Спазмастоп

Ичегинин функционалдык бузулууларын дарылоо үчүн каражат

Колдонуу боюнча нускама

 

СПАЗМАСТОП

Соодадагы аталышы

СПАЗМАСТОП

Эл аралык патенттелбеген аталышы (ЭПА)

Drotaverine

Дарынын түрү

Таблеткалар

 

Курамы:

Ар бир таблетка төмөнкүлөрдү камтыйт:

Активдүү зат:

Дротаверин гидрохлориди

40 мг

Көмөкчү заттар: лактоза моногидраты, повидон, микрокристаллдык целлюлоза, натрий кроскармеллозасы жана магний стеараты.

Сүрөттөмөсү

Тегерек түзүлүштөгү,  жалпак, жашыл сымал түспөлдөгү, сары же ачык-сары түстөгү таблеткалар.

Фармадарылык тобу

Ичегинин функционалдык бузулууларын дарылоо үчүн каражаттар. Папаверин жана анын туундулары.

ATХ коду А03AD02.

Фармакологиялык касиеттери

Фармакодинамикасы

Дротаверин – изохинолиндин туундусу, ал фосфодиэстераза 4 (ФДЭ-4) ферментин ингибирлөө жолу аркылуу жылма булчуӊдарга спазмолитикалык таасир берет. ФДЭ-4 ферментин ингибирлөө циклдүү аденозинмонофосфаттын (цАМФ) концентрациясынын жогорулоосуна алып келет, бул болсо миозиндин киназасынын жеӊил чынжырын инактивдештирет (MLCK), бул болсо, өз кезегинде жылма булчуӊдардын бошоӊдоосуна алып келет.

Дротаверин ФДЭ-3 жана  ФДЭ-5 изоферменттерин ингибирлебей, ФДЭ-4 ферментин in vitro ингибирлейт. Кыязы, ФДЭ-4 функционалдык жактан жылма булчуӊдардын жыйрылуу жөндөмдүүлүгүн төмөндөтүү үчүн абдан маанилүү, ошондуктан ФДЭ-4 селективдүү ингибиторлору гиперкинетикалык ооруларды жана ашказан-ичегижолунун (АИЖ) карышкан абалдары менен байланыштуу болгон ооруларды  дарылоодо натыйжалуу болушу мүмкүн.

Миокарданын жана кан тамырлардын жылма булчуӊдарынын клеткаларында  цАМФ гидролиздеген фермент  болуп негизинен ФДЭ-3 изоферменти эсептелет, бул болсо жүрөк-кан тамыр системасына олуттуу жагымсыз реакциялар жана жүрөк-кан тамыр системасына айкын таасир жок болгон учурда  дротавериндин спазмолитик катары жогорку натыйжалуулугун түшүндүрөт. Дротаверин нерв жана булчуӊ этиологиясындагы жылма булчуӊдардын карышууларында натыйжалуу болуп саналат. Вегетативдик иннервациянын тибине көз карандысыз түрдө дротаверин АИЖ, өт суюктугун  чыгаруу жолдорунун, ошондой эле заара-жыныс жана кан-тамыр  системаларынын жылма булчуӊдарына таасир берет. Тамыр кеӊейтүүчү таасирдин жардамы менен  дротаверин  ткандарды кан менен камсыз кылууну жакшыртат.

Фармакокинетикасы

Сиӊирүү жана бөлүштүрүү

Ичип кабыл алууда ашказан-ичеги жолунда тез жана толугу менен абсорбцияланат. Плазмада эӊ жогорку концентрациясына (Сmax)  45 – 60 мин ичинде жетет. Биожеткиликтүүлүгү болжол менен 100 % түзөт. Ткандарга текши бөлүштүрүлөт, жылма булчуӊдуу  клеткаларга сиӊет.

Зат алмашуу жана бөлүп чыгаруу

Боордо зат алмашат. 72 сааттан кийин дротаверин организмден бөлүнүп чыгат, дарынын 50 % дан ашыгы бөйрөктөр тарабынан (негизинен метаболиттер түрүндө) жана болжол менен 30 % ашказан-ичеги жолу аркылуу  (өткө экскреция) бөлүнүп чыгат.

