Лансомед

Колдонуу боюнча нускама

 

ЛАНСОМЕД

 

Соодадагы аталышы

ЛАНСОМЕД

Эл аралык патенттелбеген аталышы

Лансопразол

Дарынын түрү

Капсулалар

Курамы

Активдүү зат: микрогранул түрүндөгү 30 мг лансопразол ичегиде эрүүчү каптамы менен  370,0 мг (30мг лансопразолго эквиваленттүү).

Көмөкчү заттар: натрий лаурилсульфат, метилгидроксипропилцеллюлоза, тальк, титан диоксиди, полиэтиленгликоль, полисорбат 80, полиактилат, сахароза, жүгөрү крахмалы, меглумин, маннитол, тазартылган суу.  

Капсуланын курамы: титан диоксиди, сары темир оксиди, желатин, хинолиндүү сары,   эритрозин FD&C кызыл 3.

      

Сүрөттөмөсү

Капсуланын сырты крем түстүү, №1 тунук эмес катуу желатин капсулада, анын ичинде крем жана ак-крем түстөгү жытсыз гранулдар бар. 

Фармадарылык тобу

Кычкылдуулуктун бузулгандыгы менен байланышкан ооруларды дарылоо үчүн дарылар. Жарага каршы дарылар жана гастроэзофагеалдык рефлюксту дарылоо үчүн дарылар. Протон насосунун ингибиторлору. Лансопразол.

ATX Koду: А02BC03

Фармакологиялык касиеттери

Фармакодинамикалык касиеттери

Лансопразол - протон насосунун ингибиторлору. Таасир берүү механизми протон помпасына өз ара таасир берүү жолу аркылуу туздуу кислотаны, ашказан дубалча клеткаларынын өндүрүмүн басууда шарттайт H+/K+- АТФазасынын ферментин бөгөттөө менен, лансопразол кычкылдын пайда болуу процессин туздуу кислотанын синтезинин акыркы баскычтык деңгээлинде өзгөртөт. Бул таасир дозага көз каранды жана туздуу кислотасынын базалдык жана стимуляцияланган секрециясынын деңгээлине таасир берет (дүүлүктүргүчтүн түрүнөн көз каранды эмес). Helicobacter pylori-ассоциацияланган ооруларда ашказан секрециясынын мындай төмөндөшү 90%га чейин антибиотиктерге майда организмдердин сезгичтигин жогорулатат.   

Фармакокинетикалык касиеттери

Жалпы касиеттери

Абсорбция:

Лансопразол кислотада резистенттик химикалык түзүлүштү ээлебегендиктен, ашказандагы химиялык өзгөрүүдөн алдын алуу жана анын системалык биожетишсиздигинин жогорулашы максатында аны дары түрүндө белгилешет, ичегиде абсорбцияланышына жол берүүчү, ичегиде эрүүчү катмары менен. 

Ичегиде эрүүчү дары түрүндөгү пероралдык белгиленген лансопразолдун абсорбциясы, сары суудагы тез жана эң жогорку концентрациясы 1.7 саат аралыгында жетет. Лансопразол организмде аккумуляцияланат жана анын фармакокинетикасы мульти дозалар менен өзгөрбөйт.   

Лансопразол тез абсорбцияланат жана пероралдык белгилөөдөн 1.7 сааттан кийин Cmax көрсөткүчтөрүнө жетет жана анын биожеткиликтүүлүгү 80% га барабар. Ашказанда тамактын бар болуусу лансопразолдун абсорбциясын басаңдатат. Эгер дарыны тамактан кийин 30 минутадан кийин дайындаса, ачкарын колдонгонго салыштырганда Cmax жана AUC болжол менен 50% га төмөндөйт.   Дени сак бейтаптардагы плазмадагы жарым-жартылай бөлүп чыгаруу мезгили 1.5 (±1.0) саатты түзөт.

Бөлүштүрүү:

Лансопразолдун 97% протеиндер менен байланышат. 0.05-5.0 мкг/мл концентрациясынын интервалынын арасындагы концентрацияда плазма протеини менен жупташтыруу туруктуу.   

