Респиро 25мкг/ 250мкг 120 доз аэр

Респиро 25мкг/ 250мкг 120 доз аэр

Ингаляциялар үчүн дозаланган аэрозол

Колдонуу боюнча нускама

 

РЕСПИРО

 

Соодадагы аталышы

Респиро

Эл аралык патенттелбеген аталышы

Сальметерол + Флутиказон

Дарынын түрү

Ингаляциялар үчүн дозаланган аэрозол

Курамы

Ингаляциялар үчүн дозаланган аэрозоль

1 доза

Активдүү заттар:

 

Сальметерол ксинафоат (сальметерол 25 мкг га эсептегенде)

36,3 мкг

Флутиказон пропионаты

250 мкг

Көмөкчү заттар:

 

Гидрофторалкан

 

 

Сүрөттөмөсү

Пластмассадан жасалган чачыраткычы жана дозалоочу клапаны бар металл баллон.

 

Фармадарылык тобу

Кортикостероиддер жана башка каражаттар менен айкалышта адренергиялык каражаттар, антихолинергиялык каражаттардан сырткары. Колко кеӊейтүүчү каражат (селективдүү β2-адреномиметик + жергиликтүү глюкокортикостероид).

АТХ коду: R03AK06

 

Фармакологиялык касиеттери

Фармакодинамикасы

Респиро ар кандай таасир берүү механизмдерине ээ болгон сальметеролду жана флутиказон пропионатты камтыйт.

Сальметерол – узакка созулган таасирдеги β2-адренорецепторлордун селективдүү агонисти, ал рецептордун сырткы домени менен байланышкан узун каптал чынжырына ээ.

Сальметеролдун фармакологиялык касиеттери кыска таасирдеги β2-адренорецепторлордун агонисттерине караганда колкону узагыраак кеӊейтүүнү (созулуусу 12 сааттан кем эмес) жана гистамин тарабынан күчөгөн колконун тарышын коргоону камсыз кылат. Бронхолитикалык натыйжалуу таасирдин башталышы – 10-20 минутанын ичинде ишке ашат. Сальметерол адамдын өпкө тканынан гистамин, ЛТ жана ПГ D2 сыяктуу эттүү клеткалардын медиаторлорунун бошонуусунун күчтүү жана узакка таасир берүүчү ингибитору болуп саналат.

Сальметерол ингаляциялык аллергендерге жооптун эрте жана кеч фазаларын басынтат; акыркысы 1 дозаны куюдан кийин 30 сааттан ашык, б.а. колко кеӊейтүүчү натыйжалуу таасир жок болуп калган учурга чейин созулат. Сальметеролду бир жолу куюу колко дарагынын жогорку активдүүлүгүн басаӊдатат. Бул нерсе, сальметерол колкону кеӊейтүүчү активдүүлүктөн башка да кошумча таасирге ээ болуусун күбөлөндүрөт, анын клиникалык мааниси толугу менен белгилене элек. Бул таасир берүү механизми глюкокортикостероиддердин сезгенүүгө каршы натыйжалуу таасиринен айырмаланат.

Флутиказон пропионаты жергиликтүү колдонуу үчүн глюкокортикостероиддердин тобуна таандык жана сунушталган дозаларда ингаляциялык түрдө колдонууда өпкөдө айкын сезгенүүгө каршы жана аллергияга каршы таасир берет, бул болсо клиникалык симптоматиканын азайышына жана дем алуу жолдорунун бүтөлүүсү менен коштолгон оорулардын курчуу жыштыгынын төмөндөөсүнө алып келет. Бейтаптын колко кеӊейткичтерге реакциясын калыбына келтирет, аларды колдонуунун жыштыгын азайтууга мүмкүнчүлүк берет. Флутиказон пропионаттын таасири системалык глюкокортикостероиддерге мүнөздүү кыйыр реакциялар менен коштолбойт.

