Монтелукаст-АМТ

Монтелукаст-АМТ

Дем алуу жолдорунун бүтөлүү ооруларын дарылоо үчүн каражаттар

Колдонуу боюнча нускама

 

МОНТЕЛУКАСТ-АМТ

Соодадагы аталышы

Монтелукаст-АМТ

Эл аралык патенттелбеген аталышы

Монтелукаст

Курамы

Жука чел кабык менен капталган бир таблетка төмөнкүлөрдү камтыйт:

Активдүү заттар: 10 мг монтелукастка эквиваленттүү 10.4 мг натрий монтелукаст;

Көмөкчү заттар: лактоза моногидраты, микрокристаллдык целлюлоза (рН 101), микрокристаллдык целлюлоза (рН 102), натрий кроскармеллозасы, гидроксипропилцеллюлоза, магний стеараты, опадрай 20А22156 сары.

 

Сүрөттөмөсү

Сары, тегерек, жука чел кабык менен капталган, бир тарабына ‘d’ жазуусу түшүрүлгөн таблеткалар.

 

Дарынын түрү

Жука чел кабык менен капталган таблеткалар

 

Фармадарылык тобу

Дем алуу жолдорунун бүтөлүү ооруларын дарылоо үчүн каражаттар. Дем алуу жолдорунун бүтөлүү ооруларын дарылоо үчүн системалык түрдө таасир берген башка каражаттар. Антагонисттер. Монтекуласт.

ATX коду: R03DC03

 

Фармакологиялык касиеттери

Фармакодинамикалык касиеттери

Цистеинил лейкотриендер (LTC4, LTD4, LTE4) сезгенүүнүн күчтүү эйкозаноиддери, алар ар кандай клеткалардан бошонот, ошондой эле мастоциттер жана эозинофилдер  бар. Бул маанилүү проастматикалык медиаторлор цистеинил лейкотриен (CysLT) рецепторлору менен байланышат. 1-типтеги CysLT  (CysLT1) рецептору адамдын дем алуу жолдорунда (ошондой эле адамдын дем алуу жолдорунун жылма булчуӊдарынын клеткалары жана дем алуу жолдорунун макрофагдары) жана башка сезгенүү жообунун мобилизациясын камсыз кылуучу клеткаларда (ошондой эле эозинофилдер жана  белгилүү бир миелоиддик сөӊгөктүү клеткалар) бар болот. CysLTs астманын жана аллергиялык мурун сезгенүүсүнүн патофизиологиясы менен байланыштырышкан. Астмада лейкотриенден козголгон натыйжалуу таасирлерге колконун тарытуу, былжырды бөлүп чыгаруу, тамырлардын өткөрүмдүүлүгү, эозинофилдердин кошулуусу камтылат. Аллергиялык мурун сезгенүүсүндө CysLTs реакциянын эрте жана кеч фазасында аллерген менен аракеттешкенден кийин мурундун былжыр чел кабыгынан бошонушат жана аллергиялык мурун сезгенүүсүнүн симптомдору менен ассоциацияланат. CysLTs интраназалдык провокациясы назалдык дем алуу жолдорунун туруктуулугун жана назалдык бүтөлүүнүн симптомдорун жогорулатат.  

 

Фармакокинетикалык касиеттер

Жалпы касиеттер

Абсорбция

Монтелукаст пероралдык түрдө кабыл алуудан кийин АИЖ тез абсорбцияланат. Жука чел кабык менен капталган 10 мг таблетка үчүн ачкарын чоӊ адамдарга дайындоодон кийин плазмадагы орточо эӊ жогорку концентрацияга (Cmₐₓ) 3 сааттан кийин жетет (Tmₐₓ). Пероралдык түрдө колдонууда орточо биожеткиликтүүлүк 64% түзөт. Кадимки тамак-аш менен пероралдык түрдө кабыл алууда биожеткиликтүүлүк жана Cmₐₓ өзгөрбөйт.

Коопсуздугу жана натыйжалуулугу  клиникалык изилдөөлөрдө тастыкталган, ал учурда жука чел кабык менен капталган 10 мг таблеткалар тамактануу убактысына көз карандысыз дайындалган.

Бөлүштүрүү

Монтелукаст плазманын белоктору менен 99% дан ашык байланышат. Монтелукасттын туруктуулашкан бөлүштүрүү көлөмү орточо 8-11 литрди түзөт. Радиоактивдүү белгиленген монтелукаст менен жүргүзүлгөн изилдөөлөрдө гематоэнцефалиялык тосмо аркылуу эӊ төмөнкү бөлүштүрүү көрсөтүлгөн. Ага кошумча, радиоактивдүү белгиленген заттын концентрациялары дозадан кийин 24 саат өткөндө бардык ткандарда эӊ төмөнкү деӊгээлде болгон.

