Амоклавин - АМТ

Амоклавин - АМТ

Амоксациллин 875 мг, Клавулановая кислота 125 мг, таблеткалар

Колдонуу боюнча нускама

 

АМОКЛАВИН-АМТ

 

Соодадагы аталышы

АМОКЛАВИН-АМТ

Эл аралык патенттелбеген аталышы

Жок

Курамы

Активдүү заттар: Амоксациллин 875 мг, Клавулан кислотасы 125 мг

Кѳмѳкчү заттар: натрий крахмал гликоляты, микрокристаллдык целлюлоза, коллоиддик кремний диоксиди, магний стеараты

Чел кабыгы: Опадрай 04 F 28791 (ак).

Сүрѳттѳмѳсү

Ак, жука чел кабык менен капталган, дѳмпѳйгѳн, сүйрү, бир тарабында экиге бѳлүнгѳн сызыгы бар, экинчи тарабында DEVA жазуусу бар таблеткалар.

Дарынын түрү

Жука чел кабык менен капталган таблеткалар.

Фармадарылык тобу

Системалык колдонуу үчүн бактерияга каршы дарылар. Бета-лактамаз ингибиторлору менен айкалышта пенициллиндер. Клавулан кислотасы + амоксициллин.

ATX Koду: J01CR02

 

Фармакологиялык касиети

Фармакодинамикалык касиети

Амоксициллин бул жарым синтетикалык антибиотик кеңири чѳйрѳдѳгү антибактериалык таасири менен грам оң жана грам терс микроорганизмдерге каршы келет. Амоксициллин, бирок, β-лактамаза таасири алдындагы таралуусуна сезгич келет, мындай абал менен амоксициллиндин таасир берүү чѳйрѳсү ѳз алдынча бул энзимдерди ѳндүргѳн микроорганизмдерди ичине камтыбайт. 

Клавулан кислотасы бул β-лактам, түзүлүш жагынан пенициллиндерге окшош, энзимдердин β-лактамазасынын кеңири чѳйрѳсүн деактивдештирген жѳндѳмдүүлүкѳ ээ, негизи микроорганизмдерде болот, пенициллиндерге жана цефалоспориндерге резистенттүү. Айрыкча, β-лактамазанын плазмиддери менен болгон клиникалык маанилүүлүкѳ каршы жакшы активдүүлүкѳ ээ, дары каражатына болгон резистенттүүлүктүн пайда болуусуна жооп берген. Жалпысынан алганда 1 типтеги хромосомалык-уланган бета-лактамазга каршы азыраак натыйжага ээ. АМОКЛАВИНДЕ клавулан кислотасынын болуусу бета-лактамаздын таасири алдында амоксициллинди таралып кетүүсүнѳн сактайт жана таасирдүү түрдѳ амоксициллиндин бактерияга каршы чѳйрѳсүн кеңейтет жана амоксициллинге жана башка пенициллин менен цефалоспориндерге нормадагы резистенттүү болгон бактерияларды ичине камтыйт. Мындай жагдай менен АМОКЛАВИН кеңири чѳйрѳдѳ таасир берүүчү антибиотиктин касиетине ээ жана бета-лактамаздын ингибиторуна ээ. Микроорганизмдердин кеңири чѳйрѳгѳ таасир берүүсү боюнча АМОКЛАВИН бактерициддик болуп саналат.

Кѳпчүлүк антибиотиктерге резистенттүүлүк бактериалык энзималар менен козголгон, патогенге таасир бергенге чейин антибиотикти бузат. Клавуланат АМОКЛАВИНдин курамында, бул коргоочу механизмди эскертет, β-лактамаза энзимдерин бѳгѳттѳйт, ошону менен бирге организмде тез жеткен концентрацияларда амоксициллиндин бактерициддик таасирине микроорганизмдерди тез сезгич кылат. Клавуланат ѳз алдынча жеңил бактерияга каршы таасирге ээ; бирок амоксициллин менен бирге АМОКЛАВИН түрүндѳ, ооруканада жана жалпы тажрыйбада кеңири колдонулуучу, кеңири чѳйрѳдѳ таасир берүүчү бактерияга каршы каражат болуп саналат.

Фармакодинамикалык таасирлери

Микроорганизмдер амоксициллин/клавуланатка карата in vitro сезгичтигине ылайык категорияларга бѳлүшкѳн. Амоксициллин-клавуланаттын клиникалык таасирдүүлүгү клиникалык изилдѳѳлѳрдѳ кѳрсѳтүлгѳн, бул жылдыз менен белгиленген(*).

Бета-лактамазаны ѳндүрбѳгѳн микроорганизмдер (†) белгиси менен белгиленген. Эгерде изоляттар амоксициллинге сезгич болсо, аларды амоксициллин/клавуланатка сезгич деп эсептѳѳгѳ болот.