Биотрансформация:

Лансопразол боордо кеңири метаболизденет; эки метаболит (гидроксилирленген сульфинил жана сульфон) плазмада өлчөнгөн санда аныкталган.  Бул метаболиттер    антисекреттик таасирди аз ээлешет же такыр ээлешпейт.   Лансопразол болжолдуу эки активдүү метаболитке    трансформацияланат, кислотанын секреттерин     H+/K+ ATPase аркылуу париеталдык клеткасынын секретордук катмарына ингибирлейт жана бул метаболиттер канда көрсөтүлбөйт. Бул метаболиттер системалык кан айланууда катышпайт. 

Элиминация:

Лансопразолдун жарым-жартылай бөлүнүп чыгуу мезгили анын ашказан кислотасынын секрециясынын кыйындашынын узактыгын көрсөтпөйт. Жарым-жартылай чыгуу мезгили 2 сааттан азыраак, анда кычкылдыктын секрециясынын ингибирлөө таасири катары 24 сааттан ашыгыраак созулат. Улгайып калгандарда жарым-жартылай чыгуу мезгили 2-3 саат.  Лансопразолдун бир пероралдык дозасынан кийин, иш жүзүндө заарага өзгөрүлбөгөн зат чыккан эмес. Бир изилдөөдө, 14C-лансопразолдун бир пероралдык дозасынан кийин, болжол менен белгиленген радиациянын бирден үчү заарага чыккан жана экиден үчү фекалияларда кайра калыбына келген. Лансопразолдун метаболиттеринин маанилүү билиардык экскрециясы экенин билдирет.

Түз сызыктуу/ түз сызыксыз:

Сары суудагы эң жогорку концентрациялар (Cmax) жана ийри аянты (AUC) 15 ден 60 мг га чейинки дозаларда бир жолку пероралдык дозадан кийинкиге барабар.  

Бейтаптардагы мүнөздөмөлөр

Бөйрөк функциясынын бузулушу

60 мг лансопразолду дайындагандан кийин, оор бөйрөк алсыздыгы бар бейтаптарда протеин плазмасы менен жупташтыруу 1.0-1.5% га төмөндөгөн.  Бөйрөк алсыздыгы бар бейтаптар бөлүп чыгаруунун кыскартылган жарым-жартылай мезгилине жана жалпы төмөндөгөн AUC (эркин жана протеин менен байланышкан) ээ болушкан. Бирок, плазмадагы эркин лансопразол бөйрөктүн функциясынын бузулуу деңгээли менен байланышы жок: дени сак адамдарда бул көрсөткүчтөрдөн Cmax жана Tmax айырмаланган жок. Бөйрөк алсыздыгы бар бейтаптарга дозаны түздөө талап кылынбайт. 

Боор функциясынын бузулушу

Боор функциясынын олуттуу бузулуу деңгээли бар бейтаптарда плазмадагы жарым-жартылай чыгуунун орточо мезгили 1.5 сааттан 3.2-7.2 саатка чейин уланган. Туруктуу абалдарда боор функциясы бузулган бейтаптарда жогорулоо AUC орточо 500% га чейин байкалган. Боор функциясынын олуттуу бузулуусу бар бейтаптарга лансопразолдун дозасын төмөндөтүү керек.  

Улгайып калган адамдар

Лансопразолдун клиренси улгайып калгандарда төмөндөтүлгөн, жарым-жартылай чыгуу мезгили болжол менен 50-100% га чейин жогорулайт. Улгайып калгандарда жарым-жартылай чыгуунун орточо мезгили 1.9 жана 2.9 сааттардын ортосунда калгандыктан, күнүнө бир жолу кайталап дозалоо анын топтолушуна алып келбейт. Улгайып калган адамдарда плазмадагы жогорку чектер алмашпайт.   

Балдар

1 жаштан 17 жашка чейинки балдардагы фармакокинетиканын баасын чоң бейтаптар менен салыштырганда 15 мг дозасы 30 кг дан аз салмагы жана 30 кг дан ашкан салмагы менен ушундай эле таасирди көрсөткөн. Дененин үстүнкү катмарынын 17 мг/m2 аянтынын дозасын изилдөөдө, чоңдор менен салыштырганда 2-3 айдан 1 жашка чейинки балдарда лансопразолдун маанилүү таасирине алып келген.  