Метаболизм

Монтелукаст активдүү түрдө зат алмашат. Дарылык дозаларга жүргүзүлгөн изилдөөлөрдө монтелукасттын метаболиттеринин концентрациялары теӊ салмактуу абалда чоӊдордо жана балдарда аныкталбайт.

Цитохром P450 2C8 монтелукасттын метаболизминде негизги энзим болуп саналат. Ага кошумча катары адамдын боорунун микросомаларын колдонуу менен жүргүзүлгөн in vitro изилдөөлөрү көрсөткөндөй, цитохром P450 3A4 жана 2C9 монтелукасттын метаболизмине катышышат. Адамдын боорунун микросомаларында кийинки in vitro жыйынтыктарынын негизинде, адамдын плазмасындагы монтелукасттын дарылык концентрациялары цитохром P450 3A4, 2C9, 1A2, 2A6, 2C19, же 2D6 ингибирлешпейт. Монтелукасттын дарылык натыйжалуу таасиринде метаболиттердин ролу төмөн.

Бөлүп чыгаруу

Бойго жеткен дени сак адамдарда монтелукасттын плазмалык клиренси орточо 45 мл/мин түзөт. Радиоактивдүү белгиленген монтелукастты пероралдык түрдө колдонуудан кийин 86% радиоактивдүүлүк 5 күндүн ичинде заӊ менен жана 0.2% дан азыраагы заара менен бөлүнүп чыгат, бул болсо монтелукаст жана анын метаболиттери дээрлик толук бойдон өт суюктугу менен бөлүнүп чыга тургандыгын көрсөтөт.

Бейтаптардын ар кандай топторунда фармакокинетиканын өзгөчөлүктөрү. Улгайган курактагы бейтаптарда же боор функциясынын жеӊилден баштап орточо оордук даражасындагы бузулуусунда дозаны оӊдоп-түзөөнүн зарылчылыгы жок. Бөйрөк функциясынын бузулуулары бар бейтаптардын катышуусунда изилдөөлөр жүргүзүлгөн эмес. Монтелукаст жана анын метаболиттери өт суюктугу менен бөлүнүп чыккандыгына байланыштуу, бөйрөк функциясынын бузулуулары бар бейтаптарга монтелукасттын дозасын оӊдоп-түзөө зарыл боло тургандыгы күтүлбөйт. Боор функциясынын оор даражадагы бузулуусу (Чайлд-Пью шакаласы боюнча >9) бар бейтаптарда монтелукасттын  фармакокинетикасы тууралуу маалыматтар жок.

 

Колдонууга көрсөтмөлөр

чоӊдордо жана 15 жаштан жогорку курактагы өспүрүмдөрдө колко астмасын узак убакыт бою дарылоо жана ага алдын ала чара көрүү, ошондой эле оорунун күндүзгү жана түнкү симптомдорун алдын алуу, ацетилсалицил кислотасына жогорку сезгичтиги бар бейтаптарда колко астмасын дарылоо жана физикалык жактан күч келүүдөн козголгон колко кысылуусун алдын алуу.

 

- чоӊдордо жана 15 жаштан жогорку курактагы өспүрүмдөрдө мезгилдүү жана/же жыл бою болгон аллергиялык мурун сезгенүүсүнүн күндүзгү жана түнкү симптомдорун басуу.

 

Колдонуу жолу жана дозасы

Тамактанууга көз карандысыз суткасына 1 жолу ичип кабыл алынат.

Колко астмасын дарылоо үчүн Монтелукаст-АМТ дарысын кечинде кабыл алуу керек.

Аллергиялык мурун сезгенүүлөрүн дарылоодо бейтап каалаган убакытта кабыл алса болот.

Колко астмасы жана аллергиялык мурун сезгенүүлөрү бар бейтаптар Монтелукаст-АМТ дарысынын 1 таблеткасын суткасына бир жолу кечинде кабыл алуулары керек.

 

Каршы көрсөтмөлөр

Дарынын кандайдыр бир курамдык бөлүгүнө жогорку сезгичтиги бар бейтаптарга каршы көрсөтүлгөн;

15 жашка чейинки балалык курак;

Галактозаны тукум-куучулук көтөрө албастык, Лаппа лактазасынын ферментинин жетишсиздиги, глюкоза-галактоза мальабсорбциясы.

