Амоклавин - АМТ , 400 мг

Амоклавин - АМТ , 400 мг

амоксициллин 400мг, клавулан кислотасы 57мг, суспензия

Колдонуу боюнча нускама

АМОКЛАВИН-АМТ

Соодадагы аталышы

АМОКЛАВИН-АМТ

Эл аралык патенттелбеген аталышы

Жок

Курамы: 5 мл камтыйт

Активдүү заттар: амоксициллин 400мг, клавулан кислотасы 57мг.

Кѳмѳкчү заттар: кремний диоксид, коллоиддик диоксид кремнийи (Aerosil 200), гидроксипропилметилцеллюлоза, натрий сахаринаты, метилпарабен, ксантан пастасы, янтарь кислотасы, жыпар жыттуу Жүгѳрү сиробу, жыпар жыттуу Апельсин.

Сүрѳттѳмѳсү: актан крем түскѳ чейинки ѳңдѳ, бир тектүү, жыпар жыттуу суспензия.

Дарынын түрү: ичип кабыл алуу үчүн суспензияны даярдоо үчүн порошок.

Фармадарылык тобу: Системалык колдонуу үчүн бактерияга каршы дарылар. Бета-лактамаза ингибиторлору менен айкалышта амоксициллин. Клавулан кислотасы + амоксициллин.

ATX Koду: J01CR02

Фармакологиялык касиети

Фармакодинамикалык касиети:

Амоксициллин – бул жарым синтетикалык антибиотик кеңири чѳйрѳдѳгү антибактериялык таасири менен грам оң жана грам терс микроорганизмдерге каршы келет. Амоксициллин β-лактамаза таасири алдындагы таралуусуна сезгич келет, мындай абал менен амоксициллиндин таасир берүү чѳйрѳсү ѳз алдынча бул энзимдерди ѳндүргѳн микроорганизмдерди ичине камтыбайт. 

Клавулан кислотасы – бул β-лактам, түзүлүш жагынан пенициллиндерге окшош, энзимдердин β-лактамазасынын кеңири чѳйрѳсүн деактивдештирген жѳндѳмдүүлүкѳ ээ, негизи микроорганизмдерде болот, пенициллиндерге жана цефалоспориндерге резистенттүү. Айрыкча, β-лактамазанын плазмиддери менен болгон клиникалык маанилүүлүккѳ каршы жакшы активдүүлүккѳ ээ, дары каражатына болгон резистенттүүлүктүн пайда болуусуна жооп берген. Жалпысынан алганда 1 типтеги хромосомалык-уланган бета-лактамазга каршы азыраак натыйжага ээ. Клавулан кислотасынын дарыда болуусу бета-лактамаздын таасири алдында амоксициллинди таралып кетүүсүнѳн сактайт жана таасирдүү түрдѳ амоксициллиндин бактерияга каршы чѳйрѳсүн кеңейтет жана амоксициллинге жана башка пенициллин менен цефалоспориндерге нормадагы резистенттүү болгон бактерияларды ичине камтыйт. Мындай жагдай менен, амоксициллин жана клавулан кислотасы кеңири чѳйрѳдѳ таасир берүүчү антибиотиктин касиетине ээ жана бета-лактамаздын ингибиторуна ээ. Микроорганизмдердин кеңири чѳйрѳгѳ таасир берүүсү боюнча АМОКЛАВИН-АМТ бактерициддик болуп саналат.

Кѳпчүлүк антибиотиктерге резистенттүүлүк бактериялык энзималар менен козголгон, патогенге таасир бергенге чейин антибиотикти бузат. Клавуланат АМОКЛАВИН-АМТинин курамында, бул коргоочу механизмди эскертет, β-лактамаза энзимдерин бѳгѳттѳйт, ошону менен бирге организмде тез жеткен концентрацияларда амоксициллиндин бактерициддик таасирине микроорганизмдерди тез сезгич кылат. Клавуланат ѳз алдынча жеңил бактерияга каршы таасирге ээ; бирок амоксициллин менен бирге АМОКЛАВИН-АМТ түрүндѳ, ооруканада жана жалпы тажрыйбада кеңири колдонулуучу, кеңири чѳйрѳдѳ таасир берүүчү бактерияга каршы каражат болуп саналат.

