Девасид - АМТ

Девасид - АМТ

Натрий сульбактам 500мг, натрий ампициллин 1000мг

Булчуӊ ичине куюга эритиндини даярдоо үчүн порошок

Колдонуу боюнча нускама

 

                                                              ДЕВАСИД-АМТ

 

Соодадагы аталышы

ДЕВАСИД-АМТ

 

Эл аралык патенттелбеген аталышы

Жок

 

Курамы

Порошок

Активдүү зат: натрий сульбактам 500мг, натрий ампициллин 1000мг

Эриткич

Активдүү зат: 0,5 % лидокаин гидрохлориди

Көмөкчү заттар: инъекциялар үчүн суу

 

Сүрөттөмөсү

Порошок: ак же дээрлик агыш түстөгү порошок

Эриткич: түссүз тунук эритинди, жыты жок

 

Дарынын түрү

Булчуӊ ичине куюга эритиндини даярдоо үчүн порошок

 

Фармадарылык тобу

Системалык түрдө колдонуу үчүн антибактериялык каражаттар. β-лактамазалардын ингибиторлору менен айкалышта жарым синтетикалык пенициллиндер.

ATX коду: J01CR01

 

Фармакологиялык касиеттери

Фармакодинамикалык касиеттери

ДЕВАСИД-АМТ (ампициллин/сульбактам) бета-лактамазалардын калыбына келбей турган ингибиторунун антибиотиктеринин (сульбактамдын) жана  бета-лактамазаларга сезгич антибиотиктин  (ампициллиндин) айкалышы болуп саналат. Мындай айкалыш жалгыз гана парентералдык түрдө колдонууга арналган жана көптөгөн грам оӊ жана грам терс  аэробдук жана анаэробдук патогендик микроорганизмдерге, ошондой эле  бета-лактамазаларды өндүргөн түрлөргө карата антибактериялык активдүүлүктүн кеӊири спектрине ээ. Pseudomonas, Citrobacter жана Enterobacter сыяктуу ампициллинге туруктуу патогендер дарыга да сезгич эмес болушат.

 

Фармакокинетикалык касиеттери:

Дары тамак-сиӊирүү жолунда сиӊбейт. Ампициллин жана сульбактам окшош фармакокинетикалык мүнөздөмөлөргө ээ. Аларды айкалыштырып булчуӊ ичине же кан тамыр ичине куюдан кийин кандын сары суусунда экөө теӊ жогорку концентрацияларына жетет. Эки курамдык бөлүктүн теӊ жарым-жартылай бөлүнүп чыгуу убактысы болжол менен бир саатты түзөт. Ампициллин жана сульбактам организмдин көпчүлүк ткандарында жана  биологиялык суюктуктарында жакшы таркайт. Дарынын мээ жүлүн суюктугуна сиӊүү даражасы төмөн, бирок мээнин жумшак чел кабыктарында сезгенүү бар болгон учурда ал жогорулайт.

Ампициллиндин жана сульбактамдын көпчүлүк бөлүгү (75 %) өзгөрбөгөн түрдө заара менен бөлүнүп чыгат.

Балдарда фармакокинетика

1 жаштагы жана андан жогорку курактагы балдарда дарынын фармакокинетикалык мүнөздөмөлөрү чоӊдордукуна окшош. Жаӊы төрөлгөн жана ара төрөлгөн балдарда (балким, жашоосунун алгачкы күндөрүндө бөйрөк функциясы толук өрчүбөгөндүктүн натыйжасында) эки таасир берүүчү заттын теӊ жарым-жартылай бөлүнүп чыгуу мезгили жогорулаган жана орточо алганда  сульбактам үчүн 7,9 саатты жана ампициллин үчүн 9,4 саатты түзөт. Мындай бейтаптарга дарыны эки окшош дозалар түрүндө ар бир 12 саатта, ампициллинди колдонуунун стандарттык ыкмасына ылайык куюу керек.