Колдонууга көрсөтмөлөр

- билиардык жолдун оорулары менен байланыштуу болгон жылма булчуӊдардын карышуулары: өт-таш оорусу, холангит, папиллит, холецистит, перихолецистит;

- заара чыгаруу  системасынын жылма булчуӊдарынын карышуулары: бөйрөк-таш оорусу, заара-таш оорусу, пиелит, цистит, табарсыктын тенезмалары;

Кошумча дарылоо катары:

- АИЖ жылма булчуӊдарынын карышууларында: ашказандын жана он эки эли ичегинин жара оорусу, пилороспазм, гастрит, энтерит, ич катуу жана  метеоризм менен коштолгон колит;

- баш оорулары, чыӊалуулар (ичип кабыл алуу үчүн) ;

- гинекологиялык ооруларда (дисменорея).

Каршы көрсөтмөлөр

- дротаверинге же дарынын курамдык бөлүктөрүнүн бирине жогорку сезимталдуулук;

- айкын боор же бөйрөк алсыздыгы;

- оор жүрөк жетишсиздиги (жүрөктүн бүркүүсүнүн төмөндөөсү);

- жүрөк ыргагынын бузулуусу (II жана III - даражадагы АV бөгөт);

- галактозаны тукум-куучулук көтөрө албастык, лактазанын жетишсиздиги, глюкоза-галактоза мальабсорбция синдрому;

- 6 жашка чейинки балалык курак.

Колдонуу жолу жана дозасы

Дары пероралдык түрдө кабыл алынат, таблетканы бүтүн бойдон, чайнабай жана майдалабай, жетиштүү өлчөмдөгү суу менен жутуу сунушталат. Дары тамактанууга көз карандысыз кабыл алынат.

Чоӊдорго адаттагы доза суткасына 2-3 жолу 1-2 таблетканы (40-80 мг) түзөт. Дарынын эӊ жогорку суткалык дозасы 240 мг түзөт.

Балдардын катышуусунда дротаверинди колдонуу менен клиникалык изилдөөлөр жүргүзүлгөн эмес.

Спазмастоп дарысын төмөнкү учурларда дайындаганда:

6 дан 12 жашка чейинки курактагы балдарга адатта суткасына 1-2 жолу  1 таблеткадан (40 мг дары) дайындалат.

12 жаштан жогорку курактагы балдарга адатта суткасына 1-4 жолу  1 таблеткадан (40 мг дары) дайындалат. Эӊ жогорку суткалык доза – 160 мг (4 табл.)

Кыйыр таасири

Төмөндө көрсөтүлгөн кыйыр реакциялардын пайда болуу жыштыгы БСУ бөлүштүрүүсүнө ылайык аныкталган: абдан жыш (>1/10), жыш (>1/100 дөн <1/10 чейин), жыш эмес (≥1/1000 ден <1/100 чейин), сейрек (≥1/10 000 ден <1/1000 чейин), абдан сейрек (<1/10 000 ден баштап), ошондой эле өзүнчө маалыматтар болгон.

АИЖ тарабынан: сейрек – көӊүл айнуу, ич катуу.

Борбордук нерв системасы тарабынан: сейрек – баш оору, баш айлануу, уйкусуздук.

Жүрөк-кан тамыр системасы тарабынан: сейрек – жүрөктүн тез согуусу, абдан сейрек – артериялык басымдын төмөндөөсү.

Иммундук система тарабынан: сейрек – аллергиялык реакциялар (ангионевротикалык шишимик, бөрү жатыш, бөртмө, кычышуу)

Башка дары каражаттары менен өз ара таасири

Сиз кандайдыр бир башка каражаттарды кабыл алып жатсаӊыз, алар тууралуу сөзсүз түрдө дарыгерге маалымдаӊыз!

Леводопа менен

Коштоп колдонуу учурунда дротаверин леводопанын паркинсонго каршы натыйжалуу таасирин басаӊдатышы мүмкүн, башкача айтканда карышууну жана титирөөнү күчөтүшү мүмкүн.

Папаверин, бендазол жана башка спазмолитиктер менен (ошондой эле м-холинобөгөттөгүчтөр менен)

Спазмолитикалык таасир күчөйт.

Морфин менен

Морфиндин спазмогендик активдүүлүгү төмөндөйт.

Фенобарбитал менен

Дротавериндин спазмолитикалык таасири күчөйт.

Өзгөчө көрсөтмөлөр:

Коронардык артериялардын атеросклерозуна күмөндүү бейтаптарга этияттык менен дайындалат.

Дарыны кош бойлуулукта жана бала эмизүү мезгилинде колдонуу

Дротаверин тератогендик жана эмбриотоксиндүү таасирге ээ эмес. Бирок, Спазмастоп каражатын кош бойлуулукта колдонуу зарыл болгон учурда этият болуу керек жана дарыны эне үчүн потенциалдык пайдасы менен түйүлдүк үчүн мүмкүн болгон коркунучтун ара катышын баамдоодон кийин гана дайындоо керек.