Ингаляциялык флутиказон пропионатты эӊ жогорку сунушталган дозаларда узак убакытка колдонууда чоӊдордо, ошондой эле балдарда да бөйрөк үстүндөгү бездердин кабыгында гормондордун суткалык бөлүнүп чыгуусу кадимки чегинде болот. Башка ингаляциялык глюкокортикостероиддерди кабыл алып жаткан бейтаптарды флутиказон пропионатты кабыл алууга өткөргөндөн кийин, мурда жана азыркы учурда мезгил-мезгили менен пероралдык стероиддерди пайдаланууга карабастан, бөйрөк үстүндөгү бездердин кабыгында гормондордун суткалык бөлүнүп чыгуусу акырындык менен жакшырат. Бул болсо флутиказон пропионатты ингаляциялык колдонуунун фонунда бөйрөк үстүндөгү бездердин функциясынын калыбына келүүсүн көрсөтөт. Флутиказон пропионатты узак убакытка колдонууда бөйрөк үстүндөгү бездердин белени да кадимки чегинде калат, тиешелүү күчөтүүгө жооп катары кортизолду иштеп чыгуунун кадимкидей жогорулоосу бул нерсени күбөлөндүрөт.

Фармакокинетикасы

Айкалыштырып колдонууда сальметерол жана флутиказон пропионаты бири-биринин фармакокинетикасына таасир беришпейт, ошондуктан Респиро дарысынын ар бир курамдык бөлүгүнүн фармакокинетикалык мүнөздөмөлөрүн өз-өзүнчө карап чыгууга болот.

Сальметерол: өпкө тканында жергиликтүү таасир берет, ошондуктан анын плазмада камтылуусу дарылык натыйжалуу таасирлердин көрсөткүчү болуп саналбайт. Техникалык кыйынчылыктардан улам, анын фармакокинетикасы боюнча маалыматтар чектелген: дарылык дозада ингаляция жасаганда анын плазмадагы Сmax абдан төмөн (болжол менен 200 пг/мл жана андан төмөн). Сальметерол ксинафоаттын көп жолку ингаляцияларынан кийин канда гидроксинафтоя кислотасын аныктоого мүмкүн болот, анын теӊ салмактуу концентрациясы (Сss) болжол менен 100 нг/мл түзөт. Бул концентрациялар токсиндүүлүктү изилдөөлөрдө байкалган теӊ салмактуу деӊгээлдерден 1000 эсе төмөн.

Флутиказон пропионаты: ингаляциялык флутиказон пропионаттын дени сак адамдарда толук биожеткиликтүүлүгү колдонула турган ингаляторго жараша өзгөрөт (сальметерол/флутиказон пропионатты ингаляциялар үчүн дозаланган аэрозолдун жардамы менен колдонууда, ал эӊ төмөнкү дозанын болжол менен 5-11% түзөт). Колко астмасы жана ӨӨКД бар бейтаптарда флутиказон пропионаттын плазмадагы төмөнүрөөк концентрациялары байкалат. Системалык абсорбциясы көбүнчө өпкө аркылуу ишке ашат, башында ал тезирээк болот, андан кийин басаӊдай баштайт.

Ингаляциялык дозанын бир бөлүгү жутулушу мүмкүн, бирок бул бөлүгү дарынын сууда төмөнкү эригичтигинин жана системага чейинки зат алмашуусунун натыйжасында  системалык абсорбцияга аз салым кошот. Ингаляциялык дозаны жогорулатуу менен  флутиказон пропионаттын плазмадагы концентрациясынын түз сызыктуу жогорулоосу байкалат. Флутиказон пропионаттын бөлүштүрүлүүсү плазмадан тез клиренси (1150 мл/мин), туруктуулашкан абалда чоӊ бөлүштүрүү көлөмү (болжол менен 300 л) жана болжолдуу 8 сааттык жарым-жартылай биротоло ажыроосу менен мүнөздөлөт. Флутиказон пропионаты плазманын белоктору менен башкаларга салыштырмалуу байланышуунун жогорку даражасына ээ (91%). Негизинен CYP3А4 изоферментинин таасиринин алдында активдүү эмес карбоксилдик метаболитке чейин зат алмашуусунун натыйжасында, ал кандан тез бөлүнүп чыгат.

Өзгөрбөгөн флутиказон пропионаттын бөйрөктөгү клиренси олуттуу эмес, метаболит түрүндө заара менен дозанын 5% дан азыраагы бөлүнүп чыгат.

 

Колдонууга көрсөтмөлөр

Ингаляциялык глюкокортикостероиддер жана узак убакытка таасир берүүчү β2-адреномиметик менен айкалышкан дарылоо көрсөтүлгөн бейтаптарда колко астмасын белгилүү бир тартип боюнча туруктуу дарылоо:

  • кыска таасирдеги β2-адреномиметикти мезгил-мезгили менен колдонууда ингаляциялык кортикостероиддер менен туруктуу моно дарылоонун фонунда ооруну башкаруу жетишсиз болуп жаткан бейтаптарда;
  • узакка созулган таасирдеги β2-адреномиметик жана ингаляциялык глюкокортикостероид менен дарылоонун фонунда оорусу тиешелүү түрдө башкарылган бейтаптарда.