Фармакодинамикалык таасирлер:

Микроорганизмдер амоксициллин/клавуланатка карата in vitro сезгичтигине ылайык категорияларга бѳлүшкѳн. Амоксициллин-клавуланаттын клиникалык таасирдүүлүгү клиникалык изилдѳѳлѳрдѳ кѳрсѳтүлгѳн, бул жылдыз менен белгиленген (*).

Бета-лактамазаны ѳндүрбѳгѳн микроорганизмдер (†) белгиси менен белгиленген. Эгерде изоляттар амоксициллинге сезгич болсо, аларды амоксициллин/клавуланатка сезгич деп эсептѳѳгѳ болот.

 

Сезгич микроорганизмдер

 

Грам оң аэробдук микроорганизмдер:

Bacillus anthracis

Enterococcus faecalis

Listeria monocytogenes

Nocardia asteroides

Staphylococcus aureus (метициллинге сезгич)*

Streptococcus agalactiae*†

Streptococcus pyogenes*† жана башка бета гемолитикалык стрептококктор*†

Streptococcus viridans тобу

Staphylococcus saprophyticus (метициллинге сезгич)

Коагулаза-терс стафилококктор (метициллинге сезгич)

Грам оң аэробдук микроорганизмдер:

Bordetella pertussis

Haemophilus influenzae1

Haemophilus parainfluenzae

Helicobacter pylori

Moraxella catarrhalis*

Neisseria gonorrhoeae

Pasteurella multocida

Vibrio cholera

Башкалар:

Borrelia burgdorferi

Leptospira ictterohaemorrhagiae

Treponema pallidum

Грам оң аэробдук микроорганизмдер:

Clostridium штаммдар 

Peptococcus niger

Peptostreptococcus magnus

Peptostreptococcus micros

Peptostreptococcus штаммы

 

 

Грам терс аэробдук микроорганизмдер:

Bacterodies fragilis

Bacteroides штаммдар

Capnocytophaga штаммдар

Eikenella corrodens

Fusobacterium nucleatum

Fusobacterium штаммдар

Porphyromonas штаммдар

Prevotella штаммдар

 

Алынган резистенттүүлүгү бар штаммдар орчундуу маселе жаратышы мүмкүн

 

Грам терс аэробдук микроорганизмдер:

Escherichia coli*

Klebsiella oxytoca

Klebsiella pneumoniae*

Klebsiealla штаммдар 

Proteus mirabilis

Proteus vulgaris

Proteus штаммдар

Salmonella штаммдар

Shigella штаммдар

 

Грам оң аэробдук микроорганизмдер:

Corynebacterium штаммдар

Enterococcus faecium A

Streptococcus pneumoniae*†,2

Viridans группа стрептококков †

Талашсыз резистенттүү микроорганизмдер:

Грам терс аэробдук микроорганизмдер:

Acinetobacter штаммдар

Citrobacter freundii

Enterobacter штаммдар

Hafnia alvei

Legionella pneumophila

Morganella morganii

Providencia штаммдар

Pseudomonas штаммдар

Serratia штаммдар

Stenotrophomas maltophilia

Yersinia enterolitica

Башка микроорганизмдер

Chlamydia pneumoniae

Chlamydia psittaci

Chlamydia штаммдар

Coxiella burnetii

Mycoplasma pneumoniae

Mycoplasma штаммдар

ᴬ Табигый орто сезгичтик алынган резистентүү механизми жок учурда.

ᴮ Метициллинге резистенттүү бардык стафилококктор амоксициллинге/клавулан кислотасына резистенттүү.

1 Тѳмѳндѳгѳн сезгичтиги бар штаммдар айрым бир ЕБ ѳлкѳлѳрүндѳ белгиленген, жыштыгы боюнча 10% дан жогору болгон. 

2 Streptococcus pneumoniae пенициллинге резистенттүү, амоксициллин/клавулан кислотасын колдонууга болбойт.

     

Фармакокинетикалык касиети:

Абсорбция:

Эки курам бөлүгү амоксициллин жана клавулан кислотасы толугу менен физиологиялык рН болгон бир эритмеде толугу менен эрийт. Эки курам бөлүк пероралдык кабыл алууда теӊ тез жана жакшы абсорбцияланат.

