Фильтрум®

Фильтрум®

Фильтрум®

гидролиздик лигнин (100 % затка эсептегенде) – 400,00 мг

Колдонуу боюнча нускама

 

 

ФИЛЬТРУМ

Дарынын соодадагы аталышы: Фильтрум

Эл аралык патенттелбеген аталышы: жок

Дарынын түрү: таблеткалар

Сүрөттөмөсү:

Капсула сымал, эки тарабы дөмпөйгөн, күңүрт-күрөң түстөгү, боз түстөн күрөң түскө чейинки быдырлары, экиге бөлүүчү сызыгы бар таблеткалар.

Бир таблетканын курамы:

Активдүү зат: гидролиздик лигнин (100 % затка эсептегенде) – 400,00 мг,

Көмөкчү заттар: повидон К 17 (поливинилпирролидон), тальк, кальций стеараты, коллоиддик кремний диоксиди, натрий кроскармеллозасы, микрокристаллдык целлюлоза.

 

Фармадарылык тобу:

Тамак сиңирүү жана зат алмашууга таасир берүүчү препараттар. Ич өтүүгө каршы. Ичеги  адсорбенттери. Ичегинин башка адсорбенттери.

АТХ коду: А07ВС.

Фармакологиялык касиеттери

Фильтрум – табигый энтеросорбент, түзүлүштүк элементтери фенилпропандын жана гидроцеллюлозанын туундулары болгон жана жыгачтын курамындагылардын гидролизинин өндүрүмү – лигнин полимеринен турат.

Жогорку сиңирүүчү активдүүлүккө жана спецификалык эмес дезинтоксикациялык таасирге ээ.

Организмден патогендик бактерияларды жана бактериялык токсиндерди, дары каражаттарды, ууларды, оор металлдардын туздарын, алкоголду, аллергендерди, ошондой эле кээ бир зат алмашуу өндүрүмдөрүн, анын ичинде билирубинди, холестеринди, мочевинаны, эндогендик токсикоздун өрчүүсүнө жооптуу метаболиттерди байлап чыгарат.

Токсиндүү эмес, сиңбейт, 24 сааттын ичинде ичегиден толук бөлүнүп чыгат.

Колдонууга көрсөтмөлөр

Ар кандай себептен пайда болгон экзогендик жана эндогендик интоксикацияларда чоңдордо жана балдарда дезинтоксикациялык каражат катары колдонулат:

- дары каражаттары, алкалоиддер, оор металлдардын туздары, алкоголь жана башка уулар менен курч уулануулар;

- тамак-аш токсикоинфекцияларды, сальмонеллезди, дизентерияны, диспепсияны комплекстүү дарылоо;

- айкын интоксикация менен коштолгон ириңдүү-сезгенген оорулар;

- гипербилирубинемия жана гиперазотемия (боор жана бөйрөк алсыздыгы);

- тамак-ашка жана дарыларга аллергия;

- зыяндуу өндүрүш кызматкерлеринде өнөкөт интоксикацияларга алдын ала чара көрүү.

Каршы көрсөтмөлөр

Препаратты жекече көтөрө албастык. Препаратты  ашказан жана он эки эли ичегинин жара оорусу курчуганда, ичеги атониясында мүмкүн болсо колдонбош керек.

Колдонуу жолу жана дозасы

Мүмкүн болсо алдын ала майдалап алып, тамактанууга жана башка дары каражаттарды кабыл алууга 1 саат калганда суу менен ичип кабыл алынат.

Дарынын дозасы куракка, дене салмакка жана оорунун оордугуна жараша болот, препарат күнүнө  3-4 жолу кабыл алынат, орточо бир жолку доза  1 жашка чейинки балдар үчүн - 1/2 таблетканы; 1-3 жаштагыларга - ½-1 таблетканы; 4-7 жаштагыларга - 1 таблетканы; 7-12 жаштагыларга - 1-2 таблетканы; чоңдорго - 2-3 таблетканы түзөт.

Зарыл болгон учурда дарыгердин сунуштоосу менен  суткалык доза 3-4 кабыл алууга 20-30 г чейин жогорулатылышы мүмкүн.

Курч абалдарда дарылоонун созулуу убактысы 3-5 күн, аллергиялык ооруларда жана өнөкөт интоксикацияларда 14-21 күнгө чейин болот.

