуу жолу жана дозалары

Дарынын дозасы жаш куракка, симптомдордун айкындыгына жана диета курамына жараша жеке тандалат. Дозаны тандоо катталган Микразим 10000 Б жана Микразим 25000 Б дары каражаттарынын жардамы менен ишке ашырылат.

Капсулаларды шакардуу эмес суюктуктун жетиштүү өлчөмү менен ичип кабыл алат (суу, жемиш ширелери). Эгер дарынын бир жолку дозасы 1 капсуладан көп болсо, капсулалардын жалпы санынын жарымын тамактануунун алдында, ал эми экинчи жарымын – тамактануу учурунда. Эгер бир жолку доза – 1 капсула болсо аны тамактануу учурунда кабыл алуу керек.

Жутуу оор болгондо (мисалы, балдарда жана улгайып калган адамдарда) капсуланы ачууга болот жана аларды алдын-ала кайра чайноону талап кылбаган (алма пюреси, йогурт) суюктук же суюк тамак менен (pH<5,0) аралаштырып дарыны пелеттер менен кошо кабыл алуу керек. Пеллетти майдалоо же чайноо, ошондой эле аларды 5,5 ден жогору болгон pH менен тамакка кошуу алардын ашказан согунун таасиринен коргоочу кабыгынын бузулушуна алып келет. Пеллеттин тамак менен же суюктук менен болгон аралашмасы даярдалгандан кийин дароо кабыл алынышы керек.

1,5 жашка чейинки балдар үчүн мүмкүн болгон доза - 50000 Б/сут.; 1,5 жаштан жогоркулар үчүн - 100 000 Б/сут.

Панкреатинди кабыл алуу узактыгы бир нече күндөн (тамак сиңирүүнүн бузулуусу) бир нече ай же жылга чейин түрлөнүшү мүмкүн (узакка созулган ордун алмаштыруучу дарылоо).

Уйку безинин экзокриндик жетишсиздигинин ар кандай түрлөрүндөгү ордун алмаштыруучу дарылоо

Доза жеке тандалат жана сырткы секретордук жетишсиздиктин айкындык деңгээлинен, жеке тамактануу адаттарынан жана бейтаптын жаш курагынан көз каранды.

Стеаторея (майдын суткасына заңда 15 г дан ашык болушу)

Ич өтүүлөр, дене салмагынын төмөндөөсү болгондо жана диета менен дарылоодо таасир болбосо, ар бир тамактанууда липазанын 25000 Б белгилешет. Зарыл болгон учурда жана жакшы көтөрүлсө липазанын дозасын бир кабыл алууга 30000 - 35000 Б га чейин жогорулатышат. Андан ары дозаны жогорулатуу көп учурларда дарылоонун жыйынтыгын жакшыртпайт жана диагнозду кайра карап чыгууну, рациондо майдын курамынын төмөндөөсүн же дарыларды (протон насосунун ингибиторлорун) кошумча белгилөөнү талап кылат.  Ич өтүү жана дене салмагынын төмөндөөсү менен коштолбогон дароо айкын болбогон стеатореяда липазанын 10000 Б дан 25000 Б га чейинки дозасын белгилешет.

Муковисцидоз

4 жаштан төмөнкү балдар үчүн липазанын баштапкы эсептелген дозасы килограмм дене салмагына ар бир эмизүүдө - 1000 Б түзөт, 4 жаштан жогорку балдар үчүн липазанын баштапкы эсептелген дозасы килограмм дене салмагына ар бир тамактанууда – 500 Б түзөт. Дозаны оорунун татаалдыгына, стеатореянын айкындыгына жана нутритивдик статуска жараша жеке тандоо керек. Көпчүлүк бейтаптар үчүн суткасына килограмм дене салмагына колдоочу доза липазанын 10000 Б дозасынан ашпашы керек.

 

Кыйыр таасири

Дарынын курам бөлүктөрүнө аллергиялык реакциялар болушу мүмкүн. Дарынын чоң дозаларын колдонууда кийинки сейрек кыйыр таасирлер байкалат: ич өтүү, көңүл айнуу, ич катуу, эпигастралдык аймактагы жагымсыздык.  Дарынын чоң дозаларын узак убакыт кабыл алууда гиперурикозурия, гиперурикемия өрчүшү мүмкүн.

Кандайдыр бир жагымсыз реакциялар пайда болсо дарылап жаткан дарыгерге же фармацевттик кызматкерге кайрылуу керек.