Лансопразолдун өтө жогорку дозасы боюнча салыштыра келгенде чоңдорго караганда 1.0 мг/кг жана 0.5 мг/кг дозаны бир жолку дозада дайындоодо 2-3 айдан кичине ымыркайларда белгиленген.

CYP2C19 метаболизми начар болгон бейтаптар

CYP2C19 генетикалык полиморфизмге таандык жана 2-6 % бейтаптар   начар метаболизмге ээ. Бул мутанттык CYP2C19 аллелдери үчүн гомозиготтор, ошондуктан функционалдык CYP2C19 энзимге ээ эмес. Лансопразолдун таасири жакшы метаболизмге караганда, начар метаболизми бар адамдарда бир канча жогору.   

 

Көрсөтмөлөр

- ашказандын жана он эки эли ичегинин жаралуу оорусу; 

- рефлюкс-эзофагит;

- Золлингер-Эллисон синдрому;

-Helicobacter pylori менен ооруган оорулуулардагы Helicobacter pylori эрадикациясы – ашказандын жана 12 эли ичегинин ассоциацияланган оорулары, антибиотиктер менен айкалышканда;

-стероиддик эмес сезгенүүгө каршы каражаттарды (ССКК) колдонгондо пайда болгон гастропатия.

 

Каршы көрсөтмөлөр

-  лансопразолго же анын бардык курам бөлүгүнө жогорку сезгичтик;

- ашказан-ичеги жолунун терс сапаттуу жаңы пайда болуулары; 

- оор бөйрөк алсыздыгы (креатинин клиренси < 30 мл/мин);

- 18 жашка чейинки балдар жана жаш өспүрүмдөр курагы; 

- кош бойлуулук жана бала эмизүү мезгили;

- атазанавир менен бир убакта колдонуу.

 

Колдонуу жолу жана дозасы

Эгер дарыгерден башка көрсөтүлбөсө, лансопразолдун кадимки дозасы кийинкилер:   

Ашказандын жаралуу оорусу: сунушталган пероралдык доза 4 апта аралыгында күнүнө 30 мг түзөт. Жара адатынча 4 апта аралыгында айыгат; бирок, бул аралыкта бейтаптарда толук айыкпаса, дарылоону ушундай дозада 4 апта улантса болот.    

Он эки эли ичегинин жаралуу оорусу: сунушталган пероралдык доза 2 апта аралыгында күнүнө 30 мг түзөт. Бул мезгилде толук айыгуу байкалбаган бейтаптарга дарылоону ушундай эле дозада дагы 2 апта аралыгында улантса болот. 

Рефлюкс-эзофагит: сунушталган доза 4 жума аралыгында күнүнө 30 мг түзөт. Бул мезгил аралыгында толук айыкпаган бейтаптарга, кошумча 4 апта аралыгында ушундай эле дозада дарылоону улантса болот. 

 Рефлюкс-эзофагитти алдын алуу: сунушталган доза күнүнө 15 мг түзөт. Талапка ылайык, дозаны күнүнө 30 мг га жогорулатса болот.   

Helicobacter pylori эрадикациясы: ылайыктуу аралаш дарылоону тандоодо бактериялык резистенттикти, дарылоонун узактыгын (негизинен 7 күн, бирок кээде 14 күн) жана ылайыктуу бактерияга каршы заттарды эске алыш керек.   

Лансопрозолдун сунушталган дозасы 30 мг түзөт, 7 күн аралыгында күнүнө 2 жолу, комбинацияда кийинкилердин бири менен:   

Кларитромицин 250-500 мг күнүнө эки жолу + амоксициллин 1 г күнүнө эки жолу

Кларитромицин 250 мг күнүнө эки жолу + метронидазол 400-500 мг күнүнө эки жолу

H. pylori алынган чыгаруунун жыйынтыктары, качан лансопразол комбинациясы менен кларитромицинди жана амоксициллинди же метронидазолду колдонгондо 90 % га чейинки деңгээлди көрсөткөн. Чыгаруу үчүн 6 айлык ийгиликтүү дарылоодон кийин,  кайталанган жуктуруунун коркунучу төмөн, ошондуктан оорунун кайталануу да мүмкүнчүлүгү аз. 