Бөйрөк функциясынын бузулуусу бар бейтаптарда фармакокинетика

Айкын бөйрөк алсыздыгы бар бейтаптарда (креатининдин клиренси <30 мл/мин) сульбактамдын жана ампициллиндин бөлүнүп чыгуусу окшош даражада бузулат, ошондуктан кандын плазмасындагы  алардын концентрацияларынын ара катышы өзгөрбөгөн бойдон калат. Мындай бейтаптарга ДЕВАСИД-АМТ дарысын  ампициллинди колдонуунун кадимки тажрыйбасына ылайык азыраак жыштыкта дайындашат. Дарыны  диализди жүргүзүүдөн кийин куюу керек.

 

Колдонууга көрсөтмөлөр

- сезгич микроорганизмдер тарабынан козголгон инфекцияларда;

- жогорку жана төмөнкү дем алуу жолдорунун инфекциялары, анын ичинде синусит, ортоӊку кулактын сезгенүүсү, эпиглоттит, бактериялык өпкө сезгенүүлөрү;

- заара жолдорунун инфекциялары жана пиелонефрит;

- курсактын ичиндеги инфекциялар, анын ичинде перитонит, холецистит, эндометрит жана параметрит;

- теринин, жумшак ткандардын, сөөктөрдүн жана муундардын инфекциялары жана гонококктук инфекциялар.

- бактериялык септицемия, ошондой эле сепсистен кийин, аборттордон жана  кесарев жаруудан кийин коркунучту азайтуу үчүн;

- операциялардан кийинки жарааттык инфекциялардын жыштыгын азайтуу үчүн  операцияга чейинки мезгилде , ошондой эле курсак көӊдөйүнө же жамбаш жакка хирургиялык кийлигишүүлөрдү башынан өткөргөн бейтаптарга Колдонулат.

 

Каршы көрсөтмөлөр

- ампициллинге жана / же сульбактамга жогорку сезгичтикте колдонууга болбойт;

- инфекциялык мононуклеоздо (вирустар тарабынан козголгон оору) жана учуктун вирустук инфекциясы;

- эгер оору таржымалында пенициллиндердин тобундагы каражаттарга  аллергиялык реакциялардын учурлары белгиленсе;

- коштолгон эриткич – лидокаин гидрохлориди, амиддик топтогу анестетиктерге жогорку сезгичтиги же жүрөк бөгөтү бар бейтаптарга куюга болбойт.

 

Колдонуу жолу жана дозасы:

Чоӊдор

Бөйрөк функциясы жакшы иштеген чоӊдордо дарынын жалпы суткалык дозасы  1,5 г түзөт (1 флакон 1,5 г  1000 мг ампициллинге + 500 мг сульбактамга ылайык келет)  12 г чейин (8 флакон 1,5 г; бул  болсо  8000 мг ампициллинге + 4000 мг сульбактамга ылайык келет).

Сульбактамдын эӊ жогорку суткалык дозасы күнүнө 4 г түзөт. Дарынын суткалык дозасын адатта бөлүнгөн дозаларда ар бир 6-8 саатта куюшат.

 

Дарынын дозасы жана куюу жыштыгы инфекциянын оордугуна көз каранды болот.

Инфекциянын оордугу

кт/и же б/и  сульбактамдын+ампициллиндин суткалык дозасы (г)

Жеӊил

1,5-3 г б/и (1-2 г ампициллин + 0,5-1 г сульбактам)

Орточо

6 г чейин кт/и же б/и (4 г ампициллин + 2 г сульбактам)

Оор

12 г чейин кт/и же б/и (8 г ампициллин + 4 г сульбактам)

 

Балдар

Балдарда, ымыркайларда жана жаӊы төрөлгөндөрдө көпчүлүк инфекциялар үчүн сунушталган доза  күнүнө 150 мг/кг түзөт (күнүнө 100 мг/кг ампициллинге + күнүнө 50 мг/кг сульбактамга ылайык келет). Ымыркай жана жаӊы төрөлгөн балдарга ампициллинди кадимки колдонууга ылайык адатта ар бир 6-8 саат сайын кабыл алынат. Жаӊы төрөлгөндөргө жашоонун биринчи жумасында  (өзгөчө ара төрөлгөн) сунушталган суткалык доза күнүнө 75 мг/кг түзөт (бул болсо 25 мг/кг сульбактамга + күнүнө 50 мг/кг ампициллинге туура келет), дозалар ар бир 12 саатта эки кабыл алууга бөлүнөт.

Бөйрөк функциясынын бузулуусу бар бейтаптар.

