Децефин-АМТ 1 г

Децефин-АМТ 1 г

Цефтриаксон

Булчуӊ ичине жана тамыр ичине куюга эритиндини даярдоо үчүн порошок

Колдонуу боюнча нускама

 

 

ДЕЦЕФИН-АМТ

 

Соодадагы аталышы

ДЕЦЕФИН-АМТ

Эл аралык патенттелбеген аталышы

Цефтриаксон

Курамы

Ар бир флакон төмөнкүлөрдү камтыйт:

Активдүү зат: цефтриаксон (натрий тузунун цефтриаксону түрүндө 1,193 г.) 1 г.               

Сүрөттөмөсү

Актан саргыч түскө чейинки жыты жок порошок.

Дарынын түрү

Булчуӊ ичине жана тамыр ичине куюга эритиндини даярдоо үчүн порошок.

Фармадарылык тобу

Системалык түрдө колдонуу үчүн антибактериялык дарылар. Башка бета-лактамдык антибиотиктер. Үчүнчү муундагы цефалоспориндер. Цефтриаксон.

ATX коду: J01DD04

 

Фармакологиялык касиеттери

Цефтриаксондун бактерициддик активдүүлүгү клеткалык мембраналардын синтезин басынтуу менен шартталган. Цефтриаксон in vitro көпчүлүк грам терс жана грам оӊ микроорганизмдерге карата активдүү. Цефтриаксон көпчүлүк грам оӊ жана грам терс бактериялардын бета-лактамаздарына (пенициллиназдарга, ошондой эле цефалоспориназдарга) карата абдан чоӊ туруктуулугу менен мүнөздөлөт. Цефтриаксон төмөнкү микроорганизмдерге карата in vitro жана клиникалык инфекцияларда активдүү («Колдонууга көрсөтмөлөр» бөлүмүн караӊыз):

Грам оӊ аэробдор. Staphylococcus aureus (метициллинсезгич), коагулазотерс стафилококктор, Streptococcus pyogenes (β-гемолитикалык, А тобу), Streptococcus agalactiae (β-гемолитикалык, В тобу), β-гемолитикалык стрептококктор (А дагы В дагы тобу эмес), Streptococcus viridans, Streptococcus pneumoniae.

Эскертүү. Метицилинге туруктуу Staphylococcus spp. цефалоспориндерге, ошондой эле цефтриаксонго туруктуу. Ошондой эле Enterococcus faecalis, Enterococcus faecium жана Listeria monocytogenes цефтриаксонго туруктуулук аныкталат.

Грам терс аэробдор. Acinetobacter lwoffi, Acinetobacter anitratus (негизинен A. baumanii)*, Aeromonas hydrophila, Alcaligenes faecalis, Alcaligenes odorans, алкаген сыяктуу бактериялар, Borrelia burgdorferi, Capnocytophaga spp., Citrobacter diversus (ошондой эле C. amalonaticus), Citrobacter freundii*, Escherichia coli, Enterobacter aerogenes*, Enterobacter cloacae*, Enterobacter spp. (башкалар)*, Haemophilus ducreyi, Haemophilus influenzae, Haemophilus parainfluenzae, Hafnia alvei, Klebsiella oxytoca, Klebsiella pneumoniae**, Moraxella catarrhalis (мурда Branhamella catarrhalis деп аталган), Moraxella osloensis, Moraxella spp. (башкалар), Morganella morganii, Neisseria gonorrhoea, Neisseria meningitidis, Pasteurella multocida, Plesiomonas shigelloides, Proteus mirabilis, Proteus penneri*, Proteus vulgaris*, Pseudomonas fluorescens*, Pseudomonas spp. (башкалар)*, Providentia rettgeri*, Providentia spp. (башкалар), Salmonella typhi, Salmonella spp. (тифоиддик эмес) Serratia marcescens*, Serratia spp. (башкалар)*, Shigella spp., Vibrio spp., Yersinia enterocolitica, Yersinia spp. (башкалар).

* Бул түрдөгү кээ бир изоляттар негизинен хромосомалар менен коддолгон β-лактамаздардын түзүлүүсүнүн натыйжасында цефтриаксонго туруктуу.

** Бул түрдөгү кээ бир изоляттар бир катар плазмиддерден улам  β-лактамаздардын түзүлүүсүнүн натыйжасында цефтриаксонго туруктуу.