Эки курам бөлүгү амоксициллин жана клавулан кислотасынын фармакокинетикасы бирдей. Сары сууда эң жогорку деңгээли дарыны дайындоодон кийин 1 саатта белгиленген.

АМОКЛАВИН-АМТ дозасын эки эселентип колдонууда сары суудагы жетүү деңгээли да эки эселенет. Сары суу протеини менен байланышууда клавуланат жана амоксициллин үчүн тѳмѳн. Болжолдуу эки заттын тең 70%ы сары сууда эркин бойдон калышууда.

Сары суудагы амоксициллин жана клавулан кислотасынын концентрациялары, амоксициллин/клавулан кислотасынын айкалышы менен жетет, бул курам бѳлүктѳрдүн ар бири ѳз алдынча пероралдык кабыл алууда жетет.

Таралуусу:

Плазмадагы клавулан кислотасынын жалпы концентрациясынан болжолдуу 25% жана плазмадагы жалпы амоксициллиндин санынан 18% протеин менен байланышат. Таралуу көлөмү болжолдуу 0.3-0.4 л/кг амоксициллинди түзөт жана болжолдуу 0.2 л/кг клавулан кислотасын түзөт.

Кан тамырга куйгандан кийин, амоксициллин жана клавулан кислотасы өт баштыкчасында табылган, абдоминалдык тканда, териде, майда, булчуӊ тканында, синовиалдык жана перитонеалдык суюктукта, өттө жана ириӊде табылган. Амоксициллин бир калыпта жүлүн суюктугунда таралбайт. Жаныбарларга болгон изилдөөдөн улам ткандарда эки дары каражаттарын олуттуу кармоону тастыктоо жок. Амоксициллин, көпчүлүк пенициллин сыяктуу эне сүтүндө да табылышы мүмкүн. Клавулан кислотасынын калган саны эне сүтүндө табылышы мүмкүн.  Амоксициллин жана клавулан кислотасы экѳѳ тең бала тону аркылуу өтөт.

Биотрансформация:

амоксициллин бөлүк-бөлүгү менен активдүү эмес пенициллдик кислотасы түрүндө баштапкы доза 10 дон 25% чейин эквиваленттүү санда заарага чыгат. Клавулан кислотасы кеӊири түрдө 2.5-дегидро-4-(2-гидроксиэтил)-5-оксо-1H-пирол-3- карбоксил кислотасына жана 1-амино-4гидрокси-бутан-2-он метаболизденет жана заарага, заӊга бөлүнүп чыгат, көмүр кычкыл газы түрүндө дем чыгарган аба менен чыгат.

Элиминация:

Амоксициллиндин элиминацияларынын негизги жолу бөйрөк аркылуу, ошондуктан клавулан кислотасы бөйрөктөр тарабынан да, бѳйрѳктѳр эмес механизми тарабынан да бөлүнүп чыгат. Амоксициллин/клавулан кислотасы жарым-жартылай бөлүп чыгаруунун орто мезгилине ээ, ал 1 саатты жана орто жалпы клиренси болжолдуу 25 л/саат дени сак бейтаптарда түзөт. Бир таблетка амоксициллин+клавулан кислотасы 250мг/125мг же болбосо 500мг/125мг таблеткасын дайындоодон кийин, болжол менен 60-70% амоксициллин жана 40-65% клавулан кислотасы бөлүнбөгөн түрдө биринчи 6 саат ичинде заарага бөлүнүп чыгат. 50-85% амоксициллин жана 27-60% аралыгында клавулан кислотасы 24 саат ичинде заарага бөлүнүп чыгуусу ар кандай изилдөөлөрдө белгиленген. Клавулан кислотасы үчүн, дайындоодон кийин жогорку санда заарага биринчи 2 саттын ичинде бөлүнүп чыгат. Пробенецидди параллелдүү колдонууда амоксициллиндин бөлүнүп чыгуусун жай кылат, клавулан кислотасынын бөйрөк тарабынан бөлүнүп чыгуусун жай кылбайт.