Бул сунуштар бардык мүмкүн болгон, ошону менен катар бул нускамада келтирилбеген жагымсыз реакцияларга таралат. Сиз ошондой эле дары каражатынын таасирсиздиги менен жагымсыз реакциялар тууралуу түз эле ыйгарым укуктуу органдарга маалымдасаңыз болот. Маалымат бардык ыңгайлуу ыкма менен жөнөтүлүшү мүмкүн (телефон аркылуу, электрондук билдирүү, почта аркылуу жиберүү).

Жагымсыз реакциялар тууралуу маалымдап жатып, Сиз дары каражатынын коопсуздугу тууралуу көбүрөөк билдирүүлөрдү алууга жардам берип жатасыз.

 

Өзгөчө көрсөтмөлөр

Дарыны кабыл алууда өзгөчө этияттык чаралары талап кылынбайт. Панкреатиндин белгилүү дозалары менен узак убакыт дарыланып жаткан балдар жана чоңдор адистин байкоосунда болушу керек.   

Микразим дары каражатын кабыл алууну токтоткондон кийин дарыны алып салуунун кандайдыр бир симптомдорунун өрчүшү күтүлбөйт.

Бир нече дозаларды өткөрүп жибергенде атайын чараларды көрүү талап кылынбайт, бейтап дарылоо курсун түздөө үчүн дарылап жаткан дарыгерине кайрылышы зарыл.

Өткөрүп жиберген дозаны компенсациялоо үчүн өз алдынча Микразим дары каражатынын капсулаларынын санын жогорулатуу талап кылынбайт. 

Ферменттик дарылоонун таасирсиздигинин негизги себептери болуп кийинкилер саналат: анын курамынын кычкылдангандыгынын жыйынтыгындагы он эки эли ичегидеги ферменттердин инактивациясы; ичке ичегинин оорулары (глисттик инвазиялар, дисбиоз); бейтаптар тарабынан сунушталган дарылоо режимин аткарбоо; өзүнүн активдүүлүгүн жоготкон ферменттерди колдонуу.

Микразим дары препаратын колдонуу боюнча сунуштамалар «Колдонуу жолу жана дозалар» бөлүмүндө кененирээк көрсөтүлгөн. Микразим дары каражатын кабыл алуу боюнча кошумча суроолор болсо дарылап жаткан дарыгерге кайрылуу зарыл. Дарыны белгилүү дозаларда узак убакыт кабыл алууну талап кылган абалдарда бейтап дарылап жаткан дарыгердин көзөмөлү астында болушу зарыл.

Өзгөчө топтогу бейтаптарга колдонуу

Балдар

Ар кандай курактагы балдар үчүн Микразим дары каражатынын дозалары «Колдонуу жолу жана дозалар» бөлүмүндө кененирээк көрсөтүлгөн.

Улгайып калган бейтаптар

Улгайып калган бейтаптарга дозаны түздөө тууралуу маалыматтар жок.

Бөйрөк функциясы бузулган бейтаптар

Бөйрөк функциясы бузулган бейтаптарга дозаны түздөө тууралуу маалыматтар жок.

Боор функциясы бузулган бейтаптар

Боор функциясы бузулган бейтаптарга дозаны түздөө тууралуу маалыматтар жок.

Кош бойлуу жана эмизүү мезгилинде колдонуу

Панкреатинди кош бойлуу жана эмизүү мезгилинде кабыл алуунун потенциалдык коркунучтары тууралуу маалыматтар жок, ошондуктан препаратты кош бойлуу жана эмизген энелерге эгер эне үчүн күтүлгөн пайда түйүлдүк үчүн мүмкүн болгон коркунучтан жогору болгон учурда гана белгилөөгө болот.

Фертилдүүлүк

Микразим дары каражатынын эркек жана аял фертилдүүлүгүнө таасири тууралуу маалыматтар жок.  

Препараттын унаа каражаттарын жана механизмдерди башкаруу жөндөмдүүлүгүнө тийгизген таасири тууралуу маалымат

Унаа каражатын башкарууда же башка механизмдер менен иштөөдө реакциянын ылдамдыгына тийгизген таасири тууралуу маалыматтар жок.

Микразим дары каражатынын унаа каражаттарын жана механизмдерди башкаруу жөндөмдүүлүгүнө өзгөчө таасири божомолдонбойт же бул таасир өтө аз байкалат.