Helicobacter pylori менен ооруган оорулуулардагы Helicobacter pylori эрадикациясы- ашказан жана антибиотиктер менен кошулган он эки эли ичегинин ассоциацияланган оорулары:  сунушталган доза 4 апта аралыгында күнүнө 30 мг түзөт. Толук айыкпаган бейтаптарга, дарылоону ушундай эле дозада дагы 4 апта улантса болот. 

Айыктырууга оор болгон жаралары бар бейтаптарда же кооптуулугу бар бейтаптар дарылоонун узак курсун жана/же өтө жогорку дозаларды дайындоого болот.

Helicobacter pylori менен ооруган оорулуулардагы Helicobacter pylori эрадикациясы- бейтаптарда жогорку коркунучу менен, ашказан жана антибиотиктер менен кошулган он эки эли ичегинин ассоциацияланган оорулары: өтө узак дарылоо талап кылынгандар ССКК (курагы >65 же ашказан жарасынын же он эки эли ичегинин жарасынын тарыхы: сунушталган доза күнүнө 15 мг түзөт. Эгер дарылоо таасирсиз болсо, күнүнө 30 мг дозаны колдонсо болот.  

Золлингер-Эллисон синдрому: сунушталган биринчи доза күнүнө 60 мг түзөт.  Дозаны өз алдынча түздөсө болот, бейтаптын абалына жараша жана дарылоону канча зарыл болсо, ошончо улантса болот. Суткалык дозаны 180 мг га чейин колдонушкан.  Эгер зарыл болгон суткалык доза 120 мг дан ашса, аны экиге бөлүнгөн дозалар менен дайындоо керек. 

Дарылоонун узактыгы:

Лансопразолду бир күнгө 1 жолу дайындоо керек, эртең менен ач карын (Helicobacter pylori эрадикация үчүн дарылоодон башкасын, күнүнө 2 жолу дайындашат).

Лансопразолду тамакка чейин 30 минута калганда дайындоо керек (5.2 пункту карайбыз).

Капсулаларды суу менен бүтүн бойдон жутуу керек. 

Бейтаптар капсулаларды ачпай, чайнабай же майдалабай кабыл алуусу тууралуу кабардар болушу керек. 

Капсуланы жутуу кыйын болгон бейтаптарга, капсулаларды клиникалык изилдөөлөргө жана практикага ылайык кийинки түрдө дайындоо керек: 

  • Капсуланы ачкыла. Микрогранулдарды белгилүү бир суу өлчөмүнө, алма же томат ширесине же жумшак тамакка салгыла, (мисалы, йогурт же алма пюреси) жана аралаштыргыла. 
  • Капсуланы ачкыла. Назогастралдык түтүк аркылуу дайындоо үчүн микрогранулдарды 40 мл алма ширеси менен аралаштыруу керек (5.2. пункту карайбыз).

Суспензия же аралашманы даярдагандан кийин дароо дайындоо керек.   

Микрогранулдарды чайнап жана майдалабаш керек.   

Клиникалык иликтенбегендиктен, башка суусундуктар жана суюктуктар менен аралаштырбоо сунушталат.

   

Колдонуу боюнча өзгөчө эскертүүлөр жана алдын алуу этияттык чаралары 

 Лансопразол менен дарылоо ашказандагы терс сапаттуу пайда болуулардын симптомдорун жабат. Мындан улам, ашказандагы терс сапаттуу пайда болуулардын симптомдорун дарылоону баштаганга чейин   бейтаптар текшерилиши керек. 

Лансопразолду орточо жана оор боор функциясы бузулган бейтаптар кылдаттык менен колдонушу керек (4.2. жана 5.2. пунктарын карайбыз).

Лансопразолдун себебинен төмөндөгөн ашказан кычкылдыгы АИЖ да нормада болгон ашказан бактерияларынын санын көбөйтүшү мүмкүн. Лансопразол менен дарылоо ашказан-ичеги инфекцияларынын чоң эмес жогорулоо коркунучуна алып келет, мисалы,    Salmonella жана Campylobacter (5.1. пункту карайбыз).