Дарылоонун кайталоо  курстары  2 жумадан кийин дарыгердин сунуштоосу боюнча жүргүзүлөт.

Кыйыр таасири

Сейрек – аллергиялык реакциялар, ич катуу.

Узак убакыт бою колдонуу  витаминдерди, кальцийди сиңирүүнүн бузулуусуна алып келиши мүмкүн, мындан улам поливитаминдерди жана кальций каражаттарын алдын ала чара көрүү үчүн кабыл алуу сунушталат.

Кандайдыр бир жагымсыз реакциялар пайда болсо, алар тууралуу дарылап жаткан дарыгерге же  фармацевтикалык кызматкерге маалымдоо керек.

Бул сунуш нускамада көрсөтүлгөн жана башка бардык жагымсыз реакцияларга тиешелүү. Сиз жагымсыз реакциялар, ошондой эле дары каражаттын натыйжалуу эмес болгондугу тууралуу түздөн-түз тиешелүү органга да маалымдай аласыз. Маалыматты ыңгайлуу бардык жол аркылуу берүүгө болот (телефон, электрондук маалымат, почта аркылуу).

Жагымсыз реакциялар тууралуу маалымдап, Сиз дарынын коопсуздугу боюнча көбүрөөк маалымат алууга жардам бересиз.

Өзгөчө көрсөтмөлөр

Препаратты кабыл алууда өзгөчө алдын алуу этияттык чаралары талап кылынбайт.

Фильтрум дары каражатын кабыл алууну токтотуудан кийин «токтотуунун» кандайдыр бир симптомдорунун өрчүүсү күтүлбөйт.

Бир же бир канча дозаларды өткөрүп алган учурда атайын чара көрүү талап кылынбайт, зарыл болгон учурда дарылоо курсун оңдоп-түзөө үчүн бейтап дарылап жаткан дарыгерине кеңеш алууга кайрылуусу керек.

Өткөрүп алган дозаны толуктоо үчүн  Фильтрум дары каражатынын таблеткаларынын санын өз алдынча жогорулатуу максатка ылайык келбейт.

Фильтрум дары каражатын колдонуу жолу боюнча сунуштоолор медицинада колдонуу боюнча нускаманын «Колдонуу жолу жана дозасы» бөлүмүндө толук сүрөттөлгөн. Фильтрум дары каражатын колдонуу боюнча кошумча суроолор бар болсо, дарылап жаткан дарыгерге кайрылуу керек.

Өз-өзүнчө кабыл алуу эрежелери сакталса, дарыны башка дары каражаттары менен  комплекстүү дарылоодо колдонууга болот.

Бейтаптардын өзгөчө топторуна колдонуу

Балдар

Ар кандай курактагы балдар үчүн Фильтрум дарысынын дозалары  медицинада колдонуу боюнча нускаманын «Колдонуу жолу жана дозасы» бөлүмүндө толук сүрөттөлгөн.

Улгайган бейтаптар

Улгайган курактагы бейтаптарга дозаны оңдоп-түзөө зарылчылыгы тууралуу маалыматтар жок.

Бөйрөк функциясы бузулган бейтаптар

Бөйрөк функциясынын бузулуусу бар бейтаптарга дозаны оңдоп-түзөө зарылчылыгы тууралуу маалыматтар жок.

Боор функциясы бузулган бейтаптар

Боор функциясынын бузулуусу бар бейтаптарга дозаны оңдоп-түзөө зарылчылыгы тууралуу маалыматтар жок.

Кош бойлуулук же бала эмизүү мезгилинде колдонуу

Дарыны кош бойлуулук жана бала эмизүү мезгилинде колдонуу тууралуу маалыматтар жок.

Фертилдүүлүк

Фильтрум дары каражатынын эркектердин жана айымдардын фертилдүүлүгүнө таасир берүүсү тууралуу маалыматтар жок.

Унаа каражаттарды башкарууда же башка механизмдер менен иштөөдө реакциянын ылдамдыгына таасир берүү жөндөмдүүлүгү

Унаа каражаттарды башкарууда же башка механизмдер менен иштөөдө реакциянын ылдамдыгына таасир берүүсү тууралуу маалыматтар жок.

Фильтрум дарысынын унаа каражаттарды жана механизмдерди башкаруу жөндөмдүүлүгүнө өзгөчө таасир берүүсү күтүлбөйт же бул таасири өтө төмөн болот.

