Лактофильтрум®

Колдонуу боюнча нускама

 

ЛАКТОФИЛЬТРУМ

 

Дарынын соодадагы аталышы: Лактофильтрум

Эл аралык патенттелбеген аталышы: жок

Дарынын түрү: таблеткалар

Сүрөттөмөсү

Капсула сымал, эки тарабы дөмпөйгөн, күңүрт-күрөң түстөгү, ак-боз быдырлары, сызыгы бар таблеткалар.

Бир таблетканын курамы:

Активдүү заттар: гидролиздик лигнин (кургак затка эсептегенде) - 355 мг, лактулоза (100 % затка эсептегенде) - 120 мг.

Көмөкчү заттар: натрий кроскармеллозасы, магний стеараты, микрокристаллдык целлюлоза.

Фармадарылык тобу

Тамак сиңирүү жана зат алмашууга таасир берүүчү препараттар. Ич өтүүгө каршы препараттар. Ичеги  адсорбенттери. Ичегинин башка адсорбенттери.

ATX коду: A07BC30.

Фармакологиялык касиеттери

Препараттын фармакологиялык таасири курамына кирген активдүү бөлүктөрү – лигниндин жана лактулозанын касиеттери менен шартталат.

Гидролиздик лигнин - табигый энтеросорбент, ал жыгачтын курамдык бөлүктөрүнүн гидролизинин өндүрүмдөрүнөн турат, жогорку сиңирүүчү активдүүлүккө жана спецификалык эмес дезинтоксикациялык таасирге ээ. Организмден патогендик бактерияларды жана бактериялык токсиндерди, дары каражаттарды, ууларды, оор металлдардын туздарын, алкоголду, аллергендерди, ошондой эле кээ бир зат алмашуу өндүрүмдөрүн, анын ичинде билирубинди, холестеринди, мочевинаны, эндогендик токсикоздун өрчүүсүнө жооптуу метаболиттерди ичегиде байлап чыгарат.

Токсиндүү эмес, сиңбейт, 24 сааттын ичинде ичегиден толук бөлүнүп чыгат.

Лактулоза - синтетикалык дисахарид, анын молекуласы галактозанын жана фруктозанын калдыктарынан турат. Лактулоза ашказанда жана ичегинин жогорку бөлүктөрүндө сиңирилбейт жана гидролизделбейт. Жоон ичегиде таблеткалардан бошонгон лактулоза субстрат катары ичегинин кадимки микрофлорасы менен ферменттелет, бифидобактериялардын жана лактобацилдердин өсүшүн күчөтөт. Лактулозанын гидролизинин натыйжасында жоон ичегиде органикалык кислоталар түзүлүшөт - сүт, уксус жана кумурска кислоталары, алар патогендик микроорганизмдердин өсүүсүн басынтышат жана натыйжада азотту камтыган токсиндүү заттарды өндүрүүнү азайтышат. Сүрөттөлгөн процесс жоон ичегинин ичинде осмотикалык басымдын жогорулоосуна жылма булчуңдардын толкун сымал кыймылын күчөтүүгө алып келет.

Дарынын комплекстүү таасири жоон ичегинин микробиоценозун калыбына келтирүүгө жана эндогендик токсиндүү абалдардын ыкчамдыгын төмөндөтүүгө багытталган.

Дарыны бактериялык вагинозду (кын дисбиозун) комплекстүү дарылоодо колдонуу дарылоонун натыйжалуулугунун жогорулоосуна, ошондой эле кында лактобацилдердин санынын жогорулоосуна, шарттуу-патогендик флоранын өсүшүн натыйжалуу басынтууга алып келет.

Колдонууга көрсөтмөлөр

Ичеги микрофлорасынын бузулуулары (ичеги дисбактериозу), ошондой эле антибиотик менен дарылоонун натыйжасында; дүүлүккөн ичеги синдромун, гепатиттерди жана боор циррозун; аллергиялык ооруларды (атопиялык дерматит, бөрү жатыш), бактериялык вагинозду (кын дисбиозу) комплекстүү дарылоодо.

Каршы көрсөтмөлөр

Дарыны жеке көтөрө албастык, ичегинин өткөрүмсүздүгү, ашказан-ичеги кан агуулары, галактоземия. Дарыны ашказан жана он эки эли ичегинин жара оорусу курчуганда, ичеги атониясында мүмкүн болсо колдонбош керек.

Колдонуу жолу жана дозасы

Мүмкүн болсо алдын ала майдалап алып, тамактанууга жана башка дары каражаттарды кабыл алууга 1 саат калганда суу менен ичип кабыл алынат.