Каршы көрсөтмөлөр

  • дарынын курамдык бөлүктөрүнө жогорку сезгичтик;
  • 4 жашка чейинки балалык курак.

Этияттык менен: өпкөнүн кургак учугу, дем алуу органдарынын мите козу карын, вирустук же бактериялык инфекциялары, тиреотоксикоз, феохромоцитома, кант диабети, башкарылбаган гипокалиемия, толто астынын идиопатиялык чоӊойгон тарышы, башкарылбаган артериялык гипертензия, аритмиялар, ЭКГ да QT аралыгынын узаруусу, ЖИО, ар кандай генездеги гипоксия, катаракта, глаукома, гипотиреоз, остеопороз, кош бойлуулук, бала эмизүү мезгили.

 

Колдонуу жолу жана дозасы

Ылайыктуу натыйжалуу таасирге жетүү үчүн колко астмасынын жана ӨӨКД клиникалык симптомдору жок болгон учурда да дарыны белгилүү бир тартип боюнча туруктуу колдонуу керек. Дарылоо курсунун созулуусун жана дарынын дозасын өзгөртүүнү дарыгердин сунуштоосуна ылайык аныктоо керек.

12 жаштагы жана андан жогорку курактагы балдар жана чоӊдор:

күнүнө 2 жолу 2 ингаляция (25 мкг сальметерол жана 50 мкг флутиказон пропионаты);

күнүнө 2 жолу 2 ингаляция (25 мкг сальметерол жана 125 мкг флутиказон пропионаты);

күнүнө 2 жолу 2 ингаляция (25 мкг сальметерол жана 250 мкг флутиказон пропионаты).

4 жаштагы жана андан жогорку курактагы балдар:

күнүнө 2 жолу 2 ингаляция (25 мкг сальметерол жана 50 мкг флутиказон пропионаты).

Респиро дарысынын дозасын симптомдорду башкарууну камсыз кылган эӊ төмөнкү дозага чейин төмөндөтүү керек. Эгер симптомдорду башкаруу Респиро дарысынын күнүнө 2 жолку дозасын кабыл алууну камсыз кылса, дозаны натыйжалуу таасир берген эӊ төмөнкү дозага төмөндөтүү өзүнө дарыны суткасына бир жолу кабыл алууну камтышы мүмкүн:

  • Уктаардын алдында бир жолу – эгер бейтапта түнкү симптомдору бар болсо.
  • Эртеӊ менен бир жолу – эгер бейтапта күндүзгү симптомдору бар болсо.

 

Кыйыр натыйжалуу таасирлери

Төмөндө көрсөтүлгөн бардык жагымсыз реакциялар таасир берүүчү заттарга мүнөздүү – сальметерол жана флутиказон пропионаттыкы өзүнчө.

Инфекциялык жана мителик оорулар: жыш – ооз көӊдөйүнүн жана кулкундун кандидозу (ӨӨКД бар бейтаптарда); сейрек – кызыл өӊгөчтүн кандидозу.

Иммундук системасы тарабынан: жогорку сезгичтик реакциясы: жыш эмес – теринин жогорку сезимталдуулук реакциясы, демигүү; сейрек – анафилактикалык реакциялар, ангионевротикалык шишимик (негизинен, беттин жана ооз-кулкундун шишимиги).

Эндокрин системасы тарабынан: жыш эмес – катаракта; сейрек – глаукома; системалык натыйжалуу таасирлер болушу мүмкүн: сейрек – Кушинг синдрому, кушингоиддик симптомдор, бөйрөк үстүндөгү бездердин функциясын басынтуу, балдарда жана өспүрүмдөрдө өсүүнүн кармалуусу, сөөк тканынын минералдык тыгыздыгынын төмөндөөсү.

Зат алмашуу жана тамактануу тарабынан: жыш эмес – гипергликемия; абдан сейрек – гипокалиемия.

Психиканын бузулуусу: жыш эмес – чочулоо, уйкунун бузулуусу; сейрек – жүрүм-турумдун өзгөрүүсү, ошондой эле жогорку активдүүлүк жана кыжырдануу (өзгөчө балдарда).