 

Дарылык өз ара таасир жана өз ара таасирлердин башка түрлөрү

Монтелукаст адатта өнөкөт астманы дарылоодо жана ага алдын ала чара көрүүдө колдонулуучу башка каражаттар менен коштоп колдонулган. Дарылык өз ара таасирди изилдөөдө монтелукасттын сунушталган клиникалык дозасы төмөнкү дары каражаттардын фармакокинетикасына клиникалык маанилүү натыйжалуу таасирге ээ эмес: теофиллин, преднизон, преднизолон, пероралдык контрацептивдер (этинил эстрадиол/норэтиндрон 35/1), терфенадин, дигоксин жана варфарин.

Фенобарбитал коштоп дайындалган бейтаптарда монтелукаст үчүн плазмадагы  концентрациянын ийри сызык аянты (AUC) болжол менен 40% га төмөндөгөн. Монтелукаст CYP 3A4, 2C8 жана 2C9 менен зат алмашкандыктан улам; монтелукаст фенитоин, фенобарбитал жана рифампицин сыяктуу CYP 3A4, 2C8 жана 2C9  индукторлору менен коштоп дайындалган учурда, өзгөчө балдар үчүн этияттыкты сактоо керек.

In vitro изилдөөлөр көрсөткөндөй, монтелукаст CYP 2C8 дин күчтүү ингибитору болуп саналат. Бирок, монтелукастты жана розиглитазонду (сыналуучу субстрат, көбүнчө CYP 2C8 менен зат алмашкан дарылардын өкүлү) камтыган дарылык өз ара таасирге жүргүзүлгөн клиникалык изилдөөлөрдүн маалыматтары көрсөткөндөй, монтелукаст  in vivo CYP 2C8 ди ингибирлебейт. Ошентип, монтелукаст бул энзим тарабынан зат алмашкан дары каражаттардын (мисалы, паклитаксел, розиглитахон жана репаглинид) метаболизмин олуттуу түрдө өзгөртүүсү күтүлбөйт.

In vitro изилдөөлөрү, монтелукаст CYP 2C8, 2C9 жана 3A4 субстраты экендигин көрсөтүшкөн. Монтелукастты жана гемфиброзилди (CYP 2C8 жана 2C9 ингибитору) камтыган дарылык өз ара таасирге жүргүзүлгөн клиникалык изилдөөлөрдүн маалыматтары көрсөткөндөй, гемфиброзил монтелукасттын системалык таасирин 4.4 эсе жогорулатат. CYP 3A4 күчтүү ингибитору итраконазолду гемфиброзил жана монтелукаст менен коштоп дайындоо монтелукасттын системалык таасирин жогорулатпайт. Чоӊдор үчүн уруксат берилген 10 мг дык дозадан жогорку (мисалы, 22 жума бою чоӊ бейтаптар үчүн күнүнө 200 мг жана болжол менен 1 жума бою күнүнө 900 мг чейинки) дозалардын клиникалык коопсуздугу тууралуу маалыматтардын негизинде монтелукасттын системалык таасирине гемфиброзилдин натыйжалуу таасири  клиникалык маанилүү деп эсептелбейт. Ошентип,  гемфиброзил менен коштоп дайындоодо монтелукасттын дозасын оӊдоп-түзөө зарылчылыгы жок.

In vitro маалыматтарынын негизинде, CYP2C8 башка белгилүү ингибиторлору менен (мисалы, триметоприм) клиникалык маанилүү өз ара аракеттешүү күтүлбөйт. Мотелукастты итраконазол менен гана коштоп дайындоо  монтелукасттын системалык таасиринин олуттуу жогорулоосуна алып келген эмес.

 

Өзгөчө көрсөтмөлөр

Астманын курч кармоосун дарылоо үчүн  монтелукастты кабыл алууга болбойт, бул тууралуу бейтаптарды алдын ала эскертүү керек, бул максатта астманын курч кармаган учурунда жандарына ылайыктуу каражатты алып жүрүү керек.

Астма курч кармаган учурда кыска мөөнөттө таасир берүүчү бета-агонисттин ингаляциялык түрүн колдонуу керек. Эгер бейтаптарга кыска мөөнөттө таасир берүүчү бета-агонисттин ингаляциялык түрүн адаттагыдан көбүрөөк колдонуу керек болсо, бейтаптар мүмкүн болушунча тезирээк дарыгер менен кеӊешүүлөрү керек.

Монтелукастты тез арада кортикостероиддердин ингаляциялык же пероралдык түрү менен алмаштырууга болбойт.