Колдонууга кѳрсѳтмѳ

Антибиотиктерди колдонуу жана сезгичтик тууралуу маалымат алып, жергиликтүү расмий сунуштарды эске алуу менен АМОКЛАВИН-АМТ андан кийин колдонуу дурус. Дары, кийинки системаларда штаммдар менен ѳндүрүлгѳн бета-лактамаз амоксициллинине резистенттүү болгон бактериялык инфекцияларды кыска мѳѳнѳттѳ дарылоо үчүн кѳрсѳтүлгѳн. Башка бир жагдайларда, амоксициллинди ѳзүнчѳ колдонуу вариантын кароо сунушталат.

Дем алуу жолдорунун жогорку бөлүгүнүн инфекциялары (ошондой эле кулак, тамак, мурун): мисалы, рецидивделген тонзиллит, синусит, орто кулактын отити.

Дем алуу жолдорунун төмөнкү бөлүгүнүн инфекциялары: мисалы, өнөкөт бронхиттин курчушу, ѳпкѳ пневмониясы.

Жыныстык-заара системасынын инфекциялары: цистит, уретрит, пиелонефрит.

Тери жана жумшак ткандын инфекциялары: мисалы, целлюлит, жаныбарлардын чагуусу.

Стоматологиялык инфекциялар: мисалы, татаал пародонталдык абсцесс таралган сезгенүүсү менен.

Дозалоо жана колдонуу ыкмасы:

Дозалоо

Сунушталган суткалык доза:

25/3.6 мг/кг/күнүнѳ инфекциялардын жеңил жана орто оордуктагы түрүнѳ колдонулат (мисалы, жогорку дем алуу жолдорунун инфекциялары, рецидивделген тонзиллит, тѳмѳнкү дем алуу жолдорунун инфекциялары жана тери менен жумшак ткандардын инфекциялары).

45/6.4 мг/кг/күнүнѳ инфекциялардын татаал түрүн колдонууга дайындалган (мисалы, жогорку дем алуу жолдорунун инфекциялары, орто кулак отити, синусит сыяктуу, тѳмѳнкү дем алуу жолдорунун инфекциялары, мисалы, бронхопневмония жана заара чыгуучу жолдордун инфекциялары).

 

2 жаштан жогору балдар:

25/3.6 мг/кг/күнүнѳ

2 - 6 жаш

(13 - 21 кг)

Күнүнѳ эки жолу, 2.5 мл АМОКЛАВИН-АМТ 400/57

 

7 - 12 жаш

(22 - 40 кг)

Күнүнѳ эки жолу, 5.0 мл АМОКЛАВИН-АМТ 400/57

45/6.4 мг/кг/күнүнѳ

2 - 6 жаш

(13 - 21 кг)

Күнүнѳ эки жолу, 5.0 мл АМОКЛАВИН-АМТ 400/57

 

7 - 12 жаш

(22 - 40 кг)

Күнүнѳ эки жолу, 10.0 мл АМОКЛАВИН-АМТ 400/57

2 айдан 2 жашка чейинки балдар:

2 жаштан тѳмѳн балдар үчүн, дозалоо дене салмакка жараша оңдолуп-түзѳлѳт.

Дене салмагы (кг)

Ар бир 12 саат сайын дайындалган дозалоо,  жеңил/орто оордуктагы инфекцияларда (мл)

Ар бир 12 саат сайын дайындалган дозалоо,  татаал инфекцияларда (мл)

 

2

0.3

0.6

3

0.5

0.8

4

0.6

1.1

5

0.8

1.4

6

0.9

1.7

7

1.1

2.0

8

1.3

2.3

9

1.4

2.5

10

1.6

2.8

11

1.7

3.1

12

1.9

3.4

13

2.0

3.7

14

2.2

3.9

15

2.3

4.2

         

Дозалоо боюнча сунуштарды даярдоо үчүн 2 айдан тѳмѳн балдар үчүн АМОКЛАВИН-АМТ дарысын колдонуу боюнча жетиштүү тажрыйба жок.

Колдонуу мѳѳнѳтү жана жыштыгы

АМОКЛАВИН-АМТ күнүнѳ эки жолу колдонуу дурус. Дарылоонун узак мѳѳнѳтү сунуштарга жараша болушу керек жана дарылоонун максаттуу тажрыйбасын кайра карап чыкпастан 14 күндѳн ашык колдонууга болбойт.