Нерв системасы тарабынан: абдан жыш – баш оору; жыш эмес – титирөө.

Жүрөк тарабынан: жыш эмес – жүрөктүн тез согуусу, тахикардия, жүрөк дүлөйчөлөрүнүн диртилдөөсү; сейрек – аритмия.

Дем алуу системасы, орто көӊдөй жана көкүрөк тутумунун органдары тарабынан: жыш – үндүн кырылдоосу; жыш эмес – кулкундун дүүлүгүүсү.

Тери жана теринин алдындагы ткандар тарабынан: жыш эмес – канталоолор.

Сөөк-булчуӊ системасы жана тутумдаштыргыч ткань тарабынан: жыш – булчуӊ карышуулары, артралгия.

 

Башка дары каражаттары менен өз ара таасири

Колко кысылуусунун өрчүү коркунучунан улам, эгер бейтап үчүн абдан зарыл болбосо селективдүү жана селективдүү эмес β-адренобөгөттөгүчтөрдү коштоп колдонуудан оолак болуу керек.

Кадимки учурларда флутиказон пропионаттын ингаляциялары, ичегиде жана боордо цитохрома Р450 системасынын CYP3А4 изоферментинин таасири алдында жогорку системалык клиренстин жана «биринчи» өтүү учурундагы ыкчам зат алмашуунун натыйжасында анын плазмадагы төмөнкү концентрациялары менен коштолот. Анын жардамы менен флутиказон пропионаттын катышуусундагы олуттуу клиникалык өз ара таасирлердин пайда болуу мүмкүнчүлүгү аз.

Дени сак ыктыярдууларда дарылык өз ара таасирлерге жүргүзүлгөн изилдөөлөр көрсөткөндөй, CYP3A4 изоферментинин жогорку активдүү ингибитору болгон ритонавир плазмада флутиказон пропионаттын концентрациясынын тез жогорулоосун козгошу мүмкүн, натыйжада сары суудагы кортизолдун концентрациясы олуттуу төмөндөйт. Каттоодон кийинки байкоо жүргүзүү мезгилинде флутиказон пропионатты (интраназалдык түрдө же ингаляциялык жол менен) жана ритонавирди коштоп кабыл алган бейтаптарда

клиникалык олуттуу өз ара таасирлер жөнүндө маалыматтар алынган. Бул өз ара таасирлер Кушинг синдрому жана бөйрөк үстүндөгү бездердин функциясын басынтуу сыяктуу ГКС тиешелүү системалык кыйыр натыйжалуу таасирлерди козгошкон. Айтылгандарды эске алуу менен, бейтап үчүн потенциалдык пайда ГКС системалык кыйыр натыйжалуу таасирлеринин коркунучунан жогору болгондон башка учурларда, флутиказон пропионатты жана ритонавирди коштоп колдонуудан оолак болуу керек.

Изилдөөлөр көрсөткөндөй, CYP3A4 изоферменттин башка ингибиторлору плазмада флутиказон пропионаттын камтылуусунун абдан аз (эритромицин) жана олуттуу эмес (кетоконазол) кайталануусун козгойт, бул учурда сары сууда кортизолдун концентрациясы дээрлик төмөндөбөйт. Ага карабастан, флутиказон пропионатты жана CYP3A4 күчтүү ингибиторлорун (мисалы, кетоконазолду) коштоп колдонууда этияттыкты сактоо сунушталат, себеби мындай айкалыштырууда плазмада флутиказон пропионаттын концентрациясы жогорулашы мүмкүн, бул болсо флутиказон пропионаттын системалык натыйжалуу таасирлерин потенциалдык түрдө жогорулатышы мүмкүн.

Дары каражаттардын өз ара таасирин изилдөөдө, коштолгон системалык дарылоо катары кетоконазолду колдонуу кандын плазмасында салметеролдун концентрациясын алда канча жогорулатаары аныкталган (Сmах 1,4 эсе жана AUC 15 эсе жогорулоосу). Бул нерсе QTc аралыгынын узаруусуна алып келиши мүмкүн. CYP3A4 күчтүү ингибиторлорун (мисалы, кетоконазолду) жана салметеролду коштоп дайындоодо этияттыкты сактоо керек.