Ашыкча дозалоо

Симптомдор: заарадагы заара кислотасынын (гиперурикурия) жана кандагы (гиперурикемия) курамынын жогорулашы. Балдарда – ич катуулар.

Дарылоо: препаратты токтотуу, симптоматикалык түрдө дарылоо.

Башка дары каражаттары менен өз ара таасири

Панкреатинди темир дарылары менен бир учурда кабыл алуу акыркынын сиңүүсүн жайлатат.  

Чыгаруу формасы

10 капсуладан поливинилхлориддик жука чел кабыктан же поливинилхлориддик/поливинилиденхлориддик жука чел кабыктан жана басылып лакталган алюминий фольгасынан жасалган контурлуу уячалуу таңгакка салынат.

2 же 5 контурлуу уячалуу таңгак колдонуу боюнча нускамасы менен картондон жасалган кутуга салынат.

Жарактуулук мөөнөтү

2 жыл. Таңгакта көрсөтүлгөн жарактуулук мөөнөтү аяктагандан кийин колдонууга болбойт.

Сактоо шарты

25 °C дан жогору эмес аба табында, нымдан жана күндөн корголгон жерде сактоо керек.

Балдар жетпеген жерде сактоо керек.

Дарыканалардан берүү шарты

Рецепти жок.

Өндүрүүчүнүн аталышы жана дареги

«АВВА РУС» АК, Россия, 610044, Киров обл., Киров ш., Луганская көч. 53А үйү.

Тел.: +7 (8332) 25-12-29; +7 (495) 956-75-54

Каттоо күбөлүгү берилген юридикалык жактын аталышы жана дареги

«АВВА РУС» АК, Россия, 121614, Москва ш., Крылатские Холмы көч., 30-үй, 9-корп.

Тел./факс: +7 (495) 956-75-54

avva.com.ru

micrazim.com

Фармакөзөмөлгө жооптуу уюм (жагымсыз көрүнүштөр/дарылык таасиринин жоктугу, медициналык маалымат боюнча жана башка суроолор боюнча колдонуучулардын талаптарын/суроолорун кабыл алуу үчүн):

«DasMed» ЖЧК, Кыргыз Республикасы, 720043, Бишкек ш., Садыгалиев көч. 1.

Тел.: +996 312 35 75 42 (ички 103), Сот.: +996 558 55 99 38 (24/7)

e-mail: product@dasmed.kg

Свернуть
Кайдан сатып алуу керек

Препараты компании "Asian Med Trade" можно приобрести во всех аптеках Кыргызстана, в том числе и в собственной розничной сети аптек и фарммаркетов  "Фарм - Сервис" : 

Сеть аптек  "Неман-Фарм"

0 312 68 91 41 ;  0 555 68 91 41 

Сеть аптек  "Лекарь"

0312 91 60 00 ; 0556 91 60 00

Сеть аптек  "Айболит" 0312 54 28 39
Сеть аптек  "Бимед"  0 551 71 73 22
Центральная аптека в г.Бишкек 0312 66 55 00

Собственная розничная сеть фарммаркетов и  аптек «Фарм - Сервис»: 

Аптеки Адреса Телефон
1 Аптека 1 г.Бишкек,ул.Ахунбаева 131-18 0312 54 54 13
2 Аптека 2 г.Бишкек,ул. Тыналиева 3/3 Джал 29 0312 88 00 35
3 Аптека 3 г.Бишкек,ул.Токомбаева 53/2 0312 29 84 70
4 Аптека 4 г.Бишкек,ул.Юнусалиева 52/3 0312 88 46 30
5 Аптека 5 г.Бишкек,ул. Ахунбаева 202, Джал 23 0312 88 13 68
6 Аптека 6 г.Бишкек,мкр. Асанбай, 52а 0555 37 55 36
7 Аптека 7 г.Бишкек,ул. 7 Апреля 13а 0312 88 10 36
8 Аптека 8 г.Бишкек,ул.Бейшеналиева,29 0550 54 44 60
9 Аптечный пункт 1 г.Бишкек,ул.Логвиненко 30 ЦСМ №3 0312 88 11 50
10 Аптечный пункт 2 г.Бишкек,5мкр.,д10,кв8 0312 51 64 45
11 Аптечный пункт 6 г.Бишкек,ул.Абдрахманова, 182 0312 88 69 43
Микразим® 25 000 ЕД

Микразим® 25 000 ЕД

Тамак сиңирүү жолу жана зат алмашууга таасир берүүчү дарылар