Сезгич микроорганизмдер

Грам оң аэробдук микроорганизмдер: Bacillus anthracis, Enterococcus faecalis, Listeria monocytogenes, Nocardia asteroides, Streptococcus pyogenes*†, Streptococcus agalactiae*†, Streptococcus штаммдары (башка β-гемолитикалык) *†, Staphylococcus aureus (метициллинге сезгич)*, Staphylococcus  saprophyticus (метициллинге сезгич), коагулаза терс стафилококктор (метициллинге сезгич).

Грам терс аэробдук микроорганизмдер: Bordetella pertussis, Haemophilus influenzae*, Haemophilus parainfluenzae, Helicobacter pylori, Moraxella catarrhalis*, Neisseria gonorrhoeae,

Pasteurella multocida, Vibrio cholera 

Башкалар: Borrelia burgdorferi, Leptospira ictterohaemorrhagiae, Treponema pallidum.

Грам оң анаэробдук микроорганизмдер: Clostridium species, Peptococcus niger, Peptostreptococcus magnus, Peptostreptococcus micros, Peptostreptococcus species

Грам терс анаэробдук микроорганизмдер: Bacterodies fragilis, Bacteroides штаммдары, Capnocytophaga штаммдары, Eikenella corrodens, Fusobacterium nucleatum, Fusobacterium штаммдары, Porphyromonas штаммдар, Prevotella штаммдары. 

 

Алынган резистенттүүлүгү бар штаммдар орчундуу маселе жаратышы мүмкүн.

Грам терс аэробдук микроорганизмдер: Escherichia coli*, Klebsiella oxytoca, Klebsiella pneumoniae*, Klebsiealla штаммы, Proteus mirabilis, Proteus vulgaris, Proteus штаммдары, Salmonella штаммдары, Shigella штаммдары.

Грам оң аэробдор: Corynebacterium species, Enterococcus faecium, Streptococcus pneumoniae*†, Viridans group streptococcus †

Башынан резистенттүү микроорганизмдер

Грам терс аэробдук микроорганизмдер:  Acinetobacter штаммдары, Citrobacter freundii, Enterobacter species, Hafnia alvei, Legionella pneumophila, Morganella morganii, Providencia  species, Pseudomonas species, Serratia species, Stenotrophomas maltophilia, Yersinia enterolitica

Башкалар: Chlamydia pneumoniae, Chlamydia psittaci, Chlamydia species, Coxiella burnetti,

Mycoplasma species.

Фармакокинетикалык касиети

Абсорбция: АМОКЛАВИНдин эки курам бөлүгү амоксициллин жана клавулан кислотасы толугу менен физиологиялык рН болгон бир эритмеде толугу менен эрийт. Эки курам бөлүк пероралдык кабыл алууда теӊ тез жана жакшы абсорбцияланат.

АМОКЛАВИНдин эки ингредиентинин фармакокинетикасы бирдей. Сары сууда туу чокудагы деңгээли пероралдык дайындоодон кийин белгиленген. Амоклавиндин дозасын эки эселенткенде болжолдуу сары суусундагы жеткен деңгээлин эки эселентет. Клавуланат жана амоксициллин сары сууда төмөн деӊгээлде байланышууга ээ; болжолдуу 70% сары сууда байланышпаган бойдон калат.

АМОКЛАВИНдин абсорбциясы качан гана тамактанууну кабыл алып баштаганда абдан жогору болот. АУГМЕНТИН 500/125 мг таблеткаларын, когда (ѳз алдынча дайындалган эки курам бѳлүгүнѳ салыштырмалуу) эки топтогу ыктыярдуу адамдарга ачкарын дайындоодо фармакокинетикалык жыйынтыктар төмөндө берилген.

 

Орто фармакокинетикалык параметрлер

Аталышы

Доза (мг)

Смах (мг/мл)

Tmax * (час)

AUC (mg.h/l)

T ½ (час)

Амоксициллин

 

 

 

 

 

Амоклавин 500/125 мг

500

6.5

1.5

23.2

1.3

Амоксициллин

500 мг

500

6.5

1.3

19.5

1.1

Клавулан кислотасы

 

 

 

 

 

АМОКЛАВИН

500/125 мг

125

2.8

1.3

7.3

0.8

Клавулан кислотасы

125

3.4

0.9

7.8

0.7

 

АМОКЛАВИН менен жеткен сары суудагы амоксициллиндин концентрациялары өз алдынча амоксициллиндин эквиваленттүү дозасын пероралдык дайындоодон кийинки белгиленгенге окшош.