Колдонуу ыкмасы

АМОКЛАВИН-АМТ ичип кабыл алуу үчүн дайындалган. Дарыны потенциалдуу ашказан-ичеги көтөрө албастыгын азайтуу үчүн тамактануу алдында кабыл алуу керек. Дарынын абсорбциясы оптималдуу болот, качан гана тамактануу алдында колдонууда. Дарылоону парентералдык баштап, пероралдык улантууга болот.

 

Суспензияны даярдоо

Суспензиянын финалдык кѳлѳмү

Толтуруу салмагы

Суу, кайрадан калыбына келүү үчүн кошулат

70мл

7,7 г

64мл

100мл

11.0 г

91мл

АМОКЛАВИН-АМТ 400/57 суспензиясын даярдоо үчүн, кайнатылган жана муздатылган сууну акырындык менен флакондогу 2/3 белгисине чейин кошуу керек, андан кийин чайкоо керек. Биринчи жолку калыбына келгенге чейин, толук дисперсияга чейин 5 минута калтырып коюңуз. Андан кийин флакондогу керектүү белгиге чейин сууну кошуу керек жана кайрадан чайкоо керек. Ар бир колдонуунун алдында флаконду чайкаңыз.

Дарыгер тарабынан сунушталган доза бейтапка 5 мл ченем кашыгын колдонууда дайындалат, ал таңгакчанын комплектинде бар.

Кыйыр таасири

Ири клиникалык изилдөөлөрдөн алынган маалымат жагымсыз таасирлердин жыштыгын аныктоо үчүн колдонулган. Ар бир жагымсыз таасир ичине кирген жыштыгы (мисалы, <1/10,000 кездешкен) пост-маркетинг маалыматын колдонууда аныкталган эле.

Жыштыктын классификациясы:

Абдан тез-тез ≥1/10

Тез-тез ≥1/100 дѳн<1/10 чейин)

Тез эмес (≥1/1000 ден <1/100 чейин) 

Сейрек (≥1/10000 ден <1/1000 чейин) 

Абдан сейрек (<1/10000)

Белгисиз (болгон маалыматтан чийип салууга болбойт).

 

Инфекциялар инвазиялар

Тез-тез 

Тери жана былжыр челдин кандидозу

Белгисиз 

Сезгич эмес микроорганизмдердин ашыкча кѳлѳмдѳ болушу.

Кан жана лимфатикалык система

Сейрек

 

 

Белгисиз

Кайрадан калыбына келген лейкопения (ошондой эле нейтропения) жана тромбоцитопения

Кайрадан калыбына келген агранулоцитоз жана гемолитикалык анемия. Кан кеттүүнун жана протромбиндин убактысынын узаруусу.

 

Иммундук система

Белгисиз

Ангионевротикалык шишимик, анафилаксия, сары суу оорусу, аллергиялык васкулит

Нерв системасы

Тез эмес

Баш айлануу, баш ооруу

Белгисиз

Кайрадан калыбына келген жогорку активдүүлүк жана калтыроо. Калтыроо бөйрөк функциясы бузулган бейтаптарда же жогорку дозаларды кабыл алган бейтаптарда пайда болушу мүмкүн. Асептикалык менингит.

АИЖ

Тез-тез

Диарея, кѳңүл айнуу, кусуу

Кѳңул айнуу кѳбүнчѳ жогорку пероралдык дозалар менен байланыштуу. Эгерде ашказан-ичеги реакциялары айкын болсо, тамактануу алдында дарыны кабыл алууда төмөндөшү мүмкүн.

Тез эмес

Тамакты сиңирбей калуу.

Белгисиз

Антибиотикти кабыл алуу менен байланыштуу колит (ошондой эле псевдомембраноздук сайгылашуу жана геморрагиялык колит).

Тилде айкын кара үрпүчөлөрдүн болуусу.

Тиштердин саргайусу балдарда сейрек белгиленген. Ооздун жакшы гигиенасы тиштин саргайуусун алдын алат жана адатта тишти тиш щетка менен тазалоодо кетет.