 

Нерв-психикалык бузулуулар

Нерв-психикалык бузулуулар монтелукастты кабыл алып жаткан чоӊ бейтаптарда, өспүрүмдөрдө жана балдарда белгиленген. Монтелукастты колдонуу боюнча маркетингден кийинки билдирүүлөргө чаташуу, агрессивдүү жүрүм-турум жана душмандык мамиле, тынчсыздануу, депрессия, багыттын бузулуусу, жаман түштөрдү көрүү, галлюцинациялар, уйкусуздук, кыжырдануу, лунатизм, суициддик ойлор жана жүрүм-турум (анын ичинде суицид), титирөө камтылат.

Бейтаптар жана дарыгерлер нерв-психикалык бузулуулардын пайда болуу мүмкүнчүлүгү тууралуу кабардар болушу керек. Мындай реакциялар пайда болгон учурда бейтаптар дарыгерге маалымдоолору керек, бул тууралуу бейтаптарга алдын ала эскертүү зарыл.

 

Эозинофилия менен байланыштуу көрүнүштөр

Сейрек учурларда астмага каршы каражаттар, ошондой эле монтелукаст менен дарыланган бейтаптарда системалык эозинофилия пайда болушу мүмкүн, ал көпчүлүк учурда системалык кортикостероид менен дарылаган абал Чердж-Стросс синдромуна ылайык келген васкулиттин клиникалык мүнөздөмөлөрүнө ээ болушу мүмкүн. Бул реакциялар адатта, бирок ар дайым эмес, дозаны азайтуу же пероралдык кортикостероиддер менен дарылоону токтотууга байланыштуу болушкан. Лейкотриен  рецепторунун антагонисти Чердж-Стросс синдромунун пайда болуусу менен ассоциациялануу мүмкүнчүлүгүн жокко чыгарууга болбойт же тастыкталган эмес. Дарыгерлер бейтаптарында эозинофилияга, васкулиттик бөртмөгө, өпкө симптомдорунун начарлоосуна, жүрөк тарабынан оордошууларга жана/же невропатияга көӊүл бөлүшү керек. Мындай симптомдору бар бейтаптарды кайрадан текшерип жана аларды дарылоо тартибин кайрадан карап чыгуу керек.

 

Унаа каражатты жана потенциалдык кооптуу механизмдерди башкаруу жөндөмдүүлүгүнө таасир берүүсү

Монтелукаст бейтаптын унаа каражатты башкаруу же оор техниканы башкаруу жөндөмдүүлүгүнө таасир бербейт. Бирок, абдан сейрек учурларда бейтаптарда уйкусуроо жана баш айлануу белгиленген, мындан улам, авто унааны же потенциалдык кооптуу механизмдерди башкарууда этияттыкты сактоо керек.

Кыйыр натыйжалуу таасирлер

Кыйыр таасирлер пайда болуу жыштыгына ылайык төмөнкүдөй топторго бөлүштүрүлгөн: абдан жыш (≥1/10), жыш (≥1/100, <1/10), жыш эмес (≥1/1000, <1/100), сейрек (≥1/10000, <1/1000), абдан сейрек (<1/10000).

Абдан жыш (≥1/10)

-жогорку дем алуу жолдорунун инфекциялары

Жыш (≥1/100, <1/10)

-баш оору, абдоминалдык оору, ич өтүү, көӊүл айнуу, кусуу, бөртмө, трансаминаздардын деӊгээлинин жогорулоосу (АЛТ жана АСТ), пирексия

Жыш эмес (≥1/1000, <1/100)

-жогорку сезимталдуулук реакциялары, ошондой эле  анафилаксия

-патологиялык түштөр, ошондой эле жаман түштөрдү көрүү, уйкусуздук, сомнамбулизм, дүүлүгүү, ажитация, ошондой эле агрессия жана кастык, депрессия, психомотордук гиперреактивдүүлүк, ошондой эле кыжырдануу, тынчсыздануу, титирөө;

-баш айлануу, уйкусуроо, парестезия/гипестезия, карышуулар, мурундан кан агуу, ооздун кургоосу, диспепсия, канталоолор, бөрү жатыш, кычышуу, артралгия, миалгия, ошондой эле булчуӊ карышуулары, астения/чаалыгуу, шишимик, балдарда энурез

Сейрек (≥1/10000, <1/1000)

-кан агууга жакын болуу, көӊүл бөлүү концентрациясынын бузулуусу, эс-тутумдун бузулуусу, пальпитация, ангионевротикалык шишимик

Абдан сейрек (<1/10000)