Он эки эли ичегинин жарасы менен ооруган бейтаптарда H.pylori инфекцияларын этиологиялык фактор катары эсептөө мүмкүнчүлүгү бар.   

 H.pylori ни жок кылуу үчүн, эгер лансопразолду антибиотиктер комбинациясында колдонсо, мындай учурларда, мындай антибиотиктерди колдонуу боюнча нускамасын колдонуу керек. 

Бир жылдан ашык кошумча дарыланып жүргөндөр боюнча маалыматтар чектелүү болгондуктан, бул бейтаптар үчүн дарылоону үзгүлтүксүз текшерүү керек жана пайдасы же зыяндуулугунун кылдат баасы ишке ашырылышы керек.   

 Лансопразолду колдонгон бейтаптарда колиттин абдан сейрек учурлары белгиленген. Ошондуктан, күчтүү жана туруктуу ич өтүү учурларында дарылоону токтотуу мүмкүнчүлүгүн карап көрүү керек. 

Бейтаптардагы пептикалык жараны болтурбоо үчүн NSAID менен узак дарылоону талап кылган дарылоо жогорку коркунучу бар бейтаптарда чектелүү болушу керек (мисалы, ашказан-ичеги кан агуулардын таржымалы, перфорация же жара, улгайган курак, АИЖ тарабында терс реакцияларды жогорулатуу мүмкүнчүлүгү бар дарыларды кошуп колдонуу (мисалы, кортикостероиддер жана антикоагулянттар), параллелдүү оорулардын олуттуу факторлорунун болушу же NSAIDди сунушталган эң жогорку дозадан узак колдонуу). 

Сөөктүн сынган жерлери: 

Протон помпасынын ингибиторлору (PPI) менен дарылоо остеопороз менен байланышкан сандын, кырк муундун жана омуртканын сынуу коркунучун жогорулатаарын байкоолор божомолдойт. Жогорку дозаларды, белгилүү мульти дозаларды колдонгон жана PPI менен узак дарыланган бейтаптарда (бир жыл аралыгында же узагыраак) сыныктардын коркунучу жогорулаган. Бейтаптар эң төмөн дозаны жана дарылоо белгиленген оору үчүн ылайыктуу PPI менен дарылоонун эң кыска узактыгын колдонушу керек. 

Гипомагниемия:

Симптоматикалык жана асимптоматикалык гипомагниемия бейтаптарда сейрек учурларда, PPIs менен дарылаган 3 аптадан аз эмес агымда белгиленген, көпчүлүк учурларда дарылоодон бир жылдан кийин. Оор терс реакциялар тетания, аритмия жана  карышууну камтыйт. Көпчүлүк бейтаптарда гипомагнеземия менен дарылоо, магний менен алмаштырууну жана PPI менен дарылоону токтотууну талап кылган. Болжол менен узак убакыт, узак дарылоодон өтө турган же PPIs дарыларын, дигоксин же гипогнезимияны пайда кыла турган дарыларын (мисалы, диуретиктер) колдонгон бейтаптар үчүн дарыгерлер PPI менен дарылоо башталганга чейин жана дарылоо мезгилинде маал-маалы менен магний деңгээлинин мониторингин сунуштай алышат.    

Нейроэндокриндик шишиктерди аныктоо үчүн диагностикалык изилдөөлөр менен өз ара аракети:

Сары суудагы хромограниндин А (CgA) денгээли, ашказан кычкылдуулугун төмөндөтүүгө шартталган дарыдан кийин экинчи ирет жогорулайт. Нейроэндокриндик жаңы пайда болуулардын диагностикалык изилдөөлөрүндө жогорулаган CgA деңгээли жалган оң жыйынтыктарды пайда кылышы мүмкүн.  Дарыгерлер PPI менен дарылоону CgA деңгээлинин баасына чейин убактылуу токтотушу керек жана эгер CgA нын баштапкы деңгээли жогору болсо, тести кайталоонун башка түрүн карап чыгуу керек. Эгер бир катар тестер аткарылган болсо (мисалы, мониторинг үчүн), тестер ортосундагы референттик маани вариациялангандыктан, тестер үчүн ошол эле коммерциялык лаборатория пайдаланылышы керек.   