Гепатобилиардык бузулуулар

Тез эмес

AST жана/же ALT жогорулаган деӊгээли бета-лактамдык антибиотиктерди кабыл алган бейтаптарда белгиленген, бирок бул маалыматтын маанилүүлүгү белгисиз.

Белгисиз

Гепатит жана холестатикалык сарык. Бул абалдар башка пенициллиндерди жана цефалоспориндерди колдонууда белгиленген эле.

Боор тарабынан реакциялар эркектерде жана улгайган адамдарда байкалган жана бул узак дарыланууга байланыштуу болушу мүмкүн. Бул реакциялар балдарда абдан сейрек учурларда белгиленген. Белгилер жана симптомдор убагында же дарылоодон кийин жакын арада пайда болот, бирок айрым бир учурларда дарылоону токтоткондон кийин бир канча жумадан кийин пайда болушу мүмкүн. Негизи алар кайрадан калыбына келет. Боор реакциялары оор болушу мүмкүн жана абдан сейрек учурда ѳлүмгѳ алып келет. Ѳлүмгѳ алып келген бардык жагдайларда бейтап олуттуу ооруга ээ болгон же боорго терс таасирин тийгизген дарыларды параллелдүү кабыл алган.

Тери жана тери алдындагы ткандар

Тез эмес

Тери исиркеги, кычышуу, бөрү жатыш

Сейрек

Эритема

Белгисиз

Стивенс-Джонсон синдрому, токсиндүү эпидермалдык некролиз, буллездук эксфолиативдик дерматит, курч жайылган экзантематоздук пустулез (AGEP).

Эгерде кандайдыр бир аллергиялык дерматиттин пайда болгон учурунда дарылоону токтотуу керек.

Бөйрөктөр жана заара чыгуучу жолдор

Сейрек

Гематурия

Белгисиз

Интерстициалдык нефрит, кристаллурия.

Каршы кѳрсѳтмѳ

Мисалы пенициллиндер жана цефалоспориндер сыяктуу пенициллиндерге же дарынын бардык курам бөлүгүнө карата белгилүү сезгичтиги бар бейтаптарга дары каршы кѳрсѳтүлѳт. Амоксициллин жана клавулан кислотасынын айынан анамнезинде сарык бар/бѳйрѳк функциясы бузулган бейтаптарга каршы кѳрсѳтүлѳт.

Ашыкча доза

Ашказан-ичеги жолу тарабынан симптомдор, суюктук балансынын жана электролиттердин бузулушу айкын болушу мүмкүн. Ашказан-ичеги симптомдору симптоматикалык дарылоого болот, суюктук жана электролиттер балансына кѳңүл бурушат. Амоксициллинди колдонуудан улам кристаллуриянын учурлары белгиленген, айрым бир учурларда бѳйрѳк алсыздыгына алып келген.

АМОКЛАВИН-АМТ гемодиализдин жардамы менен кандан чыгарылып салынышы мүмкүн.

Ууланууну кѳзѳмѳлдѳѳ борборунда 51 балдардын катышуусу менен жүргүзүлгѳн, пландалган изилдѳѳлѳрдѳ божомолдогондой 250 мг/кг азыраак амоксициллиндин дозасы маанилүү клиникалык симптомдор менен байланыштуу эмес жана ашказандагы тамак-ашты заңдап чыгаруу керектигин талап кылбайт.  

Кош бойлуулук жана эмчек эмизүү

Жалпы сунуштар

Кош бойлуулук: B категориясы

Бала төрөй турган потенциалдагы/контрацепция:

Башка антибиотиктер сыяктуу, АМОКЛАВИН-АМТ ичегинин микрофлорасын өзгөртүшү мүмкүн, эстрогендин реабсорбциясынын төмөндөшүнө алып келет жана айкалышкан пероралдык контрацептивдердин таасирдүүлүгүн төмөндөтөт. Мындай абалда контрацепциянын кошумча ыкмалары талап кылынышы мүмкүн.

Кош бойлуулук

Дарыны кош бойлуу мезгилде колдонууда этияттыкты сактоо керек.

