Энтеросгель® паста для приема внутрь, 225 г

Энтеросгель® паста для приема внутрь, 225 г
Энтеросгель® паста для приема внутрь, 225 г Бренддин бардык товарларын кароо

Энтеросорбтоочу каражат

Колдонуу боюнча нускама

    

ЭНТЕРОСГЕЛЬ®

                            

Соодадагы аталышы

Энтеросгель®.

Эл аралык патенттелбеген аталышы

Жок

Дарынын түрү

Ичип кабыл алуу үчүн паста.

Курамы:

100 г дары тѳмѳнкүлѳрдү камтыйт:

Активдүү зат:

Полиметилсилоксан полигидраты - 70 г.

Кѳмѳкчү зат:

Тазартылган суу - 30 г.

Сүрѳттѳмѳсү

Бир мүнѳздүү паста сымал актан толук акка чейин түстѳгү, жыты жок паста.

Фармадарылык тобу

Дагы башка ичеги адсорбенттери. Энтеросорбтоочу каражат.

ATX Коду: А07В.

Фармакологиялык касиети

Энтеросгель® гидрофобдук табияттагы кремнийорганикалык матрицанын (молекулярдык губка) жѳнѳкѳй борпоң структурасына ээ, орто молекулярдык токсиндүү метаболиттерге (м.м. 70 ден 1000 ге чейин) гана сорбциондук таасири менен мүнѳздѳлѳт. Энтеросгель® айкын сорбциялык жана детоксикациялык касиетке ээ. Ичеги-карын жолундагы ѳткѳѳлдѳ дары организмден ар кандай табияттагы эндогендик жана экзогендик уулуу заттарды, анын ичинде бактериялар жана бактериалык токсиндерди, антигендерди, тамак-аш аллергендерин, дары каражаттарын жана ууларды, оор металлдардын туздарын, радионуклиддерди, алкоголдорду байлап бѳлүп чыгарып салат. Дары организмден айрым бир зат алмашуу азыктарын, ашыкча билирубинди, мочевинаны, холестерин жана липиддик комплекстерди, ошондой эле эндогендик токсикоздун ѳрчүүсүнѳ жоопкерчиликтүү метаболиттерди сиңдирет. Энтеросгель® витаминдердин жана микроэлементтердин сиңирилишин азайтпайт, ичегинин бузулган микрофлорасынын калыбына келишин жѳнгѳ салат жана кыйымыл функциясына таасирин бербейт.

Фармакокинетикасы

Дары ашказан-ичеги жолунда сиңбейт, ѳзгѳрбѳгѳн түрдѳ 12 саат ичинде бѳлүнүп чыгып кетет.

Колдонууга кѳрсѳтмѳ

Чоңдордо жана балдарда детоксикациялык каражат сапатында колдонулат:

- ар кандай түрдѳгү курч жана ѳнѳкѳт интоксикациялар;

- күчтүү таасир берген заттарга жана уулуу каражаттарга курч уулануу, ошондой эле дары каражаттары жана алкоголь, алкалоиддер, оор металлдар туздары менен уулануу;

- комплекстүү дарылоонун курамындагы бардык генездеги курч ичеги инфекциялары (токсикоинфекциялар, сальмонеллёз, дизентерия, диареялык синдром инфекциялык эмес туундудан, дисбактериоз);

- ириң-септикалык оорулар, айкын интоксикация менен коштолгон, комплекстүү дарылоонун курамында;

- тамак-аш жана дарыга болгон аллергия;

- гипербилирубинемия (вирустук гепатиттер) жана гиперазотемия (ѳнѳкѳт бѳйрѳк алсыздыгы);

- зыяндуу ѳндүрүштѳ иштеген жумушчуларга ѳнѳкѳт ууланууну алдын алуу максатта (политроптук таасирдеги химиялык агенттер менен адистик интоксикациялар, ксенобиотиктер, инкорпорирленген радионуклиддер, свинцтин байланышуусу, сымап, мышьяк, нефть ѳндүрүмдѳрү, органикалык эриткичтер, азот окиси, углерод, фторид, оор металлдардын туздары менен ууланууда) колдонулат.

Каршы кѳрсѳтмѳ

Дарыны жекече кѳтѳрѳ албастык, ичегилердин атониясы.

Колдонуу жолу жана дозасы

Энтеросгель® пастасын тамактануу же башка дары каражаттарынын алдында же кийин 1-2 сааттан соң суу менен ичип кабыл алышат.

Дарыны кабыл алуу үчүн бѳлмѳ табында турган стакандагы суунун дарыдан үч эселенген бѳлүгүнѳ коюу керек же дарыны суу менен жутуп кабыл алуу керек.

Чоңдор үчүн дозалоо – 15 г -22,5 г (1 -1,5 аш кашык) суткасына 3 жолу. Суткалык доза 45 г -67,5 г.

5 ден 14 жашка чейинки балдар – 15 г (1 аш кашык) суткасына 3 жолу. Суткалык доза 45 г.

5 жашка чейинки балдардын курагы – 7,5 г (0,5 аш кашык) суткасына 3 жолу. Суткалык доза 22,5 г. Эмчек эмген балдарга 2,5 г (0,5 чай кашык) дарыны эне сүтүнүн же суунун үчтѳн бир бѳлүгүнѳ коюп, ар бир азыктандыруунун алдында берүү керек (суткасына 6 жолу).