Таралуусу: клавулан кислотасынын жалпы концентрациясынан болжолдуу 25% жана плазмадагы жалпы амоксициллиндин санынан 18% протеин менен байланышат. Таралуу көлөмү болжолдуу 0.3-0.4 л/кг амоксициллинди түзөт жана болжолдуу 0.2 л/кг клавулан кислотасын түзөт. Кан тамырга куйгандан кийин, амоксициллин жана клавулан кислотасы өт баштыкчасында табылган, абдоминалдык тканда, териде, майда, булчуӊ тканында, синовиалдык жана перитонеалдык суюктукта, өттө жана ириӊде табылган. Амоксициллин бир калыпта жүлүн суюктугунда таралбайт. Жаныбарларга болгон изилдөөдөн улам ткандарда эки дары каражаттарын олуттуу кармоону тастыктоо жок. Амоксициллин, көпчүлүк пенициллин сыяктуу эне сүтүндө да табылышы мүмкүн. Клавулан кислотасынын калган саны эне сүтүндө табылышы мүмкүн.  Амоксициллин жана клавулан кислотасы бала тону аркылуу өтөт.

Биотрансформация: амоксициллин бөлүк-бөлүгү менен активдүү эмес пеницилл кислотасы түрүндө баштапкы доза 10 дон 20% чейин эквиваленттүү санда заарага чыгат. Клавулан кислотасы кеӊири түрдө 2.5-дегидро-4-(2-гидроксиэтил)-5-оксо-1H-пирол-3- карбоксил кислотасына жана 1-амино-4гидрокси-бутан-2-он метаболизденет жана заарага бөлүнүп чыгат, заӊга көмүр кычкыл газы түрүндө дем чыгарган аба менен чыгат.

 

Элиминация: амоксициллиндин элиминацияларынын негизги жолу бөйрөк аркылуу, ошондуктан клавулан кислотасы бөйрөктөр тарабынан да, боор тарабынан да бөлүнүп чыгат.

Амоксициллин/клавулан кислотасы жарым-жартылай бөлүп чыгаруунун орто мезгилине ээ, ал 1 саатты жана орто жалпы клиренси болжолдуу 25 л/саатты дени сак бейтаптарда түзөт. Болжолдуу 6-% дан 70% чейинки амоксициллин жана клавулан кислотасынын болжолдуу 40-65% өзгөрбөгөн түрдө заарага биринчи 6 саат ичинде 250 мг/125 мг же 500 мг/125 мг таблетканы кабыл алгандан кийин бөлүнүп чыгат. Ар кандай изилдөөлөр болжолдуу 50-85% амоксициллин үчүн жана 27-60% үчүн клавулан кислотасын 24 саат ичинде заарага бөлүнүшүн көрсөттү. Клавулан кислотасын кабыл алууда дары каражатынын көпчүлүк саны дайындоодон кийин 2 саат ичинде бөлүнүп чыгат. 

Пробенецидди параллелдүү колдонууда амоксициллиндин бөлүнүп чыгуусун жай кылат, клавулан кислотасынын бөйрөк тарабынан бөлүнүп чыгуусун жай кылбайт. Бейтаптардын мүнөздөмөлөрү

Бөйрөк функциясынын бузулушу

Амоксициллин/клавулан кислотасынын жалпы клиренси бөйрөк функциясы төмөндөгөндө сары сууда пропорционалдуу түрдө төмөндөйт. Дары каражатынын клиренсинин төмөндөшү амоксициллин үчүн бир кыйла айкын, клавулан кислотасына караганда, анткени амоксициллиндин көпчүлүк бөлүгү бөйрөктөр тарабынан бөлүнүп чыгат. Бөйрөк функциясы бузулган учурда амоксициллиндин аккумулирленишин алдын алуу керек, бул учурда клавулан кислотасынын жетиштүү деӊгээли кармайт.

Боор функциясынын бузулушу

Боор функциясы бузулган бейтаптарга дары каражаты этияттык менен дайындалат жана үзгүлтүксүз интервалда боор функциясына мониторинг жүргүзүү керек.

Курагы

Амоксициллиндин жарым-жартылай бөлүнүп чыгышы болжолдуу 3 айдан 2 жашка чейинки балдардыкына жана андан чоӊураак балдардыкына, чоӊдордукуна окшош. Биринчи жумалык жашоосунда болгон абдан кичинекей балдар үчүн (айына жетпей төрөлгөн балдарды кошкондо) бөйрөгү жетиле элек болгондуктан дайындоо күнүнө экиден ашпашы керек.  Анткени улгайган курактагы бейтаптар көбүрөөк бөйрөк функциясы начар иштеген абалга ээ, дозаны тандоодо этияттоо керек, мүмкүн болсо бөйрөк функциясын текшерүү керек.

Жынысы

Амоксициллинди/клавулан кислотасын дени сак эркектерге жана айымдарга пероралдык колдонуудан кийин жыныс амоксициллиндин фармакокинетикасына же клавулан кислотасына олуттуу таасир берген эмес.