Бөйрөк  функциясынын оор даражадагы бузулуулары бар бейтаптарда (креатининдин клиренси <30 мл/мин), ДЕВАСИД-АМТ дозасын текшерип туруу керек жана ампициллинди колдонуунун стандарттык ыкмасына ылайык дарыны куюу жыштыгын азайтуу керек.

Хирургиялык инфекцияларга алдын ала чара көрүү үчүн анестезиянын индукциясында  1,5-3 г куюу керек (1-2 флакон ДЕВАСИД-АМТ 1,5 г), бул болсо процедура учурунда сары сууда жана ткандарда натыйжалуу концентрацияга жетүү үчүн жетиштүү убакытты берет. Дозаны ар бир 6-8 саат сайын кайталоого болот. Эгер дарылоо курсу дайындалбаса, алдын ала чара көрүү үчүн куюу адатта көпчүлүк хирургиялык процедуралардан 24 саат өткөндөн кийин токтотулат.

Оордошпогон гонореяны дарылоодо ДЕВАСИД-АМТ бир жолку дозасын 1,5 г куюга болот. Плазмада сульбактамдын жана ампициллиндин концентрациясын жогорулатуу үчүн  пероралдык түрдө пробенецидди 1,0 г коштоп колдонуу керек.

Бейтаптын бөйрөк функциясынын абалына  жана оорунун оордугуна жараша андан көбүрөөк же азыраак жыштыктагы  дозалоо дайындалышы мүмкүн. Калтыратма же башка аномалдуу белгилер жоголгондон кийин дарылоо адатта  48 саатка чейин улантылат. Дарылоо адатта 5-14 күн дайындалат, бирок оор учурларда дарылоо убактысы узартылышы мүмкүн же кошумча ампициллин колдонулушу мүмкүн.

 

Колдонуу жолу

Булчуӊ ичине колдонуу

1,5г флакондун ичиндегисин 3,5 мл 0,5% лидокаин гидрохлориддин эритиндисинде суюлтушат, булчуӊ ичине тереӊ инъекция түрүндө куюшат. Булчуӊ ичине куюу үчүн концентрацияланган эритиндини аралаштыргандан кийин 1 сааттын ичинде колдонуу керек.

Кан тамыр ичине колдонуу

Кан тамыр ичине куюу үчүн флакондун ичиндегисин бир флакондо  инъекциялар үчүн стерилдүү суу менен, же башка сыйымдуу эритиндиде суюлтуу керек жана дары толук эригенге чейин эритиндини тундуруу керек. Дозаны 3 минутага созулган болюстук инъекция түрүндө куюга болот; көбүрөөк суюлтууда дозаны 15–30 минутага созулган кан тамыр ичине инфузия түрүндө  куюга болот.

Сульбактам / ампициллин төмөнкү эритиндилер менен дал келет:

  1. 0,9% натрий хлориддин эритиндиси;
  2. Натрий лактаттын эритиндиси;
  3. Лактатталган Рингер эритиндиси.

 

Сульбактам/ампициллин декстрозаны же башка углеводдорду камтыган эритиндилерде туруктуулугу азыраак (калыбына келтирилген эритиндини аралаштыруудан кийин 2–4 сааттын ичинде колдонуу керек), жана аны  кандын дарылары жана  белоктук гидролизаттар менен аралаштырууга болбойт.

 

Сыйымдуу эриткичтердин таблицасы.

 

Эриткич

Сульбактамдын/ампициллиндин концентрациясы

Туруктуулук (саат)

Инъекциялар үчүн стерилизацияланган суу

          45 мг/мл чейин

               45 мг/мл

          30 мг/мл чейин

    25 °C да 8 саат

    4 °C да 48 саат

    4 °C да 72 саат

0,9% натрий хлориддин эритиндиси

          45 мг/мл чейин

               45 мг/мл

          30 мг/мл чейин

    25 °C да 8 саат

    4 °C да 48 саат

    4 °C да 72 саат

Натрий лактаттын эритиндиси

          45 мг/мл чейин

          45 мг/мл чейин

    25 °C да 8 саат

 