Ичегинин дисбактериозунда:

  • 12 жаштан жогорку курактагы балдарга жана чоңдорго - 2-3 таблеткадан күнүнө 3 жолу,
  • 8 ден 12 жашка чейинки балдарга - 1-2 таблеткадан күнүнө 3 жолу,
  • 3 төн 7 жашка чейинки балдарга - 1 таблеткадан күнүнө 3 жолу,
  • 1 ден 3 жашка чейинки балдарга - 1/2 таблеткадан күнүнө 3 жолу.

Бактериялык вагиноздо (кын дисбиозунда):

2 таблеткадан күнүнө 3 жолу.

Дарылоо курсунун орточо созулуу убактысы - 2-3 жума.

Дарыны узак убакыт бою колдонуу жана дарылоонун кайталоо курстары дарыгердин сунуштоосу менен гана жүргүзүлүшү керек.

Кыйыр таасири

Препараттын курамдык бөлүктөрүнө аллергиялык реакциялар пайда болушу мүмкүн, сейрек - метеоризм, ич өтүү.

Кандайдыр бир жагымсыз реакциялар пайда болсо, алар тууралуу дарылап жаткан дарыгерге же фармацевтикалык кызматкерге маалымдоо керек.

Бул сунуш нускамада көрсөтүлгөн жана башка бардык жагымсыз реакцияларга тиешелүү. Сиз жагымсыз реакциялар, ошондой эле дары каражаттын натыйжалуу эмес болгондугу тууралуу түздөн-түз тиешелүү органга да маалымдай аласыз. Маалыматты ыңгайлуу бардык жол аркылуу берүүгө болот (телефон, электрондук маалымат, почта аркылуу).

Жагымсыз реакциялар тууралуу маалымдап, Сиз дарынын коопсуздугу боюнча көбүрөөк маалымат алууга жардам бересиз.

Өзгөчө көрсөтмөлөр

Препаратты кабыл алууда өзгөчө алдын алуу этияттык чаралары талап кылынбайт.

Лактофильтрум дары каражатын кабыл алууну токтотуудан кийин «токтотуунун» кандайдыр бир симптомдорунун өрчүүсү күтүлбөйт.

Бир же бир канча дозаларды өткөрүп алган учурда атайын чара көрүү талап кылынбайт, зарыл болгон учурда дарылоо курсун оңдоп-түзөө үчүн бейтап дарылап жаткан дарыгерине кеңеш алууга кайрылуусу керек.

Өткөрүп алган дозаны толуктоо үчүн Лактофильтрум дары каражатынын таблеткаларынын санын өз алдынча жогорулатуу максатка ылайык келбейт.

Лактофильтрум дары каражатын колдонуу жолу боюнча сунуштоолор медицинада колдонуу боюнча нускаманын «Колдонуу жолу жана дозасы» бөлүмүндө толук сүрөттөлгөн. Лактофильтрум дары каражатын колдонуу боюнча кошумча суроолор бар болсо, дарылап жаткан дарыгерге кайрылуу керек.

Өз-өзүнчө кабыл алуу эрежелери сакталса, дарыны башка дары каражаттары менен комплекстүү дарылоодо колдонууга болот.

Бейтаптардын өзгөчө топторуна колдонуу

Балдар

Ар кандай курактагы балдар үчүн Лактофильтрум дарысынын дозалары медицинада колдонуу боюнча нускаманын «Колдонуу жолу жана дозасы» бөлүмүндө толук сүрөттөлгөн.

Улгайган бейтаптар

Улгайган курактагы бейтаптарга дозаны оңдоп-түзөө зарылчылыгы тууралуу маалыматтар жок.

Бөйрөк функциясы бузулган бейтаптар

Бөйрөк функциясынын бузулуусу бар бейтаптарга дозаны оңдоп-түзөө зарылчылыгы тууралуу маалыматтар жок.

Боор функциясы бузулган бейтаптар

Боор функциясынын бузулуусу бар бейтаптарга дозаны оңдоп-түзөө зарылчылыгы тууралуу маалыматтар жок.

Кош бойлуулук же бала эмизүү мезгилинде колдонуу

Дарыны кош бойлуулук жана бала эмизүү мезгилинде колдонуу тууралуу маалыматтар жок.

Фертилдүүлүк

Лактофильтрум дары каражатынын эркектердин жана айымдардын фертилдүүлүгүнө таасир берүүсү тууралуу маалыматтар жок.

Унаа каражаттарды башкарууда же башка механизмдер менен иштөөдө реакциянын ылдамдыгына таасир берүү жөндөмдүүлүгү

Унаа каражаттарды башкарууда же башка механизмдер менен иштөөдө реакциянын ылдамдыгына таасир берүүсү тууралуу маалыматтар жок.