Ашыкча доза

Азыркы учурда Фильтрум препараты менен ашыкча дозалануу учурлары тууралуу маалымдалган эмес.

Башка дары каражаттары менен өз ара таасири

Кээ бир ичип кабыл алынып жаткан дары каражаттардын дарылык натыйжалуу таасирлери төмөндөшү мүмкүн. Фильтрум энтеросорбциялык дары каражаты болгондугун эске алып, башка дары каражаттары менен колдонууда өз-өзүнчө кабыл алуунун эрежелерин сактоо керек.

Чыгаруу формасы

Лакталып басылган алюминий фольгасынан жана поливинилхлорид жука чел кабыгынан турган  контурлуу уячалуу таңгакка 10 таблеткадан салынат.

1 же 5 контурлуу уячалуу таңгак колдонуу боюнча нускамасы менен кошо  картон кутучага салынат.

Жарактуулук мөөнөтү

2 жыл. Дары каражатты таңгакта көрсөтүлгөн жарактуулук мөөнөтү аяктагандан кийин колдонууга болбойт.

Сактоо шарты

Кургак, жарыктан корголгон жерде, 30°С дан жогору эмес аба табында сактоо керек.

Балдар жетпеген жерде сактоо керек.

Дарыканалардан берүү шарты

Рецепти жок.

Өндүрүүчү

«АВВА РУС» АК, Россия, 610044, Киров обл., Киров ш., Луганская көч., үй 53А.

Тел.: +7 (8332) 25-12-29, +7 (495) 956-75-54

Каттоо күбөлүгү берилген юридикалык жактын аталышы жана дареги

«АВВА РУС» АК, Россия,

121614, Москва ш., Крылатские Холмы көч., 30-үй, 9-корп.

Тел./факс: +7 (495) 956-75-54

avva.com.ru

filtrum.eu

Фарма көзөмөлгө жооптуу уюм (керектөөчүлөрдөн жагымсыз көрүнүштөр / дарылык таасирдин жоктугу, медициналык маалымат жана  дарынын соодада айлануусу боюнча башка маселелер  тууралуу маалыматтарды / суроолорду кабыл алуу үчүн):

«DasMed» ЖЧКсы, Кыргыз Республикасы,

720043, Бишкек ш., Садыгалиев көч., 1

Тел.: +996 312 35 75 42, Сот.: +996 558 55 99 38 (24/7)

e-mail: product@dasmed.kg

Свернуть
Кайдан сатып алуу керек

Препараты компании "Asian Med Trade" можно приобрести во всех аптеках Кыргызстана, в том числе и в собственной розничной сети аптек и фарммаркетов  "Фарм - Сервис" : 

Сеть аптек  "Неман-Фарм"

0 312 68 91 41 ;  0 555 68 91 41 

Сеть аптек  "Лекарь"

0312 91 60 00 ; 0556 91 60 00

Сеть аптек  "Айболит" 0312 54 28 39
Сеть аптек  "Бимед"  0 551 71 73 22
Центральная аптека в г.Бишкек 0312 66 55 00

Собственная розничная сеть фарммаркетов и  аптек «Фарм - Сервис»: 

Аптеки Адреса Телефон
1 Аптека 1 г.Бишкек,ул.Ахунбаева 131-18 0312 54 54 13
2 Аптека 2 г.Бишкек,ул. Тыналиева 3/3 Джал 29 0312 88 00 35
3 Аптека 3 г.Бишкек,ул.Токомбаева 53/2 0312 29 84 70
4 Аптека 4 г.Бишкек,ул.Юнусалиева 52/3 0312 88 46 30
5 Аптека 5 г.Бишкек,ул. Ахунбаева 202, Джал 23 0312 88 13 68
6 Аптека 6 г.Бишкек,мкр. Асанбай, 52а 0555 37 55 36
7 Аптека 7 г.Бишкек,ул. 7 Апреля 13а 0312 88 10 36
8 Аптека 8 г.Бишкек,ул.Бейшеналиева,29 0550 54 44 60
9 Аптечный пункт 1 г.Бишкек,ул.Логвиненко 30 ЦСМ №3 0312 88 11 50
10 Аптечный пункт 2 г.Бишкек,5мкр.,д10,кв8 0312 51 64 45
11 Аптечный пункт 6 г.Бишкек,ул.Абдрахманова, 182 0312 88 69 43