-боордо эозинофилдик инфильтраттар, галлюцинациялар, багытты жоготуу, суицидалдык аракеттер жана жүрүм-турум (ошондой эле суицид аракеттери), Чердж-Стросс синдрому, гепатит, анын ичинде холестатикалык, гепатоцеллюлярдык жана боордун аралашкан генездеги жабыркоосу, көп түрлүү эритема, түйдөктүү эритема, тромбоцитопения

 

Кош бойлуулукта жана бала эмизүүдө колдонуу

Кош бойлуу айымдардын катышуусу менен Монтелукаст-АМТ дарысынын клиникалык изилдөөлөрү жүргүзүлгөн эмес. Монтелукаст-АМТ дарысын кош бойлуулук жана бала эмизүү мезгилинде эне үчүн күтүлгөн пайда түйүлдүк же бала үчүн потенциалдык коркунучтан жогору болгон учурларда гана колдонуу керек.

 

Ашыкча доза

Симптомдору: абдоминалдык оору, уйкусуроо, суусоо, баш оору, кусуу жана психомотордук гиперактивдүүлүк.

Дарылоо: дарыны кабыл алууну токтотуу, симптоматикалык дарылоо. Перитонеалдык диализде же гемодиализде  монтелукасттын бөлүнүп чыгуусу белгисиз.

 

Жарактуулук мөөнөтү

36 ай.

Сактоо шарты

Жарыктан жана нымдан корголгон жерде, 25ºСдан жогору эмес болгон бөлмө табында сактоо керек.

Балдар жетпеген жерде сактоо керек!

Берүү шарты

Рецепт боюнча.

Таӊгакчасы

14 таблеткадан  ПВХ жана алюминий фольгадан турган блистерге таӊгакталган. 2 блистер медицинада колдонуу боюнча нускамасы менен кошо картон кутучага салынат.

Каттоо күбөлүгүн кармоочу:

ДЭВА ХОЛДИНГ А.Ш.

Ханкалы Меркез Мах.Басын Экспресс Джад. №1

34303 Кючюкчекмедже/Стамбул/Түркия  

Тел: +90 212 692 92 92

Факс: +90 212 697 00 24

Өндүрүүчү

ДЭВА ХОЛДИНГ А.Ш.

Черкезкей Санайи Бельгеси. Караагач Мах., Ататюрк Джад. №32 Капаклы/Текирдаг/Түркия

Дары каражаттын сапаты боюнча Кыргыз Республикасынын аймагында керектөөчүлөрдөн арыз-доолорду кабыл алуучу уюмдун дареги:

Кыргыз Республикасы, Бишкек ш., Садыгалиева көч., 1

Тел./факс: +996 312 35 75 42

www/amt.kg

Свернуть
Кайдан сатып алуу керек

Препараты компании "Asian Med Trade" можно приобрести во всех аптеках Кыргызстана, в том числе и в собственной розничной сети аптек и фарммаркетов  "Фарм - Сервис" : 

Сеть аптек  "Неман-Фарм"

0 312 68 91 41 ;  0 555 68 91 41 

Сеть аптек  "Лекарь"

0312 91 60 00 ; 0556 91 60 00

Сеть аптек  "Айболит" 0312 54 28 39
Сеть аптек  "Бимед"  0 551 71 73 22
Центральная аптека в г.Бишкек 0312 66 55 00

Собственная розничная сеть фарммаркетов и  аптек «Фарм - Сервис»: 

Аптеки Адреса Телефон
1 Аптека 1 г.Бишкек,ул.Ахунбаева 131-18 0312 54 54 13
2 Аптека 2 г.Бишкек,ул. Тыналиева 3/3 Джал 29 0312 88 00 35
3 Аптека 3 г.Бишкек,ул.Токомбаева 53/2 0312 29 84 70
4 Аптека 4 г.Бишкек,ул.Юнусалиева 52/3 0312 88 46 30
5 Аптека 5 г.Бишкек,ул. Ахунбаева 202, Джал 23 0312 88 13 68
6 Аптека 6 г.Бишкек,мкр. Асанбай, 52а 0555 37 55 36
7 Аптека 7 г.Бишкек,ул. 7 Апреля 13а 0312 88 10 36
8 Аптека 8 г.Бишкек,ул.Бейшеналиева,29 0550 54 44 60
9 Аптечный пункт 1 г.Бишкек,ул.Логвиненко 30 ЦСМ №3 0312 88 11 50
10 Аптечный пункт 2 г.Бишкек,5мкр.,д10,кв8 0312 51 64 45
11 Аптечный пункт 6 г.Бишкек,ул.Абдрахманова, 182 0312 88 69 43