     4 °C да 8 саат

5% суудагы глюкозанын эритиндиси

  15 мг/мл дан 30 мг/мл чейин

          3 мг/мл чейин

          30 мг/мл чейин

     25 °C да 2 саат

     25 °C да 4 саат

     4 °C да 4 саат

5% глюкозанын эритиндиси 0,45% NaCl эритиндисинде

          3 мг/мл чейин 

          15 мг/мл чейин

     25 °C да 4 саат

     4 °C да 4 саат

10% суудагы сахарозанын эритиндиси

          3 мг/мл чейин 

          30 мг/мл чейин

     25 °C да 4 саат

     4 °C да 3 саат

Лактатталган  Рингер эритиндиси

          45 мг/мл чейин

          45 мг/мл чейин

     25 °C да 8 саат

     4 °C да 24 саат

 

Лидокаиндин эритиндисин эч качан кан тамыр ичине куюга болбойт.

 

Калктын атайын топтору үчүн кошумча маалымат

Бөйрөк функциясы бузулган бейтаптар үчүн дарынын дозасын дайындоо:

Креатининдин клиренси (мл / мин 1,73 м2)

Жарым-жартылай бөлүнүп чыгуу убактысы ампициллин / сульбактам  (саат)

Сунушталган доза ДЕВАСИД-АМТ

>30

1

1,5-3 г ар бир 6-8 саатта

15-29

5

1,5-3 г ар бир 12 саатта

5-14

9

1,5-3 г ар бир 24 саатта

 

Кыйыр натыйжалуу таасирлер

Бардык дарылар сыяктуу эле, кыйыр натыйжалуу таасирлер курамдык бөлүктөргө (сульбактам/ампициллин) жогорку сезгичтиги бар бейтаптарда пайда болушу мүмкүн.

Жагымсыз натыйжалуу таасирлер пайда болуу жыштыгы боюнча төмөнкүдөй бөлүштүрүлгөн: жыш (≥ 1/100 ден < 1/10 чейин), жыш эмес (≥ 1/1000 ден < 1/100 чейин), сейрек (≥ 1/10 000 ден < 1/1000 чейин), абдан сейрек (< 1/10 000) жана жыштыгы белгисиз (бар болгон маалыматтардын негизинде аныктоого мүмкүн эмес)

Жыш (≥ 1/100 дөн < 1/10 чейин)

Башка парентералдык антибиотиктер менен болгондой эле, негизги кыйыр натыйжалуу таасир болуп  инъекция жасалган жердеги оору эсептелет (16%), ал көбүнчө булчуӊ ичине куюга байланыштуу болот. Бул кыйыр натыйжалуу таасирди  лидокаинди колдонуу менен алдын алууга болот.

- ич өтүү

- аз кандуулук, тромбоцитопения, эозинофилия

-кандын сары суусунда  аланин (АЛТ) жана аспарагин (ACT) аминотрансферазалардын активдүүлүгүнүн келип-кетүүчү жогорулоосу

- гипербилирубинемия

- флебит

Жыш эмес (≥ 1/1000 ден < 1/100 чейин)

- бөртмө, кычышуу

- кусуу

- лейкопения, нейтропения

Сейрек (≥ 1/10000 ден < 1/1000 чейин)

- көӊүл айнуу, глоссит

Белгисиз (бар болгон маалыматтардын негизинде баамдоого мүмкүн эмес)

- инъекция жасалган жердеги реакция, дене табынын жогорулоосу, астения

- анафилактикалык шок, анафилактоиддик реакция

- Стивенс - Джонсон синдрому, токсиндүү эпидермалдык некролиз, полиморфтуу эритема, темгилдүү-бүдүрлүү исиркектер, бөрү жатыш, курч таркалган экзентематоздук пустулез, эксфолиативдик дерматит

- тубулоинтерстициалдык нефрит, азотемиянын жана креатининемиянын көрсөткүчтөрүнүн жогорулоосу

-  карышуулар, баш айлануу, баш оору

- жалган колит, энтероколит, оозул, тилдин түсүнүн өзгөрүүсү

- гемолитикалык аз кандуулук, агранулоцитоз, тромбоцитопениялык пурпура

- холестатикалык гепатит, холестаз, боордун функциясынын бузулуусу, сарык

- кыйналып дем алуу, көкүрөктүн кысылуусу

- кабактардын, беттин жана эриндердин шишимиги

 

Ашыкча доза

Сульбактамдын натрийи/ампициллиндин натрийи менен курч уулануу жөнүндө чектелген маалымат бар.