Дарыны кош бойлуу мегилде колдонуу боюнча чектелген маалыматтар дары каражатынын кош бойлуулука же түйүлдүкө/жаӊы төрөлгөнгө тийгизген терс таасирин көрсөтпөйт. Бүгүнкү күнгө чейин маанилүү эпидемиологиялык маалыматтар алынган эмес. Жаныбарларга болгон изилдөөлөр кош бойлуулука, түйүлдүкө/эмбрионго түз же кыйыр таасирдин болгондугун көрсөтпөйт, постнаталдык өрчүүнү да көрсөтпөйт.

Түйүлдүк кабыкчасынын эрте жарылуусу боюнча айымдарга (pPROM) изилдөө жүргүзүлгөндө амоксициллин/клавулан кислотасынын айкалышын алдын алып дарылоо жаӊы төрөлгөн ымыркайларда некротиздөөчү энтероколиттин кооптуулугунун жогорулашы менен байланыштуу болушу мүмкүн. Башка дары каражаттары сыяктуу эле кош бойлуулук учурунда дарыны колдонуудан оолак болуу керек (айрыкча кош бойлуулуктун биринчи үч айлыгында), дарыгердин оюу боюнча зарыл болгон учурдан башка.

Эмизүү

АМОКЛАВИН-АМТде камтылган эки активдүү заттар эне сүтүнө бөлүнүп чыгат (эмчек эмген балага карата клавулан кислотасынын таасири тууралуу белгисиз). Диарея жана былжыр челдин мите козу карын инфекциялары эмчек эмген балдарда болушу мүмкүн, ошондуктан, эмчек эмизүүнү токтотуу талап кылынышы мүмкүн. Амоксициллин/клавулан кислотасын эмчек эмизүүдө колдонууга мүмкүн, бирок кооптуулук менен пайданын карым-катнашын дарыгер баалагандан кийин.

Башка дары каражаттары менен өз ара таасири

Пробенецид:

Параллелдүү түрдө пробенецидди колдонуу сунушталбайт. Пробенецид бөйрөк каналчалар аркылуу амоксициллиндин бөлүнүп чыгуусун төмөндөтөт. Пробенецидди параллелдүү колдонууда кандагы амоксициллиндин жогорку деӊгээлине жана узактыгына алып келиши мүмкүн, бирок клавулан кислотасыныкы эмес.

Аллопуринол:

Амоксициллин менен дарыланган учурда аллопуринолду параллелдүү колдонууда теринин аллергиялык реакциясын жогорулатышы мүмкүн. Бир убакта аллопуринол жана АМОКЛАВИН-АМТнин колдонуу маалыматы жок.

Пероралдык колдонулган контрацептивдер:

Башка антибиотиктер сыяктуу эле, АМОКЛАВИН-АМТ ичегилердин микрофлорасына таасирин тийгизиши мүмкүн, эстрогендин абсорбциясынын төмөндөшүнө алып келет жана айкалышкан пероралдык контрацептивдердин таасирин төмөндөтөт.

Пероралдык антикоагулянттар:

Адабиятта аценокумарол же варфаринди кабыл алгандар боюнча жана амоксициллин менен дарылоо курсу дайындалган бейтаптар тууралуу INR маалыматтары бар. Эгерде параллелдүү түрдө дарыны колдонуу зарыл болсо, амоксициллинди кабыл алып баштаганда же кабыл алууну бүтүп жатканда кунт коюп узартылган убакытты текшерүү керек же INR көзөмөлдөө керек.

Метотрексат:

Пенициллиндер метотрексаттын бөлүнүп чыгуусун төмөндөтүшү мүмкүн, потенциалдуу уулулуктун жогорулашын козгойт.

Микофенолат мофетил:

Микофенолат мофетилди кабыл алган бейтаптарда микофенол кислотасынын (MPA) активдүү метаболитинин дозасын кабыл алганга чейин концентрацияларды төмөндөтүү болжолдуу түрдө 50% га белгиленген, бирок амоксициллин жана клавулан кислотасын пероралдуу кабыл алгандан кийин. Дозаны дайындоого чейин деӊгээлин өзгөртүү МРА жалпы таасирине өзгөртүүлөрдү так эмес киргизе алат.