 

Көрсөтмө

Башкалар: септикалык аборт, төрөттөн кийинки сепсис, интра-абдоминалдык сепсис

 

Каршы көрсөтмө

- пенициллиндерге же дарынын бардык курам бөлүгүнө карата белгилүү сезгичтик

- башка бета-лактамдык антибиотиктерге (цефалоспоринге, карбапенемдерге, монобактамдарга) белгилүү жогорку сезгичтик

- сарык же боор функциясынын бузулушу, амоксициллин-клавулан кислотасынын айкалышын кабыл алуунун фонунда өрчүгөн

- 12 жаштан төмөн же 40 кг дене салмактан азыраак (бул жаш курагы боюнча топтолгон бейтаптарга ичип кабыл алган суспензияны дайындашат) балдар.

 

Кош бойлуулук жана эмчек эмизүү

Жалпы сунуштар

Кош бойлуулук: B категориясы

Бала төрөй турган потенциалдагы/контрацепция:

Башка антибиотиктер сыяктуу, АМОКЛАВИН ичегинин микрофлорасын өзгөртүшү мүмкүн, эстрогендин реабсорбциясынын төмөндөшүнө алып келет жана айкалышкан пероралдык контрацептивдердин таасирдүүлүгүн төмөндөтөт. Мындай абалда контрацепциянын кошумча ыкмалары талап кылынышы мүмкүн.

Кош бойлуулук

Дарыны кош бойлуу мегилде колдонуу боюнча чектелген маалыматтар АМОКЛАВИНдин кош бойлуулука же түйүлдүкө/жаӊы төрөлгөнгө тийгизген терс таасирин көрсөтпөйт. Бүгүнкү күнгө чейин маанилүү эпидемиологиялык маалыматтар алынган эмес. Жаныбарларга болгон изилдөөлөр кош бойлуулука, түйүлдүкө/эмбрионго түз же кыйыр таасирдин болгондугун көрсөтпөйт, постнаталдык өрчүүнү да көрсөтпөйт (коопсуздук боюнча клиникалыка чейинки маалыматтар 5.3 пунктун караӊыз).

Жаныбарлардын төлдөө функциясына карата изилдөө жүргүзүүдө амоксициллинди/клавулан кислотасын айкалыштырып пероралдык жана парентералдык колдонууда (чычкан жана келемиштерге дозаадамдарга сунушталгандан 10 эсеге көп берилген), тератогендик таасир айкындалган эмес.

Түйүлдүк кабыкчасынын эрте жарылуусу боюнча айымдарга (pPROM) изилдөө жүргүзүлгөндөамоксициллин/клавулан кислотасынын айкалышын алдын алып дарылоо жаӊы төрөлгөн ымыркайларда кротизделбеген колиттин кооптуулугунун жогорулашы менен байланыштуу болушу мүмкүн. Башка дары каражаттары сыяктуу эле кош бойлуулук учурунда дарыны колдонуудан оолак болуу керек (айрыкча кош бойлуулуктун биринчи үч айлыгында), дарыгердин оюу боюнча зарыл болгон учурдан башка.

Эмизүү

АМОКЛАВИНде камтылган эки активдүү заттар эне сүтүнө бөлүнүп чыгат (эмчек эмген балага карата клавулан кислотасынын таасири тууралуу белгисиз). Диарея жана былжыр челдин мите козу карын инфекциялары эмчек эмген балдарда болушу мүмкүн, ошондуктан, эмчек эмизүүнү токтотуу талап кылынышы мүмкүн. Амоксициллин/клавулан кислотасын эмчек эмизүүдө колдонууга мүмкүн, бирок кооптуулук менен пайданын карым-катнашын дарыгер баалагандан кийин.

Балалуу болууга жөндөмдүүлүк/фертилдүүлүк

Маалымат жок. 

 

Дозалоо жана колдонуу ыкмасы:

Дозалоо/жыштыгы жана колдонуу узактыгы:

Чоӊдор жана 12 жаштан жогору балдар:

Жеӊил инфекциялар жана орто оордук деӊгээлиндеги инфекциялар: 625 мг таблетка, күнүнө эки жолу.

Оор инфекциялар: 1 г таблетка, күнүнө эки жолу.

Дарылоону парентералдык андан кийин пероралдык колдонууга өтүү керек.

Тиш инфекцияларында дозалар (мисалы, дентоальвеолярдык абсцесс).

Чоӊдор жана 12 жаштан жогору балдар+: АМОКЛАВИН 625 мг күнүнө эки жолу, 5 күн ичинде.  АМОКЛАВИН 625 мг жана 1 г таблеткасы детей 12 жаш жана андан кичүү балдар үчүн дайындалган эмес.

Колдонуу ыкмасы:

Таблеткаларды бүтүн бойдон чайнабастан жутуу керек. Зарыл учурда таблеткаларды экиге бөлүп, чайнабастан жутуу керек. Таблеткаларды потенциалдуу ашказан-ичеги көтөрө албастыгын абдан азайтуу үчүн тамактануу алдында кабыл алуу керек. АМОКЛАВИНдин абсорбциясы тамактануу учурунда дайындалганда абдан жогору турат. Дарылоонун узактыгы кайталап көзөмөл жүргүзүүсү жок 14 күндөн ашпашы керек.