Сейрек тукум куучулук оорулары менен фруктозага туруштук бере албаган, глюкоза-галактоздук мальабсорбция же сахароза-изомальтоздук жетишсиздиктери менен ооруган бейтаптар  бул дарыны колдонушу керек. 

Бул дары 1 дозада 1 mmol дон азыраак натрийди (23 мг) камтыйт; бул доза үчүн натрий менен байланышкан кыйыр таасирлер сунушталбайт. 

Бөйрөк функциясы бузулган бейтаптарда лансопразолду колдонуу  

Бөйрөк функциясы бузулган бейтаптарга дозаны түздөөнүн зарылчылыгы жок.  

Боор алсыздыгы бар бейтаптарда лансопразолду колдонуу   

Бейтапта оор боор алсыздыгы бар болсо, лансопразолдун дозасын азайтуу суроосун карап көрүү керек.  

Педиатрияда колдонуу

Клиникалык маалыматтар чектелүү болгондуктан, балдар үчүн колдонуу сунушталган эмес. Гастро-эзофагеалдык рефлюкстук ооруну дарылоодо бар болгон маалыматтар оң таасирлерди көрсөтпөгөндүктөн, 1 жаштан кичине балдарды дарылоодон качуу керек.   

Улгайып калган бейтаптар

Клиренси төмөн улгайып калган адамдар үчүн, өз алдынча керектөөнүн негизинде дозаны түздөө талап кылынышы мүмкүн. Клиникалык зарыл болгон учурлардан башка учурларда 30 мг суткалык дозаны жогорулатуу шарт эмес.    

Кош бойлуулук жана бала эмизүү мезгили

I үч айлыгында каршы көрсөтүлөт. II жана III үч айлыктарда мүмкүн, эгер дарылоонун күтүлгөн пайдасы түйүлдүк үчүн потенциялдык коркунучтан жогору болсо. 

 FDAВ боюнча түйүлдүккө таасир категориясы.

Дарылоо убагында эмчек эмизүүнү токтотуп туруу керек.

 

Унаа каражатын же башка потенциалдык кооптуу механизмдерди башкаруу жөндөмдүүлүгүнө тийгизген таасири 

Баш айлануу, вертиго, көрүүнүн бузулушу жана уйкусуроо сыяктуу мүмкүн болгон кыйыр таасирлерден улам, унаа каражатын же башка потенциалдык кооптуу механизмдерди башкарууда этияттоо сунушталат.   

 

Дарылык өз ара таасири жана өз ара таасирдин башка түрлөрү 

Лансопразолдун башка дарыларга тийгизген таасири  

рН көз каранды, абсорбциясы бар дарылар

Лансопразол дарылардын абсорбциясына таасир бериши мүмкүн, айрыкча биожеткиликтүүлүк кесепетинен улам рН керектүү болгондор үчүн.

Атазанавир: лансопразолду (60 мг күнүнө бир ирет) атазанавир 400 мг менен кошуп дайындоодо дени сак ыктыярдууларда атазанавирдин таасиринин маанилүү төмөндөшүнө алып келээрин (AUC жана Cmax да болжол менен 90% га төмөндөө) изилдөө көрсөткөн. Лансопразолду атазанавир менен кошуп дайындоого болбойт (4.3 пункту карайбыз).

Кетоконазол жана итраконазол: ашказан кычкылдуулугу бар болгондуктан, АИЖ да кетоконазол жана итраконазолдун абсорбциясы күчөйт. Лансопразолду дайындоо кетоконазолдун жана итраконазолдун суб-терапевтикалык концентрацияларына алып келет, ошондуктан бул комбинациядан оолак болуу керек.   

Дигоксин: лансопразол менен дигоксинди кошуп дайындоо плазмадагы дигоксин деңгээлинин жогорулашына алып келет. Плазмадагы дигоксин деңгээлин текшерип туруу керек жана зарыл болгон учурда, лансопразол менен дарылоонун башында жана аягында дигоксиндин дозасын түздөө керек.