Эскертүү. Аминопенициллиндер жана уреидопенициллиндер, биринчи жана экинчи муундагы цефалоспориндер, аминогликозиддер сыяктуу антибиотиктерге көптөгөн туруктуулугу бар жогоруда айтылган микроорганизмдердин штаммдарынын көпчүлүгү цефтриаксонго сезгич болушат. Treponema pallidum  цефтриаксонго in vitro жана жаныбарларга жүргүзүлгөн тажрыйбаларда сезгич. Цефтриаксонго туруктуу клиникалык Р. Aeruginosa штаммдарын эсепке албаганда, биринчи жана экинчи жолку котон жараны дарылоодо цефтриаксон натыйжалуу экендигин клиникалык текшерүүлөр көрсөтүштү. Анаэробдор. Bacteroides spp. (өт суюктугуна сезгич)*, Clostridium spp. (C. difficile ден башка), Fusobacterium nucleatum, Fusobacterium spp. (башкалар), Gaffkia anaerobica (мурда Peptococcus деп аталган), Peptostreptococcus spp.

* Бул түрдөгү кээ бир изоляттар β-лактамаздардын түзүлүүсүнүн натыйжасында цефтриаксонго туруктуу. Эскертүү. Бета-лактамазаны өндүргөн Bacteroides spp. штаммдарынын көпчүлүгү (көбүнчө B. fragilis), цефтриаксонго туруктуу. Clostridium difficile туруктуу.

Фармакокинетика

Цефтриаксондун фармакокинетикасы түз сызыктуу эмес мүнөзгө ээ. Жарым-жартылай бөлүп чыгаруу убактысынан башка, дарынын жалпы концентрацияларына негизделген бардык негизги фармакокинетикалык параметрлери дозага көз каранды.

Сиӊирүү

1г дарыны бир жолку булчуӊ ичине куюдан кийин кандын плазмасындагы эӊ жогорку концентрациясы 81 мг/л түзөт жана ага куюдан кийин 2-3 сааттын ичинде жетет. Тамыр ичине куюдан кийин кандын плазмасында концентрациянын ийри сызыгынын аянты булчуӊ ичине куйганга барабар болот. Бул болсо, цефтриаксондун булчуӊ ичине куюдан кийинки биожеткиликтүүлүгү 100 % түзө тургандыгын билдирет.

Бөлүштүрүү

Цефтриаксонду бөлүштүрүү көлөмү 7-12 л түзөт. 1-2 г дозада куюдан кийин цефтриаксон организмдин ткандарына жана суюктугуна жакшы сиӊет. 24 сааттан ашык убакытта анын концентрациялары 60 тан ашык ткандарда жана суюктуктарда (ошондой эле өпкөдө, жүрөктө, өт суюктугун чыгаруу жолдорунда, боордо, алкым бездеринде, орто кулакта жана мурундун былжыр чел кабыгында, сөөктөрдө, ошондой эле мээ жүлүн суюктугунда, өпкө челинин суюктугунда жана муун суюктугунда, эрендик бездин бөлүп чыгарган затында) эӊ төмөнкү басынтуучу концентрациялардан алда канча жогору болушат. Тамыр ичине куюдан кийин цефтриаксон мээ жүлүн суюктугуна тез сиӊет, ал жерде сезгич микроорганизмдерге карата бактерициддик концентрациялар 24 саатка чейин сакталып турат.

Белоктор менен байланышуусу

Цефтриаксон альбумин менен калыбына келе тургандай байланышат, ошондой болсо да байланышуу даражасы концентрациянын өсүшү менен төмөндөйт, мисалы, кандын плазмасында 100 мг/л ден аз концентрацияда 95 %, 300 мг/л концентрацияда 85 % га чейин төмөндөйт. Ткандардын суюктугунда альбуминдин концентрациясы төмөнүрөөк болгондуктан бош цефтриаксон үчүн ал жерде кандын плазмасындагыга караганда жогорураак.

