Синтус сироп 0.15% 200 мл

Синтус сироп 0.15% 200 мл

Дем алуу органдарынын системасына таасир берүүчү каражат

Колдонуу боюнча нускама

 

СИНТУС

Соодадагы аталышы

СИНТУС

Эл аралык патенттелбеген аталышы

Бутамират

Дарынын түрү

Сироп

Курамы

1 мл сиропто төмөнкүлөр камтылат

активдүү зат – бутамират цитраты 1.50 мг,

көмөкчү заттар: суюк сорбитол, глицерол, натрий сахаринаты, натрий бензоаты, табигый малина жыпар жыт бергичи, натрий гидроксиди, лимон кислотасынын моногидраты, тазартылган суу.

Сүрөттөмөсү

Түссүздөн күңүрт-сары  түскө чейинки малина жыттанган суюктук.

Фармадарылык тобу

Дем алуу органдарынын системасына таасир берүүчү каражаттар. Какырыкты чыгаруучу каражаттар менен айкалышта жөтөлгө каршы каражаттар. Жөтөлгө каршы башка каражаттар. Бутамират.

АТХ коду: R05DB13

Фармакологиялык касиеттери

Фармакодинамикасы

Бутамират – жөтөлгө каршы опиоиддик эмес каражат, жөтөл борборуна түз таасирге ээ деп эсептелет. Так иштөө механизми белгисиз. Жөтөлгө каршы, какырыкты чыгаруучу, орточо бронходилатациялык (колкону кеңейтет) жана сезгенүүгө каршы таасир берет. Спирометриянын (дем алуу жолдорунун каршылыгын азайтат) жана кандагы оксигенациянын (канды кычкылтек менен каныктырат) көрсөткүчтөрүн жакшыртып, дем алууну жеңилдетүүгө көмөк көрсөтөт.

Фармакокинетикасы

Сиңирүү

Бутамират ичип кабыл алууда ашказан-ичеги жолунда тез жана дээрлик толук сиңет, бул учурда канда өлчөнө турган концентрациялар 22,5 мг, 45 мг, 67,5 мг жана 90 мг деңгээлдеги дозаларды колдонуудан кийин 5-10 минутанын ичинде аныкталат. Плазмада эң жогорку концентрацияга бардык төрт дозалоо деңгээлдери үчүн 1 сааттын ичинде жетет, бул учурда 90 мг дозада орточо мааниси 16,1 нг/мл түзөт. Тамактын сиңирилүүгө таасири изилденген эмес.

Бутамират 2-фенилмай кислотага жана диэтиламиноэтоксиэтанолго чейин гидролизделет.

90 мг бутамиратты кабыл алуудан кийин негизги метаболиттин (2-фенилмай кислотасынын) кандын плазмасындагы орточо концентрациясы болжол менен 1,5 сааттан кийин жеткиликтүү болот жана 3,05 мкг/мл түзөт, диэтиламиноэтоксиэтанол үчүн болжол менен 40 минутанын ичинде жеткиликтүү болот жана 160 нг/мл түзөт.

Дарыны кайталап дайындаган учурда анын кандагы концентрациясы түз сызыктуу бойдон (бир калыпта) калат жана топтолуусу байкалбайт.

Бөлүштүрүү

Бутамират жогорку бөлүштүрүү көлөмүнө ээ, ал 81 ден 112 л чейин өзгөрүп турат (дене салмагына кг менен тууралаганда), ошондой эле белоктор менен жогорку байланышуу даражасында ээ. 2-фенилмай кислотасы бардык дозалоо деңгээлдеринде (22,5 – 90 мг) плазманын белоктору менен олуттуу даражада байланышат, бул учурда орточо маанилери 89,3-91,6% түзөт. Диэтиламиноэтоксиэтанол белоктук байланышуунун айрым деңгээлин көрсөтөт, бул учурда орточо маанилери 28,8-47,5% диапазондо болушат. Бутамираттын баланын тону аркылуу өтүүсү же эне сүтү менен кошо бөлүнүп чыгуусу белгисиз.

Метаболизм

Бутамираттын алгач 2-фенилмай кислотасына жана диэтиламиноэтоксиэтанолго чейин гидролизи канда башталат жана тез ишке ашат. Бул метаболиттер жөтөлгө каршы активдүүлүккө да ээ. 2-фенилмай кислотасы кош абалда гидроксилденүү жолу менен жарым-жартылай зат алмашат.

Бөлүп чыгаруу

Метаболиттер негизинен бөйрөктөр тарабынан бөлүп чыгарылат, кычкыл реакциясы бар метаболиттер олуттуу даражада глюкурон кислотасы менен  байланышта болушат. 2-фенилмай кислотасынын конъюгатынын заарадагы деңгээли плазмадагыга караганда алда канча жогору. Бутамират заарада 48 саатка чейин аныкталат, текшерүүлөрдү чогултуунун 96 сааттык мезгилинде бутамираттын өлчөмү 22,5 мг, 45 мг, 67,5 мг жана 90 мг дозалары үчүн аларга ылайык 0,02; 0,02; 0,03% жана 0,03% түзөт. Андан олуттуураак бөлүгү заара менен диэтиламиноэтоксиэтанол түрүндө бөлүнүп чыгат. 2-фенилмай кислотасынын жарым-жартылай бөлүнүп чыгуу убактысынын орточо маанилери 23,26-24,42 саат, бутамираттыкы 1,48-1,93 саат жана диэтиламиноэтоксиэтанол үчүн 2,72-2,90 саат.