АМОКЛАВИНдин кан тамырга болгон формалары бактериялык инфекцияларды кыска мөөнөттө дарылоо үчүн жана хирургиялык ири кийлигишүүлөрдө инфекцияларды алдын алуу үчүн колдонулат. АМОКЛАВИНдин кан тамырга колдонулган формаларын колдонуу боюнча нускамасын караӊыз.

Ѳзгөчө категориядагы бейтаптар үчүн кошумча маалымат:

Бузулган бөйрөк функциялары:

Чоӊдор:

АМОКЛАВИН 1 г таблеткаларын түйдөк чыпкалоо > 30 мл/мин болгон ылдамдыгы бар бейтаптар үчүн гана колдонууга болот.

 

Бөйрөк функцияларынын жеӊил бузулушу

(клиренс креатинини >30

мл/мин)

Бөйрөк функцияларынын айкын бузулушу

(клиренс креатинини 10-30

мл/мин)

Бөйрөк функцияларынын абдан бузулушу (клиренс креатинини <10

мл/мин)

Дозанын оӊдоп-түзөлүшү талап кылынбайт. (625 мг таблеткасын күнүнө эки жолу жана 1 г таблеткасын күнүнө эки жолу)

625 мг таблеткасын күнүнө эки жолу, 1 г таблеткасын кабыл алышпайт.

Таблеткаларды, 625 мг /24 сааттан көп дайындоого болбойт.

Гемодиализ  

Чоӊдор: 

500/125 мг ды 24 саат ичинде 1 жолудан, 1 дозаны диализ учурунда, диализдин аягында кайталоо керек (анткени амоксициллин жана клавулан кислотасынын сары суудагы концентрациялары төмөндөгөн)

АМОКЛАВИН 1 г таблетканы клиренс креатинини > 30 мл/мин болгон бейтаптарга дайындоого болбойт.

Балдар:

15/3.75 мг/кг/күнүнө, бир суткалык доза менен. Гемодиализ алдында бир кошумча дозаны 15/3.75 мг/кг дайындоо сунушталат. Кандагы заттардын деӊгээлин калыбына келтирүү үчүн, 15/3.75 мг/кг башка дозасын гемодиализден кийин дайындоо керек.

Боор функциясынын бузулушу:

Дозаны этияттык менен аныктоо керек жана боор функциясын үзгүлтүксүз интервалда текшерүү керек.

Балдар:

АМОКЛАВИН суспензиялар түрүндө чыгат, бактериялык инфекцияларда 12 жаштан жогору балдарга дайындоо ылайыкталган. Амоклавин суспензияны колдонуу боюнча нускаманы караӊыз.

Улгайган адамдар:

Маалымат жок.

 

Ѳзгөчө эскертүүлөр жана колдонуу боюнча алдын алуу этияттык чаралары

АМОКЛАВИН менен дарыланганга чейин, пенициллин, цефалоспорин жана башка аллергендерге жогорку сезгичтик реакциялары тууралуу бейтапты көӊүл коюп сурамжылоо керек. Олуттуу жана кээде өлүмгө алып келген жогорку сезгичтиктин (анафилактоиддик) реакциялары пенициллин менен дарыланууда белгиленген эле. Бул реакциялар анамнезинде пенициллинге жогорку сезгичтикте болгон бейтаптарда көбүрөок болушу мүмкүн. Олуттуу анафилактоиддик реакциялар адреналинди дароо дайындоону сунуш кылышат. Ошондой эле кычкылтек менен камсыздоо, стероиддерди кан тамырга куюу жана дем алуу жолдорунун өткөрүмдүүлүгүн колдоо, ошондой эле интубация талап кылынышы мүмкүн.

инфекциялык мононуклеозго шек саналса АМОКЛАВИНди кабыл алуудан оолак болуу керек, анткени кыртыш сымал исиркектин пайда болуусу амоксициллинди колдонгондон кийин бул абал менен байланыштуу болгон.

Узак колдонуу сезгич эмес микроорганизмдерге карата ашыкча көбөйүүсүнө алып келиши мүмкүн. Кан кетүүнү жана узартылган убакытты узартуу (INR көрсөткүчүнүн жогорулашы) АМОКЛАВИН кабыл алган кээ бир бейтаптарда белгиленген. Параллелдүү антикоагулянттарды колдонууда туура келген мониторингди жүргүзүү керек. Антикоагуляциянын туура келген деӊгээлин колдоо үчүн ероралдык антикоагулянттардын дозасын оӊдоп-түзөө керек.