Унаа каражатты жана татаал техниканы колдонуу жөндөмдүүлүгүнө тийгизген таасири

Унаа каражатын айдоо же татаал техниканы колдонуу жөндөмдүүлүгүнө АМОКЛАВИН-АМТнин тийгизген таасирин изилдөө жүргүзүлгөн эмес. Бирок, жагымсыз таасирлер пайда болушу (мисалы, аллергиялык реакциялар, баш айлануу, калтыроо) мүмкүн, ал унаа каражатын жана татаал техниканы башкаруу жөндөмдүүлүгүнө таасир бериши мүмкүн.

Жарактуулук мөөнөтү

2 жыл.

Сактоо шарты

25° C дан жогору эмес, кургак бѳлмѳ табында сактоо керек.

Даярдалган суспензияны муздаткычта сактоо керек (2- 8°C).

70 мл флакон АМОКЛАВИН-АМТ суспензиясын 7 күн ичинде сактоо керек;

Нымдуулуктан коргоо керек. Колдонуудан кийин флаконду тыгыз жабуу керек.  

Тоңдургучта сактоого болбойт.

Берүү шарты

Рецепт боюнча.

Таңгакча

Ар бир картон кутучада айнек, янтарь түстѳгү флакон камтылган, флакон 100 мл чейинки суспензияны даярдоо үчүн кургак порошокту камтыйт, 5мл ченем кашыгы жана медицинада колдонуу боюнча нускамасы менен бирге салынган.

Ѳндүрүүчү

ДЭВА ХОЛДИНГ А.Ш.

Черкезкей Санайи Бельгеси. Караагач Мах., Ататюрк Джад. №32 Капаклы/Текирдаг/Tүркия

Лицензиянын ээси:

ДЭВА ХОЛДИНГ А.Ш.

Халкалы Меркез Мах. Басын Экспресс Джад. №1 34303 Кючюкчекмедже/Стамбул/Түркия

Тел: +90 212 692 92 92

Факс: +90 212 697 00 24

Кыргыз Республикасынын аймагында дары каражатынын сапаты боюнча керектөөчүлөрдөн арыз-доолорду кабыл алган уюмдун дареги:

Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Садыгалиева көчөсү, 1

Тел./факс: +996 312 35 75 42

www/amt.kg

Свернуть
Кайдан сатып алуу керек

Препараты компании "Asian Med Trade" можно приобрести во всех аптеках Кыргызстана, в том числе и в собственной розничной сети аптек и фарммаркетов  "Фарм - Сервис" : 

Сеть аптек  "Неман-Фарм"

0 312 68 91 41 ;  0 555 68 91 41 

Сеть аптек  "Лекарь"

0312 91 60 00 ; 0556 91 60 00

Сеть аптек  "Айболит" 0312 54 28 39
Сеть аптек  "Бимед"  0 551 71 73 22
Центральная аптека в г.Бишкек 0312 66 55 00

Собственная розничная сеть фарммаркетов и  аптек «Фарм - Сервис»: 

Аптеки Адреса Телефон
1 Аптека 1 г.Бишкек,ул.Ахунбаева 131-18 0312 54 54 13
2 Аптека 2 г.Бишкек,ул. Тыналиева 3/3 Джал 29 0312 88 00 35
3 Аптека 3 г.Бишкек,ул.Токомбаева 53/2 0312 29 84 70
4 Аптека 4 г.Бишкек,ул.Юнусалиева 52/3 0312 88 46 30
5 Аптека 5 г.Бишкек,ул. Ахунбаева 202, Джал 23 0312 88 13 68
6 Аптека 6 г.Бишкек,мкр. Асанбай, 52а 0555 37 55 36
7 Аптека 7 г.Бишкек,ул. 7 Апреля 13а 0312 88 10 36
8 Аптека 8 г.Бишкек,ул.Бейшеналиева,29 0550 54 44 60
9 Аптечный пункт 1 г.Бишкек,ул.Логвиненко 30 ЦСМ №3 0312 88 11 50
10 Аптечный пункт 2 г.Бишкек,5мкр.,д10,кв8 0312 51 64 45
11 Аптечный пункт 6 г.Бишкек,ул.Абдрахманова, 182 0312 88 69 43