Өзүнчө ткандарга сиӊүү. Цефтриаксон балдарда, ошондой эле жаӊы төрөлгөндөрдө сезгенген мээ чел кабыгы аркылуу өтөт. Дене салмагына 50-100 мг/кг дозада цефтриаксонду тамыр ичине куюдан 24 саат өткөндөн кийин (жаӊы төрөлгөндөргө жана ымыркайларга) цефтриаксондун мээ жүлүн суюктугундагы концентрациясы 1,4 мг/л жогору болот. Тамыр ичине куюдан болжол менен 4 саат өткөндөн кийин мээ жүлүн суюктугундагы эӊ жогорку концентрациясына жетет жана орточо 18 мг/л түзөт. Бактериялык менингитте цефтриаксондун мээ жүлүн суюктугундагы орточо концентрациясы кандын плазмасындагыдан 17 % түзөт, асептикалык менингитте 4 %. Менингит менен ооруган чоӊ бейтаптарга дене салмагына 50 мг/кг дозаны куюдан 2-24 саат өткөндөн кийин, менингиттин эӊ таркалган дүүлүктүргүчтөрүн ингибирлөөчү эӊ төмөнкү концентрациядан көп эсе жогору болгон цефтриаксондун мээ жүлүн суюктугундагы концентрацияларына жетет. Цефтриаксон баланын тону аркылуу жана аз концентрацияларда – эне сүтүнө өтөт.

Метаболизм. Цефтриаксон системалык метаболизмге чалдыкпайт, ичеги флорасынын таасири алдында активдүү эмес метаболиттерге кубулат.

Бөлүп чыгаруу

Цефтриаксондун жалпы плазмалык клиренси 10-22 мл/мин барабар. Бөйрөк клиренси 5-12 мл/мин барабар. Цефтриаксондун 50-60 % өзгөрбөгөн түрдө бөйрөктөр тарабынан жана 40-50 % өзгөрбөгөн түрдө өт суюктугу менен бөлүнүп чыгат. Чоӊдордо цефтриаксондун жарым-жартылай бөлүп чыгаруу убактысы болжол менен 8 саатты түзөт.

Өзгөчө клиникалык учурларда фармакокинетика

Жаӊы төрөлгөндөрдө бөйрөктөр тарабынан дозанын болжол менен 70 % бөлүнүп чыгат. 8 күндүк балдарда (төрөлгөндөн баштап 8 күн өткөн), ошондой эле 75 жаштан жогорку курактагы бейтаптарда жарым-жартылай бөлүп чыгаруу убактысы жаш курактагыларга караганда 2-3 эсе жогору. Бөйрөк же боор алсыздыгы менен ооруган бейтаптарда цефтриаксон фармакокинетикасы олуттуу эмес өлчөмдө өзгөрөт, жарым-жартылай бөлүп чыгаруу убактысынын гана бир аз жогорулоосу байкалат. Эгер бөйрөк функциясы гана бузулган болсо, өт суюктугу менен бөлүнүп чыгуусу жогорулайт, эгер боордун функциясы бузулган болсо, бөйрөктөр аркылуу бөлүп чыгаруу жогорулайт.

 

Колдонууга көрсөтмөлөр

Дарыга сезгич микроорганизмдер тарабынан козголгон инфекцияларды, ошондой эле төмөнкүлөрдү дарылоо:

  • дем алуу жолдорунун инфекциялары (өзгөчө өпкө сезгенүүсү);
  • ЛОР-органдарынын инфекциялары;
  • бөйрөк жана заара чыгаруу жолдорунун инфекциялары;
  • жыныстык органдардын инфекциялары (ошондой эле гонорея);
  • тери жана жумшак ткандардын инфекциялары;
  • курсак көӊдөйүнүн органдарынын инфекциялары (перитонит, тамак сиӊирүү жолдорунун жана өт суюктугун чыгаруу жолдорунун инфекциялары);
  • сепсис;
  • сөөктөрдүн, муундардын инфекциялары, ошондой эле жарааттардын инфекциялары;
  • иммундук коргонуусу алсыз болгон бейтаптардын инфекциялары;
  • менингит;
  • диссеминирленген Лайма борелиозу (оорунун эрте же кеч баскычтары).
  • Потенциалдык же белгилүү контаминацияда гана гинекологиялык процедуралардын учурунда жана заара чыгаруу жолдорунун, өт суюктугун чыгаруу жолдорунун, тамак сиӊирүү жолдорунун органдарына хирургиялык кийлигишүүлөрдө инфекцияларга операцияга чейинки алдын ала чара көрүү.

Цефтриаксонду дайындоодо антибиотиктер менен дарылоо, көбүнчө антибиотик-туруктуулукка алдын ала чара көрүү боюнча расмий сунуштоолорду кармануу керек.