Лактофильтрум дарысынын унаа каражаттарды жана механизмдерди башкаруу жөндөмдүүлүгүнө өзгөчө таасир берүүсү күтүлбөйт же бул таасири  өтө төмөн болот.

Ашыкча доза

Симптомдору: ич катуу, ич оорулары.

Дарылоо: дарыны кабыл алууну токтотуу.

Башка дары каражаттары менен өз ара таасири

Кээ бир ичип кабыл алынып жаткан дары каражаттардын дарылык натыйжалуу таасирлери төмөндөшү мүмкүн. Лактофильтрум энтеросорбциялык дары каражаты болгондугун эске алып, башка дары каражаттар менен колдонууда өз-өзүнчө кабыл алуунун эрежелерин сактоо керек.

Чыгаруу формасы

Лакталып басылган алюминий фольгасынан жана поливинилхлорид жука чел кабыгынан турган контурлуу уячалуу таңгакка 15 таблеткадан салынат.

15 таблеткадан 2 же 4 контурлуу уячалуу таңгак колдонуу боюнча нускамасы менен кошо картон же ошондой сапаттагы кутучага салынат.

Жарактуулук мөөнөтү

3 жыл. Дарыны жарактуулук мөөнөтү аяктагандан кийин колдонууга болбойт.

Сактоо шарты

Нымдан жана жарыктан корголгон жерде, 30°С дан жогору эмес аба табында сактоо керек.

Балдар жетпеген жерде сактоо керек.

Дарыканалардан берүү шарты

Рецепти жок.

Өндүрүүчү

«АВВА РУС» АК, Россия, 610044, Киров обл., Киров ш., Луганская көч., үй 53А.

Тел.: +7 (8332) 25-12-29, +7 (495) 956-75-54

Каттоо күбөлүгү берилген юридикалык жактын аталышы жана дареги

«АВВА РУС» АК, Россия, 121614, Москва ш., Крылатские Холмы көч., 30-үй, 9-корп.

Тел./факс: +7 (495) 956-75-54

avva.com.ru

lactofiltrum.com

Фарма көзөмөлгө жооптуу уюм (керектөөчүлөрдөн жагымсыз көрүнүштөр / дарылык таасирдин жоктугу, медициналык маалымат жана дарынын соодада айлануусу боюнча башка маселелер тууралуу маалыматтарды / суроолорду кабыл алуу үчүн):

«DasMed» ЖЧКсы, Кыргыз Республикасы,

720043, Бишкек ш., Садыгалиев көч., 1

Тел.: +996 312 35 75 42, Сот.: +996 558 55 99 38 (24/7)

e-mail: product@dasmed.k

Свернуть
Кайдан сатып алуу керек

Препараты компании "Asian Med Trade" можно приобрести во всех аптеках Кыргызстана, в том числе и в собственной розничной сети аптек и фарммаркетов  "Фарм - Сервис" : 

Сеть аптек  "Неман-Фарм"

0 312 68 91 41 ;  0 555 68 91 41 

Сеть аптек  "Лекарь"

0312 91 60 00 ; 0556 91 60 00

Сеть аптек  "Айболит" 0312 54 28 39
Сеть аптек  "Бимед"  0 551 71 73 22
Центральная аптека в г.Бишкек 0312 66 55 00

Собственная розничная сеть фарммаркетов и  аптек «Фарм - Сервис»: 

Аптеки Адреса Телефон
1 Аптека 1 г.Бишкек,ул.Ахунбаева 131-18 0312 54 54 13
2 Аптека 2 г.Бишкек,ул. Тыналиева 3/3 Джал 29 0312 88 00 35
3 Аптека 3 г.Бишкек,ул.Токомбаева 53/2 0312 29 84 70
4 Аптека 4 г.Бишкек,ул.Юнусалиева 52/3 0312 88 46 30
5 Аптека 5 г.Бишкек,ул. Ахунбаева 202, Джал 23 0312 88 13 68
6 Аптека 6 г.Бишкек,мкр. Асанбай, 52а 0555 37 55 36
7 Аптека 7 г.Бишкек,ул. 7 Апреля 13а 0312 88 10 36
8 Аптека 8 г.Бишкек,ул.Бейшеналиева,29 0550 54 44 60
9 Аптечный пункт 1 г.Бишкек,ул.Логвиненко 30 ЦСМ №3 0312 88 11 50
10 Аптечный пункт 2 г.Бишкек,5мкр.,д10,кв8 0312 51 64 45
11 Аптечный пункт 6 г.Бишкек,ул.Абдрахманова, 182 0312 88 69 43
Препарат тууралуу видео