Ксантиндин туундулары, ГКС жана диуретиктер гипокалиемиянын өрчүү коркунучун жогорулатышат (өзгөчө колко астмасы курчуган бейтаптарда, гипоксияда). Моноаминооксидазанын ингибиторлору жана үч циклдүү антидепрессанттар жүрөк-кан тамыр системасы тарабынан кыйыр натыйжалуу таасирлердин өрчүү коркунучун жогорулатышат. Серетид® дарысы кромоглиция кислотасы менен дал келет.

Ашыкча доза

Ашыкча дозалануунун симптомдоруна төмөнкүлөр кирет:

  • сальметеролдуку: титирөө, баш оору жана тахикардия;
  • флутиказон пропионаттыкы: гипоталамдык-гипофизардык-бөйрөк үстүндөгү бездердин системасын убактылуу басынтуу. Адатта, бул нерсе кандайдыр бир ыкчам чараларды талап кылбайт, себеби көпчүлүк учурларда бөйрөк үстүндөгү бездердин кадимки функциясы бир канча күндүн ичинде калыбына келет.

Респиро дарысынын абдан чоӊ дозаларын узак убакытка ингаляция жасаган учурда бөйрөк үстүндөгү бездерди олуттуу басынтуу ишке ашуусу мүмкүн.

Дарылоо

Салметеролдун жана флутиказон пропионаттын ашыкча дозасын атайын дарылоо ыкмасы жок. Ашыкча дозалануу учурунда колдоп туруучу дарылоону жүргүзүп, бейтаптын абалын көзөмөлдөө керек. Өнөкөт ашыкча дозаланууда бөйрөк үстүндөгү бездердин кабыгынын белендик функциясын текшерип туруу сунушталат.

 

Өзгөчө көрсөтмөлөр

Респиро дарысы курч симптомдорду жеӊилдетүү үчүн арналган эмес, себеби мындай учурларда тез жана кыска мөөнөт ичинде таасир берүүчү колко кеӊейткичтерди (мисалы, сальбутамолду) колдонуу керек.

Бейтаптардын кол алдында дайыма курч симптомдорду басуу үчүн дарылар бар болушу зарыл, бул тууралуу бейтаптарды маалымдоо керек.

ГКС дайындоого көрсөтмөлөр бар болсо жана алардын болжолдуу дозаларын аныктоодо персистенциялоочу колко астмасы бар бейтаптарда (симптомдордун күнүгө пайда болуусу же оорунун курч кармоосун басуу үчүн каражаттарды күнүгө колдонуу) салметеролдун жана флутиказон пропионаттын айкалышуусу баштапкы колдоп туруучу дарылоо үчүн колдонулушу мүмкүн.

Симптомдорду жеӊилдетүү үчүн кыска мөөнөттө таасир берүүчү колко кеӊейткичтерди жышыраак колдонуу ооруну башкаруунун начарлоосун күбөлөндүрүшөт, жана мындай учурларда бейтап дарыгерге кайрылышы керек.

Колко астмасын башкаруунун күтүүсүз жана күчөгөн начарлоосу жашоого потенциалдык коркунучту жаратат, жана мындай учурларда бейтап дарыгерге кайрылышы керек. Дарыгер ГКС тин андан жогорураак дозасын дайындоо мүмкүнчүлүгүн карап чыгышы керек. Эгер Респиро дарысынын колдонулуп жаткан дозасы ооруну тиешелүү түрдө башкарууну камсыз кылбай жатса, бейтап дарыгерге кайрылышы керек.

Оорунун курчушунун өрчүү коркунучунан улам, астмасы бар бейтаптарды Респиро дарысы менен дарылоону дароо токтотууга болбойт, дарынын дозасын дарыгердин көзөмөлү алдында акырындык менен төмөндөтүү керек. ӨӨКД бар бейтаптарда дарыны колдонууну токтотуу декомпенсациянын симптомдору менен коштолушу мүмкүн жана дарыгердин байкоосун талап кылат.

Клиникалык изилдөөлөрдө ӨӨКД бар болгон жана Респиро дарысын кабыл алган бейтаптарда өпкө сезгенүүсүнүн жыштыгынын жогорулоосу жөнүндө маалыматтар алынган («Кыйыр таасири» бөлүмүн караӊыз). Дарыгерлер ӨӨКД учурунда өкпө сезгенүүсүнүн өрчүү мүмкүнчүлүгүн эске тутуулары керек, себеби өпкө сезгенүүсүнүн жана ӨӨКД курчуусунун клиникалык сүрөтү көпчүлүк учурда окшош болот.