 

Каршы көрсөтмөлөр:

  • цефалоспориндерге жогорку сезимталдуулук (бейтапта пенициллинге жогорку сезгичтик бар болсо, цефтриаксонго кайчылаш аллергиялык реакциянын пайда болуу мүмкүнчүлүгүн эске алуу керек);
  • ара төрөлгөн балдардын курагы ≤ 41 жума, жатын ичиндеги мөөнөттү эске алуу менен (гестация курагы + төрөлгөндөн кийинки курак);
  • жаӊы төрөлгөндөрдө жана ара төрөлгөндөрдө гипербилирубинемия (цефтриаксондун кандын сары суусунда альбумин менен байланыштан билирубинди бөлүп чыгаруу жөндөмдүүлүгүнө байланыштуу, бул болсо, билирубин менен козголгон энцефалопатиянын өрчүү коркунучуна алып келиши мүкүн);
  • тамыр ичине колдонулуучу кальцийди камтыган эритиндилер менен дарылоо, ошондой эле тамыр ичине кальций камтыган куюларды, мисалы, парентералдык азыктандырууну жүргүзүү керек болгон учурда (же күтүлгөн зарылчылыкта), цефтриаксондун кальций туздарынын преципитаттарынын түзүлүү коркунучунан улам, цефтриаксонду ≤ 28 күн курагындагы жаӊы төрөлгөндөргө колдонууга каршы көрсөтүлөт.

Кош бойлуулук жана эмизүү мезгилинде колдонуу

Цефтриаксон баланын тону аркылуу өтөт. Цефтриаксонду кош бойлуулук мезгилинде айымдарга колдонуунун коопсуздугу изилденген эмес. Аз концентрацияларда цефтриаксон эне сүтү менен кошо бөлүнүп чыгат. Ошондуктан цефтриаксонду дайындоодо эмизүүнү токтотуу керек.

 

Педиатрияда колдонуу

Дары балдарга «Колдонуу жолу жана дозасы» бөлүмүндө көрсөтүлгөн дозалоо боюнча колдонулат.

 

Колдонуу жолу жана дозасы

Цефтриаксон булчуӊ ичине жана тамыр ичине колдонулат. Цефтриаксонду колдонуу менен дарылоону баштаардын алдында, териге текшерүүнү жүргүзүп, бейтапта дарыны көтөрө албастыктын жок экендигин билүү керек.

12 жаштан жогорку балдар жана чоӊдор: адатта суткасына 1 жолу 1-2 г цефтриаксон дайындалат (ар бир 24 саатта). Оор инфекцияларда же цефтриаксонго орто сезгичтиктеги дүүлүктүргүчтөрү бар инфекцияларда, суткалык дозаны  4 г чейин жогорулатууга болот.

Балдар

Жаӊы төрөлгөндөр (2 жумага чейинки): дене салмагына 20-50 мг/кг суткасына 1 жолу. Суткалык доза дене салмагына 50 мг/кг жогору болбошу керек. Өз убактысында жана ара төрөлгөн балдарга дарынын дозасын аныктоодо айырмачылыктар жок. 15 күндөн 12 жашка чейинки балдарга: дене салмагына 20-80 мг/кг суткасына 1 жолу. Дене салмагы 50 кг дан жогору болгон балдарга чоӊдордун дозасы дайындалат.  50 мг/кг же андан жогору болгон тамыр ичине колдонулуучу дозаларды инфузия жолу аркылуу жок дегенде 30 минута убакыт ичинде куюу керек.

Улгайган курактагы бейтаптар

Улгайган курактагы бейтаптарга дозаны оӊдоп-түзөө талап кылынбайт.

Дарылоонун узактыгы

Дарылоонун узактыгы оорунун жүрүшүнө жараша болот. Антибиотиктер менен дарылоонун тартибине ылайык, анализдер дүүлүктүргүчтөрдүн жок экендигин көрсөткөндө жана дене табы калыбына келгенде, цефтриаксонду колдонууну дагы 48-72 саатка улантуу керек. Айкалышкан дарылоо.

Көптөгөн грам терс бактерияларга карата цефтриаксон жана аминогликозиддердин арасында синергизм бар. Мындай айкалыштыктардын жогорку натыйжалуулугун ар дайым алдын ала билүү мүмкүн эмес экендигине карабастан, Pseudomonas aeruginosa тарабынан козголгон жашоого кооптуу, оор инфекциялар бар учурда аны эске алуу керек. Цефтриаксон жана аминогликозиддердин арасындагы физикалык сыйышпастыктан улам, аларды өз-өзүнчө сунушталган дозаларда куюу керек.