Дарынын ашыкча дозасы биринчи кезекте жагымсыз натыйжалуу таасирлерди узарта турган көрүнүштөрдү козгой тургандыгы күтүлөт. CSF β-лактамдык антибиотиктердин жогорку концентрациялары неврологиялык натыйжалуу таасирлерди, ошондой эле карышууларды козгошу мүмкүн, бул фактты эске алуу керек. Сульбактам жана ампициллин кан айлануудан гемодиализ аркылуу бөлүнүп чыгуусуна байланыштуу, эгер ашыкча дозалануу бөйрөк алсыздыгы бар бейтаптарда пайда болсо, бул процедуралар дары каражаттын организмден бөлүнүп чыгуусун күчөтүшү мүмкүн.

Аллергиялык реакция пайда болгон учурда дары менен дарылоону токтотуп, керектүү оӊдоп-түзөөчү дарылоону баштоо керек (антигистаминдик каражаттар, кортикостероиддер, вазопрессордук аминдер), же, анафилаксия учурунда, дароо адреналинди куюу керек же башка тиешелүү тез чараларды көрүү керек, мисалы, кычкылтекти дайындоо жана дем алуу жолдорунун өткөрүмдүүлүгүн камсыз кылуу (анын ичинде интубацияны).

 

Өзгөчө көрсөтмөлөр

Бардык  антибиотиктер менен болгон учурдагыдай эле, сезгич эмес  организмдердин, ошондой эле мите козу карындардын абдан өсүү белгилерине туруктуу көзөмөл жүргүзүү керек. Эгер суперинфекция пайда болсо, дарыны токтотуу керек жана / же ылайыктуу дарылоону жүргүзүү керек.

Дээрлик бардык антибактериялык каражаттарды, ошондой эле натрий сульбактамды / натрий ампициллинди колдонуу менен байланыштуу болгон, Clostridium difficile (CDAD) тарабынан козголгон ич өтүү жөнүндө маалымдалган, ал жеӊил ич өтүүдөн баштап өлүмгө алып келе турган колитке чейин өзгөрүшү мүмкүн. Антибактериялык агенттер менен дарылоо жоон ичегинин кадимки чөйрөсүн өзгөртөт, бул болсо Clostridium difficile нин көбөйүүсүнө алып келет. Clostridium difficile  A жана B токсиндерди өндүрөт, алар CDAD өрчүүсүнө көмөк көрсөтүшөт. Бул  инфекциялар  антимикробдук дарылоого сезгич эмес болуп жана  колэктомия керек болушу мүмкүн болгондуктан, гипертоксин C. difficile ни өндүргөн штаммдар ооруга чалдыгуунун жана өлүмдүн жогорулоосун козгошот. Антибиотиктерди колдонуудан кийин ич өтүүсү пайда болгон бардык бейтаптарда CDAD мүмкүнчүлүгүн карап чыгуу керек. Маалымдалгандай,   CDAD  антибактериялык агенттерди куюдан кийин эки ай өткөндөн кийин өрчүгөндүктөн улам, оору таржымалын кылдаттык менен изилдөө керек.

CDAD тастыкталса же ага шектенип жаткан учурда, C. difficile ни токтотуудан башка учурларда, антибиотиктерди колдонууну токтотуу керек. Суюктуктардын жана электролиттердин деӊгээлин текшерип туруу керек, белокторду куюу керек, C. difficile ге натыйжалуу антибактериялык каражат менен дарылоону баштоо керек жана абалды хирургиялык жактан баамдоо керек.

Бардык эле күчтүү системалык агентте болгондой эле, узак убакытка дарылоодо органдар системасынын, ошондой эле бөйрөк, боор, гемопоэтикалык системанын  дисфункциясын улам-улам текшерүү сунушталат. Өзгөчө жаӊы төрөлгөндөргө, ара төрөлгөндөргө жана башка ымыркайларга колдонууда текшерүү маанилүү болуп саналат.