Колдонууга көрсөтмөлөр

Бардык этиологиядагы кургак жөтөл, операцияга чейинки жана операциядан кийинки мезгилдеги, хирургиялык кийлигишүүлөрдү жана бронхоскопияны жүргүзүү учурундагы жөтөл, көк жөтөл.

Колдонуу жолу жана дозасы

Синтус сиробун тамактануунун алдында ичип кабыл алуу керек.

Сироп балдарга дайындалат:

3 төн 6 жашка чейинки балдарга – күнүнө 3 жолу 5 мл дан;

6 дан 12 жашка чейинки балдарга – күнүнө 3 жолу 10 мл дан;

12 жаштан жогоркуларга – күнүнө 3 жолу 15 мл дан.

Чоңдорго күнүнө 4 жолу 15 мл дан дайындалат.

Сиропту кабыл алууда дары менен чогу салынган ченегич капкакчаны колдонуңуз.

Ченегич капкакчаны ар бир колдонуудан кийин жууп жана кургатып туруу керек.

Эгер жөтөл 7 күндөн ашык сакталса, анда дарыгерге кайрылуу керек.

Кыйыр таасири

Төмөндө көрсөтүлгөн кыйыр натыйжалуу таасирлердин жыштыгы төмөнкүдөй аныкталат: абдан жыш (≥ 1/10), жыш (≥ 1/100 дөн < 1/10 чейин), жыш эмес (≥ 1/1000 ден < 1/100 чейин), сейрек (≥ 1/10000 ден < 1/1000 чейин), абдан сейрек (< 1/10000), белгисиз – учурда болгон маалыматтардын негизинде баамдоого мүмкүн эмес.

Борбордук нерв системасы тарабынан.

Жыш эмес: уйкусуроо, баш айлануу, дарыны токтотууда же дозаны төмөндөтүүдө четтешет.

Тамак-сиңирүү системасы тарабынан.

Жыш эмес: көңүл айнуу, ич өтүү.

Тери катмарлары тарабынан.

Сейрек: экзантема, бөртмө, бөрү жатыш.

Иммундук система тарабынан.

Сейрек: аллергиялык реакциялардын өрчүүсү.

Каршы көрсөтмөлөр

- дарынын курамдык бөлүктөрүнө жогорку сезгичтик

- кош бойлуулук (I үч айлык)

- бала эмизүү мезгили

- 3 жашка чейинки балалык курак

- фруктозаны тукум-куучулук көтөрө албастык

Дарылардын өз ара таасирлери

Бутамират үчүн кандайдыр бир дарылык өз ара таасирлер жүргүзүлгөн эмес. Бирок, борбордук нерв системасына (БНС) болжолдуу таасир берүү механизминен улам, БНС басынтуучу дары каражаттардын, ошондой эле этанолдун таасир берүүсүнүн күчөө мүмкүнчүлүгүн жокко чыгарууга болбойт. Синтус сиробун жана этил спиртин камтыган башка каражаттарды коштоп кабыл алуудан оолак болуу керек.

Өзгөчө көрсөтмөлөр

Бутамират жөтөл рефлексин басынткандыктан улам, колко кысылуусунун жана дем алуу жолдорунун инфекцияларынын өрчүү коркунучу менен дем алуу жолдорунда какырыктын топтолуусунан оолак болуу үчүн какырыкты чыгаруучу каражаттарды коштоп колдонуудан оолак болуу керек. Сиропто таттуу даам берүү үчүн сахаринат жана сорбитол камтылат, ошондуктан кант диабети бар бейтаптарга дайындалышы мүмкүн.

Сироптун курамында сорбитол (сорбит) бар болгондуктан, аны фруктозанын мальабсорбциясы жана фруктозаны тукум-куучулук көтөрө албастыгы бар бейтаптарга колдонууга болбойт.

Бөйрөк же боор функциясынын бузулуулары бар бейтаптарга колдонуу

Атайын изилдөөлөр жүргүзүлгөн эмес. Бөйрөк же боор функциясынын бузулуулары бар бейтаптарда бутамираттын же анын метаболиттеринин топтолуусунан улам кыйыр натыйжалуу таасирлердин өрчүү коркунучу пайда болушу мүмкүн.

Кош бойлуулук жана бала эмизүү

Жаныбарларга жүргүзүлгөн изилдөөлөрдө түйүлдүккө жагымсыз таасирлери белгиленген эмес. Кош бойлуу айымдарга башкарылган изилдөөлөр жүргүзүлгөн эмес. Мындан улам Синтусту кош бойлуулуктун I үч айлыгында колдонууга болбойт. II жана III үч айлыктарда эне үчүн пайданы жана түйүлдүк үчүн потенциалдык коркунучту эске алуу менен колдонууга болот.