 

Өзгөчө учурларда дозалоо

15 күндөн 12 жашка чейинки балдардын бактериялык менингитинде дарылоо суткасына 1 жолу 100 мг/кг дан башталат (бирок 4 г дан ашык эмес). Дүүлүктүргүч идентификацияланып, ал эми анын сезгичтиги аныкталгандан кийин дозаны ага ылайык төмөндөтүүгө болот.

Эӊ жакшы жыйынтыктар дарылоонун төмөнкү узактыгында болгон:

Neisseria meningitidis           4 күн

Haemophilus influenzae        6 күн

Streptococcus pneumoniae    7 күн

Лайма Бореллиозу: чоӊдорго жана балдарга - 50 мг/кг (эӊ жогорку суткалык доза - 2 г) суткасына 1 жолу 14 күн бою.

Гонореяны дарылоо үчүн (пенициллиназаны өндүргөн жана өндүрбөгөн штаммдар тарабынан козголгон) булчуӊ ичине 250 мг бир жолку дозаны дайындоо сунушталат.

Хирургияда операциядан кийинки инфекцияларга алдын ала чара көрүү үчүн, операцияга 30-90 минута калганда жугуу коркунучунун даражасына жараша 1-2 г цефтриаксондун бир жолку дозасын куюу сунушталат. Жоон ичегиге жана түз ичегиге операцияларда цефтриаксонду жана 5-нитроимидазолдордун бирин, мисалы, орнидазолду бир учурда куюу (бирок өз-өзүнчө) өзүн жакшы жактан көрсөттү. Бөйрөк жана боор алсыздыгы. Бөйрөк функциясынын бузулуулары бар бейтаптарга, эгер боордун функциясы жакшы бойдон калса, дозаны төмөндөтүүнүн зарылчылыгы жок. Өлүм алдындагы учкай абалга чейинки баскычтагы бөйрөк алсыздыгында (креатинин клиренси 10 мл/мин төмөн) суткалык доза 2 г дан жогору болбошу керек. Боор функциясынын бузулуулары бар бейтаптарга, эгер бөйрөктөрдүн функциясы жакшы бойдон калса, дозаны төмөндөтүүнүн зарылчылыгы жок. Бөйрөк жана боордун бир учурдагы оор алсыздыктарында кандын плазмасында цефтриаксондун концентрациясын улам-улам текшерип туруу керек жана керек болгон учурда дарынын дозасын оӊдоп-түзөө керек. Гемодиализдеги бейтаптарга, диализден кийин дарыны кошумча куюнун зарылчылыгы жок. Бирок дозаны оӊдоп-түзөө үчүн кандын сары суусундагы цефтриаксондун деӊгээлин текшерип туруу керек, себеби бул бейтаптарда куюу ылдамдыгы төмөндөшү мүмкүн. Гемодиализдеги бейтаптар үчүн цефтриаксондун суткалык дозасы 2 г дан жогору болбошу керек.

 

Эритиндилерди даярдоо

Эритиндилерди түздөн-түз колдонуунун алдында даярдоо керек. Жаӊы даярдалган эритиндилер өздөрүнүн физикалык жана химиялык туруктуулуктарын бөлмөнүн аба табында 6 саатка чейин сакташат (же 2-8 °С аба табында 24 саатка чейин). Сактоо мөөнөтүнүн узактыгына жана концентрацияга жараша эритиндилердин өӊү күӊүрт-сарыдан янтар түсүнө чейин өзгөрүшү мүмкүн. Активдүү заттын бул касиети дарыны көтөрүмдүүлүккө же анын натыйжалуулугуна таасирин тийгизбейт.

Булчуӊ ичине инъекцияга 1 г 3,5 мл 1 % лидокаиндин эритиндисинде суюлтулат; инъекция соору булчуӊуна тереӊ жасалат. Бир сооруга 1 г жогору эмес өлчөмдө куюу сунушталат.

Лидокаинди камтыган эритиндини тамыр ичине куюга болбойт.

Тамыр ичине инъекция үчүн 1 г цефтриаксон 10 мл инъекциялар үчүн стерилизацияланган сууга суюлтулат; тамыр ичине жай куюлат (2-4 минута).