Боор функцияларынын тестеринде өзгөрүүлөр байкалган. Алардын клиникалык маанилүүлүгү белгисиз. АМОКЛАВИНди боор функциясы бузулган бейтаптар үчүн этияттап колдонуу керек. Сейрек холестатикалык сарык, кээде оор абалы, бирок кайрадан калыбына келген учурлар болгон. Белгилер жана симптомдор дарылоону бүткөндөн кийин 6 жумага чейин болушу мүмкүн. Бөйрөк функциясы бузулган бейтаптарга дозаны бузулуу деӊгээлине жараша оӊдоп-түзөө керек. Бөлүнүп чыккан зааранын төмөнкү көлөмүндө сейрек учурда кристаллурия байкалган, албетте парентералдык ыкмада колдонууда. Амоксициллиндин жогорку дозасын колдонуу мезгилинде жетиштүү көлөмдөгү суюктукту кабыл алууну колдоо жана амоксициллинди колдонууга байланыштуу кристаллурияларды төмөндөтүү үчүн бөлүнүп чыккан заараны көзөмөлдөө сунушталат. Заара табарсыгынын катетеризациясы бар бейтаптарда катетердин өткөрүмдүүлүгүн үзгүлтүксүз текшерүү керек. Антибиотик-ассоцацияланган колит толугу менен бактерияга каршы дарыларды, ошондой эле амоксициллинди колдонууда белгиленген, өмүргө кооптуулук алып келген жеӊил формасынан татаал формасына чейин өзгөрүшү мүмкүн. Мындай жагдайдан улам кандайдыр бир антибиотикти кабыл алууда же кабыл алгандан кийин диареясы бар бейтаптарга бул диагнозду эске алуу керек. Антибиотик-ассоцацияланган диареяда, АМОКЛАВИНди кабыл алууну дароо токтотуу керек, дарыгер менен кеӊешип, туура келген дарылоону жүргүзүү керек. Мындай учурда ичеги перистальтикасын дарыларды кабыл алуу каршы көрсөтүлөт.

Амоксициллин менен дарыланып жаткан мезгилде заарада глюкоза болгондо глюкооксидазанын энзимдик ыкмасын колдонуу сунушталат, анткени жалган-оӊ жыйынтыктар энзимдик ыкмалар колдонулуп жатканда болушу мүмкүн.  АМОКЛАВИНде клавулан кислотасынын болушу атайын эмес IgG менен альбумин мембраналарынын кызыл клеткалары менен байланышын козгошу мүмкүн, Кумбс сынамынын жалган-оӊ жыйынтыгына алып келиши мүмкүн. Бул дары каражаты бир дозада 1 ммоль натрийинен (23 мг) азыраакты камтыйт; бул дозада натрий менен байланыштуу кыйыр таасирлер божомолдонгон эмес.

 

Башка дары каражаттары менен өз ара таасири

Пробенецид

Параллелдүү түрдө пробенецидди колдонуу сунушталбайт. Пробенецид бөйрөк каналчалар аркылуу амоксициллиндин бөлүнүп чыгуусун төмөндөтөт. Пробенецидди параллелдүү колдонууда кандагы амоксициллиндин жогорку деӊгээлине жана узактыгына алып келиши мүмкүн, бирок клавулан кислотасыныкы эмес.

Аллопуринол

Амоксициллин менен дарыланган учурда аллопуринолду параллелдүү колдонууда теринин аллергиялык реакциясын жогорулатышы мүмкүн. Бир убакта аллопуринол жана АМОКЛАВИНди колдонуу маалыматы жок.

Пероралдык контрацептивдер

Башка антибиотиктер сыяктуу эле, АМОКЛАВИН ичегилердин микрофлорасына таасирин тийгизиши мүмкүн, эстрогендин абсорбциясынын төмөндөшүнө алып келет жана айкалышкан пероралдык контрацептивдердин таасирин төмөндөтөт. Пероралдык антикоагулянттар

Пероралдык антикоагулянттар жана пенициллин антибиотиктери кеӊири түрүндө тажрыйбада өз ара таасирдин учурлары жок колдонулган. Бирок, адабиятта аценокумарол же варфаринди кабыл алгандар жана амоксициллин менен дарылоо курсун дайындалган бейтаптарда эл аралык жогорулаган отчеттор бар. Эгерде параллелдүү түрдө дарыны колдонуу зарыл болсо, амоксициллинди кабыл алып баштаганда же кабыл алууну бүтүп жатканда кунт коюп узартылган убакытты текшерүү керек же эл аралык нормалдашкан коэффициентти көзөмөлдөө керек. Жада калса, пероралдык антикоагулянттардын дозасына оӊдоп-түзөтүүлөр талап кылынышы мүмкүн.

Метотрексат

Пенициллиндер метотрексаттын бөлүнүп чыгуусун төмөндөтүшү мүмкүн, потенциалдуу уулулуктун жогорулашын козгойт.