Бардык ингаляциялык ГКС, өзгөчө жогорку дозаларда узак убакытка колдонууда системалык натыйжалуу таасирлерди козгошу мүмкүн; бирок мындай симптомдордун пайда болуу мүмкүнчүлүгү пероралдык ГКС менен дарылоого салыштырмалуу алда канча төмөн болгондугун белгилеп кетүү керек («Ашыкча доза» бөлүмүн караӊыз). Пайда болушу мүмкүн болгон системалык натыйжалуу таасирлерге Кушинг синдрому, кушинг сымал белгилер, бөйрөк үстүндөгү бездердин функциясын басынтуу, балдарда жана өспүрүмдөрдө өсүүнүн кармалуусу, сөөк тканынын минералдык тыгыздыгынын төмөндөөсү, катаракта жана глаукома кирет. Ошондуктан колко астмасын дарылоодо, дозаны симптомдорду натыйжалуу башкарууну камсыз кылган эӊ төмөнкү дозага чейин төмөндөтүү маанилүү болуп саналат. Стрессти козгогонго жөндөмдүү болгон ыкчам жана пландык абалдарда бөйрөк үстүндөгү бездерди басынтуу мүмкүнчүлүгүн дайыма эске алып, ГКС колдонууга даяр болуу керек («Ашыкча доза» бөлүмүн караӊыз),

Реанимациялык иш чараларды жана хирургиялык кийлигишүүлөрдү жүргүзүүдө бөйрөк үстүндөгү бездердин алсыздык даражасын аныктоо талап кылынат.

Ингаляциялык ГКС менен узак убакытка дарыланып жаткан балдардын өсүшүн улам-улам текшерип туруу сунушталат.

Пероралдык ГКС тен флутиказон пропионат менен ингаляциялык дарылоого өткөрүлгөн бейтаптарда бөйрөк үстүндөгү бездердин басынуу мүмкүнчүлүгүнөн улам, аларды өзгөчө этияттык менен дарылап, бөйрөк үстүндөгү бездердин кабыгынын функциясын белгилүү бир тартип боюнча туруктуу текшерип туруу керек. Бейтаптарды системалык ГКС тен ингаляциялык дарылоого өткөрүүдө мурда системалык ГКС тарабынан басынтылып турган аллергиялык реакциялар байкалышы мүмкүн (мисалы, аллергиялык мурун сезгенүүсү, экзема). Мындай учурларда антигистаминдик дарылар жана/же жергиликтүү таасир берген дарылар, ошондой эле жергиликтүү колдонулуучу ГКС менен симптоматикалык дарылоону жүргүзүү сунушталат.

Ингаляциялык флутиказон пропионаты менен дарылоону баштагандан кийин системалык ГКС ди акырындык менен токтотуу керек, жана мындай бейтаптар жанында стресс абалдарда ГКС ти кошумча куюга муктаждыкты күбөлөндүргөн атайын кагаздарын ала жүрүшү керек.

Колко астмасы курчуган, гипоксиясы бар бейтаптарда плазмада К+ иондордун концентрациясын текшерип туруу керек.

Канда глюкозанын деӊгээлинин жогорулоосу жөнүндө абдан сейрек маалыматтар бар жана кант диабети менен ооруган бейтаптарга салметерол менен флутиказон пропионаттын айкалышуусун дайындоодо бул нерсени эске алуу керек («Кыйыр таасири» бөлүмүн караӊыз).

Каттоодон кийинки мезгилде ГКС тин системалык натыйжалуу таасирлерине, ошондой эле Кушинг синдромуна жана бөйрөк үстүндөгү бездердин функциясын басынтууга алып келе турган флутиказон пропионаты менен ритонавирдин арасындагы клиникалык олуттуу өз ара таасир жөнүндө маалыматтар алынган.

Ошондуктан, бейтап үчүн потенциалдык пайда ГКС тин системалык натыйжалуу таасирлери менен байланыштуу болгон коркунучтан жогору болгон учурду эсепке албаганда, флутиказон пропионат менен ритонавирди коштоп колдонуудан оолак болуу сунушталат («Башка дары каражаттары менен өз ара таасири» бөлүмүн караӊыз).