 P450 энзимдери менен метаболизденген дарылык заттар.

Лансопразол плазмадагы CYP3A4 менен метаболизденген дарылык заттардын концентрациясын жогорулатышы мүмкүн. Лансопразолду ушул энзим менен метаболизденген жана тар терапевтикалык багытты ээлеген дарылар менен кошууда этияттыкты сактоо сунушталат.

Теофиллин: лансопразол плазмадагы теофиллиндин концентрациясын төмөндөтөт, мындай дозада күтүлгөн клиникалык таасирди төмөндөтөт.   Бул эки дарыны кошууда этияттыкты сактоо сунушталат.    

Такролимус: лансопразол менен кошуп колдонуу плазмадагы такролимустун концентрациясын жогорулатат (a CYP3A жана P-gp субстрат). Лансопразолдун таасири   такролимустин орточо таасирин 81% га чейин жогорулатат. Качан лансопразол менен кошуп дарылоону баштаганда же аяктаганда плазмадагы такролимустун мониторинги сунушталат.   

P-гликопротеин менен ташылган дарылык заттар

Лансопразол протеин транспортун, Р-гликопротеинди (P-gp) in vitro ингибирлейт. Клиникалык маанилүүлүгү белгисиз.   

Башка дарылардын лансопразолго тийгизген таасири

CYP2C19 ингибирлеген дарылар

Флувоксамин: лансопразолду CYP2C19 флувоксамин ингибитору менен кошууда дозаны азайтса болот. Плазмадагы лансопразолдун концентрациясы 4 эсе жогорулайт.  

 CYP2C19 жана CYP3A4ны индуциялаган дарылар

CYP2C19 жана CYP3A4 га таасир берүүчү энзимдердин индукторлору, мисалы, рифампицин, сары чай чөп (Hypericum perforatum) сары суудагы концентрацияны бир кыйла төмөндөтөт. 

Башкалар

Сукральфат/антациддер: сукральфат/антациддер лансопразолдун биожеткиликтүүлүгүн төмөндөтүшү мүмкүн.  Андыктан, лансопразолду бул дарылардан бир сааттан эрте эмес колдонуу керек. 

Клиникалык изилдөөлөрдө антациддерди лансопразол менен дайындашкан жана лансопразолдун таасирдүүлүгүнүн өзгөрүшүнүн тастыктоосу болгон эмес.

NSAI менен лансопразолдун клиникалык маанилүү өз ара аракетин көрсөткөн изилдөөлөр жүргүзүлгөн эмес.  

 

Кыйыр таасирлери

Лансопразол менен байланышкан клиникалык изилдөөлөрдө өтө көп белгиленген кыйыр таасирлер жана дары препараттары менен байланышкан кыйыр реакциялар органдар системасынын классификациясына жана жыштыгына ылайык төмөндө келтирилди: 

Кыйыр таасирлердин жыштыгы тез-тез (≥ 1/100 дөн < 1/10 чейин), тез эмес (≥ 1/1000 ден < 1/100 чейин); сейрек (≥ 1/10000 ден < 1/1000 чейин); абдан сейрек (< 1/10000), белгисиз (болгон маалыматтан эсептөөгө болбойт) болуп аныкталат.

Тез-тез

- баш ооруу, баш айлануу

- көңүл айнуу, кусуу, ичтин оорушу, метеоризм, ич өтүү, ич катуу, ооздун же тамактын кургоосу, ашказан түбүндөгү темирдүү полиптер (оң сапаттуу)