Микофенолат мофетил

Микофенолат мофетилди кабыл алган бейтаптарда микофенол кислотасынын активдүү метаболитинин дозасын кабыл алганга чейин концентрацияларды төмөндөтүү болжолдуу түрдө 50% га белгиленген, бирок амоксициллин жана клавулан кислотасын кабыл алгандан кийин. Дозаны дайындоого чейин деӊгээлин өзгөртүү Дозаны дайындоого чейин деӊгээлин өзгөртүү микофенол кислотасынын жалпы таасирине өзгөртүүлөрдү так эмес киргизе алат. 

Ѳзгөчө категориядагы бейтаптар тууралуу кошумча маалымат

Маалымат жок.

Балдар

Маалымат жок.

Унаа каражатты жана татаал техниканы колдонуу жөндөмдүүлүгүнө тийгизген таасири

Унаа каражатын айдоо же татаал техниканы колдонуу жөндөмдүүлүгүнө АМОКЛАВИНдин тийгизген таасирин изилдөө жүргүзүлгөн эмес. Бирок, жагымсыз таасирлер пайда болушу (мисалы, аллергиялык реакциялар, баш айлануу, калтыроо) мүмкүн, ал унаа каражатын жана татаал техниканы башкаруу жөндөмдүүлүгүнө таасир бериши мүмкүн.

 

Кыйыр таасирлери

Ири клиникалык изилдөөлөрдөн алынган маалымат жагымсыз таасирлердин жыштыгын аныктоо үчүн колдонулган. Ар бир жагымсыз таасир ичине кирген жыштыгы  (жыштыгы менен белгиленет <1/10,000) пост-маркетинг маалыматын колдонууда аныкталган эле. Жыштыктын классификациясы:

Абдан тез-тез ≥1/10

Тез-тез ≥1/100 до  <1/10)

Тез эмес (≥1/1000 до <1/100) 

Сейрек (≥1/10000 до <1/1000) 

Абдан сейрек (<1/10000)

Инфекциялар жана инвазиялар

 

Тез-тез

тери жана былжыр челдин кандидозу

Кан жана лимфатикалык система

 

Сейрек

кайрадан калыбына келген лейкопения (ошондой эле нейтропения) жана тромбоцитопения

Абдан сейрек

калыбына келген агранулоцитоз жана гемолитикалык анемия. Кан кетүү убактысын узартуу жана протромбин убактысын узартуу (Колдонуу боюнча өзгөчө алдын алуу чараларын караӊыз)

Иммундук система

 

Абдан сейрек

ангионевротикалык шишимик, анафилаксия, сары суу оорусунун синдрому, некротизирлеген васкулит

Нерв системасы

 

тез эмес

баш айлануу, баш ооруу

абдан сейрек

кайрадан калыбына келген гиперсезгичтик жана калтыроо. Калтыроо бөйрөк функциясы бузулган бейтаптарда же жогорку дозаларды кабыл алган бейтаптарда пайда болушу мүмкүн.

ЖКТ

 

Чоӊдор

 

Абдан тез-тез

Диарея

тез-тез

көӊүл айнуу, кусуу

Балдар

 

Тез-тез

диарея, көӊүл айнуу, кусуу

бейтаптардын бардык категориялары: көӊүл айнуу тез-тез пероралдык жогорку дозаны кабыл алууга байланыштуу. Эгерде ашказан-ичеги реакциялары айкын болсо, тамактануу алдында Амоклавинди кабыл алууда төмөндөшү мүмкүн.

Тез эмес

сиӊирбей калуу

Абдан сейрек

антибиотик-ассоцияцияланган колит (ошондой эле псевдомембраноздук сайгылашуу жана геморрагиялык колит). Тилде айкын кара үрпүчөлөр.

Боор жана өт баштыкчасы

 

Тез эмес

AST жана/же ALT жогорулаган деӊгээли бета-лактамдык антибиотиктерди кабыл алган бейтаптарда белгиленген, бирок бул маалыматтын маанилүүлүгү белгисиз

Абдан сейрек

гепатит жана холестатикалык сарык учурлары болгон. Бул реакциялар башка пенициллиндерди жана цефалоспориндерди колдонууда белгиленген эле. Боор тарабынан реакциялар эркектерде жана улгайган адамдарда байкалган жана бул узак дарыланууга байланыштуу болушу мүмкүн. Бул реакциялар балдарда абдан сейрек учурларда белгиленген. Белгилер жана симптомдор убагында же дарылоодон кийин жакын арада пайда болот, бирок айрым бир учурларда дарылоону токтоткондон кийин бир канча жумадан кийин пайда болушу мүмкүн. Негизи алар кайрадан калыбына келет. Боор реакциялары оор болушу мүмкүн жана абдан сейрек учурда ѳлүмгѳ алып келет. Ѳлүмгѳ алып келген бардык жагдайларда бейтап олуттуу оорууга ээ болгон же боорго терс таасирин тийгизген дарыларды параллелдүү кабыл алган.