Плацебого салыштырмалуу колко астмасына жүргүзүлүп жаткан дарылоого кошулган салметеролдун коопсуздугуна жүргүзүлгөн клиникалык изилдөөлөрдүн маалыматтары көрсөткөндөй, колко астмасы менен шартталган өлүм учурларынын жыштыгы салметеролдун тобунда жогору болгон. Плацебого салыштырмалуу салметеролду кабыл алууда дем алуу системасы тарабынан олуттуу жагымсыз көрүнүштөрдүн же өлүм учурларынын коркунучу башка бейтаптарга караганда афроамерикалыктарда болжол менен жогорураак. Фармакогенетикалык факторлордун же башка себептердин мааниси белгисиз. Бул изилдөөдө ГКС ти коштоп колдонууга тийгизген таасири изилденген эмес.

Башка ингаляциялык дарылар сыяктуу эле, Респиро дарысы түздөн-түз колдонуудан кийин демигүүнүн өсүшү түрүндө байкалган парадоксалдык колко кысылуусун козгошу мүмкүн. Мындай учурда дароо кыска мөөнөттүн ичинде таасир берүүчү ингаляциялык колко кеӊейткичти колдонуп, Респиро дарысын кабыл алууну токтотуп, зарыл болсо, альтернативдик дарылоону баштоо керек. Титирөө, жүрөктүн согуусунун субъективдик сезими жана баш оору сыяктуу бета2-антагонисттеринин фармакологиялык таасири менен байланыштуу болгон кыйыр көрүнүштөр жөнүндө маалыматтар бар.

Бирок бул көрүнүштөр кыска мөөнөттүү мүнөзгө ээ жана туруктуу дарылоодо алардын айкындыгы төмөндөйт.

 

Кош бойлуулук жана бала эмизүүдө колдонуу  

Кош бойлуу жана бала эмизип жаткан айымдарга эне үчүн күтүлгөн пайда түйүлдүк жана бала үчүн мүмкүн болгон коркунучтан жогору болгон учурда гана дайындоо керек.

 

 

Унаа каражаттарды, механизмдерди башкаруу жөндөмдүүлүгүнө тийгизген таасири

Клиникалык изилдөөлөрдө дарынын унаа каражаттарды жана башка механизмдерди башкаруу жөндөмдүүлүгүнө тийгизген таасири боюнча маалыматтар алынган эмес, бирок дары козгой турган кыйыр таасирлерди эске алуу керек.

 

Жарактуулук мөөнөтү

2 жыл.

Таӊгакта көрсөтүлгөн жарактуулук мөөнөтү аяктагандан кийин колдонууга болбойт.

 

Сактоо шарты

25 0С дан жогору эмес аба табында балдар жетпеген жерде сактоо керек.

Күндүн түз жарыгынан коргоо керек.

 

Таӊгакча

Биринчи таӊгакча: металл клапаны жана чачыратуу үчүн аппликатору бар, түбү ийилген металл баллон.

Экинчи таӊгакча: 1 флакон медицинада колдонуу боюнча нускамасы менен кошо  картон кутуга салынат.

 

Дарыканалардан берүү шарты

Рецепт боюнча.

 

Өндүрүүчү

ДЭВА ХОЛДИНГ А.Ш.     

Черкезкей Санайи Бельгеси. Караагач Мах., Ататюрк Джад. №32 Капаклы/Текирдаг/Tүркия

 

Лицензияны кармоочу:

ДЭВА ХОЛДИНГ А.Ш.     

Халкалы Меркез Мах. Басын Экспресс Джад.№1 34303 Күчүкчекмедже/Стамбул/Түркия

Тел: +90 212 692 92 92

Факс: +90 212 697 00 24

 

Кыргыз Республикасынын аймагында дары каражаттын сапаты боюнча керектөөчүлөрдөн арыз-доолорду кабыл алуучу уюмдун дареги:

Кыргыз Республикасы, Бишкек ш., Садыгалиева көч., 1

Тел./факс: +996 312 35 75 42

www/amt.kg

 

Ингаляторду колдонуу боюнча нускама

Дары дозалоочу клапаны жана пластмассадан турган чачыраткычы бар  герметикалык металл баллонунда.

Ингалятордун алдынкы жагында индикатору бар, ал ингаляциядан кийин дозанын калган санын көрсөтөт. Сиз ар бир жолу баллонду басып дем алган кезиӊизде, дары чыгат жана  индикатор артты көздөй эсептейт.