Тамыр ичине куюу 30 минутадан аз эмес убакытка созулушу керек. Куюу үчүн эритиндини даярдоого 2 г цефтриаксонду төмөнкү кальций иондорунан бош 40 мл инфузиялык эритиндилерде суюлтулат: 0,9 % натрий хлориди, 0,45 % натрий хлориди + 2,5 % глюкоза, 5 % глюкоза, 10 % глюкоза, 6 % декстран глюкозанын эритиндисинде 5 %, 6-10 % гидроксиэтилирленген крахмал, инъекциялар үчүн суу. Мүмкүн болгон дал келбестикти эске алуу менен, куюу учурунда да, даярдоо учурунда да, цефтриаксонду камтыган эритиндилерди башка антибиотиктерди камтыган эритиндилер менен аралаштырууга болбойт. Рингер же Гартман эритиндилери сыяктуу кальцийди камтыган эриткичтерди флакондогу цефтриаксонду суюлтуу үчүн же тамыр ичине куюу үчүн калыбына келтирилген эритиндини аралаштыруу үчүн колдонууга болбойт, себеби цефтриаксондун кальций туздарынын преципитаттарынын түзүлүү мүмкүнчүлүгү бар. Цефтриаксондун кальций туздарынын преципитаттарынын түзүлүүсү ошондой эле цефтриаксонду кальций камтыган эритиндилер менен тамыр ичине куюу үчүн бир инфузиялык системада аралаштырганда ишке ашуусу мүмкүн. Цефтриаксонду кальцийди камтыган эритиндилер менен, ошондой эле узак убакытка кальцийди камтыган инфузиялар менен, мисалы, парентералдык тамактануу менен коштоп куюга болбойт («Башка дары каражаттары менен өз ара таасири жана өз ара таасирлердин башка түрлөрү» бөлүмүн караӊыз).

Кыйыр натыйжалар

Абдан тез (> 1/10); тез-тез (> 1/100 дөн <1/10 чейин); тез эмес (> 1/1.000 ден <1/100 чейин); сейрек (> 1/10.000 ден <1/1.000 чейин); абдан серйек (<1/10.000), белгисиз (бар болгон маалыматтар боюнча баамдоого мүмкүн эмес).

Дарыны колдонуу учурунда өзүнөн-өзү же дарыны токтотуудан кийин калыбына келген кыйыр натыйжалар байкалган:

Инфекциялар жана инвазиялар

Сейрек: Жыныстык жолдун микоздору.

Ачыткычтар, мите козу карындар же башка туруктуу микроорганизмдер менен суперинфекциялар.

Кан жүгүртүү жана лимфа системасы тарабынан бузулуулар

Сейрек: Нейтропения, эозинофилия, лейкопения, гранулоцитопения, аз кандуулук, ошондой эле гемолитикалык аз кандуулук, тромбоцитопения, протромбин убактысынын бир аз узаруусу.

Абдан сейрек: коагуляциянын бузулуулары

Гранулоцитоз жөнүндө (<500/мм3) негизинен 10 күн дарылануудан кийин жана цефтриаксондун жалпы 20 г жана андан жогорку жалпыланган дозаларынан кийин маалымдалган.

Иммундук системанын бузулуусу

Сейрек: Анафилактикалык (мисалы колко кысылуусу) жана анафилактоиддик реакциялар.

Нерв системасынын бузулуулары

Сейрек: баш оору жана баш айлануу.

Ичеги-карын жолу тарабынан бузулуулар

Тез-тез: суюк заӊ же диарея, көӊүл айнуу, кусуу.

Сейрек: оозул, глоссит. Бул кыйыр натыйжалуу таасирлер адатта орто даражада болушат жана адатта дарылоо учурунда же дарылоону токтотуудан кийин жоголушат.

Абдан сейрек (айрым учурлар): Жалган колит (негизинен Clostridium difficile тарабынан козголгон), уйку бездин сезгенүүсү (мүмкүн өт суюктугунун түтүгүнүн бүтөлүүсү менен козголгон). Ошондуктан, антибактериялык дарылоодон кийин ич өтүүсү пайда болгон бейтаптарда өт тараптан бузулуулардын пайда болуу мүмкүнчүгүнүн карап чыгуу керек.

Гепатобилиардык бузулуулар

Сейрек: боордун сары суу ферменттеринин жогорулоосу (АСТ, АЛТ, шакар фосфатаза).