Тери жана тери алдындагы ткандар

 

Тез эмес

тери исиркеги, кычышуу, бөрү жатыш

Сейрек

Эритема

Абдан сейрек

Стивен-Джонсон синдрому, токсиндүү эпидермалдык некролиз, буллездук эксфолиативдик дерматит, курч жайылган экзантематоздук пустулез (AGEP), аллергиялык дерматиттин пайда болгон учурунда дарылоону токтотуу керек.

Бөйрөктөр жана заара чыгуучу жолдор

 

Абдан сейрек

интерстициалдык нефрит, кристаллурия (Ашыкча дозаны караӊыз)

 

Дарынын терс реакциялары тууралуу маалымат Дары каражатын каттоодон кийинки шек санаган терс реакциялары тууралуу маалыматы абдан маанилүү. Бул дайыма кооптуулук жана пайданын катышын кѳзѳмѳлдѳп турганга жардам берет. Саламаттык сактоонун жумушчуларын терс реакциялар тууралуу кандайдыр бир маалымат болсо Түркиянын Фармако кѳзѳмѳл Борборуна маалымдоону суранышат: (TÜFAM). (www.titck.gov.tr; e-mail: tufam@titck.gov.tr; телефон № 0 800 314 00 08; факс: 0 312 218 35 99).

Ашыкча доза

АИЖ тарабынан симптомдор, суюктук балансынын жана электролиттердин бузулушу айкын болушу мүмкүн. Ашказан-ичеги симптомдору симптоматикалык дарылоого болот, суюктук жана электролиттер балансына кѳңүл бурушат. Амоксициллинди колдонуудан улам кристаллуриянын учурлары белгиленген, айрым бир учурларда бѳйрѳк алсыздыгына алып келген (Алдын алуу этияттык чаралары жана Эскертүү). АМОКЛАВИН гемодиализдин жардамы менен кандан чыгарылып салышы мүмкүн.

Жарактуулук мөөнөтү

24 ай.

Сактоо шарты

      25°C дан төмөн, кургак жерде сактоо керек.

Чыгаруу шарты: Рецепт боюнча.

Таӊгакчасы

Блистерде 5 таблеткадан. 2 блистер медицинада колдонуу боюнча нускамасы менен бирге таӊгакчага салынган.  

Ѳндүрүүчү

ДЭВА ХОЛДИНГ А.Ш.    

Черкезкей Санайи Бельгеси. Караагач Мах., Ататюрк Джад. №32 Капаклы/Текирдаг/Tүркия

Лицензиянын ээси:

ДЭВА ХОЛДИНГ А.Ш.     

Халкалы Меркез Мах.Басын Экспресс Джад.№1 34303 Кючюкчекмедже/Стамбул/Түркия

Тел: +90 212 692 92 92

Факс: +90 212 697 00 24

Кыргыз Республикасынын аймагында дары каражатынын сапаты боюнча керектөөчүлөрдөн арыз-доолорду кабыл алган уюмдун дареги:

Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Садыгалиева көчөсү, 1

Тел./факс: +996 312 35 75 42

www/amt.kg

Свернуть
Кайдан сатып алуу керек

Препараты компании "Asian Med Trade" можно приобрести во всех аптеках Кыргызстана, в том числе и в собственной розничной сети аптек и фарммаркетов  "Фарм - Сервис" : 

Сеть аптек  "Неман-Фарм"

0 312 68 91 41 ;  0 555 68 91 41 

Сеть аптек  "Лекарь"

0312 91 60 00 ; 0556 91 60 00

Сеть аптек  "Айболит" 0312 54 28 39
Сеть аптек  "Бимед"  0 551 71 73 22
Центральная аптека в г.Бишкек 0312 66 55 00

Собственная розничная сеть фарммаркетов и  аптек «Фарм - Сервис»: 

Аптеки Адреса Телефон
1 Аптека 1 г.Бишкек,ул.Ахунбаева 131-18 0312 54 54 13
2 Аптека 2 г.Бишкек,ул. Тыналиева 3/3 Джал 29 0312 88 00 35
3 Аптека 3 г.Бишкек,ул.Токомбаева 53/2 0312 29 84 70
4 Аптека 4 г.Бишкек,ул.Юнусалиева 52/3 0312 88 46 30
5 Аптека 5 г.Бишкек,ул. Ахунбаева 202, Джал 23 0312 88 13 68
6 Аптека 6 г.Бишкек,мкр. Асанбай, 52а 0555 37 55 36
7 Аптека 7 г.Бишкек,ул. 7 Апреля 13а 0312 88 10 36
8 Аптека 8 г.Бишкек,ул.Бейшеналиева,29 0550 54 44 60
9 Аптечный пункт 1 г.Бишкек,ул.Логвиненко 30 ЦСМ №3 0312 88 11 50
10 Аптечный пункт 2 г.Бишкек,5мкр.,д10,кв8 0312 51 64 45
11 Аптечный пункт 6 г.Бишкек,ул.Абдрахманова, 182 0312 88 69 43