Бутамираттын эне сүтүнө аралашуусу боюнча маалыматтардын жок болуусун эске алып, Синтус дарысын бала эмизүү мезгилинде дайындоо сунушталбайт.

Дарынын унаа каражатты же потенциалдык кооптуу механизмдерди башкаруу жөндөмдүүлүгүнө таасир берүү өзгөчөлүгү

Синтус уйкусуроону, баш айланууну козгошу мүмкүн, ошондуктан дарыны кабыл алуудан кийин авто унааны башкарууда жана көңүл бөлүү концентрациясын талап кылган ишти аткарууда (мисалы, механизмдер менен иштөөдө) этият болуу керек.

Ашыкча доза

Симптомдору: уйкусуроо, көңүл айнуу, кусуу, ич өтүү, баш айлануу, артериялык басымдын төмөндөөсү, тең салмактуулукту жоготуу.

Дарылоо: ашказанды тазалоо, туздуу ичти айдагычтар, сорбенттерди кабыл алуу, симптоматикалык дарылоо (көрсөтмөлөр боюнча). Атайын антидоту жок.

Чыгаруу формасы жана таңгагы

1,5 мг/мл сироп. Полипропиленден турган ченегич капкакчасы бар, полиэтилен капкагы бар күңүрт түстөгү айнек флакондо 200 мл дан. Флакон колдонуу боюнча нускамасы менен кошо картон кутучага салынат.

Сактоо шарты

30°С дан жогору эмес аба табында сактоо керек.

Балдар жетпеген жерде сактоо керек.

Сактоо мөөнөтү

3 жыл. Флаконду биринчи жолу ачкандан кийин колдонуу мөөнөтү - 4 ай.

Жарактуулук мөөнөтү аяктагандан кийин колдонууга болбойт!

Дарыканалардан берүү шарты

Рецепти жок.

Өндүрүүчү-фирманын аталышы жана дареги

ВЕТПРОМ АД,

2400, Болгария Республикасы, Радомир ш., «Отец Паисий» көч., №26,

тел.: +35924519300, e-mail: office@vpharma.bg.

Каттоо күбөлүгүн кармоочу жана арыз ээси

ДАНСОН - БГ ООД,

2400, Болгария Республикасы, Радомир ш., «Отец Паисий» көч., №26,

тел.: +35924519300.

Фарма көзөмөлгө жооптуу уюм (жагымсыз көрүнүштөр/дарылык таасирдин жоктугу боюнча, медициналык маалымат жана дарынын сатуудагы айлануусуна байланыштуу болгон башка маселелер боюнча керектөөчүлөрдөн маалыматтарды/суроолорду кабыл алуу үчүн):

«DasMed» ЖЧКсы, 720043, Кыргыз Республикасы, Бишкек ш., Садыгалиев көч., 1,

тел:  +996 312 35 75 42, факс: +996 312 35 75 42  (103), e-mail: product@dasmed.kg.

Свернуть
Кайдан сатып алуу керек

Препараты компании "Asian Med Trade" можно приобрести во всех аптеках Кыргызстана, в том числе и в собственной розничной сети аптек и фарммаркетов  "Фарм - Сервис" : 

Сеть аптек  "Неман-Фарм"

0 312 68 91 41 ;  0 555 68 91 41 

Сеть аптек  "Лекарь"

0312 91 60 00 ; 0556 91 60 00

Сеть аптек  "Айболит" 0312 54 28 39
Сеть аптек  "Бимед"  0 551 71 73 22
Центральная аптека в г.Бишкек 0312 66 55 00

Собственная розничная сеть фарммаркетов и  аптек «Фарм - Сервис»: 

Аптеки Адреса Телефон
1 Аптека 1 г.Бишкек,ул.Ахунбаева 131-18 0312 54 54 13
2 Аптека 2 г.Бишкек,ул. Тыналиева 3/3 Джал 29 0312 88 00 35
3 Аптека 3 г.Бишкек,ул.Токомбаева 53/2 0312 29 84 70
4 Аптека 4 г.Бишкек,ул.Юнусалиева 52/3 0312 88 46 30
5 Аптека 5 г.Бишкек,ул. Ахунбаева 202, Джал 23 0312 88 13 68
6 Аптека 6 г.Бишкек,мкр. Асанбай, 52а 0555 37 55 36
7 Аптека 7 г.Бишкек,ул. 7 Апреля 13а 0312 88 10 36
8 Аптека 8 г.Бишкек,ул.Бейшеналиева,29 0550 54 44 60
9 Аптечный пункт 1 г.Бишкек,ул.Логвиненко 30 ЦСМ №3 0312 88 11 50
10 Аптечный пункт 2 г.Бишкек,5мкр.,д10,кв8 0312 51 64 45
11 Аптечный пункт 6 г.Бишкек,ул.Абдрахманова, 182 0312 88 69 43