Пенициллиндерди дайындоонун алдында  бейтапты  пенициллиндерге, цефалоспориндерге же башка дарыларга мурда кандайдыр бир жогорку сезгичтик реакциялары тууралуу кылдат сурамжылоо керек. Пенициллиндер менен дарыланган бейтаптарда (ошондой эле натрий сульбактам/ натрий ампициллин) кээде өлүмгө алып келе турган олуттуу жогорку сезимталдуулук реакциялары байкалгандыгы белгилүү. Мындай реакциялар көпчүлүк учурда оору таржымалында  пенициллиндерге жогорку сезгичтиги бар жана/же бир канча аллергендерге жогорку сезгичтиги бар адамдарда байкалат. Оору таржымалында  пенициллинге жогорку сезгичтиги бар бейтаптарда цефалоспориндер менен дарылоодо жогорку сезгичтиктин оор реакцияларынын өрчүгөндүгү тууралуу маалыматтар катталган. Аллергиялык реакция пайда болгон учурда дары менен дарылоону токтотуу керек жана тиешелүү оӊдоп-түзөөчү дарылоону баштоо керек.

 

Кош бойлуулук жана бала эмизүү

Кош бойлуулук

ДЕВАСИД-АМТ дарысынын кош бойлууларга таасири боюнча эч кандай клиникалык маалыматтар жок. Сульбактам баланын тону аркылуу өтүүгө жөндөмдүү. Ошондуктан күтүлгөн пайда потенциалдык коркунучтардан жогору болбосо, дарыны кош бойлуулук учурунда колдонууга болбойт.

Бала эмизүү

Бала эмизүү мезгилинде колдонуу үчүн сульбактамдын жана ампициллиндин коопсуздугу аныкталган эмес. Бала эмизип жаткан айымдарга эмизүүнү токтотуудан кийин дайындоого мүмкүн болот.

 

Дарылардын өз ара таасири жана өз ара таасирлердин башка түрлөрү

Аллопуринол: аллопуринолду жана ампициллинди коштоп колдонуу ампициллинди гана кабыл алган бейтаптарга салыштырмалуу эки дарыны теӊ кабыл алган бейтаптарда бөртмөнүн жыштыгын алда канча жогорулатат.

Аминогликозиддер: ампициллинди аминогликозиддер менен аралаштыруу in vitro алда канча өз ара  инактивдешүүгө алып келген; эгер антибактериялык каражаттардын бул топторун бир учурда куюу зарыл болсо, аларды ар кандай жерге, арасында бир сааттык тыныгуу убакыт аралыгы менен куюу керек.

Антикоагулянттар: парентералдык пенициллиндер текшерүүлөрдө тромбоциттердин коагуляциясына жана агрегациясына өзгөрүүлөрдү жаратышы мүмкүн. Бул натыйжалуу таасирлер  антикоагулянттар менен жогорулашы мүмкүн.

Антибиотиктер (хлорамфеникол, эритромицин, сульфаниламиддер, тетрациклиндер): Антибиотиктер  пенициллиндердин бактерициддик активдүүлүгүнө таасир бериши мүмкүн; андан көрө коштоп дарылоодон оолак болуу керек.

Метотрексат: пенициллиндерди коштоп колдонуу  метотрексаттын клиренсинин жана метотрексаттын токсиндүүлүгүнүн төмөндөөсүнө алып келген. Бейтаптарга кылдат көзөмөл жүргүзүү талап кылынат. Кальций фолинатты жогорулатып же узак убакытка куюну эске алуу керек.

Эстроген камтыган оралдык контрацептивдер: ампициллинди кабыл алгандарда  оралдык контрацептивдердин натыйжалуулугу төмөндөйт. Ошондуктан ампициллинди кабыл алууда контрацепциянын альтернативдүү же кошумча ыкмасын колдонуу керек.

Пробенецид (заара кислотасынын бөлүнүп чыгуусун жогорулата турган дары)  пероралдык түрдө кабыл алынган ДЕВАСИД-АМТ токсиндүүлүгүнүн коркунучун жогорулатышы мүмкүн. Эгерде аларды чогу колдонуу дарыгер тарабынан жазылбаса, коштоп колдонууга болбойт.

Лабораториялык текшерүүлөрдүн өз ара таасирлери:  сульбактам/ампициллин колдонууда зааранын анализин алууда жалган оӊ глюкозурия байкалышы мүмкүн.