Өт баштыкчасында цефтриаксон кальцийдин туздарынын преципитациясы негизинен сунушталган стандарттык дозадан жогорку дозаларды колдонгон бейтаптарда байкалат. Балдарга тамыр ичине колдонууда преципитациянын өзгөрмө жыштыгын проспективдик изилдөөлөр көрсөтүштү жана мында преципитациянын жыштыгы жай инфузияда (20-30 минута) төмөн болгондой сыяктанат. Бул натыйжалуу таасирдин адатта симптому жок, бирок сейрек учурларда, преципитация оору, көӊүл айнуу жана кусуу сыяктуу клиникалык симптомдор менен коштолгон. Бул учурларда симптоматикалык дарылоону жүргүзүү сунушталат. Преципитация цефтриаксонду колдонууну токтоткондо калыбына келет.

Тери жана тери алдындагы чарым тарабынан бузулуулар

Тез эмес: макулопапилярдык бөртмө, экзантема же аллергиялык дерматит, кычышуу, бөрү жатыш, шишимик сыяктуу теринин аллергиялык реакциялары.

Абдан сейрек: айрым учурларда көп түрлүү эритема, Стивенс-Джонсон синдрому же Лайелл синдрому/ токсиндүү эпидермалдык некроз.

Заара-жыныс системасы тарабынан бузулуулар

Сейрек: сары сууда креатининдин жогорулоосу, олигоурия, глюкозурия, гуматурия.

Абдан сейрек: бөйрөк преципитациясынын обочолонгон маалыматтарында, күнүмдүк жогорку дозалар (күнүнө 80 мг/кг жана андан жогору) жана 10 г дан жогору болгон жалпыланган дозалар менен дарыланган жана башка коркунуч факторлору (суусуздануу же иммобилизация ж.б. сыяктуу) бар болгон, негизинен 3 жаштан жогорку курактагы балдарда. Бирок, цефтриаксонду кабыл алууну токтотууда бөйрөк преципитациясы калыбына келет. Анурия жана бөйрөк алсыздыгы ассоциацияда байкалган.

Жалпы реакциялар

Сейрек: Тамыр ичине дайындоодон кийин калтыратма, чыйрыгуу, флебит жана инъекция жасалган жердин оорушу. Аларды жай инъекция аркылуу төмөндөтүүгө болот, жок дегенде 2-4 минута.

Лидокаиндин эритиндиси жок булчуӊ ичине инъекция оорутат.

Дары менен байланыштуу болгон күмөндүү жагымсыз реакциялардын маалыматтары

Дары каражатты сатууга уруксат берилгенден кийин дары менен байланыштуу болгон күмөндүү жагымсыз реакциялардын маалыматтары маанилүү. Алар дары каражаттын пайда/коркунуч теӊ салмактуулугун текшерүүнү улантууга мүмкүнчүлүк беришет. Саламаттыкты сактоонун адистери күмөндүү бардык жагымсыз реакциялар жөнүндө Турциянын Фармакологиялык Көзөмөлдөө Борборуна (TUFAM) маалымдоону суранышат. (www.titck.gov.tr; электрондук дарек: tufam@titck.gov.tr; телефон номери:

0 800 314 00 08; факс: 0 312 218 35 99).

 

Ашыкча доза

Ашыкча дозалануу учурунда гемодиализ же перитонеалдык диализ дарынын концентрациясын төмөндөтпөйт. Спецификалык антидоту жок. Ашыкча дозаланууну дарылоо симптоматикалык түрдө жүргүзүлөт

Сыйышпастыгы

ДЕЦЕФИН-АМТ камтыган эритиндилер, башка заттарды камтыган эритиндилер менен аралаштырылбашы керек жана аларга кошулбашы керек. Көбүнчө кальцийди камтыган эритиндилер (мисалы Рингер, Гартман эритиндилери), ТИ инфузиялардын эритүүчүлөрүн же эритиндилерин даярдоо үчүн колдонулбашы керек, себеби тунма пайда болушу мүмкүн. Цефтриаксон кальцийди камтыган эритиндилер менен коштоп колдонулбашы керек жана алар менен аралаштырылбашы керек.

Башка дары каражаттары менен өз ара таасири жана өз ара таасирлердин башка түрлөрү

Бактериостатикалык антибиотиктер цефтриаксондун бактерициддик натыйжалуу таасирин төмөндөтүшөт.