Керектүү клиникалык маалыматтар жок болгондугуна байланыштуу Спазмастоп каражатын бала эмизүү мезгилинде дайындоо сунушталбайт.

Авто унааны айдоо жана  механизмдерди башкаруу жөндөмдүүлүгүнө таасир берүүсү

Дарылык дозаларда ичип кабыл алууда  дротаверин  авто унааны айдоо жана жогорку көӊүл бөлүү концентрациясын талап кылган иштерди аткаруу жөндөмдүүлүгүнө таасир бербейт.

Кандайдыр бир кыйыр реакциялар пайда болгон учурда авто унааны айдоо жана механизмдер менен иштөө маселесин жеке түрдө карап чыгуу керек. Дарыны кабыл алуудан кийин баш айлануу пайда болсо, авто унааны айдоо жана механизмдер менен иштөө сыяктуу потенциалдык кооптуу ишмердүүлүктүн түрү менен алектенүүдөн оолак болуу керек.

Ашыкча доза

AV бөгөт, жүрөктүн булчуӊунун дүүлүгүүсүнүн төмөндөөсү, аритмиялар, артериялык басымдын төмөндөөсү.

Чыгаруу формасы

Таблеткалар 40 мг.

20 таблетка Ал/ПВХ блистерде

1 блистер колдонуу боюнча нускамасы менен кошо картон кутучада.

Сактоо шарты

25°С дан жогору эмес аба табында сактоо керек.

Балдар жетпеген жерде сактоо керек!

Жарактуулук мөөнөтү

3 жыл.

Таӊгакта көрсөтүлгөн жарактуулук мөөнөтү аяктагандан кийин колдонууга болбойт

Чыгаруу шарты

Рецепти жок.

Өндүрүүчүнүн аталышы жана дареги

АДИФАРМ ЕАД

Симеоновское шоссе бульвары, № 130.

Болгария, 1700 София

Каттоо күбөлүгүнүн ээси

АДИФАРМ ЕАД

Симеоновское шоссе бульвары, № 130.

Болгария, 1700 София

КР өкүлчүлүгү (арыздарды кабыл алуучу уюм)

«DasMed» ЖЧК

Кыргыз Республикасы, Бишкек ш., Садыгалиева көчөсү, 1

Тел. +996 312 35 75 42 (ички номери 104)

e-mail: product@dasmed.kg 

Свернуть
Кайдан сатып алуу керек

Препараты компании "Asian Med Trade" можно приобрести во всех аптеках Кыргызстана, в том числе и в собственной розничной сети аптек и фарммаркетов  "Фарм - Сервис" : 

Сеть аптек  "Неман-Фарм"

0 312 68 91 41 ;  0 555 68 91 41 

Сеть аптек  "Лекарь"

0312 91 60 00 ; 0556 91 60 00

Сеть аптек  "Айболит" 0312 54 28 39
Сеть аптек  "Бимед"  0 551 71 73 22
Центральная аптека в г.Бишкек 0312 66 55 00

Собственная розничная сеть фарммаркетов и  аптек «Фарм - Сервис»: 

Аптеки Адреса Телефон
1 Аптека 1 г.Бишкек,ул.Ахунбаева 131-18 0312 54 54 13
2 Аптека 2 г.Бишкек,ул. Тыналиева 3/3 Джал 29 0312 88 00 35
3 Аптека 3 г.Бишкек,ул.Токомбаева 53/2 0312 29 84 70
4 Аптека 4 г.Бишкек,ул.Юнусалиева 52/3 0312 88 46 30
5 Аптека 5 г.Бишкек,ул. Ахунбаева 202, Джал 23 0312 88 13 68
6 Аптека 6 г.Бишкек,мкр. Асанбай, 52а 0555 37 55 36
7 Аптека 7 г.Бишкек,ул. 7 Апреля 13а 0312 88 10 36
8 Аптека 8 г.Бишкек,ул.Бейшеналиева,29 0550 54 44 60
9 Аптечный пункт 1 г.Бишкек,ул.Логвиненко 30 ЦСМ №3 0312 88 11 50
10 Аптечный пункт 2 г.Бишкек,5мкр.,д10,кв8 0312 51 64 45
11 Аптечный пункт 6 г.Бишкек,ул.Абдрахманова, 182 0312 88 69 43