 

 

 

Ингаляторду текшерүү

  1. Ингаляторуӊузду колдонууда алгач иштегенин текшериӊиз. Бармак жана сөөмөй менен акырын басып мундштуктун капкагын чечиӊиз.
  2. Иштегенин текшерүү үчүн жакшылап силкип, мундштукту өзүӊүздөн ары каратып, абаны көздөй басыӊыз.

Эгер ингаляторуӊузду бир жуманын ичинде же андан ашык убакыт ичинде колдонбой калсаӊыз, дарыны эки жолу абага чачыратыӊыз. Ингаляторду колдонуунун алдында мүмкүн болушунча жай дем алып баштооӊуз маанилүү болуп саналат.

 

Ингаляторду колдонуу

  1. Ингаляторду колдонууда өйдө туруӊуз же тик абалда отуруӊуз.
  2. Мундштуктун капкагын чечиӊиз (биринчи сүрөттө көрсөтүлгөндөй). Мундштуктун таза жана объекттерден бош экендигин билүү үчүн ичи-сыртын текшериӊиз.
  3. Ингалятордун ичиндегиси теӊ салмактуу аралашуусу үчүн ингаляторду 4-5 жолу силкиӊиз.
  4. Мундштукту ылдый каратып ингалятордун түбүн бармак менен тик абалда кармаӊыз.
  5. Мундштукту оозго салып, тиштердин арасына жайгаштырыӊыз. Тегерегин эриндериӊиз менен кымтылаӊыз. Мундштукту тиштебеӊиз.
  6. Ооз аркылуу дем алыӊыз, дарыны чачыратуу үчүн баллончонун үстүн дароо басыӊыз жана ошол эле учурда тереӊ узак убакытка демди тутуӊуз. Демди болжол менен 10 секундага жана мүмкүн болушунча андан узагыраак кармаӊыз. Дарыны колдонуудан кийин оозду суу менен чайкап, сууну түкүрүп салуу керек.
  7. Колдонуудан кийин мундштуктун капкагын жабыш керек, туура жапкан учурда тырс деген дабыш чыгат.

40 доза калганда дозанын индикатору кызара баштайт жана 20 доза калганда толугу менен кызыл болуп калат. Индикатор 0 көрсөткөндө, Сиз аны колдонбошуӊуз керек, анткени дарынын калдыгы Сизге ылайыктуу эмес дозаны камтыйт.

 

Свернуть
Кайдан сатып алуу керек

Препараты компании "Asian Med Trade" можно приобрести во всех аптеках Кыргызстана, в том числе и в собственной розничной сети аптек и фарммаркетов  "Фарм - Сервис" : 

Сеть аптек  "Неман-Фарм"

0 312 68 91 41 ;  0 555 68 91 41 

Сеть аптек  "Лекарь"

0312 91 60 00 ; 0556 91 60 00

Сеть аптек  "Айболит" 0312 54 28 39
Сеть аптек  "Бимед"  0 551 71 73 22
Центральная аптека в г.Бишкек 0312 66 55 00

Собственная розничная сеть фарммаркетов и  аптек «Фарм - Сервис»: 

Аптеки Адреса Телефон
1 Аптека 1 г.Бишкек,ул.Ахунбаева 131-18 0312 54 54 13
2 Аптека 2 г.Бишкек,ул. Тыналиева 3/3 Джал 29 0312 88 00 35
3 Аптека 3 г.Бишкек,ул.Токомбаева 53/2 0312 29 84 70
4 Аптека 4 г.Бишкек,ул.Юнусалиева 52/3 0312 88 46 30
5 Аптека 5 г.Бишкек,ул. Ахунбаева 202, Джал 23 0312 88 13 68
6 Аптека 6 г.Бишкек,мкр. Асанбай, 52а 0555 37 55 36
7 Аптека 7 г.Бишкек,ул. 7 Апреля 13а 0312 88 10 36
8 Аптека 8 г.Бишкек,ул.Бейшеналиева,29 0550 54 44 60
9 Аптечный пункт 1 г.Бишкек,ул.Логвиненко 30 ЦСМ №3 0312 88 11 50
10 Аптечный пункт 2 г.Бишкек,5мкр.,д10,кв8 0312 51 64 45
11 Аптечный пункт 6 г.Бишкек,ул.Абдрахманова, 182 0312 88 69 43