Антагонизм хлорамфеникол менен in vitro.

Фармацевтикалык жактан  Ca2+ (ошондой эле Хартман жана Рингер эритиндилери) камтыган эритиндилер, ошондой эле амсакрин, ванкомицин, флуконазол жана аминогликозиддер менен сыйышпайт.

N-метилтиотетразол тобун камтыбайт, ошондуктан этанол менен өз ара аракеттешүү кээ бир цефалоспориндерге мүнөздүү болгон дисульфирамга окшош реакциялардын өрчүүсүнө алып келбейт.

Авто унааны башкаруу жана башка механиздер менен иштөө жөндөмдүүлүгүнө тийгизген таасири.

Цефтриаксонду кабыл алып жаткан бейтаптарга психомотордук реакциянын тездигин жана жогорку көӊүл бөлүүнү талап кылган иштер менен алектенүүдө жана авто унааны башкарууда этият болуу керек.

 

Жарактуулук мөөнөтү

4 жыл.

Сактоо шарты

25°C га чейинки аба табында, өзүнүн таӊгакчасында, жарыктан корголгон жерде сактоо керек.

Балдар жетпеген жерде сактоо керек.

Даярдагандан кийин дароо колдонуу керек.

 

Дарыканалардан чыгаруу шарты

Рецепт боюнча

Чыгаруу формасы жана таӊгагы

В2-42 жана алюминий коопсуздук шакекчеси менен жабдылган каучук капкакчасы бар түссүз айнектен турган 15мл флакон (Тип III) жана түссүз айнектен турган ампула (Тип I). Ар бир картон кутуда 10 флакон жана медицинада колдонуу боюнча нускамасы камтылган.

 

Каттоонун ээси

ДЭВА ХОЛДИНГ А.Ш.

Халкалы Меркез Мах. Басын Экспресс Джад. №1

34303 Кючюкчекмедже/Стамбул/Турция

Тел:   +90 212 692 92 92

Факс: +90 212 697 00 24

Өндүрүүчү

ДЭВА ХОЛДИНГ А.Ш.

Черкезкей Санайи Бельгеси,

Караагач Мах.Ататюрк Джад. №32

Капаклы/Текирдаг/Турция

«Asian Med Trade» ЖЧК үчүн өндүрүлгөн
Кыргызстан Республикасы, Бишкек шаары, Садыгалиева көчөсү, 1

Тел./факс: +996 312 35 75 42

www.amt.kg

 

Свернуть
Кайдан сатып алуу керек

Препараты компании "Asian Med Trade" можно приобрести во всех аптеках Кыргызстана, в том числе и в собственной розничной сети аптек и фарммаркетов  "Фарм - Сервис" : 

Сеть аптек  "Неман-Фарм"

0 312 68 91 41 ;  0 555 68 91 41 

Сеть аптек  "Лекарь"

0312 91 60 00 ; 0556 91 60 00

Сеть аптек  "Айболит" 0312 54 28 39
Сеть аптек  "Бимед"  0 551 71 73 22
Центральная аптека в г.Бишкек 0312 66 55 00

Собственная розничная сеть фарммаркетов и  аптек «Фарм - Сервис»: 

Аптеки Адреса Телефон
1 Аптека 1 г.Бишкек,ул.Ахунбаева 131-18 0312 54 54 13
2 Аптека 2 г.Бишкек,ул. Тыналиева 3/3 Джал 29 0312 88 00 35
3 Аптека 3 г.Бишкек,ул.Токомбаева 53/2 0312 29 84 70
4 Аптека 4 г.Бишкек,ул.Юнусалиева 52/3 0312 88 46 30
5 Аптека 5 г.Бишкек,ул. Ахунбаева 202, Джал 23 0312 88 13 68
6 Аптека 6 г.Бишкек,мкр. Асанбай, 52а 0555 37 55 36
7 Аптека 7 г.Бишкек,ул. 7 Апреля 13а 0312 88 10 36
8 Аптека 8 г.Бишкек,ул.Бейшеналиева,29 0550 54 44 60
9 Аптечный пункт 1 г.Бишкек,ул.Логвиненко 30 ЦСМ №3 0312 88 11 50
10 Аптечный пункт 2 г.Бишкек,5мкр.,д10,кв8 0312 51 64 45
11 Аптечный пункт 6 г.Бишкек,ул.Абдрахманова, 182 0312 88 69 43