 

Дары каражаттын унааны же потенциалдык кооптуу механизмдерди башкаруу жөндөмдүүлүгүнө таасир берүү өзгөчөлүктөрү

ДЕВАСИД-АМТ колдонууда анын  унаа каражаттарды башкаруу жана  потенциалдык кооптуу механизмдер менен иштөө жөндөмдүүлүгүнө таасир берүүсү байкалган эмес.

Жарактуулук мөөнөтү

3 жыл

Таӊгакта көрсөтүлгөн жарактуулук мөөнөтү аяктагандан кийин колдонууга болбойт.

 

Сактоо шарты

Бөлмөдө 25° C дан жогору эмес аба табында сактоо керек.

ДЕВАСИД-АМТ балдар жетпеген жерде жана өзүнүн таӊгагында сактоо керек.

Берүү шарты

Рецепт боюнча.

 

Таӊгагы

Ичинде порошогу бар, резина тыгыны менен тыгындалган жана  алюминийден турган коргоочу капкакча менен герметизацияланган 15 мл түссүз  айнек флакон жана 3,5 мл 0,5% лидокаин гидрохлоридин камтыган эриткичи бар 4 мл ампула.

Порошогу бар 1 ден флакон жана эриткичи бар 1 ампула мамлекеттик жана орус тилдериндеги  медицинада колдонуу боюнча нускамасы менен кошо  картон кутучага салынат.

Өндүрүүчү

ДЭВА ХОЛДИНГ А.Ш.    

Черкезкей Санайи Бельгеси. Караагач Мах., Ататюрк Джад. №32 Капаклы/Текирдаг/Tуркия

 

Каттоо күбөлүгүн ээси:

ДЭВА ХОЛДИНГ А.Ш.     

Халкалы Меркез Мах.Басын Экспресс Джад. №1 34303 Кючюкчекмедже/Стамбул/Туркия

Тел: +90 212 692 92 92

Факс: +90 212 697 00 24

Кыргыз Республикасынын аймагында дары каражаттын сапаты боюнча керектөөчүлөрдөн арыз-доолорду кабыл алуучу уюмдун дареги:
Кыргыз Республикасы, Бишкек ш., Садыгалиева көч., 1
Тел./факс: +996 312 35 75 42
email:product@dasmed.kg

Свернуть
Кайдан сатып алуу керек

Препараты компании "Asian Med Trade" можно приобрести во всех аптеках Кыргызстана, в том числе и в собственной розничной сети аптек и фарммаркетов  "Фарм - Сервис" : 

Сеть аптек  "Неман-Фарм"

0 312 68 91 41 ;  0 555 68 91 41 

Сеть аптек  "Лекарь"

0312 91 60 00 ; 0556 91 60 00

Сеть аптек  "Айболит" 0312 54 28 39
Сеть аптек  "Бимед"  0 551 71 73 22
Центральная аптека в г.Бишкек 0312 66 55 00

Собственная розничная сеть фарммаркетов и  аптек «Фарм - Сервис»: 

Аптеки Адреса Телефон
1 Аптека 1 г.Бишкек,ул.Ахунбаева 131-18 0312 54 54 13
2 Аптека 2 г.Бишкек,ул. Тыналиева 3/3 Джал 29 0312 88 00 35
3 Аптека 3 г.Бишкек,ул.Токомбаева 53/2 0312 29 84 70
4 Аптека 4 г.Бишкек,ул.Юнусалиева 52/3 0312 88 46 30
5 Аптека 5 г.Бишкек,ул. Ахунбаева 202, Джал 23 0312 88 13 68
6 Аптека 6 г.Бишкек,мкр. Асанбай, 52а 0555 37 55 36
7 Аптека 7 г.Бишкек,ул. 7 Апреля 13а 0312 88 10 36
8 Аптека 8 г.Бишкек,ул.Бейшеналиева,29 0550 54 44 60
9 Аптечный пункт 1 г.Бишкек,ул.Логвиненко 30 ЦСМ №3 0312 88 11 50
10 Аптечный пункт 2 г.Бишкек,5мкр.,д10,кв8 0312 51 64 45
11 Аптечный пункт 6 г.Бишкек,ул.Абдрахманова, 182 0312 88 69 43