Ѳнѳкѳт интоксикациянын алдын алуу үчүн – 22,5 г дан күнүнѳ 2 жолудан, ай сайын 7-10 күн. Оор абалдагы интоксикацияларда биринчи үч сутка ичинде дарыны эки эсеге жогорулатса болот. Курч уулануу учурунда дарылоонун узактыгы 3-5 сутканы түзѳт, ѳнѳкѳт интоксикацияларда жана аллергиялык абалда 2-3 жума болот. Кайталанган курс дарыгердин сунуштоолору боюнча жүргүзүлүшү керек.

Кыйыр таасири

Кѳңүл айнуу, ичтин катышы мүмкүн. Оор абалдагы бѳйрѳк жана/же боор алсыздыгында дарыга жийиркенүү сезими пайда болушу мүмкүн.

Ашыкча доза

Ашыкча доза учурлары аныкталган эмес.

Башка дары каражаттары менен ѳз ара таасири

Энтеросгел® менен бирге кабыл алууда башка дары каражаттардын сиңирилиши азайышы мүмкүн.

Ѳзгѳчѳ кѳрсѳтмѳлѳр

Дарыны комплекстүү дарылоонун курамында башка дары каражаттары менен бирге колдонууга мүмкүн, башка дары каражаттарын кабыл алуунун алдында же андан кийин 1-2 сааттан соң жол берилет.

Кош бойлуулук жана эмизүү мезгилинде колдонуу

Энтеросгель® кош бойлуулукта жана эмчек эмизүүдѳ каршы кѳрсѳтүлбѳйт.

Чыгаруу формасы

225 г дан айкалышкан материалдардан турган тубдарда ичип кабыл алуучу паста бар. Ар бир туб колдонуу боюнча нускамасы менен бирге картондон жасалган кутуга салынган.

Сактоо шарты

4 °С дан тѳмѳн эмес жана 30 °С дан жогору эмес аба табында сактоо керек. Балдар жетпеген жерде сактоо керек. Таңгакчаны ачкандан кийин кургап калуудан сактоо керек. Тоңуудан сактоо керек.

Жарактуулук мѳѳнѳтү

3 жыл. Таңгакчада кѳрсѳтүлгѳн жарактуулук мѳѳнѳтү бүткѳндѳн кийин колдонууга болбойт.

Берүү шарты

Рецепти жок.

Ѳндүрүүчү

ЖЧК «ТНК СИЛМА»  

399851, Россия, Липецкая обл., Данков ш., Л.Толстой кѳчѳсү, 32/2 үй

Тел./факс: (495)223-91-00 www.enterosgel.ru e-mail: contact@enterosgel.ru

Кыргызстандагы расмий дистрибьютору

ЖЧК «Asian Med Trade»

Бишкек ш., Садыгалиева кѳчѳсү, 1

тел./факс: +996 312 35 75 42

Каттоо күбѳлүгүнүн ээси

ЖЧК «ТНК СИЛМА» 

115573, Москва ш., Шипиловская кѳчѳсү, 50-үй, 1-корпус, стр.2

Тел./факс: (495)223-91-00 www.enterosgel.ru  e-mail: contact@enterosgel.ru

Свернуть
Кайдан сатып алуу керек

Препараты компании "Asian Med Trade" можно приобрести во всех аптеках Кыргызстана, в том числе и в собственной розничной сети аптек и фарммаркетов  "Фарм - Сервис" : 

Сеть аптек  "Неман-Фарм"

0 312 68 91 41 ;  0 555 68 91 41 

Сеть аптек  "Лекарь"

0312 91 60 00 ; 0556 91 60 00

Сеть аптек  "Айболит" 0312 54 28 39
Сеть аптек  "Бимед"  0 551 71 73 22
Центральная аптека в г.Бишкек 0312 66 55 00

Собственная розничная сеть фарммаркетов и  аптек «Фарм - Сервис»: 

Аптеки Адреса Телефон
1 Аптека 1 г.Бишкек,ул.Ахунбаева 131-18 0312 54 54 13
2 Аптека 2 г.Бишкек,ул. Тыналиева 3/3 Джал 29 0312 88 00 35
3 Аптека 3 г.Бишкек,ул.Токомбаева 53/2 0312 29 84 70
4 Аптека 4 г.Бишкек,ул.Юнусалиева 52/3 0312 88 46 30
5 Аптека 5 г.Бишкек,ул. Ахунбаева 202, Джал 23 0312 88 13 68
6 Аптека 6 г.Бишкек,мкр. Асанбай, 52а 0555 37 55 36
7 Аптека 7 г.Бишкек,ул. 7 Апреля 13а 0312 88 10 36
8 Аптека 8 г.Бишкек,ул.Бейшеналиева,29 0550 54 44 60
9 Аптечный пункт 1 г.Бишкек,ул.Логвиненко 30 ЦСМ №3 0312 88 11 50
10 Аптечный пункт 2 г.Бишкек,5мкр.,д10,кв8 0312 51 64 45
11 Аптечный пункт 6 г.Бишкек,ул.Абдрахманова, 182 0312 88 69 43
Энтеросгель® паста для приема внутрь, 22,5 г

Энтеросгель® паста для приема внутрь, 22,5 г

Энтеросорбтоочу каражат