- боор ферменттеринин деңгээлинин жогорулашы 

- бөрү жатыш, тери кызамыгы жана кычышуу 

- чарчоо сезими

Тез эмес

- тромбоцитопения, эозинофилия, лейкопения

- депрессия

- артралгия, миалгия, сан сөөктөрдүн, кырк муундун же омуртканын сыныгы 

- шишимик

Сейрек  

- анемия

- уйкусуздук, галлюцинация, аң сезимдин чаташуусу

- тынчсыздануу, парестезия, уйкусуроо, тремор

- көрүүнүн бузулуусу

- глоссит, кызыл өңгөч кандидозу, панкреатит, даамдын бузулушу 

- гепатит, сарык

- петехия, пурпура, чачтын түшүүсү, мультиформалык эритема, фотосенсибилизация

- интерстициалдык нефрит

- гинекомастия

- лихорадка, терчилдик, Квинке шишимиги, анорексия, импотенция

Өтө сейрек

- агранулоцитоз, панцитопения

- колит, оозул

- Стивенс-Джонсон синдрому, уулантуучу эпидермалдык некролиз

- анафилактикалык шок

- холестериндин жана триглицериддердин деңгээлинин жогорулашы, гипонатриемия

Белгисиз

- курч кармоонун алдындагы кызыл канчоо 

- гипомагниемия

Ашыкча доза

Симптомдору: кыйыр таасирлердин күчөшү 

Дарылоо: ашказанды жууп тазалоо, активдештирилген көмүр, симптоматикалык дарылоо.

Жарактуулук мөөнөтү

4 жыл

Сактоо шарты

      30°C дан жогору эмес аба табында сактоо керек, бекем жабылган капкагы менен. Капсулаларды таңгакчаны биринчи ачкандан кийин бир ай аралыгында колдонуу керек.  Эгер бир айда жетишпесеңер, калып калган капсулаларды колдонууга болбойт, ар бир колдонгондо флаконду бекем жапкыла.      

      Берүү шарты

Рецепт боюнча.

 

Таңгакчасы

28 капсуладан полиэтилен флакондо. 1 флакондон медициналык колдонуу боюнча нускамасы менен бирге кутучага салынат. 

Өндүрүүчү

Deva Holding A.Ş.

Çerkezköy Organize Sanayi Bölgesi,

Karaağaç Mah. Atatürk Cad.

No:32 Kapaklı/TEKİRDAĞ/Tүркия

Лицензиянын ээси:

Deva Holding A.ġ.    

Юридикалык дареги: Halkalı Merkez Mah. Basın Ekspres Cad. No: 1 34303 Küçükçekmece/Стамбул/Түркия

Phone: +90 212 692 92 92

Fax: +90 212 697 00 24

Свернуть
Кайдан сатып алуу керек

Препараты компании "Asian Med Trade" можно приобрести во всех аптеках Кыргызстана, в том числе и в собственной розничной сети аптек и фарммаркетов  "Фарм - Сервис" : 

Сеть аптек  "Неман-Фарм"

0 312 68 91 41 ;  0 555 68 91 41 

Сеть аптек  "Лекарь"

0312 91 60 00 ; 0556 91 60 00

Сеть аптек  "Айболит" 0312 54 28 39
Сеть аптек  "Бимед"  0 551 71 73 22
Центральная аптека в г.Бишкек 0312 66 55 00

Собственная розничная сеть фарммаркетов и  аптек «Фарм - Сервис»: 

Аптеки Адреса Телефон
1 Аптека 1 г.Бишкек,ул.Ахунбаева 131-18 0312 54 54 13
2 Аптека 2 г.Бишкек,ул. Тыналиева 3/3 Джал 29 0312 88 00 35
3 Аптека 3 г.Бишкек,ул.Токомбаева 53/2 0312 29 84 70
4 Аптека 4 г.Бишкек,ул.Юнусалиева 52/3 0312 88 46 30
5 Аптека 5 г.Бишкек,ул. Ахунбаева 202, Джал 23 0312 88 13 68
6 Аптека 6 г.Бишкек,мкр. Асанбай, 52а 0555 37 55 36
7 Аптека 7 г.Бишкек,ул. 7 Апреля 13а 0312 88 10 36
8 Аптека 8 г.Бишкек,ул.Бейшеналиева,29 0550 54 44 60
9 Аптечный пункт 1 г.Бишкек,ул.Логвиненко 30 ЦСМ №3 0312 88 11 50
10 Аптечный пункт 2 г.Бишкек,5мкр.,д10,кв8 0312 51 64 45
11 Аптечный пункт 6 г.Бишкек,ул.Абдрахманова, 182 0312 88 69 43